Добавить свою статью
28 Января 2025
Балдар — биздин келечегибиз!

Жаңы жылдын алдында Минкаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жетекчилигинде, президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, биз кесипкөйлөр көптөн күткөн, элибиздин келечегине, ден-соолугуна кам көргөн — пренаталдык скрининг долбоорун өлкөбүзгө киргизүү туралуу талкуу болду

Жыйында долбоорду өздөштүрүу, аткаруунун механизмдери, каржылануусу ж.б масалелер каралды. Кылымдарды карыткан «Биринчи байлык ден -соолук, экинчи байлык-ак жоолук» деген улуу сөздүн мааниси эч качан жоголбойт да, тескерисинче ар бир адам, үй бүлө, мамлекет бул акылдуу айтылган 7 сөздү өзүнүн ыйык милдети, закону катары карап, ар дайым аткарышы керек! Чынында бул сөздөр жөнөкөй, күнүгө айтылып жүргөнү үчүн көп учурларда көпчүлүгүбүзга толук маани бербей да келебиз! Мындай учурда казак элинин улуу ойчул акыны Абай Кунанбаевдын ырынын эки сабы эске келет «… Тоолорду күндө көрүп жүргөн үчүн, алардын бийиктиги байкалбайды…», ошол сынары ден-соолугубуз бар кезде, ак жоолукчан апабыз, келинчегибиз, келин кыздарыбыз жаныбызда жүргөндө, бул бактыбызды байкабайт экенбиз, баа бербейбиз! Эне …медицинанын тили менен айтканда — бул ар бир элдин өзгөчөлүгүн — геннетикалык маалыматын сактап келген баа жеткис «сандык», өзөгү. Азыр үй-булө балалуу болоор алдында абдан чоң кабатырда болуп, наристебиз кандай ден соолукта төрөлөт деген суроо өтө тынчсыздандырат. Анткени жылдан жылга жаңы төрөлгөн наристелердин арасында тубаса, тукум кууган хромосомдук оорулар көбөйүп, анын кесепетинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны коркунучтуу деңгээлде өсүүдө. Өлкөбүздө жылына орточо 150000 наристе төрөлсө анын ичинен 4,1% тубаса оорулар менен төрөлөт (мисалы 6004 бала 2022жылы) бул абдан чоң коркунучтуу көргөзгүч, андан башка дагы бул сандын жылдан жылга, биздин арекетибизге карабай өсүшү! Ымыркайлардын өлүмүнүн 50%тен ашыгы да ушундай оорулардын кесепетинен. Тубаса ооруларды дарылоого, ага социальдык жактан колдоого кеткен каражат ж.б. иштер канча? Ал дагы жылдан жылга түйшүктүү болуп өсүүдө. Үй-бүлө сүйкүмдүү, татынакай баланын төрөлүшүн күтүп жатканда, наристенин тубаса оору менен төрөлүшү бул өтө чоң, эбегейсиз трагедия! Эмне кылышыбыз керек? Медицина илими мунун алдын алуунун жолдорун көп жылдар мурун эле ойлоп тапкан, көп өлкөлөр өздөрүнүн элинин ден-соолугун, генофондун сакташ үчүн колдонуп келишет! Алдын ала айтып коеюн — жыйынтыгы эң жакшы! Бул метод пренаталдык скрининг! Биз эмнеге азыркыга чейин бул далилденген, өтө керектүү ыкманы колдонбой келебиз? Кедергини кескен баягы эле — каражаттын жетишсиздиги. Эми кыскача кээ бир нерселерди элге айтып койбосом болбойт деп чечтим! Мен ЭжБКУБ иштеп турганымда, бул методиканы, неонаталдык скринингти биздин системага киргизгенге абдан аракет кылдым, көп жылдардан кийин 2018-жылы Жогорку Кеңеш биздин борборго 18 млн сом бөлүп берип, неонаталдык скринингти киргиздик! Ага да чоң рахмат! Бул эмне деген метод? Биздин өлкө йод микроэлементи жетишпеген — эндомикалык зонада жайгашкан. Ал жетишсиздикти толуктоонун жолу чечилген, көп жылдар бою ийгиликтуу колдонуп келебиз, бул йодтоштурулган тузду тамак-ашта колдонуу! Бирок ага карабай болжол менен 0,1% ( 120-150 ымыркай) наристе белгисиз же белгилүү себептер менен тубаса гипотериоз оорусу менен төрөлөт, эгерде наристени неонаталдык скрининг ыкмасы аркылуу төрөлгөндө текшерип, бир айдын ичинде диагнозун тактап, даарылоону баштасак наристе толугу менен айыгып кетет! Даарылабай калса ал наристе өмүр бою мүмкүнчүлүгү чектелген тубаса оорукчан — шал жана аң-сезими начар өнүккөн адам болуп калат. Кийин айыктырыш мүмкүн эмес, кеч!

