Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ондогон кыргыз акын, жазуучулары мекен жүгүн артынып күн батышка фронтко аттанган. Алардын катарынан Мукай Элебаев (1906-1944), Жусуп Турусбеков (1910-1943), Кусеин Эсенкожоев (1920-1944) кандуу согуш майданынан кайтпай калышты. Жоомарт Бөкөнбаев 1941-жылы өз ыктыяры менен согушка кетип, аман-эсен кайтып, 1944-жылы кызматтык командировкада жүрүп, кырсыктан каза табат. Улуу согуштан Темиркул Уметалиев (1908-1991), Узакбай Абдукаимов (1909-1963), Олжобай Орозбаев (1920-2005), Сүюнбай Эралиев (1921-2016), Түмөнбай Байзаков (1923-1992), Жунай Мавлянов (1923-2003), Сооронбай Жусуев (1925-2016) өңдүү акын, жазуучулар өз жерине эсен-соо кайтып келишет. Ооба, эсен-соо кайткандардын бири Жунай Мавлянов болгон. 18 жаштагы Жунай 1941-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына кирип, 1942-жылы майданга аттанып, согуш өртүн кечип, катуу жаракат алып, жарактан чыгып, 1944-жылы кичи мекенине кайтып келет. Кийин 1948-1950-жж. ошол эле Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын базасында ачылган мугалимдер институтун окуп бүтүрөт.
Барпы апыз тууралуу. Жунай 1948-жылдын күз айында Жалал-Абад мугалимдер институтунун студенти экенде жаш төкмө Токтосун Тыныбеков (1927-1982) экөө Маданият үйүндө Барпы акын менен жолугушат. Токтосун комузун колго алып, алгач ирет өзүн тааныштырып, саламын айтып, башынан өткөнүн, Аксыдан болуп, ак таңдай акын Жеңижок, атакуу комузчу Ниязаалынын жеринен экендигин, улуу Барпы акын менен жолукканга ынтызар экендигин айтып өтүптүр... Анда Барпы акын: “Аксы тараптан чыккан өнөрпозду бирден атап, аларга кошуп Түндүктүн, Түштүктүн биз мурда укпаган-билбеген далай акындарын саноо менен акындык улуу салт жаатынан алиге чейин маңдай терин кайра-кайра аарчый отурган маңдайындагы жаш акынга алгачкы сабакты берип жаткансыды. Акын жолу канчалык татаал, ошону менен бирге канчалык улуу жол экенин эскертип жаткансыды. Энесин көргөндө желесин үзгүдөй жулунган тайдай болбостон, сабырдуураак болуп, адеп күтүп дегендей, анан кыскараак чаап, бирок маанилүү, маңыздуу ырдап жүр” (275-б.) деп жооп бериптир. Ошондо Жунай 25те, Токтосун 21 гана жашта экен... Жунай Мавлянов улуу Барпы апызды “баарынан мурда ашыглыктын акыны” деп, Чыгыштын айтылуу Омар Хайям, Хафиз, Жами сыяктуу акындары менен салыштырып баалайт.
Жунай Мавлянов улуу замандашы, жоокер акын Темиркул Уметалиев жөнүндө. “Темике менен 1950-жылы көрүштүк ... “Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз калемгерлеринин ичинен анын башталышынан бүткөнүнө чейин катышкан. Башкача айтканда, алардын эң “стаждуусу” ушу Темике. Эгер согуш 1418 күнгө созулган болсо, анын бардыгын бу киши жоокер кийими, жоокер жарагы, ыры менен өткөрдү. Башкалар жоо беттеп, жалгыз куралы – жоокердик жарагы менен гана барса, бу адам душманга каршы төрт жыл бою кош курал менен автоматы жана ыры менен күрөштү” (280-б.). Ооба, окурмандарга согушка катышкан, андан аман-эсен кайткан кыргыз акын, жазуучулары дээрлик белгилүү, бирок кан майданда толук баштан-аяк болуп, алты-саны аман кайткан, Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан жоокер акын-жазуучу, аскердик офицер Темиркул Уметалиев экендигин баары эле элес кыла бербөөсү ыктымал. Жоокер акын-жазуучу Темикенин ушундай өзгөчөлүгүн жоокер жазуучу Жунай Мавлянов балыкчы балыкчыны алыстан көрөт болуп баса белгилегендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү. “Темиркул Уметалиевдин согуш мезгилиндеги ырлары, поэмалары - анын чыгармачылыгынын бийик чокусу деп жүрүшөт адабият теоретиктери. Туура баа. Акындын жүрөгү канамайын андан жакшы ыр чыкпайт” (282-б.).
