Добавить свою статью
9 Ноября 2023
А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата

Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата

Абийир тазалыгынын жана Ата журтка адал кызмат кылуунун бийик үлгүсү

Советтик, андан кийин эгемен Кыргызстандын тарыхында Исхак Раззаковдун жолун жолдогон таза, чынчыл, принципиалдуу, артынан эч кандай жагымсыз сөз ээрчитпеген, бүт өмүрүн, күч-кубатын, билимин, мамлекеттик жана партиялык жетекчи катары топтогон тажрыйбасын кыргыз элинин, мамлекетинин өсүп-өнүгүүсүнө жумшаган инсан – Абсамат Масалиев болгону жалпы кыргыз журтуна маалым. 2004-жылы, А.Масалиев дүйнө салганда аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында «аны менен бирге Кыргызстанда акыркы чындык, инсандык тазалык кошо көз жумганы» бардык улуттардын өкүлдөрү тарабынан баса белгиленип, жалпы калайык-калктын чын дилден, өтө кайгыруу менен аза күткөнү эстен кетпейт.

Ал күнү эл-журтунун чыныгы урмат-сыйына, баасына арзуу үчүн ага А.Масалиевдей ак кызмат өтөө абзел экенин коштошуу сөзүн сүйлөп жаткан инсандардын баары баса белгилеп жатышты. «Ак көйнөк кийип, галстук тагынгандын баары эле интеллигент боло албасын» убагында укмуштай таамай айткан, ар дайым калыс сөзүнөн жазбаган, элибиздин дагы бир чыгаан уулу Салижан Жигитов агайыбыз белгилеп кеткендей, кымбат баалуу кызматтык автоунаа минип, жанына жардамчы, жан сакчыларды ээрчиткендердин баары эле жакшы жетекчи боло албай турганын да андан кийинки мезгил ырастады. Айт дегенде элди оозанып сүйлөп, ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберем деген «галстукчандардын» эгемендикке ээ болгонубуздан кийинки отуз жыл ашуун аралыгында канчасы келип, канчасы кетпеди бийлик сересинен. Алардын айрымдарынын гана ишмердүүлүктөрү тууралуу эл арасында анча-мынча жакшы сөздөр айтылбаса, басымдуу көпчүлүгү алдым-жуттум, ач көз, адамдык касиети да, жарандык жана саясий маданияты да, кызматтык тажрыйбасы да, интеллектуалдык көрөңгөсү да көңдөй, мамлекет, калк кызыкчылыгына кайдыгер караган, өзүнүн жана тар чөйрөсүнүн гана камын ойлогон адамдар катары эл арасында кадыр баркка ээ боло алышпай, тез эле унутта калышты.

Албетте, И.Раззаков да, А.Масалиев да өздөрүнө чейинки ондогон мамлекеттик ишмерлер сыяктуу эле коммунисттик идеологиянын, совет мамлекетинин «жоокерлери» катары жалпы союздук жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн аткарбай коюша алышпаса да, улут лидерлери катары кыргыз элинин келечеги үчүн татыктуу кызмат кылышкан жетекчилерден болушканы талашсыз.

А.Масалиев нукура коммунист, улуттук жана партиялык лидер, өмүрүнүн акырына чейин социализм принциптерин карманган чыгаан мамлекеттик ишмер катары калктын эсинде калды. Тилекке каршы, 1970-1980-жылдардан кийин мындай инсандар Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин негизинен жалаң кары-картаңдардан турган саясий бюросунда улам азайып, компартия кадыры менен коммунизм идеясы барган сайын баркын жоготуп, союздук республикалардын жетекчилеринин Москвага эл чарба тармактарынын өсүп-өнүгүп жатканы тууралуу жалган экономикалык көрсөткүчтөрдү берүүнү адатка айландырган көз боёмочулук саясаттарынын натыйжасында калктын социалдык абалы менен өлкө экономикасынын ортосунда пайда болгон көп жиктүү ажырым жогорку бийликтин башкарууга чамасы жетпей, ал эми жөнөкөй жарандардын бийликке баш ийүүгө каршы чыгууларына толук шарттар түзүлгөнүнө байланыштуу, коммунизмди курууга ниеттенген дүйнөдөгү эң күчтүү социалисттик өлкө – Советтик Социалисттик Республикалар Союзу М.Горбачевдун (СССРдин президенти) “кайра куруу” идеясынын коштоосунда акырындык менен ыдырап барып жоголууга дуушар болду.