Бүгүн бул метод кээ бир кыйынчылыктар менен болсо да иштеп жатат, андан кийин адиоскрининг методун киргиздик (тубаса кулагы укпаганды), бирок бул методика менен тилеке каршы бүт өлкөдөгү төрөлгөн балдарды текшерүүнү камтый элекбиз, кезекте өтө керектүү офтольмалогиялык скринингти (тубаса көзү көрбөгөн же начар көргөн) киргизүү турат! Бул ыкмалар өлкөдө балдардын ден-соолугу, келечегибиз үчүн сөзсүз  керек! Ал эми перинаталдык скрининг аркылуу кош бойлуу болочок эненин ичиндеги ымыркайдын — кош бойлуулуктун 11-15 жумасында эле, наристенин ден соолугу тууралуу так маалымат алсак болот. Ымыркайдын кээ бир өтө оор, даарылоо да жыйынтыгын бербеген же жашоого мүмкүн болбогон тубаса, тукум кууган хромосомдук оорулары бар болсо, аны алдын ала тактап, болочок эне- атасына түшүндүрүп, медициналык комиссиянын жыйынтыгы менен, эрте эле боюнан алып кою менен, үй-бүлөнү чоң трагедиядан сактап калууга болот!

Ал эми ымыркайда, айыктырууга мүмкүн болгон тубаса оорусу бар болсо, энеге эртерээк психологиялык жардам көргөзүп, түшүндүрүп,наристе төрөлгөнгө чейин төрөттү  кайсыл медициналык мекемеде кабыл алуу, кандай жардам көргөзүүнү алдын ала пландаштырып,өз убагында даарылап айыктырып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө перинаталдык скрининг ыкмасы ийгиликтүү иштеп жатат. Бизде да бул диагностук метод, дүйнөлүк ченем талабындай, толугу менен (жарым жартылай эмес) ишке киргизилсе сөзсүз жакшы жыйынтык берет! Бул эбегейсиз чоң келечектүү маанилүү иш! Азыркы заманбап медицинанын жетишкендиктери, көп деген наристелердин тубаса ооруларын өз убагында, кечиктиргис даарылап, айыктырып коюга мүмкүнчүлүгү бар!

Бул үй-бүлө үчүн чоң бакыт, элдин жалпы ден-соолугу жана мамлекетибиздин келечеги үчүн да жазалган эбегейсиз маанилүү кадам, жетишкендик болот! Балдар доктуру катары президентибиз — С.Н.Жапаровко жана анын командасына алдын ала чоң ыраазычылык билдирүү менен мындай иш-чараны толук өлкөбүздө тезирээк киргизилсе деп өтүнөт элем! Балдарыбыз ден-соолукта болсун!

Профессор Узакбаев К.А.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-12-2024
Берегите детей
35461

30-10-2024
Тубаса  укпай төрөлгөн наристелер жөнүндө
2299

12-03-2024
Первый опыт трансплантации почки в КР
3332

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×