Жунай Мавлянов 1959-жылдын жайында Чолпон-Атада Темиркул Уметалиев менен бирге айтылуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзов жана белгилүү саясий ишмерлер Абды Суеркулов, Молдокул Мамбеталиев менен жолуккан экен. “Суеркуловдун келбеттүү өң-түсү, алача боюна жарашкан жапжаңы, нары жарашыктуу кийим-кечеси гана эмес, сүйлөгөндөгү коңгуроодой жагымдуу добушуна чейин ошондо адамдардын сөз кылып калышканы да эсимде” (283-б.). Мухтар Ауэзов тууралуу: “Бирин-серин ак аралап, тармалынан да жана баштаган чачы эки чыкыйдан өйдө түрүлө баштаган Сократтыкындай жазы, нары дөңүрөөк маңдайлуу Мухтар Омархановичти а деген жерден сөзгө тарткан Абды Суеркулович болду. Сөздөрүнө тамаша кыстара коюп сүйлөшкөнүнө караганда экөө көптөн бери тааныш. ... Абды Суеркулович эки элдин тарыхынан, болгондо да казак менен кыргыздардын өткөндөгү хандарынан, бектеринен, ашкан байларынан көптү билет экен. Отургандардан аларга кээде Темике кошулуп кетип жатты. Бир кезде Мухтар Омарханович адабият менен искусствого өтүп, анын акырында Чынгызга арнап тост көтөрдү. Биздин эки калктын тили менен айтканда Чынгыз алдына ат алдыбай турган күлүк. Азырынча ага тең келчүлөр Орто Азия менен Казакстанда гана эмес, Союзда да жок десем жаңылбаймын” (284-б.).
Караңыз, бул 1959-жылы Мухтар Ауэзов айткан көрөгөч сөз эле. Буга чейин Чынгыз тууралуу дээрлик кеп-сөз боло элек. Бирок Ч. Айтматовдун “Жамийла” повести орус, француз тилдеринде чыгып, ага көрүнүктүү француз акын-жазуучусу Луи Арагон өз баасын берип, дүйнөгө жар салып койгон учур. Лениндик сыйлыкка дагы төрт жыл бар болчу... Кийин Ч. Айтматов сыйлыгын алып келгенде Кыргызстан Жазуучулар союзунун атынан Жунай Мавлянов куттуктоо сөз сүйлөгөн. Ал Жазуучулар союзунун секретары экенде залкар жазуучу менен бир нече жолу жолугушуп, сыр чечишип, чыгармачыл олуттуу маселелер боюнча пикир алышып келгендиги арадегер жазуучунун эскермесинен байкалат.
Аскер жазуучу Жунай Мавлянов аскер акын Сооронбай Жусуев тууралуу. “Сооронбай Жусуев – кыргыз жоокер жазуучуларынын жашы жагынан кенжеси, бирок чыгармачылык “стажы” боюнча көбүбүздөн улуу. Анткени, анын “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” деген биринчи ыры кан майданында жазылып, ошол 1943-жылы азыркы “Ала-Тоо” (андагы “Советтик Кыргызстан”) журналына басылып чыккан” (303-б.). Ошондо журналдын башкы редактору Жоомарт Бөкөнбаев болуп, жоокер акын Сооронбайдын катын алып, ырын жарыялагандыгын алигече сыймыктануу менен айтып жүргөндүгүн эскерет. Ооба, замандаш, бир саамга лирикалык чегинүү жасап, Батышта окопто жазган кыргыз жоокеринин ыр каты, айтылуу Жоомарттын өз колуна тийип, анан Кыргызстандын башкы коомдук-саясий, маданий журналына жарыяланышы, албетте, 18ди араң аттаган кыргыз жигити үчүн өмүрү эстен кеткис чоң сенсация болгондугу да чындык. Белгилеп кетчү нерсе, Жунай Мавлянов макаласында “кыргыз жоокер жазуучулары” деп жазат. Демек, кыргыз акын-жазуучуларында жазылбаган ушундай аскердик ардактуу аталыш болуп да келгендей.