Кыргызстанда да совет бийлигинен кутулууну көксөп турган жаңы кыймылдар мындай кырдаалды өз кызыкчылыктарына пайдаланууну ийгиликтүү ишке ашырууга жетише алышты. «Масалиев кетсин» деген чакырыкты көтөрүп чыгышкан «демократтардын» республиканын борборунда ачкачылык жарыялашы, алардын өлкөнүн түштүк аймагында орун алган улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүү аркылуу коммунисттердин бийлигин алсыздандыруу, мамлекеттик бийликти колго алуу аракеттери жемишин бербей койгон жок.

Союздук мамлекет ыдырагандан кийин бийлик сересинде калууга жан үрөп далбастабаган жетекчи да жалгыз гана А.Масалиев болду. Андан башка бир дагы мурдагы союздук республикалардын биринчи катчысы өз ыктыяры менен бийлигинен кол жуубады, тескерисинче, алар ар кандай жолдор менен башкаруу укуктарын узартып алууга жетишишти. А.Масалиевде бийликти колдон чыгарбоого толук мүмкүнчүлүктөр болуп турса да, өз кызыкчылыгы үчүн андай кадамга барбаганы анын бийик адамдык, атуулдук жана инсандык касиетинен, саясий маданиятынын жогорулугунан, мыйзам үстөмдүгүн туу туткан тазалыгынан жана даанышмандыгынан кабар берет.

А.Масалиевдин президенттик шайлоого таза жол менен ат салышууну тандап алганы да жалпы кыргыз элинин эсинде. Тилекке каршы, башка талапкерлер ал кишидей таза боло алышпады, алдамчылык, мансапкорлук эгемен Кыргызстандагы алгачкы эле президенттик шайлоонун жүрүшүндө «шайтан оюндардын» классикалык түрүн көргөздү. Чындык, калыстык үстөмдүгүн эки жүздүүлүк менен чайкоочулукка чыланган мыйзамсыздык жеңип кетти. Коммунисттик партия бийлигинен арылуу максатында Ош окуясынын тутануусуна көмөктөшүп, кыргыз-өзбек мамилесине от чачууга болгон аракеттерин жумшаган “эргулдар”, кийинки шайлоолордо да ошол эле өзбек улутундагы жарандардын артынан калбай чуркашып, лидерлерине байлык, бийлик сунушташып, алардын добуштарына ээ болуунун жаңы ыкмаларын таап чыгууга далбастап аракет кылып жатышты.

А.Масалиевди жакындан билген, аны менен студенттик кездеринен бери дайым чогуу жүргөн, бир тилекте, бир максатта эриш-аркак иштешип, жакшы-жаман күндөрдүн баарында бирге болгон, коомдук жана мамлекеттик ишмер Дүйшеев Орозбек аксакал 1990-жылы өткөн шайлоодо (президентти парламент шайлаган) А.Масалиевди өзүнүн эле партиялаштары «сатып кетишкенин», эсептөө комиссиясы атайын төрт добушту будамайлап аны президенттикке шайлануу укугунан ажыратканын, ошондон баштап кыргыз коомчулугу легитимсиз бийлик оорусунан кутула албай келатканын, ал эми 1995-жылдагы шайлоодо республиканын эли А.Масалиевге чоң ишеним көрсөтүп, алдын ала алынган маалыматтарга ылайык анын талапкерлигине Ош, Жалал-Абад облустарында – 90%дан жогору, Ысык-Көл, Нарын – 60%дан кем эмес, Бишкек шаары – 50%дан жогору добуш беришкенин, кийин такталган маалыматтар боюнча жалпы шайлоочулардын – 57%дан кем эмеси добуштарын ыйгарганы кашкайып көрүнүп турса да, жумалап шайлоо жыйынтыктары чыгарылбай, тирешүүнүн, бөлүнүүнүн акыры кан төгүүгө чейин алып баруусу мүмкүн экенин даана түшүнгөн А.Масалиев, «кандуу жол менен президент болгум келбейт» деген чечимин жалпы журтка жарыя кылып, алдамчылык менен бийликке келүүгө жандалбастаган талапкерге президенттик тактыны «белек» кылганын эскерет.

Эгемен Кыргызстандын биринчи президентин шайлоодогу мындай мыйзам бузууларга жол берүү – кийинки шайлоо өнөктөштүгүндө эки улут түгүл, эки айыл, эки көчө, эки коңшу, эки бир туугандын бөлүнүүсүнө алып келди. Биринчи президент А.Акаев эйфорияга берилип алганда жүз жолу кайталап айтуудан тажабаган «кыргыз демократиясынын» “туулбай жатып туна чөгүүсүнө” кенен жол ачылды жана одоно мыйзам бузуулардын адатка айлануусуна кеңири шарт түзүлдү. Ошондон улам, эгемендиктин баш айланткан алгачкы күндөрүндө эле өлкөдө өзүм билемдик, бийлик, байлык мансабы алдыңкы орунга чыга келди. Демократия принциптерин орнотуу, жайылтуу тууралуу бийлик органдарынын бийик трибуналарынан тынбай айтылганы менен, иш жүзүндө алар суу жетпей, тамыры кургап калган мөмөсүз дарактай түшүм бере алышпады...

