Добавить свою статью
31 Августа 2022
Кыргызстан – аш катыгым, ичер суум

Мамлекеттик эгемендүүлүгүбүздүн эртеңи тууралуу өйдө-ылдый кептер Орусия менен Украинанын ортосундагы куралчан тирешүүдөн улам абыдан арбып баратат. Асыресе, жүрөк үшүткөн каргашалуу окуянын негизги жүйөө-себептери жамы баарыбызга дапдаана маалым, жапжакшынакай түшүнүктүү. Касташкан тараптардын тигиниси деле, мунусу деле чоочун эмес, эски малдын көзүндөй ыманы ысык тааныш журт, жетимиш жылдан ашуун учу кыйырсыз өлкөдө ачуу-таттуунун даамын чогуу-чаран татып, жанаша жашап, ийиндеше эмгектенип, кыйла эле ымалалаштык, достоштук окшобойбу.

Кошулга ташыл демекчи, учурда миңдеген орус, украин, белорус, жалпылап айтканда, чыгыш славяндардын тукумдары Кыргызстандын калаа-кыштактарын, талаа-түзүн, кокту-колотун башка ондогон этникалык тайпаларыбыздын өкүлдөрүнө аралаш-куралаш мекендейт. Андыктанбы, Крещатиктин же Кремлдин агымдагы расмий саясатын колдоп-колдобоо соболу ар бир кыргыз баласын, а түгүл республикабыздын атпай атуулдарын түп көтөрө, итапкан түйшөлтмөгү кызылдай чындык. Эгем сактасын, бүгүнкү чыр-чатактын тегерегиндеги бүйүр кызытмак тургай, тамырдагы тынбай-ак чуркап, жүгүрүүчү каныбызды, жан дүйнөбүздү оголе дүргүткөн талаш-тартыштын кесепетинен жарандарыбыз кодулашып, «чарт» эте кош жээкке бөлүнүп калабы кокуй дегенчелик купуя сабыркап, кооптоносуң, момун пенде?!

Ойлоп отурсаң, биз маалында зарыга күткөн, күсөгөн эгемендик жонубузга, ириде, опол тоодой жоопкерчилик артыптыр бейм. Берегинин татаал, тайгак кечүү, тар чыйырында илбирс сындуу илгир дарчы ар убактан бир убак кыл аркандын үстүнөн тең салмагын саамга жоготпой, кыпылдап кылдат адымдагансып адымдайт экенсиң. Эркиндикке жетүүнүн өзү салыштырмалуу жеңилдей, ал эми аны андан ары бапестеп, түпкүлүктүү таламдарыбызга баш ийдирип, кызыкчылыбызга ылайыктап, келечегибизге натыйжалуу иштетип кетүү оңбогондой оор оокат өңдөнөт.

Ооба, туш-тушубузда кудуреттүү улуу державалар, Саякбай манасчы оозангандай милек сан, кыжы-кыйма, кылкылдаган ар түркүн аламан эл. Демейде орустар күчтүүлөрдү, кытайлар акыл-эстүүлөрдү жактырат дешет. Дегеле алыскы-жууктагыларга, оң-солубузга атаандашып, үзөңгү кагыштыра теминип, алга карай өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Эпадам ченелүү ченден арып-аксап, озгур тарыхтын, зымырык замандын куйругунда ызгыган бозала чаңга какап-чакап, ыраса куурабайбызбы?

Эгемендүүлүгүбүзгө запкы-залакасы тийбесин тилеп, сыягы, сырткы таасирден катуу чочулайбыз. Жашырганда эмне, адетте ушунетебиз. Ий-е, кайсы бир ири, бай мамлекеттер кырчын талдай Кыргыз Республикасына карата астыртан, жылма түрдө маалыматтык-тукуруучулук бузуку жүрүштөрдү жүзөгө ашырбашына кепилдик жокко эсе. Алигидей арамза аракеттер, балким дейли, биртке мезгил аралыгында катарынан үч кайталанма ак үй төңкөрүшүнө, Тажикистан менен чек ара тилкелеринде ок атышууга, акыбетинде орду эч качан бүтөлгүс курмандыктарга, бүлүнүп-чачылган эсепсиз кыйроолорго алып келгендир?! Эгерде Украинадагы жанагы жаалдуу жаңжал далайга токтобой ырбап, оожалса, анда бир жагынан АКШнын узун жеңин уучтаган Батыштын көр жемесине көмүлүп, экинчи жагынан Орусиянын опурулма опузасына, эскертүүсүнө кабылып, корообуздагы кырдаалдын мындан бетер кыйчалыштамагы, чатышмагы бышык.