Андан ары: “Рыспай менен Сооронбай жердеш. Экөө тең талантка бай Кара-Кулжа жактан. Демек, бир суудан ичишип, бир абадан дем алып чоңойгондор. Бирок, буларды достоштурган жердештик эмес, жакшы абаз, жакшы текст. Булбул гүл издегендей обончу да жакшы ыр издейт. Булбул үнүн кубулжуткан – гүл болсо, обончунун абазын түрлөнткөн – акын сөзү. Обон менен поэтикалык сөз төп келишкенде гана жүрөктү элжиреткен ыргактар пайда болорун, мен, көбүнчө, ушул Рыспайдын сөз болуп жаткан акындын ырларына чыгарган обондорунан байкап жүрөм. Сооронбайдын поэзиясынын бир өзгөчөлүгү – ушу Рыспайга окшогон таланттуу обончуларга “гүлазык” болуп бергенинде, элдик ырлардын казынасын байытып келатканында. ... Сооронбайдын акындык мүлкү чебер дувазгердин (куруучунун) колунан чыккан үй сымал. Ал үйдүн тышынан да, ичинен да кынтык табуу кыйын. Чебер деген ушул” (303-б.) деп белгилейт “Бар бол, Соке!” аттуу макаласында.
Бул эскерме саптарын Жунай Мавлянов 1994-жылга удаалаш Рыспай Абдыкадыров али тирүү кезинде жазгандай. Ардагер жазуучу Рыспай деп үч ирет айтып, бирок фамилиясын атабаптыр. Бул ошондо таланттуу обончу, ырчынын кыргызга “Рыспай” деген аты менен эле дүңгүрөп жаткан кези экендиги менен ырасталмак. Ооба, бир катар курбалдаш акын, жазуучу согуш арадагерлеринин кийинки бейпил турмушу элдин калың-катмарына сиңген 60-70-жылдардын Рыспай, Аксуубай, Калыйбек өңдүү замандаш, нукура талант ырчылардын “абазын” ырахаттана угуп-тыңшап, тамшанып, чыгармачыл эргүүгө чоң демөөр берип тургандыгы да ырас.
Жунай Мавлянов белгилүү жазуучу Казат Акматов жөнүндө. “Акматовдун жыйнагын дит коюп окуп жатканда улам секирген сайын таякчаны өйдө жылдырууну талап кылгын спортсмен эсиме түшөт. Ал чыгармадан-чыгармага өйдөлөп өсүп келатыптыр” (306-б.). Жоокер жазуучу бул “Мезгил сүрөткери” аттуу чакан макаласын 1992-жылы жазыптыр. Ооба, анда эсил-кайран Союз кыйрап, кыргыз жаңы эгемен жолго түшүп, бирок буттан чалыштап, жыгылып-ооп, ээрге кайра минип, эми кантер экенбиз деген кез. Ардагер жазуучу “Замбирек атылса, муза токтойт” болбой, жорго салыштан суурулуп чыккан күлүктөй, төбөсү көрүнгөн, кыргыздын дагы бир чыгаан таланты Казат Акматовдун чыгармачылыгына кайрылат.
Жунай Маялянов: “Менин байкашымда Акматов – мезгилдин жазуучусу. Тагыраак айтканда, өз доорунун сүрөткери. Биринчи ири чыгармасын “Мезгил” деп атаганынын “сыры” да менимче, ошондо... Казаттын чыныгы мезгил сүрөткери экенин анын: “Күндү айланган жылдар” деген жаңы романы, “Айлампа” деген драмасы, мезгилдүү басма сөздөргө жарыяланган даректүү аңгемелери, публицистикалык макалалары далилдеп турат” (309-б.). Ооба, Казат Акматов “советтик деп аталган доордун бүтүндөй бир мезгили - кыргыз элинин турмушуна, психологиясына олуттуу “алымча-кошумчаларды” кийирген мезгилди сүрөттөгөндүгү”, анын чыныгы мезгил сүрөткери экендигин мурунку да, кийинки да чыгармалары ишенимдүү ырастайт. Жоокер жазуучу анын башка адабиятчылардан айырмалап турган “жаш кезден коомдук иштердин кайнаган жеринде келаткандыгын”, ак ийилип, бирок сынбас жарандык позициясын баса белгилегендиги кадырлуу да, үлгүлүү.
