Добавить свою статью
9 Апреля 2025
Арыба, актриса!

Кыргызстандын эл артисти Гүлайым Каниметова касиеттүү сахналарда жаратып келеткан белгилүү бейнелерди көрүп-билбеген театр күйөрманы чандадыр. Ал баарыбызга бирде Каракөз сулуу болуп, бирде Жаңыл Мырза болуп таанылып, кээде Шекспирдин Гертрудасын, кээде Горькийдин Настясын, а кай бирде Брехтин Өлөрман энесин элестетип жүрдү. Айтматов жазган Асел, Сейде, Толгонайдын жазмышы дагы анын сезимтал жүрөгү аркылуу чыпкаланып өтүп, калайык калкыбызга жетти. Курманжан датка чоң апабыздын борбор калаабыздагы эстелигинин авторлорун, айтмакчы, Гүлайым эже оболу Улуттук театрда түзгөн береги айтылуу инсандын толук кандуу образы айрыкча шыктандырып, толкундаткан шекилдүү.

Мен да ушу азыр, Гүлайым Каниметованын мааракесинин жуп босогосунда ага алгач ирет кездешкен учурумду эстедим. Кездешкенде эмне, тикелей саламдашып кездешти дейсиңерби, жо-ок, сахнадан бактым. 1972-жылы Москвадагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун кыргыз бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнөн куралган Ош облустук драма театрынын жамааты Жалал-Абад шаарындагы маданият үйүнө убактылуу жайгашып калды. Биринчи сезонун Аалы Токомбаевдин “Таң алдындасы” аркылуу ачты окшойт, андан соң мурда-кийин даярдалган спектаклдерин коомчулука байма-бай тартуулай баштады.

Ошондо “жолуктум” эжеге. Келишимдүү келбети, ажарлуу жүзү кенен-чонон сахнага куп жарашып, сүйлөгөндө кеби так, ширелүү, үнү жагымдуу, баскан-турган кыймылы орундуу бир башкача жан экен!?

1973-жылы театрдын бир жылдыгы Жалал-Абадагы жанагы маданият үйүндө расмий түрдө белгиленди. Салтанаттуу иш-чарада партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы Султан Ибраимов, Кыргыз ССРнын маданият министри Күлүйпа Кондучалова куттуктоо сөз айтышты, Жолон Мамытов арноо ырын окуду. Баса, алиги аземге, жергиликтүү педагогикалык окуу жайынын бирин-экин “чымындуу” окуучусу дал ошол акын агабыз берген чакыруу белети менен киргенбиз.

Тагдырды кара, бягыда мага эженин курсташтарына аралаш-куралаш эмгектенүү мүмкүнчүлүгү насип этпедиби. 2012-жылы агездеги жетекчибиз Марат Алышпаев “Ош театрынын 40 жылдыгына барабыз, сегиз каарман катышкан драма керек” деди. Анткени анда Токтоболот Абдумомунов атындагы КУАДТда “москвалык” төрт актёр жана төрт актриса бар эле.

Арада “Ажыраш аяк” аттуу пьеса-аңгеме бүтүрдүм. Менин каармандарымдын ролун Гүлайым Каниметова, Дүйшөн Байтөбөтов өңдүү мыкты таланттар аткарат деп кыял сүрүп, бат иштедим. Некин, каржынын тартыштыгынанбы, аткаруучу-коюучу адистердин убактысынын тардыгынанбы же тек чыгынбастыктанбы, айтор, тилегим жүзөгө ашпады. “Ажыраш аяк” эсе алты-жети жылды карытып, акырында Чүй театрында сахналаштырылды белем...

Гүлайым эже, биз, улуу-кичүү кесиптештериңиз сизди дагы көп жолу ыйык сахнадан көрүп, кыдыр даарыган өнөрүңүзгө кайра-кайра суктангыбыз келет. Андыктан ар качандан бир качан арабыздагы амандыгыңызды тилейбиз, көз кайкыган далай-далай чыгармачылык дабандардан ноюбай ашууңузду чын дилибизден каалайбыз!

Абибилла Пазылов

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

14-01-2025
Я перевожу свои мысли

04-10-2024
Кекилик учар. Кебелбес чындык

16-09-2024
Слова, ставшие слоганом

04-04-2024
Когда журналист не меняет профессию

08-01-2024
Меня многое связывает с вами

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля

10-05-2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!

24-01-2023
Нас украшают скромные награды

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×