Улуу Жеңишке 80 жыл
Согуштун ооруктагы эң жаш эмгекчиси, ардактуу профессор жана КР лауреаты
Калыгул байкемди кээде Нарындыктар (облустун Бишкекте жашагандары) чогула калганыбызда “биздин айылдык” деп койсом акталаалыктар тим эле шибеге менен сайгандай секирип кетишет “ал биздин Ак-Талаадан” дешип. Чын-чынына келгенде меники да туура, алардыкы да туура. Анын жөнү мындай. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Калыгул байкенин атасы Жусуп Казакбай уулу Нарын районунун Кара-Чий айылынан ушу Жылан-Арык айылына көчүп барып туруп калган экен. Жылан-Арык айылы оболу, 1955-жылга чейин Куланак районуна караштуу “Пионер” колхозу болгон. Бул Куланак району жоюлган соң, 1955-жылдан 1992-жылга чейин Ак-Талаа районуна караштуу “Ак-Тал” колхозунун, кийин Тоголок Молдо атындагы колхозунун Пионер комплекстүү бригадасы болуп болуп келген, өзүнчө малдарды бордоп семиртүүчү совхоз да боло калганы бар. 1992-жылдан тартып айыл Нарын районуна караштуу болуп калат, алгач “Жылан-Арык” колхозу болду. 1993-жылы колхоз жоюлуп, Жылан-Арык айыл аймагы, Сары-Ой айылдык кеңеши болду. Азыр болсо Нарын районунун Учкун айыл аймагынын айылы болуп турат.
Калыгул байке мына ушу Жылан-Арык кыштагында 1934-жылдын бугу (май) айынын 5инде туулган экен. Бирок, метиркасында 1935-жыл деп жазылып калыптыр. Калыгул байкемдин айтуусуна караганда, метирканы Куланактан таякеси Молдалиев Сарыбай сельсоветтен жаздырып алганда 1935-жылы туулган деп койгон экен. Былтыр 2024-жылы Калыгул байкем 90 жылдык торколуу тоюн чоң салтанат менен өткөрдү.
Уруусу – сарыбагыш. Андан - жантай. Түбү - Чоң-Кеминден болот. Ушул жагдайдан алганда Калыгул байкем 3 жердин уулу болуп жүрөт: 1) түпкү теги болгон Чоң-Кеминдин, 2) ата-бабасы жердеген Нарын районунун Кара-Чий айылынын, 3) өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Жылан-Арык (Пионер) айылынын.
Атасы – Жусуп Казакбай уулу жантай уруусунан Белектин небереси болот, Өмүрбек уулунан. Жусуп ата 1889-жылы туулган, 1945-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Энеси – Таажы Турдубай кызы (тегаты Казакбаева болуп калган). Турдубай таятасы болсо – Куланак айылынан. Таажы эне 1900-жылы туулган, 1951-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Калыгул – жалгыз уулу (калган 14 баласы чарчап калган). Калыгул байке атасынан 10, апасынан 16 жашында ажырап калат.
Улуу Ата мекендик согуш жылдарында борбою ката элек болсо да Калыгул байке Куланак районуна караштуу “Пионер” колхозунун бардык жумуштарына активдүү катышат. Кичинекей эмгекчил бала эркектер фронтко кеткен кезде апалары менен кошо машак терет, арык казат, суу сугарат, кой кыркат, туутта кой туудурат, чөп чабат, чөп жыйнайт, кырманда эгин тазалайт. Мындай каарман эмгеги үчүн ал 1947-жылы 13 жашында СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. Мына, эрдик! Мына, сыйлык!
... Бир жолу сурап калдым Калыгул байкеден: “Ооруктун ардагери катары кандай жеңилдиктер бар?” деп. “Анча деле жеңилдик жок” деп койду эле, менимче ооруктун ардагерлерине мамлекет өтө орчундуу деле жеңилдиктерди берген эмес көрүнөт деп калдым...
Окуусун улантат. 1952-жылы Куланак кыштагындагы орто мектепти аяктап, Нарын шаарындагы Н.В.Гоголь атындагы Нарын мамлекеттик мугалимдер институтундагы физика-математика факультетин 1954-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Мугалим болом деген тилеги орундалат.