Жунай Мавлянов жаш калемгер Абдиламит Матисаковдун чыгармачылыгы тууралуу. “Ассалоом алейкум, Абдиламит! Сага бул катты жазууга “Ала-Тоо” журналына чыккан “Ак коргон” аттуу повестиң себеп болду” деп кеп учугун баштаптыр. Ооба, ал кезде изденүү жолундагы жаш авторду кыргыз окурмандарына жакындан тааныткан бул повести адабий чөйрөдө чоң кызыгууну жараткандыгы маалым. “Сенин аңгемелериңен мен байкаган дагы бир өзгөчөлүк – жогоруда эске салган адамгерчилик жагдайына тиешелүү. Таалим-тарбия маселеси. Мен окуган ар бир аңгемеңин негизги каармандары – ата менен бала, эне менен кызы. Ата менен эне - перзенттери үчүн жакшылыктын уюткусу, көрөңгөсү”. (312-б.). Ардагер жазуучунун минтип баса белгилегендиги бекеринен эместей. Анткени, ал жазуучулук чоң жолго түшүүдөн мурун ошо кездеги экинин бири болгон ардактуу педагогдук, мугалимдик кесипти аркалып, анын ысык-суугуна күйүп-тоңуп, мектеп, ата-эне, ата менен бала, эне менен кызы тематикасы (“Акырын сабак жүрүп жатат ...” (1986), “Ата, апа дегенден кийин эле” (1987)) жашоо стихиясына айланып калгандыгы да ырас.
“Абдиламит, мага жаккан дагы бир артыкчылыгың – тилиң болду. Жазуучунун дагы бир милдети – эне тилинин даяр запасынан гана сарамжалдуу пайдалануу эмес, колдон келишинче анын мүмкүнчүлүгүн андан ары да арттырууга көмөктөшүү экенин билесиң да” (314-б.). (Жоокер жазуучунун “Тилди сыйлоо – элди сыйлоо” деген макаласын эстеңиз). Ооба, А. Матисаков көркөм чыгармаларында тарыхый да, замандаш да каармандарын говордук сүйлөшүү стилинде шурудай тизип, ыктуу, өзүндөй сүйлөтүп келгендиги менен өзгөчөлөнүп турары жашырын эмес. Эне тил чалкып жаткан мухит, адабий тилдин соолубас казынасы. “Казанда болсо, чөмүчкө илинет”. ... “Абдиламит, кийинки жылдарда өзүңү очерк, публицистика жанрында да сынап көрдүң окшойт... Бул жанрлардагылардан мага айрыкча жаккандары – жогору жакта учкай сөз кылган аңгемелерден кем эмес таасир калтыргандары – жазуучу Кубат Жусубалиев менен актер Сүймөнкул Чокморов жөнүндөгү очерктер болду” (314-б.). Айтмакчы, аскер жазуучу калемдеши Кубат Жусубалиев жөнүндө тээ 1984-жылы эле “Катаал турмуш” деген кыска макаласын жазыптыр. Ошентип, ардагер жазуучунун бул “Жаш калемдешке каты” (1987) отузга эми келген жаш калемгерге бир топ чыгармачыл дем-күч, кийинки чыгармаларына шыдыр жол болуп бергенине күмөн кылууга болбос. Айта кетчү нерсе, ардагер жазуучу залкар, белгилүү акын, жазуучулардын катарында жаш калемдеш замандаштарына да көз кырын салып, боорго тартып, сүрөмөлөп, ак жол каалап тургандыгы бүгүн да заманбаптуу.
Жунай Мавлянов замандаш калемдештери Өскөн Даникеевдин “Көкөй кести” романына, Шабданбай Абдрамановдун “Дыйкандар” романына, Жакып Медетовдун “Күрөш” жыйнагына өзүнүн баалуу сын пикирин айтат. Кыргыз прозасынын улуу чебери, даанышман Түгөлбай Сыдыкбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу көлөмдүү “Түкө” аттуу макаласын жазган. Ардагер аскер жазуучунун кыргыздын көрүнүктүү чыгармачыл инсандары жөнүндөгү адабий сын макалалары өзүнчө кеп болору бышык.
Ошентип, Жунай Мавлянов адабият теориясына негизденген, адабий сынды мыкты өздөштүргөн адабиятчы катары да таанымал болууда. Эң башкысы ар бир авторго, калемдеш замандашына өзүнүн адабий объективдүү, калыс баасын бергендиги. Буларды окуп отуруп жоокер жазуучунун адамды, анын инсандык касиет-сапатын аңдап-туя билген, өзү көптү билген, көптү окуган, илим-билимдүү, устат педагог, маданияттуу гуманист инсан экендигине ынанабыз.
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдык мааракесинин урматына республикалык илимий-практикалык конференция жана башка бир катар илимий, окуу-усулдук, чыгармачыл иш чаралар өтүү белгиленген.
Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиин профессору
Булактар:
Мавлянов Жунай. Аваз: повесттер, аңгемелер, очерктер. – Б.: Бийиктик, 2003. – 516 б.