А.Масалиевдин эч качан кызмат абалынан пайдаланбаган жетекчи болгонун аны менен бирге иштешкен замандаштары дайыма эскерип келишет. Анын Кыргызстан коммунисттик париясынын биринчи катчысынын кызматын аркалап турган кезинде, өзүнүн эсебинен жекшемби күндөрү эртең мененки каттам менен Фрунзеден – Ошко учуп келип, керектүү курулуш материалдарын сатып алып, Кадамжайга такси жалдап жетип, кечке чейин апасынын үйүнүн чатырын оңдоп же башка бир кол жетпей келген жумуштарды аткарып (анын ортосунда айыл аксакалдары менен чай үстүндө баарлашууга да үлгүрүп), анан кечинде кайра Оштон – Фрунзеге учуп келе бергенин эч ким билбей-туйбай калчу экен.

О.Дүйшеевтин айтымында, А.Масалиев Ысык-Көл облусун, андан кийин республиканы жетектеп турган убагында деле 50, 60 жылдык мааракелерин үй-бүлөөсү жана жакын достору менен жөнөкөй, жупуну эле белгилеп коюптур. Ал тургай, кичүү кызына куда түшүп, үйүнө коноктор келип жатса, Ошко иш сапарына жөнөп кетип, меймандарды кабыл алууну досунан өтүнгөн күндөр да болуптур.

Албетте, советтик-партиялык жетекчилердин бардыгы эле А.Масалиевдей ынсаптуу, таза инсандардан болушкан деп айтуу чындыкка коошпой калышы ыктымал. Анткени, райондук, облустук деңгээлдеги айрым партиялык аткаминерлердин мамлекеттик кызмат этикасына сыйбаган жоруктары эл арасында коммунисттердин ишмердиктери жаатында жагымсыз пикир жаратып келгени да маалым.

А.Масалиев республиканы жетектеп турган учурларда Кыргызстан жылына 3-4 миллион тоннадан ашуун көмүр казып алууга жетишип, «Орто Азия кочегары» аталган, киши башына киреше (ВВП) 3280 долларды түзүп, бул көрсөткүч ошол мезгилде Казак ССРинде 1700 доллар болсо, а бүгүнкү күндө, тескерисинче, Кыргызстанда ал миң доллардын тегерегине эптеп жакындаса, Казакстанда анын көлөмү 11 миң доллардан ашып олтурат.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, мамлекеттүүлүк жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча Комитеттин төрагасы катары А.Масалиевдин мамлекеттик кызматка өтө кылдат жана жооптуу мамилесине жыйындын жооптуу Аппарат кызматкерлери эчен ирет күбө болдук. Ар бир маалыматты, даярдалган материалдарды, документтерди, аларда көрсөтүлгөн цифраларды дыкат, зерикпей текшерип, тактамайынча курулай сөз кылууга өтчү эмес. Кызматкерлерден тактыкты, жумушка жоопкерчиликтүү мамилени, жыйындын кароосуна даярдалып жаткан маселеге олуттуу мамиле жасоону талап кылып, кесипкөйлүк сапатка өзгөчө көңүл бөлчү, тапшырманы аткарууга кайдыгер карабоого чакырчу. Жогорку Кенештин пленардык отурумдарында эл, мамлекет байлыгынын ченемсиз таланып-тонолууга учурап, чачылып, уурдалып жатканы жөнүндө канча жолу жан кейитер чындыкты чырылдап айтты, бирок, тилекке каршы, анын сөздөрүнөн тыянак чыгарууга бийлик төбөлдөрү аракеттенбеди.

А.Масалиев апасын акыркы сапарга узатып келгенден кийин Аппараттын бөлүм башчылары анын иш бөлмөсүнө барып көңүл жубатуубузду билдирген учурда, ал бизге ыраазычылыгын билдирип жатып, энени жоготуу канчалык оор экенин айтып жаш баладай көзүнө жаш алып олтурган эле. Өз кайгысын жүрөгү менен терең сезе алган адам гана башкалардын тагдырына, эл тагдырына кайдыгер карай албашы бышык эмеспи.

Жоробек Борбодоев,

саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-02-2024
Кыргызстандын жаны геосаясий кырдаал шарттарындагы дипломатиялык ишмердуулугу тууралуу
1026

12-01-2024
Кыргыз музыкалык маданиятындагы Рыспай Абдыкадыровдун феномени
2031

29-11-2023
Жаңылануу, тазалануу, коорупция менен күрөшүү жөнүндө
813

09-11-2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө
1821

29-07-2022
Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө
7237

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×