Эмгек жолун өзү аяктаган Нарын районундагы Куланак орто мектебинде 1954-жылы сентябрь-октябрь айларында физика сабагынан мугалим болуу менен баштаган.
1954-57-жылдары Термез (Өзбекстан) жана Мары (Түркмөнстан) шаарларындагы чек ара аймагында Түркстан аскер округунда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Армиядан кайтып келээри менен 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) физика-математика факультетине тапшырып, аны 1962-жылы артыкчылык диплому менен аяктайт. Мыкты студентти ошол эле окуу жайында калтырышат: 1962-65-жылдары КМУнун теориялык математика кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу болуп иштейт.
Калыгул байке илим жолуна түшүп, Москвага аттанат. 1965-жылы Орусиянын борбору Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантура бөлүмүнө өткөн. 1969-жылы аны ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы 19-октябрда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.
Анан илимий даражага ээ болгон соң Мекенине кайтып келет. 1969-70-жылдары – Бишкек шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети) теориялык математика кафедрасынын ага окутуучусу, доценти болуп иштеген. 1970-75-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теориялык механика кафедрасынын доценти, 1975-81-жылдары Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети) математика факультетинин деканы, 1980-85-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик университетинин теориялык механика кафедрасынын доценти, 1985-92-жылдары Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) математиканы окутуу усулдары кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Анан кесиптештери ага зор ишеним көрсөтүшүп, 1992-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы кылып шайлашат. Бул кызматта ал туптуура 10 жыл иштеп, кызматкерлердин экономикалык жана социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көп иштерди аткарып келген.
Калыгул байке 2002-2006-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси кызматын аткарып жүрдү. 2010-жылы “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору” деген ардак наамга ээ болду.
85 жашка чыкканча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ардактуу профессор катары студенттерге лекция окуп келди. Азыр болсо ардактуу эс алууда.
Өмүрлүк жары Салийбүбү жеңебиз менен 50 жылдай бактылуу өмүр сүрдү. Ал жеңебиз Нарындын Куланак айылындагы атактуу Туту аксакалдын кызы боло турган. Коронавирус пандемиясы учурунда Салийбүбү жеңе жарык дүйнө менен кош айтышып калды. Мыкты аялзаты эле.
Калыгул байкенин 4 уул, 1 кызы бар: Улан, Назира, Кубанычбек, Жуман, Эркинтөрө. Баары жогорку билимдүү, мыкты кызматтарда иштеп жатышат. Калыгул байке мыкты чоң ата катары неберелерине таалим-тарбия берип келет. Алардын бири Данияр Улан уулу мыкты окугандыгы үчүн 2010-жылы 17-мартта АКШнын президенти Барак Обаманын өз колунан алкоо катын алган.
Калыгул байке илимий-педагогдук жана публицисттик чыгармачылык жаатында да зор эмгек кылды. Ал 9 окуу китепти жана усулдук колдонмону, 110дон ашуун илимий жана илимий-жамааттык макалаларды жарыялаган.
“Чымыны” да бар: 1993-94-жылдары "Азаттык" үналгысына сырт кабарчы катары бир катар публицисттик радио берүүлөрдү даярдаганы эсибизде. Ал кезде "Азаттык" үналгысынын деректири Аким Өзгөн эле.
Калыгул байкенин аты өзү туулуп-өскөн Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жылан-Арык (мурдагы Пионер) айылындагы орто мектепке 1995-жылдын 25-декабрында ыйгарылган, азыр ал мектеп “Калыгул Жусупов атындагы орто мектеп” деп аталып жүрөт.
2012-жылы 10-ноябрда "Жогорку окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн окуу китептери" аттуу окуу китептеринин топтому үчүн бир катар окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып, аларга "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген ардак наам берилет. Алардын арасында Калыгул Жусупович да бар болгон.
Мына ошентип Калыгул байке өлкөдөгү эң абройлуу, эң сыймыктуу сыйлыктын ээси болуп калат.
Биздин жердешибиз, эң мыкты инсан Калыгул Жусупов байке жакында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын тоскону турат. Сизге, Калыгул байке, бекем ден соолук, бактылуу карылык, уул-кыздардан сый-урмат каалайбыз!