Арийне, кудай аткыр сырткы терс, зыяндуу таасирдин дымактуу деми, басымы жергебиздин алкагында орногон, түзүлгөн ал-акыбалыбызга, ынтымак-ырашкерлигибизге түздөн-түз байланыштуу. Буюрса, эгемен тагдырыбыз –ээлеген менчигибиз, Жараткан ыроологон шыбага-энчибиз, дөөлөтүбүз. Эчтемеге алмашкыс насил-наркыбызды, насибибизди коргоодо не Путиндин, не Байдендин, не дагы бөлөк падышалардын каш-кабагына маңкая багуу майнапсыздыр.

Ушундан го кыязы, шашпай-нетпей талкуулап, тулубубуздагы чүкөдөй утур-утур калчап, кеңешип-таңашчу угуттуу маселелер көңүлдү өйүйт. Делебеңди козгойт. Дебесең, угуза жарыялабасаң –бөксөрбөйсүң... Эмесем, учкай талдоону бийликтен баштаганыбыз эп.

Каалайбызбы-каалабайбызбы, отуз жаш курагындагы республикабызда мамлекеттик деңгээлдеги эң жогорку башкаруунун кадыр-баркы анчейин. Ушу кезде эки президент-бозгун, бир президент –абакта. Ошентип, боор эт Мекенибизден, канчалык жылмалабайлы, жоон топ саясий куугунтук жегендер, качкын эмигранттар чыкты. Некин, чоңдордун командаларынын бири биринен өч өндүрүп, кек куумайы дале күүсүндө. Тизгин талашып тытышмай адепки табында. Жыйынтыгында, атың өчкүр мансапкорлордун нөөмөттөгү башаламандыктын башкы күнөөкөрүнө, демилгечисине айланып, аргасыздан киши агасын сагаламагыбыз ыктымалдуу.

Экинчиси – ашепке уруучулдугубуз. Акетай, оркойгон өзүмчүлдүгүнөн анча-мынча оңтойсузданбай, кыргыздын толтосунан жана бир «өзгөчө», «таза» кыргызды кыйыткандарын нетесиң?! Кыргыз ата-энеден туулуп, лекин, кыргыздык табиятынан шектенгендер табылат. Акыйкаты-өтүрүгү арабөк, Чыңгызхандын мураскерлерибиз, ага алымсынбай арийлербиз, Гитлерге карындаш-урукпуз. Айтор, байыркы тегибизди тактоодо алабарман чалды-куйдулук өкүм сүрүүдө. Үч канаттуу жамиятты жыйнап, ширетпей, тескерисинче, ажырымдап, ажыраткан, байкоосуздуктанбы, барчабызды бара-бара күнкорлукту көздөй сүйрөгөн оозеки, кагаз-видеотасма шекилиндеги санжыранын, илимий изилдөө сөрөйлөрдүн пайда-батасы кара ташка.

Үчүнчүсү – эне тилбиздин болочогуна жасаган кайдыгер мамилебиз, энөөлүгүбүз. Буерден чечим-бүтүмдү тастыктоочу жетекчилерде эрктин, тийешелүү окумуштууларыбызда жигердүүлүк, чечкиндүүлүктүн чукактыгы ачык-айкын сезилет. Алигүнчө интернационалдык сөздөр түпнускада кандай айтылса, кыргызда ошондой айтылат, кандай жазылса, кыргызда ошондой жазылат деген эрежеге таянабыз.. Алфавитти реформалоо кечиримсиз мөөнөткө кечигүүдө, крилл тамгалары менен латын тамагаларын Өзбекстан, Казакстандагыдай жарыша өздөштүрүүгө уруна элекпиз. Кызыктын кызыгы, кээ бир аксым, жалакай, жалкоо кыргыздарга кыргызча үйрөнүү кыйын имиш.

Төртүнчүсү – диний ишенимибиздин көйгөйү. Көчөбүздө сектант көбөйдү. Динбиз деп жазгырышат, баё замандаштарды. Кайдагы каадалуу дин? Дин макамына конуу үчүн орошон ой жүгүртүүлөрдүн, он сегиз миң ааламды таанунун бөтөнчө системасын түптөө абзел. Ар кандай терең теория, үлкөн окуу айрыкча азап-тозок аркылуу жаралат. А көрөкчө алмустактан көнгөн мусапыр мусулманчылыгыбыздын ооматы бийик. Оболу теңирчиликти карманыптырбыз, эмкисин Орто Азиялык бурадарларыбыздын карааны калың сабында салттуу, өзөктүү диндердей (христиан, будда, иудей, индуизм ж.б.) Жер планетасындагы адамзатка тегиз жайылган исламдын ханифат масхабынын шарият жолундабыз. «Бир улут — бир дин» тартибине моюн сунсак, айтмакчы, жумуриятыбыздагы тынчтык, бейпилдик айныксыз бекемделмек. Сеники буруш, меники дурус дегендей жаакташпайбыз, жакалашпайбыз. Калк арасындагы камыр-жумурлукту камсыздаган жараяндын неси жаман?

