Добавить свою статью
4 Марта 2023
Бишкектин 4 районуна тарыхый аталышын берүү керек

Бишкек шаарынын 4 районунун аталышын кыргызчалоо боюнча сунуш сурап калышса, ушул вариант да кошо айтылып калуусун каалар элем:

1. Биринчи май ордуна Ала-Арча;

2. Свердлов — Мыкан;

3. Ленин — Талкан;

4. Октябрь — Карахан.

Совет мезгилинде көп жер аталыштары атайын орусчаланган. Аны кайра кыргызчалоодо ар бир жерге анын тарыхый аталышын кайтарып берүү керек. Эгерде кайсы бир жерге ат коюла элек, жаңы ат табабыз деп ойлосок да жаңылышабыз. Тарыхка таянып, кээ бир райондордун тарыхый аталышын таап чыкса болот же тарыхты эске салган жаңы аттарды койсо болот.

4 райондун аталышын кыргызчалоо боюнча сунуштаган вариантыма түшүндүрмө бере кетсем:

1. Шаардын аймагынан байыртан бери 2 дарыя агып өтөт: Ала-Арча жана Аламүдүн суулары. "Аламүдүн" аталышы облустун бир районуна, болгондо да шаардын чыгыш бөлүгүндөгү районго берилгени абдан туура болгон. Ал эми "Ала-Арча" аталышын шаардын түндүк-батышындагы Биринчи май районунун аталышына алмаштырса болот. Себеби, Ала-Арча суусу Бишкектин батыш бөлүгүнөн агып өтүп жатканда, ал Октябрь менен Ленин райондорун бөлүп өтүп келип, Биринчи май районунун аймагын толук аралап өтөт. Ата-бабалар дыйканчылык үчүн зарыл болгон аккан суу жаткан жерди ошол суунун атынан аташкан эмеспи.

2. Свердлов району жакта тарыхый Мыкан деген жер жайгашкан. Мыкандын сазынан кыргыздар Кенесарынын жоокерлерин жеңишкен. Мыкандын айланасындагы жакын жерлер да илгери ушундай аталгандыгында шек жок. Ошондуктан бул районго тарыхый "Мыкан" аталышын кайтарып берсе болот.

3. Ленин районунун аталышына тарыхый "Талкан" деген аталышты кайра берсе болот. Себеби 19-кылымдын 2-жарымында шаардын аймагынын бир бөлүгү Аламидин болуштугуна, экинчи бөлүгү Талкан болуштугуна карап турган. Талкан болуштугу Сокулук менен Аламүдүндүн ортосун, Бишкек шаарынын батыш бөлүгүн ичине камтыган. "Талкан" деген аталыш 17-кылымда Чүй өрөөнүн жуңгарлардан коргоп турган солто уруусунун Талкан бий (Чаа уулу) деген баатырынын урматына коюлган. Ошондуктан, Ленин районунун аталышын "Талкан" деп өзгөртүүнү сунуштоо ылайык.

4. Октябрь районунун аталышынын ордуна кыргыз тарыхына тиешелүү жаңы ат ойлоп табууга болот. Тарыхта мындан миңдеген жылдар илгери Свердлов районунун аймагында Жүл шаары, Октябрь районунун аймагында Тарсакент шаары болгондугу маалым. Тарсакентте жашаган илгерки христиандардан калган таштардагы кресттерди көрүп, кыргыздар бул жакты "Бишкек" деп аташкан деген пикир бар. Эмнеси болсо да, Караханийлердин доорунда ислам расмий дин болуп турса да, христиан, шаман, буддист, манихей жана башкалар тең укуктуу болуп, ынтымакта жашашыптыр. Ал кезде кыргызстандыктар Улуу Жибек жолун көзөмөлдөп, ар бир коктуда бирден шаар гүлдөп өнүгүп, жакшы доор сүрүшкөн экен. Ошонун урматына, ошондой бололу деген жакшы ниетте бул райондун аталышын "Карахан" деп атоону сунуштамакмын. Интернетке кийинки урпактар "Карахан" деп жазганда, жок дегенде "кыргыз району" деп чыгып турса жакшы болот эле.

Кээ бир активисттер 4 районго "Эне-Сай", "Алтай", "Баласагын", "Ала-Тоо" деген сыяктуу аттарды сунуштап жатышат. Эне-Сайдын тарыхый дагы, азыркы дагы аталышы "Кем" экенин көпчүлүк билишпейт. Биздин ата-бабалар аны "Кемин" деп, Чүй өрөөнүнүн байыркы кагандар борбор кылган эң сонун жерине ыйгарышкан. "Ала-Тоо" ансыз деле биздин тоолорубуздун аталышы. "Алтай", "Баласагын" деген аталыштарды шаардын эмес, облустун райондоруна ылайык көрмөкмүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-06-2022
Мектепте илим/билим таңууланбай, тааныштырылуусу гана керек

23-05-2022
Тарыхый баяндар так Баткенден башталат (230 млн жыл илгерки эстелик жөнүндө)

06-12-2021
Психологиялык терминдерди кыргызчалоо боюнча сунуштар (1-бөлүк)

20-11-2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү

23-08-2021
"Манасты" "мусулман кылуу" аракетинин актуалдуулугу

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×