Добавить свою статью
23 Ноября 2021
Миң келмеке бир кеткен Залкар

(Кубанычбек Маликовго 110 жыл)

Атактуу акын, прозачы, драматург, публицист Кубанычбек Маликов бизге берегидей санат-насыят саптарды мураска калтырыптыр:

Эмгектен бир аз сөз козголсо,

Мен жөнүндө кеп болсо,

“Ак ниеттен иштеген

Адабиятчи” деп койсо,

Аркамда сөзүм калганы,

Эмгегим изин салганы.

Ар жакка барган мен дагы,

Бул жакта калган эл дагы,

Ыраазы болмок ал түгүл

Балдарымдын балдары...

Мына бүгүн унутулгус жаран, улуу адамыбыздын о дүйнө узаганына кырк үч жылга аяк басканда ушуреки аманат керээзди эстеп, айтса-айтпаса төгүнбү, кайран киши чын эле ак ниеттен иштеген адабиятчы окшобойбу дебеске чарабыз жок. Асыресе, минтип сааты чыгып тургандыктан өйдөкү тыянагыбызды азыноолак чечмелеп, тастыктап коюу дагы артыкбаштык кылбас.

Борбор калаабызга танапташ адыр-будур бөксө тоонун боорундагы Үч-Эмчек айлында туулуп, кийинчерээк тияктан анчалык алыс эмес чөлкөмдөгү Төкөлдөш кыштагына көчүп турмуш өтөгөн, жергиликтүү татар мектебинен таалим жуктурган боз улан он беш жаш курагында “Эркин Тоо” басылмасында эмгектенип баштайт. Демек, аталган учурдан тарта ал адистик өнөргө алгачкы кадамын шилтеген экен.

Адегенде чакан кабар, чакталуу поэтикалык түрмөктөр чүргөлөт. Арада жергебиздеги туңгуч педтехникумда тарбияланат. “Ленинчил жаш” гезитине кызматка орношот. 1933-жылы “Кубанычбектин ырлары” аттуу тырмак алды жыйнагы жарык көрөт. Жыл айланып-айланбай Маскөөдө уюштурулган Советтер Союзунун жазуучуларынын биринчи тарыхый курултайына катышат да, аерден Максим Горькийдин демилгесине жараша түптөлгөн абыройлуу чыгармачылык уюмдун адепки мүчөлүгүнө бир ууч кыргыз калемгерлеринин сабында катталат.

Арийне, Кукеңдин жолу катуу белем. Партиялык бийлик “чү” дегенден ага-буга шылтоолоп, сүрөткердин эки көлөмдүү чыгармасын –“Балбай” поэмасы менен “Бекжан” романын окурман журтуна таратпай да, окутпай да таштаптыр. “Балбайга” жасалган катаал мамиле, баса, мөртүндө университеттин филология факультетинин студенттеринин он эки айда бир алмашкан муундарынын кулагына эскертүү сабагы катарында үстөкө босток куюлуп жүрбөдүбү?! Эгерде дейм өзүмчө, алиги саясий-идеологиялык мүнөздөгү “сологой” соккулардан шылкая чүнчүсө, анда тапчылдардын табасы канып, Маликов Маликов болбой, Маликов атагына конбой, Кыдыр даарыган талантына, айдың келечегине айбалта чабылмактыр.

Ий-е, тубаса өжөр азамат кылчактап, кыйшайбады, изинен кылчалык тайбады. “Жаңылдан” “Осмонкулга” чейинки пьесаларды жаратты, канатчан музанын кенин кетмендеп казды, ошентип, “арча таяк, ак калпак” калкына жакты. Кыргызстандын эл акыны ардак наамына арзыды. “Бийик жерде” драмасы үчүн мартабалуу Токтогул сыйлыгын бөктөрдү.

Классигибиз ошонусуна жалгай Кыргыз ССРнын гимнинин авторлорунун бири. Лириктин сөзүнө Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Муса Баетов, Канымгүл Досмамбетова, Калый Молдобасанов, Жумамүдүн Шералиев, Мукан Рыскулбеков сындуу жылкы тукумунун кашкасындай таанымал композиторлордун, музыка ишмерлеринин обон жазганын ойлосоң, ичиңдин жылыганы жылыган.

Көркөм котормолоруна назар бурганда ар түрдүү адабияттын өкүлдөрүнүн майда, ирик ырларынан сырткары Пушкиндин “Цыгандары” менен Толстойдун “Кавказ туткуну” бачым баамга урунат. Талашсыз кундуу дөөлөттөр. Буларды тек таржымалоого батынуу эрдике тете жумуштур.

Айтмакчы, “Манас” эпосу, дегеле фольклор Кубанычбек Иманалиевичтин эңсеткен темасы эмеспи. Көкүрөгү таза, көрөгөч зыялы тээ кыркынчы жылы Тоголок Молдону “эң сонун манасчы” деп сыпаттайт. Алыкул Осмонов кезинде Сагымбайды “улуу акын” атаган сымак. Кимдер, эмнеге Молдокенин “Манасын” ачык жарыялабай, коомчулуктан жарым кылымдан ашуун жашырышты, ыя?

