Добавить свою статью
29 Декабря 2022
Ардак наам кут болсун

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам кут болсун!

Жүрөк сүйүнткөн кубанычтуу кабар: биздин жердешибиз, тууганыбыз, досубуз, кудабыз, шеринелешибиз, СССР кинематографисттер жана СССР сүрөтчүлөр союздарынын мүчөсү, кыргыздын алгачкы мультипликаторлорунун бири, сүрөтчү, скульптор жана башкысы бу дүйнөдөгү жүрөгү эң таза адам- Жумалиев Болотбек Жакыпович Кыргыз Республикасынын gрезиденти С.Жапаровдун Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамдын ээси болуп олтурат. Сыйлык кут болсун БОКЕ!

Бокем биздин «Жетиген» деп алгач аталган, кийин совет доорунун таасири менен «Жаңы-Талап» болуп аталып калган эски кыштакта төрөлгөн экен, азыркы кыштак турган жерге жетиген туугандар тээ 20-кылымдын 60-жылдары колхоздор ирилештирилгенде көчүп келген экенбиз. Менин укканыма караганда, жетиген туугандар Жерге-Тал айылына улай кошулуу, же өз өйүзүндөгү түзгө эле көчүп келүү боюнча акыл калчашып, бир пикирге келе алышпай, Бокемдин атасы Жакып аксакал биринчи болуп ал кездеги башкарманын төрагасы Эсеналы Дайракуновдун үйүнүн жанына көчүп кеткен экен. Жетигендер берки өйүзгө эле чогуу үй салалы деген да сунуш болуптур, бирок Жакып аксакал баштаган абышка уруусу, Бекжан байке баштаган төрт ата Жал энебиздин балдарынан Талканбай уруусу Жерге-Тал айылын улай көчүп калган экен. Ошентип, жетигендер Жерге-Тал суусунун өйүз-бүйүзүндө жайгашып калганбыз.

Бокемдердин үйү Бекжан байкенин үйү менен маңдай-тескей, ал эми Бекжан байкенин үйүнөн өйдө Моют жезденин үйү болгондуктан бала кезде ал Бекжан байкенин уулдары Нияз, Адамиса, Моют жезденин уулдары Куку, Шаршелер менен чогуу ойноп калганын кийин Адамиса айтып калып жүрөт, биз болсо тигил өйүздө болгондуктан анда-санда эле чогуу ойноп калбасак, аркы өйүздүн балдары өзүбүзчө ойноор элек.

Менин эсимде калганы, Бокем мектепте окуп жүргөндө эле сүрөттү мыкты тартаар эле. Дубал газеталардын баары Бокемдин сүрөттөрү менен чыга турган. Мен 8-класста, Бокем 7-класста окуп жатканда райондук «Жеңиш» газетасына «Жаш сүрөтчү» деген макалам чыкканы эсимде, ал макаланы Бокем азыркыга чейин сактап келатат. Көрсө, Бокемдин сүрөтчүлүк таланты ошол мектепте окуп жүргөнүндө эле башталган тура. 1972-ж. Жерге-Тал орто мектебин аяктаар менен эле чоң окууга барбай, ошол мектепте мугалим болуп иштеп калыптыр, ал кезде биз студентпиз, каникулга келгенде Бокемдин мектепте сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеп жатканын угуп калчубуз. 1 жыл мугалим болуп, кийинки жылы Фрунзеге окууга кетет. 1977-ж. Фрунзе шаарындагы С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын скульптор, черчение жана сүрөт мугалими адистиктери боюнча аяктаган. Ошол кезде «Кыргызфильм» киностудиясында мультфильм тартуу боюнча иштер башталып, ага сүрөтчүлөрдү тандоо жүрүп калат. Бокем ошондо мультфильм тартууну үйрөнүү үчүн 1977-1978-ж.ж. Алматы шаарындагы «Казакфильм» киностудиясында кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өткөн. Окуп келгенден кийин 1978-жылдан тартып «Кыргызфильм» киностудиясында мультипликатор, сүрөтчү-коюучу жана режиссер-коюучу болуп иштеди. Ал кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат, ондогон кыргыз мультфильмдерин жаратууга катышкан. Өзү режиссер катары «Аксак» жана «Чептен эрдин күчү бек» аттуу мультфильмдерди тарткан, эмгектери жогору бааланып, Киев жана Минск шаарларында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалдарда дипломдор менен сыйланган.

Ал сүрөтчү катары сүрөттөрү менен бир нече көркөм адабий китептерди, «Байчечекей» журналын көркөмдөөгө активдүү катышкан. Живопись жана графика боюнча бир катар эмгектерин Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейи сактоого алган, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги сатып алган, Япониядагы, Болгариядагы, Чехиядагы жеке коллекцияларда сакталып турат. Эл аралык жана республикалык бир канча сүрөт көргөзмөлөрүнө катышкан.

Б.Жумалиев — СССР жана Кыргызстан сүрөтчүлөр жана кинематографисттер союздарынын мүчөсү.

Б.Ж.Жумалиев ак ниет эмгеги үчүн СССР мамкиносунун, Кыргыз кинематографисттер союзунун, ВДНХнын, ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын отличниги» Ардак наамынын ээси.

Өмүрлүк жолдошу Бурулча Бишкектеги № 5 улуттук компьютердик гимназияда мугалим болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Болотбек менен Бурулча экөө 2 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялашты, баарына жогорку билим беришти, баарын үйлүү-жайлуу кылышты. Бокем көп жылдардан бери мастерская ачып алып, жеке сүрөткер катары эмгектенип келатат.

Боке! Жакында эле жетимиш деген укмуш жашка чыккан датаны белгиледиң. Жетимиш деген ашууну белди бекчейтпей, көздү чекчейтпей ашып, 80 деген бийик белди кайраттан кайтпай кажыбай багындырып, 90 деген дабанга буту-колуң оорубай, азыркыңдай койкойуп жетип барууңа тилек кылам. Жетимиш жашыңа удаалаш минтип мамлекеттик «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» деген чоң сыйлыкка ээ болуп олтурасың. Баары өзүңө кут болсун! Калган каалоолорду сен мааракеңди жана сыйлыгыңды бирге белгилеген чоң тоюңда айтайын деп айылдаш, шеринелеш тууганың, бир чети кудаң, бир чети жакшылык-жамандыкта бир болуп келаткан курбуң Акил Адамалы уулу.

 

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-11-2023
Эсеналы Дайракунов
2397

26-06-2023
Оодарыштын опол тоосу, же эр эңиштин эл аралык класстагы чебери
836

09-08-2021
Көңүл айтуу
2684

13-04-2020
Улуу Ата мекендик согуш жана таажы тумоосу: салыштыруулар
5528

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×