Добавить свою статью
26 Июня 2023
Оодарыштын опол тоосу, же эр эңиштин эл аралык класстагы чебери

Мына, күрөштөн Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекованы билбеген кыргыз барбы? Албетте, жок! Экөө тең күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чеберлери. Ал эми эл аралык класстагы спорт чебери Баркыжоков Конокбай Аалиевичти билесиздерби урматтуу кыргыздарым? Жо-ок, көп кыргыздар мындай спорттун эң мыкты чебери бар экенин анча билишпейт. Конокбай – кыргыз элинин байыркы спорт түрү болгон эр эңиш боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери болуп саналат.

Эми каарманымды тааныштырайын. Конокбай алыскы Нарын районунун Шоро айылынын кулуну, уруусу – жетиген, ошол жерде төрөлүп, ошол жерде өскөн, ошол жерде Садыкказы Мамбетов атындагы орто мектепти бүтүргөн. Азыр да ошол жерде жашайт. Быйыл 39 жаштын тамагын ичип жатат. Фермер. 2 уулу жана 3 кызы бар. Эр эңиш боюнча Кыргыз Республикасынын 9 жолку чемпиону. 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алтын медалынын ээси. Конокбайдын эл аралык, республикалык, областтык жана райондук мелдештерде жеңип алган медалдары бир аттын жүгү десем эч жаңылышпайм. Айыл ичинде кадыр-барктуу, улуулары урматтап, кичүүлөрү ызааттап турушат. Өзү болсо оор басырыктуу, кези келгенде азилден салып коймой адаты да бар. Шоро айылындагы жамандык-жакшылыктардын баарына жан дили менен катышат, боорукер, колунан келген жардамын эч кимден аябайт.

Эр эңиш - эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу, кармашы, күрөшү, оодарып жыгуусу десек туура болот. Бул оюн-шооктун келип чыгуусун ата-бабалар тээ илгери жоокерчилик замандарда ат үстүндөгү салгылашуусунда куралынан тигил, же бул себеп менен ажырап калган жоокерлердин ат үстүндөгү кармашуусуна шарттап жүрүшөт. Жоокерчилик заман үчүн бул алышуу, кармаш, күрөш, оодарып жыгуу өтө зарыл болгондуктан, бара-бара каршылаштардын бул алышуусу аскердик-прикладдык оюндардын катарына кирип, бүгүнкү күнгө чейин ойнолуп келатат. "Манас" эпосунда Көкөтөйдүн ашындагы Чыноончу менен Шаңдөөгөрдүн эңиши мунун далили:

Алар эңиш салсын деп,

Чабендеси жеңсин деп,

Көкбөрү кылган улактай,

Көрүнө аттан эңсин деп (Сагымбай Орозбаков, 3. 254— 255).

Эр эңиш – кыргыздын каруусу катуу, балбан, ээрге куюп койгон кыттай бекем олтурган, жеке эле кара күчүнө салбай, айла-амал, ык, ыңтай менен кармаша алган балбандары үчүн салттуу таймаш. Таймаштын бул түрүнүн эрежелери жана аксессуарлары спорттун бул түрү аскер муктаждыгынын айынан пайда болгондугун жана аскердик максаттарга кызмат өтөгөнүн айгинелеп турат. Алсак, алдын-ала кам көрбөстөн аткарылуучу коркунучтуу иш-аракеттерге эрежеде уруксат берилген. Аларды жоону жеңүү максатында күжүрмөн, кол менен кармашуунун катаал ыкмалары катары бааласа болот. Мисалы, кабырганы, колдун булчуңдарын кабыштыра кармоо, муундарды кайруу. Бул оюнда чабандестин жөндөмү жана күчү канчалык мааниге ээ болсо, минген атынын такшалгандыгы да ошончолук мааниге ээ. Эр эңиш үчүн минилүүчү ат жоош, басыктуу жана бардыкпаган, чыдамкай, такшалган болушу керек.

Конокбай мына ушундай асыл сапаттарды эске алуу менен кыргыздын бул спорт түрүнө активдүү катышып келет. Алгач эл арасындагы аш-тойлордо күрөшкө, анан улак тартышка катышкан экен. Кийин каруусу толгондо оодарышка кызыгып калат. Алгач райондо, анан облуста ат салышса, кийин республикага чыгып, ал жерде байгелүү орундарга жетишкен.

Адатта, эр эңиште балбандар бел кырчоодон жогор жагы жылаңач болуп, кээде кур курчанып (адатта жоолук) же кур курчанбай чыгышат. Колуна эч кандай курал алышпайт, болгону атка колдонуу үчүн камчы алып, анын боосунан тиштеп эңишке түшүшкөн. Балбандардын күч сынашуусу чапчаңдыкты, ылдамдыкты жана жеткиликтүү кеңири аянтты талап кылгандыктан, адатта кармаштын аренасынын узун-туурасы 50 метрден кем болгон эмес. Кармашып жаткан балбандардын жанына калыс гана (аны “бөкөл” деп аташат) ат үстүндө көзөмөлдөп турат. Ал камчы менен, ал эми азыркы учурда “ышкырык” менен баштоо, токтотуу, кайра баштоо сыяктуу команда берип турат.

Эр эңишке чыккан балбандарга каршылашынын билегинен, карысынан, колунун учунан кармоого, кандагайдан чапчууга, курун билегине ороп тартууга, каршылаш балбандын башынан, моюнунан кармоого, атынын тулкусуна, ээринин кашына таянууга, каршылашынын колун өз ээринин кашына басып, аны өз буту, такымы менен кыпчууга, башкача айтканда “такымга бастырууга”, тизесин же бутун атаандашынын атына такап, балбанды өзү жакка тартууга же ары түртүп жыгууга, каршылашын ат-маты менен сүйрөп кетүүгө уруксат берилет. Ошол эле учурда балбандар бири-биринин чачынан алууга, бетин жаралоого, колун толгоого уруксат берилбейт. Колундагы камчы менен каршылашын чабууга тыюу салынган. Ошондой эле каршылаштын атын чабууга, тебүүгө, муштоого, ат жабдыктарын кармоого, манжаларды кайрууга, үзөңгү боолукка салууга, тизгинди же чылбырды атаандашынын колуна, бутуна орой коюуга укугу болбойт, басмайылын бошотуп жиберүүгө тыюу салынат. Минген атынын үзөнгүсүн да курал катары колдонууга мүмкүндүк берилбейт. Ушул сыяктуу эреже бузуулар бөкөл тарабынан дайыма токтотулуп, эскертилип турат. Эгер кайсы бир балбан эреже бузууну өтө көп колдонуп жиберсе, же каршылашынын денесине катуу жарат алдырганчалык ыкма колдонсо, андай балбан оюндан чыгарылат.

Конокбай баатыр мына ушундай илгертеден келаткан эр эңиштин эрежелерин дайыма жадында жаттап, ар бир таймашта сактап келет. Ошондуктан аны эр эңишчилер тартипти бекем сактаган спорт чебери катары абдан сыйлашат.

Конокбай баатырга алдыда дагы көп ийгиликтерди каалайбыз! Аман бол кыргыздын атын чыгарган мыкты уулу!

Акил Адамалиев,

ардагер журналист

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-04-2024
Эр жүрөк артиллерист
1133

17-11-2023
Эсеналы Дайракунов
2894

29-12-2022
Ардак наам кут болсун
1815

09-08-2021
Көңүл айтуу
3176

13-04-2020
Улуу Ата мекендик согуш жана таажы тумоосу: салыштыруулар
5884

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×