1958-жылы Болот Юнусалиев “кыскартылган варианттын эң татаал биринчи бөлүгүн түзүүгө акын Кубанычбек Маликов абдан көп эмгек сиңиргенин” бекем белгилейт. Ооба, колубуздагы үчилтиктин “Манасын” Кукебиз, “Семетейин” Аалыкебиз, “Сейтегин” Түкөбүз чогултуп, бириктиргени маалым. Калемуч чебери агаче Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков менен чогуу “Айчүрөк” операсын, Аалы Токомбаев менен шериктешип “Манас” либреттосун улуттук искусствобуздун алтын коруна уютуптур. “Эр Манасты”, “Эр Төштүктү” балдарга ылайыктап, жайылтууга астейдил аракеттениптир. Ал эми “кыргыз рухунун туу чокусунун” табиятын, тазалыгын коргоого кошумча иликтөө, макала, пикирлери оголе арбын. Ошондуктанбы, Эсенбай Нурушевдин “Манас” жандуу Маликов” деген он жыл оболку таамай туюнтмасына кадыресе муюдум.

Шүкүрбек Бейшеналиев алигиде, Исхак Раззаковдун мааракесине атайын арналган китептин бетинде кесиптеш агасы менен Кыргызстандын кашкөй жетекчисинин ысык ымаласына тикелей күбө өткөнүн баяндаган. Шүкөңдүн оозанганына аялдасак, бир мертебе байтак шаарга, жазуучулардын иш-чарасына аттанышканда Кубанычбек Маликов Фрунзеден койдун этин бүтүн, чучук, казы-карта бышыртып алыптыр. Москвага жетип, мейманканага жайгашкан соң экөө мурдагы биринчи катчынын кабат-кабат чоң тамдагы батирине барып, кыйла убакыт сүйлөшүп отурушат. Алтүндө мен такси чакырып, бөлүнгөн бөлмөбүзгө жөнөдүм, а Кукең үй ээсинин сунушун макул таап, узун аңгеме-дүкөндү улантуу максатында Раззаковдукунда түнөдү, -дейт белдүү романчы. Балким, баягы баарлашууда маектештер “байыркы аталардын жерин”, башкача айтканда, Баткенди, сагынгандандан улам, чечекейи чеч, эбедейи эзиле эскеришкендир, чер тарата ченебей чечилишкендир?!

Мен эсе “Кыргыз туусундагы” журналист чагымда Мукай Элебаев, Сабит Муканов өңдүү кыргыз, казактын тобундагы дөө-шаа замандаштарына жана каламдаштарына ийиндеш өскөн, түйшүкчүл, бирок, мазмундуу өмүр кечирген, жашоонунун өзгөрүлбөс мыйзамын, Жараткан Эгемин кудуретин моюндап, арабыздан “миң келмеке бир кеткен” чыгаан инсаныбызга ыраактан учкай бакканым туурасында азганакай бирдеме чиймелегемин. Эмесе, баштаган кебимди жанагы менчик сүйлөмдөрүм менен аяктаганым туурадыр: “Жетимиш төрт-жетимиш бешинчи жылдарда Фрунзенин көчөлөрүнөн Кубанычбек Маликовду биртке көрүп калдым. Кулагына угуучу аппарат салынып, кээде жылаңбаш, кээде калпакчан, кыбыр, майда адымдап, ичинен күңгүрөнгөндөй жакабелине көңүлкош. Бирде азыркы Эркиндик гүлбагы менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги күркөдөн гезит карап туруптур, бирде жанында агезде чөйрөгө кадимкидей аралашып келаткан адабият сынчысы Кадыркул Даутов баратыптыр.

Доошун эшиткеним Жаш гвардиядагы китеп дүкөнүндө (ушутапта “Сибирская корона” пивоканасы) болду. Жаңылбасам, “Ленин жана Ысык-Көл” аттуу жыйнагынан канча нуска барлыгын сатуучу келинден такып сурап, бир таңгагын бергиле, көтөрүп кетем деп жатты. “Силерден башка жерден таппадым” дегенин обочорооктон даана уктум”.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-11-2021
Венгерская книга о вечном писателе
1095

01-10-2021
Вызов брошен не сегодня (о фильме на борту МКС)
1936

19-08-2021
Кампыр-Абад
1443

03-08-2021
Впереди Париж!
3482

08-04-2021
С совестью тет-а-тет
1356

26-01-2021
Три года, три типичных отчёта
5874

19-11-2020
Фильм о прототипах Айтматовских персонажей
5239

06-11-2020
Аким аке Акжолов
2513

17-09-2020
Плато в Ала-Тоо
6583

12-08-2020
Баке. Памяти Бакыта Карагулова
6823

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×