Добавить свою статью
12 Января 2024
Кыргыз музыкалык маданиятындагы Рыспай Абдыкадыровдун феномени

Кыргыз элинин улуу уулу,

белгилүү обончу-аткаруучу, кайталангыс

талант, педагог Рыспай Абдыкадыровдун

туулган күнүнө карата

Борбордук Азия өлкөлөрүнө эле эмес, жалпы Евразия чөлкөмүнө өзгөчө тарыхы, маданияты, дүйнө таанымы менен белгилүү кыргыз эли кайсы гана доордо болбосун нукура элдик таланттарга өтө бай болуп келген. Айрыкча, угармандын жандүйнөсүн ойготуп, сезимдерин уйгу-туйгуга салган терең философиялык ой жүгүртүүгө, эмоционалдык толгонууга дуушар кылган лирикалык чыгармалары менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алган акындар, төкмөлөр, ырчылар ар дайым жалпы элдин сүйүктүү инсандарынан болушкан. Күн нурусуз, абасыз, суусуз адам жашоосун элестете албаган сыяктуу эле, андай инсандарсыз элдик фольклордук, музыкалык чыгармалардын маани-маңызын жалпы элдин аң-сезимине жеткирүү, алардын көркөм табитин козгоо, калыптандыруу, өстүрүү мүмкүн эмес эле. Анткени, адамдардын оюнда, көңүлүндө эңсеп, самап турган назик сезимдердин учугун издеп таап, аны алардын жүрөгүнө жеткирүү үчүн жашоо-турмуштагы ар кыл көрүнүштөрдү жеткилктүү ачып көрсөтүү, чаалыкпаган чыгармачылык толгонуу, куюлушкан поэтикалык жагымдуу тексти жаратуу жана аларды жогорку чеберчиликте аткаруу талап кылынган жана мындай ыйык вазийпа муундан-муунга өткөрүлүп келе жатат.

XIX-XX кылымдардагы элибиздин мына ушундай залкар өнөр ээлери Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Боогачы, Калык, Барпы, Атай, Муса жана башка элдик акындар менен ырчылардын чыгармачылыктарынын таасиринде кыргыз элинин улуттук ыр өнөрүнүн көркөм-эстетикалык, психологиялык маңызын терең өздөштүрүүгө жетишкен жана обондуу ырларды жаратуу жаатында жеке өзүнө гана тиешелүү жаңы музыкалык стилди таап чыга алган новатор музыкант, кайталангыс чыгармалары менен кыргыз музыкалык искусствосунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон обончу, виртуоз аткаруучу жана педагог Рыспай Абдыкадыров кыргыз элине зор кызмат өтөп кеткен залкар таланттуу инсан катары жалпы журттун эсинде калды.

Анын обондорунун өзгөчө сезимталдуулугу, ыргактарынын улам албууттана өөрчүгөн деми, кеңири диапозону, жагымдуу музыкалык фактурасы, аккордеон менен коштоодогу вариацияларынын назиктиги, ийкемдүүлүгү, ошол эле учурда татаалдыгы, ар кылдуулугу, андан сырткары жогорку музыкалык деңгээлдеги аткаруучулугу, артисттик бийик чеберчилиги жеке өзүнө гана таандык касиет.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан тарта Р.Абдыкадыровдун ырлары бир канча муун өкүлдөрүн өзгөчө таасирлентип, угуучулардын, музыка күйөрмандарынын руханий жана музыкалык табиттерин байытууда чоң кызмат өтөөдө. Айрыкча, «Издейм сени», «Түгөйүм», «Алмашым», «Периштем», «Жолугарым билгемин», «Алтынчы күнү кечинде», «Кымбатым», «Биз экөөбүз», «Эсиңдеби», «Бото көз», «Сен тарап дайым агарат», «Жүрөктү кетпе жаралап», «Сендейди кайдан табамын», «Кечирчи» деген сыяктуу ондогон обондору бири-бирине аруу сезимдерин жеткирүүгө далалаттанган жаштардын жана жалпы эле обондуу ырларды сүйүүчүлөрдүн, музыка ышкыбоздорунун сүйүктүү ырларына айланган. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө чейин, сүйүү темасына арналган обондордун арасынан ырдын пири - Рыспайдын чыгармалары алдына эч кимди чыгара элек жана ал обондордун өмүрлөрүнүн дагы абдан узак экенинде шек жок. Себеби, алардын өзгөчө сезимталдуу эмоционалдык жана көркөмдүү кайрыктары махабат отуна чалдыккандардын ышкылуу гимни, жаш жүрөктөрдүн кош кагууларына күбө болуучу бактылуу мүнөттөрдүн себепчиси катары түбөлүккө жашай берет. Күчтүү эстетикалык, философиялык, психологиялык жагымдуу таасирлерге бай сүйүү темасы Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын негизги багыты экенин даана айгинелеп турат.

