Добавить свою статью
11 Февраля 2021
Конституциянын башкы логикасы эмнеде?

Конституцияны өзгөртүү, андан көйгөйдү издөө биздин аткаминерлердин өнөкөт оорусу болуп калды. Башкы мыйзамды (Конституция) жазып жатканда көп учурда мамлекеттин башкаруу структурасын эстейбиз жана аны алмаштырууга умтулабыз. Бирок ошол идеянын тамырында кайсыл фундаменталдык ойлор жатат? Мына, ушул тема боюнча пикирим менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм.

Конституция жазуунун жана кабыл алуунун башкы принциби саясий бийликти, ал бийлик ээлерин укук менен чектөө, мамлекеттик бийликтин чектелиши аркылуу жеке адамдардын укугун калкандын алдына алуу болуп эсептелет.

Заманбап конституция түшүнүгү Джон Локк, Монтескье жана Руссо аттуу ойчулдардын эмгегинен келип чыккан. Локк адамдын табигый укуктары түшүнүгүнө басым жасаган, Монтескье бийликти бөлүштүрүү маанилүү экендигин алдыга койсо, Руссо конституцияны жарандар менен мамлекет ортосунда келишимдин жыйынтыгы катары карайт.

Тарыхта өчпөс изин калтырган Англия, Америка жана Францияда ишке ашырылган улуу революциялар бул процессти интеллектуалдык жана практикалык жактан тездеткен. Эми ошол башкы мыйзамда жогорудагы илим адамдарынын ойлорун эске алуу менен кандай логика жана принциптер орун алышы керек?

1) Бийликтин бир автократтын колуна топтолушун алдын алуу үчүн мамлекеттик бийликти ар башка органдарга, адамдарга бөлүштүрүп берүү.

2) Бул бөлүштүрүлгөн бийлик ээлеринин кызматташтыгын камсыз кыла турган эффективдүү механизмди түзүү.

3) Мамлекеттик акторлордун бири бийлигин абсолюттук күчкө айландырып албашы үчүн механизмдерди иштеп чыгуу.

4) Мыйзамсыз аракеттерден, зордук-зомбулуктан жана төңкөрүштөн сактануу үчүн негизги саясий тартипти өзгөрүп турган коомдук-саясий шарттарга тынчтык жолу менен ылайыкташтырган ыкманы институтташтыруу.

5) Aдамдардын өз алдынча жашоосун сыйлоо, жеке укуктарын так аныктоо жана аларды бийлик тараптын укук бузууларынан сактоо.

Конституция, бул фундаменталдык философиялык ойлордун, укук принциптерин эске алуу менен жазылган учурда гана, мамлекет тарабынан саясий бийликти каалагандай колдонуудан алдын ала коргойт. Бул принциптер таза жана мыйзамдуу иштеген башчыга сонун бир курал болуп берет. Бир гана өзүн жана үй бүлөөсүн ойлогон же иштей албаган башчылардан натыйжалуу коргойт. Эми биз азыркы учурда кайсы нукка бара жатабыз?

Башкы мыйзамдын долбооруна көз чаптыра турган болсок бүтүн бийликти жалгыз бир адамдын колуна топтоо аракети жүрүп жаткандыгы байкалат. Тарыхыбыздан көрүп жатабыз мындай кадам жана баш мыйзам бийликти терс колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана элди эзүүчү башкарууну жаратып, андан коргой албайт. Ошол себептен башкы мыйзамды (Конституция) түзүп жатканда бийликти чектөө жана адам укуктарын камсыз кыла турчу механиздерин талашсыз түрдө киргизүү керек. Болбосо абсолюттук, эч нерсе менен чектелбеген адамдык башкаруу абалы уланып, дагы күчтөнөт. Жыйынтыгында өнүгүүнүн ордуна, өткөн окуяларды кайрадан кайталап калуу ыктымалдуулугу жогорулайт.

Азыр дагы кеч эмес. Талкууланып жаткан конституция долбооруна башкаруучулар тарабынан элге карата мүмкүн катталып кала турчу кол салууларынан калкалоо, эркиндикти коргоо максатында мамлекетти (президентти) чектеген принциптерди орнотуу, бийликти бул принциптерге жана эрежелерге байлоого дагы кеч эмес. Эң башкысы кийин өкүнүп калбайлы!

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-06-2020
Вклад простых граждан в борьбе с COVID-19 и роль власти
4650

07-05-2020
В чем причина бедности государства?
1886

01-09-2019
Политическая традиция, как основа развития государства
2016

02-07-2019
Вносимые изменения в закон «О выборах президента и ЖК КР»
7948

01-07-2019
Регионализм, основа формирования электората
3488

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×