Бешинчиси — дил азыктын зарылдыгы. Кыргыз качандыр бир жазма-сызмасын унуткандан соң, кылымдап китеп бетин барактабады. Андыктан кенемтени толтуруу, окумал этносторго теңелүү алдыдагы түгөнбөс, бүтпөс жумушубуз. Билимсиз, маданиятсыз, санат-өнөрсүз калайык бат алданат, тескери багытка тез бурулат.

Азаттыгыбыз туурасында кыялданганда экономиканы тыңгылыктуу жөндөө, тышкы карыздарды жоюу, өмүр кербенинин асаба-туусун аштаган, аягы үзүлгүс көчүн баштаган татыктуу жаштарды тарбиялоо сындуу милдеттер жадыңа түшмөгү мыйзамченемдүү кубулуш. Түнкүсүн уктап, күндүз кыймылдаган жай чарба турмушта тиричилигиңдин бүт-бакисин аста-секин жайгарууга жарайсың. Жалгыз гана сураныч, согуш оту тутанбасынчы?!

Москва-Киев сабашынын алгачкы сабактары, мисалдары эсе коом менен коомдун мүчөлөрүнүн, коңшу менен коңшунун күндөлүк алакасы таптакыр ыдыраганда шаарың өртөнүп, айылың кыйрап, мөмөлүү багың дүмүрүнөн кулап, гүлзарың майкандалып, бешиктеги мөлтүрөгөн наристеден тартып, бели мекчейген даанышман карыяларга дейре ый-муңга батып чыркырап, жазыксыз карапайым тургундарды кадам сайын кырсык, кесел, ажал тоорумагын тимеле айнек күзгүдөн чагылтып көрсөткөндөй көрсөтүүдө. Аңтар-теңтер алааматта жылуу-жумшак уясын –турак жайын, аманат орозгерин садага чалып, аманат алачык, жыртык чатыр издеп, беткелди безгендерге бооруң ачыйт. Ошондой-ошондойдо, тооба, кимди айыптап, кимди ашата сөгөөрүңдү билип-билбей, аңдап-андабай, шайың ооп, шалдырайсың.

... Эркиндиктин жаратылышы, жазмышы азыноолак баяндалган эссенин этегин чорт кайрыбай, эртели-кеч жарашыктуу мукам обонго салып, эрмектеп, кыңылдаган кымбат саптарымды уладым. Ырдын маани-маңызы бугаче саймедиреген пикир-сунуштарыма төп, шайкеш шекилдүү. Албетте, Кыргызстаныбызга, кыргыздарыма арналат:

Алтай, Жайык төркү жактан,

Аалам кезген төөчөн, атчан,

Абалкы элдин Ата-журту,

Аш катыгы, ичер суусу,

Кыргыз-ыстан, Кыргыз-ыстан.

Түбөлүгү көздөн учкан,

Түнөк тапкан жүрөк туштан,

Бабалардын каны-жаны,

Балдарынын сагынганы,

Кыргыз-ыстан, Кыргыз-ыстан.

Акыл дос дейт, ачуу-душман,

Аалымдардан накыл уксаң,

Кырда жаздын кызгалдагы,

Кышта карда из калганы,

Кыргыз-ыстан, Кыргыз-ыстан.

Алп Сагымбай «Манас» айткан,

Айтматову жазган дастан,

«Асман-жердин тирөөсүндөй,

Ай-Күнүңдүн бир өзүндөй»,

Кыргыз-ыстан, Кыргыз-ыстан.

Сулуулуктун сурайылдай,

Суктандырган ырайындай,

Кыргызстаным, Кыргыз-ыстан!

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

19-09-2022
Не договариваются не любя
401

01-08-2022
Ахмаджон акеден алгы сөз
1413

27-04-2022
Айтматовдун айрым адабий сабактары
1804

29-01-2022
ТӨРТ КӨЧӨ. ЧЕТЫРЕ УЛИЦЫ
1611

10-01-2022
С русской книгой в руке
1926

23-11-2021
Миң келмеке бир кеткен Залкар
3449

11-11-2021
Венгерская книга о вечном писателе
2270

01-10-2021
Вызов брошен не сегодня (о фильме на борту МКС)
4765

19-08-2021
Кампыр-Абад
3014

03-08-2021
Впереди Париж!
4300

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×