Маэстронун кыргыз музыкалык маданиятына кошкон дагы бир өзгөчө салымы – анын европа элдеринин музыкалык аспабы болгон аккордеондо чебер ойноого жетише алгандыгы жана аны жалпы кыргыз элинин сүйүктүү музыкалык аспабына айландырып, комуз, кыяк, чоордон кем эмес улуттук байлык даражасына көтөргөндүгү. Аккордеондун коштоосунда аткарылган обондордун республикада алда качан эле биринчи орунга чыгышы, бул багытта обончулардын, аткаруучулардын өзүнчө бир муундарынын пайда болушу, атап айтканда, Түгөлбай Казаков, Токон Эшбаев, Кудайберген Темиров, Асанкалый Керимбаев, Жолдошбек Мамажанов, Бабаравшан Тургунбаев, Маматибраим Бостонкулов, алардан кийинки муун өкүлдөрү, Р.Абдыкадыровдун окуучулары – Камчыбек Турсункулов, Хабибулла Азиреткулов, Ибрагим Жунусов, Кадыралы Артыков, Үсөн Оморов, Исирадин Аманбаев, Эркин Кайымов өңдүү бүгүнкү күндө республикада кеңири белгилүү ондогон таланттуу чыгармачыл инсандардын өсүп чыгуулары, алардын обон иштеп чыгууда аккордеонду негизги музыкалык аспап катары пайдалануулары да Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын таасири экенин жана аккордеондун кыргыз музыкалык маданиятынан талашсыз орун алгандыгын таасын көрсөтүп турат. Р.Абдыкадыровдун европа музыкалык маданият үлгүсүн кыргыз элине, ал эми кыргыз музыкасын башка элдерге жайылтуудагы жасаган баалуу эмгеги – анын мезгил талабын, илебин даана көрө билген өтө сезимтал, новатор чыгармачыл инсан экендигинин күбөсү.

Аккордеонго басым жасоо менен эле ал улуттук аспаптарды эстен чыгарып койгон эмес, тескерисинче, өз элинин чыныгы улуттук патриот уулу катары, комузга абдан астейдил мамиле жасоо менен чыгармачылыгында дайыма пайдаланып келген жана ата-бабаларыбыздын мындай керемет музыкалык аспапты бизге мураска калтырганына ыраазычылыгын ар дайым баса белгилеген. Комузда чебер ойноп, алгачкы обондорун анын коштоосунда алып чыккан жана аны кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын туу чокусу, чыгармачылыгынын башаты катары баалаган.

