Добавить свою статью
23 Мая 2022
Тарыхый баяндар так Баткенден башталат (230 млн жыл илгерки эстелик жөнүндө)

Тарых дегенде эле, таш доорунан кеп баштап, жаман көнгөнбүз да. Тарыхты адамзатка чейинки асырлардан баштап, жерибиздин жаралышын баяндаган геологиялык доорлордон кеп таштап, айтып бергенде, абдан кызыктуу болмок беле дейм. Элестетсеңиз, 4 жарым миллиард жылдык тарыхка күбө болгон Жер планетасынын көргөнүнөн жүздөн бирин да адамзат (хомо-сапиенс) көрө элек. Адам балдарынын тукуму 200 миңдей жылдар бою үзүлбөй, уланып келе жатса, анын ар бири 100 дөй гана жылдын тарыхын өз көзү менен көрүп өтүшөт. Бирок, биз акыл-эстүү жан болуп жаралган экенбиз, ошондуктан, ата-бабалардын көргөн тарыхын да, атамзаманга чейинки тарыхты да изилдеп казып, үйрөнүп алганга жөндөмдүү турбайбызбы. Мисалы, мына, адамзатка чейинки доорлордо Баткен аймагындагы 230 миллион жыл мурда жашаган шумдуктуудай жандыктар тууралуу билчү белеңиз? Кыргызстандагы эң эски эстелик деп эсептелген, азыр Мадыген деп аталган ошол тээ байыркы табышмактуу жердин ошондон бери эч өзгөрбөстөн атайын бизге чейин сакталып калышынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Кыргызстан жеринин адамзатка чейинки тарыхы чындап эле көп кызыктуу сырларга бай. Дүйнөлүк картаны карап көрүп, алты материкти бири-бирине карай жылыштыра турган болсоңуз, бир бүтүндүк болуп биригерине ынанасыз. Ооба, жер бетиндеги кургакчылык миллиондогон жылдар бою акырындык менен жылышып барып, бир суперконтинентке биригип, кайра ажырып, алыстап турган жана мындай зор окуялар 3 жолу кайталанган. Ошол доорлордун кээ бирлеринде жерибиз океандын астында калып, кээде жер үстү болуп, далай тарыхка күбө болгон. Изилдөөлөргө караганда, жарым миллиард жыл илгери суудагы өсүмдүктөр менен жаныбарлар биринчи жолу кургакчылыкка чыга башташкан экен. Кызыгы, ошол эле учурларда океандын үстүндөгү бирин-серин тоолор бири-бирине карай жылышып олтуруп, алар бириккенде, азыркы Кыргызстандын аймагы пайда болгон дешет. Түпкүлүгү бейиштик болгон төрт дарыянын бири биздин тоолордон агып чыкканы чын болсо, анда «бейиштей» болгон мекенибиз үчүн шүгүр айтпаска аргабыз жок экен да. Мындай жерди басканга жараша, жер акысы үчүн деле кыргыздар адамзатка үлгү болчу иштерди жасай турганбыз...

Баяныбызды башка жагынан да кызыктырып айта турган болсок, Адам ата жерге түшүрүлгөнгө чейин Жердин бетинде жиндердин доору сүрүп турганы жөнүндө айтылат эмеспи. Ал эми илимий изилдөөлөр ошол замандарда жашап өткөн көзгө көрүнгөн бир башкача жандыктарды айтып берип келе жатат. Мисалы, мындан 250-150 миллион жылдар илгери жер бетинде динозаврлар жашап өтүшкөнүн алардын сөөктөрү аркылуу аныкташкандыгын тана албайбыз. Динозаврлардын калдыктары Кыргызстандын аймагында да, тагыраак айтканда, Таш-Көмүр менен Ысык-Көл жактардан да табылган.

Ал гана эмес, ошол триас доорунда биз турган жерлерде титаноптера, лонгисквама, шаровиптерикс деген укмуштуудай жандыктар да жашап өтүшкөн экен. Ал замандарда биздин азыркы өрөөндөрдүн көбүндө суу толо болуп, көлдөр көп болуптур. Ошондон улам окумуштуулар биздин аймактардан акула сыяктуу балыктардын калдыктарын да таап жатышат. Кудай Таала мына ушулардын бардыгынын бизге эстелик жана эскертүү болуп калышын каалаганбы, айтор, башка жерлерибиздин бардыгы өзгөрүп олтурса да, Баткендеги Мадыгенди ошол боюнча сактап коюптур.

Мадыген жактарга барсаңыз, 230 миллион жыл мурдагы жердин көркүн да көрөсүз, жогоруда айтылган шумдуктуудай жандыктардын калдыктарын да таап, изилдей аласыз. Биз, мектепте болобу же жогорку окуу жайларда болобу, тарых сабагын окутууда биринчи ушул Мадыгенден кеп баштап, жаштарды бул жерлерге алып барып, көргөзүшүбүз керек. Бул аймактарга туристтерди көп тартып, кишилер көп каттай тургандай кылып, кызыктыруучу материалдарды иштеп чыксак, Баткен аймагынын абал-шарты кыйла жакшырат беле дейм...

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-06-2022
Мектепте илим/билим таңууланбай, тааныштырылуусу гана керек
1753

06-12-2021
Психологиялык терминдерди кыргызчалоо боюнча сунуштар (1-бөлүк)
1277

20-11-2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү
5325

23-08-2021
"Манасты" "мусулман кылуу" аракетинин актуалдуулугу
1821

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×