Р.Абдыкадыровдун музыка тармагындагы көп кырдуу чыгармачылыгынын дагы бир багыты – анын жогорку деңгээлдеги аткаруучулук, артисттик чеберчилиги. Көркөм-эстетикалык, музыкалык гармонияга, эмоцияга, орошон ой-сезимге абдан бай, “кулактан кирип, бойду алган” ажайып обондорун өзгөчө берилип, чыгарма менен ички дүйнөсүнүн жуурулуушуусун бүт тулку бою, жүзү менен сезип аткаруусу, обонду угармандын жүрөгүнө жеткирүүгө жасаган астейдил аракети экени анын ар бир ырдаган ырынан сезилип турат. Мындай ырды бир жолу эле уккан адам жагымдуу музыка сыйкырына арбалып, аларга жүрөгүнүн төрүнөн өмүр бою орун берүүгө даяр болору – музыкалык аткаруучулардын арасында сейрек кездешүүчү өнөр катары бааланат. Экинчиден, Р.Абдыкадыровдун жогорку аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн, обондорун ийине жеткире ырдаш үчүн жасаган талыкпаган аракетин, ар бир ырын жаш баладай аздектеп сүйүүсүн, анын өз эмгегине карата аяр мамилеси катары баалоо абзел.

Көптөгөн жылдар Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде аккордеон классынан сабак берүү менен Р.Абдыкадыров дасыккан педагог, окутуучу катары да өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алган. Андан сабак алып чыккан жүздөгөн студенттер болочок музыка мугалимине зарыл билимге ээ болушса, айрымдары түйшүктүү чыгармачылыкка, обончулукка баш коюшуп, таалимин алууга жетишишти жана анын обон өнөрү мектебинин улантуучулары болуп калышты.

Жаштардын дүйнө таанымын, алардын айлана-чөйрөгө, жаратылышка, эл-жерге, мекенге, ата-энеге болгон сүйүүсүн калыптандырууда, күчөтүүдө жана руханий, маданий көрөңгөлөрүн өстүрүүдө музыканын таасири абдан күчтүү экенин даана сезе билүү менен, аны студенттеринин билим куржунуна жык толтуруп берүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенди. Андыктан, Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгын таануу, билүү, анын өнөр казынасынын көп кырдуулугун, кыргыз музыкалык маданиятына, билим берүү системасына кошкон зор салымын ар тараптуу изилдөө кыргыз музыка изилдөөчөлөрү, окумуштуулар, искусство таануучулар тарабынан келечекте аткарыла турган иштерден болууга тийиш.

Кыргыз обондуу ырларынын тарыхында өзгөчө орду бар, феноменалдуу талант Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгын кеңири ачып көрсөтүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги максаттуу иш-чараларды көрүү – мезгил талабы. Жок дегенде ар эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү, ар түрдүү секциялардан турган атайын республикалык конкурсту уюштуруу, жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктарды ыйгаруу, обончунун чыгармаларынын жыйнагын басып чыгаруу, чыгармаларын эл аспаптар, симфониялык, эстрадалык оркестрлер жана хордук коллективдердин аткаруусунда иштеп чыгуу, аларды аранжировкалоону, заманбап талаптарга ылайык ырларынын музыкалык компакт-дисктерин басып чыгарууну, таркатууну, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү үчүн илимий багытта изилдөө иштерин алып барууну, бул максаттарга жумшалуучу финансылык каражат менен камсыз кылууну колго алуу, өз убагында расмий бийлик тарабынан кадыр күтпөсө да, атпай кыргыз журтунун сүйүктүү уулуна айланган, өлбөс-өчпөс обондору менен элине түбөлүк мурас калтырган, кыргыз музыкалык маданиятында өзгөчө, кайталангыс орду бар Р.Абдыкадыровдун ырларында, обондорунда калган экинчи өмүрүн татыктуу улантууга багытталган иш-чаралардан болор эле.

Жоробек Борбодоев, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-02-2024
Кыргызстандын жаны геосаясий кырдаал шарттарындагы дипломатиялык ишмердуулугу тууралуу
980

29-11-2023
Жаңылануу, тазалануу, коорупция менен күрөшүү жөнүндө
792

09-11-2023
А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата
2047

09-11-2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө
1807

29-07-2022
Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө
7130

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×