Добавить свою статью
31 Марта 2022
«Манас» эпосу – Кыргыз улуттук философиясынын жана идеологиясынын башаты

Философия миңдеген жылдар мурдагы мифологиялык салттардын жана тарыхтын түпкүрүнөн толкуп чыккан акыл – эс дөөлөтү. Кыргыз эли, байыркы көптөгөн элдер сыяктуу эле ушул карт тарыхтын баардык баскычтарын – алгачкы общиналык коомдук түзүлүштөн баштап, азыркы заманга чейин басып өткөн. Ошол тарыхый тепкичтердин ичинен кыргыз элинин тагдырында айрыкча ролду кул ээлөчүлүк коомдук түзүлүш ойногонун, белгилүү залкар тарыхчы Лев Николаевич Гумилев баса көрсөтүп жазган. Анткени, кулчулук доорду башынан өткөрбөгөн Азиядагы, Африкадагы, Латын Америкасындагы, ондогон уруулар жана элдер алдыда келе жаткан феодалдык доордун сыноолоруна чыдабай жок болушкан же эволюциянын алгачкы босогосун аттап өтө албай, жалпы адамзат цивилизациясынын сыртында калышкан. 

Ушуга байланыштуу Ф.Энгельс, Грек жана Рим тарыхына байланыштуу мындай деген: «Кулчулук болбосо, грек мамлекети, гректин искусствосу жана илими болмок эмес. Ал тургай Рим империясы да болмок эмес. Греция жана Рим негиздеген кулчулуктун пайдубалы болбосо, азыркы Европа да болмок эмес». (Ф. Энгельс. Анти-дюринг. Соч. Т.20, с.185-187). Тарыхтын ушул нукта кеткен себеби, кул ээлөөчүлүк доордо гана алгачкы протомамлекеттер, өнөр жайы, коомдук таптар, искусство жана эпос пайда болгон. «Гомердин доору» деген мезгил (XVII б.э.ч. III б.э) ошол кездерде гүлдөгөн.

Азыркы дүйнөлүк саясый – философиялык илимдин пайдубал концепциясына айланган «манкуртчулукту» Чынгыз Айтматов «Манас» эпосунан алган. Кулчулуктун бул шумдуктуу формасы адамдын эс-тутумун, акыл парасатын орду-түбү менен жок кылгандыгы менен жүрөктү түшүрөт эмеспи. Мисалы, Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манаста» «Касиет менен Калка/Отуз миң үйлүү эл менен/Калмака барып кул болду/ Эки калмак аларды/ энчи кылып ээ болду. Калмактардын энчисине бүт мал-мүлкү, аялы, кыздары эле айланбастан, өздөрүнүн энчилүү аттары, да менчиктелди. Касиет – Албан аталып, Калка – Кыяз болду (Жусуп Мамай. Манас I. 7 бет). 

Манас баатырдын өлбөс –өчпөс вазыйпасы – элин ушундай кулчулуктан куткаруу экендиги анын төмөнкү антында кашкайып көрүнүп турат. 

Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди

Душмандын буту баскыча

Асыл кыргыз элимди.

Тебелетип койгуча.

Кор кылып карап жаткыча

Төрөлбөй туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн.

Аткарбасам антымды

Төшү түктүү жер урсун!

Төбөсү бийик көк урсун!

Көкө Теңир өзү урсун!

Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романында адамды манкуртка айлантуунун жырткычтык технологиясы жана максаты көрсөтүлгөн. Эң байыркы доордо жаңы эле жырткычтыктан ажыраган адам (Homo sapiens) жырткычтык каражаттарды пайдаланганы таң калтырбайт.

Таң калтырмак тургай, төбө чачыңды тик тургузган кулдандыруу саясаты жана идеологиялары кийин пайда болуп, ушул күнгө чейин жашап келет. Тарыхка бир аз көз чаптыралы. Алгачкы общиналык коомдук түзүлүш кулагандан кийин кул ээлөчүлөр пайда болду. Алар аз гана санда болуп, калган миңдеген кулдар болгон. Себеби, өндүрүш, оокат кылуу кол эмгегине гана байланышкан. Андан кийин феодалдар деле кул эмгегинен пайдаланган, бирок айрым бир мал-мүлктүн бөлүгүн кулдар менен бөлүшүгө аргасыз болгон, себеби кулдар да тамактанышы керек да. Капиталист деле, мурдакы кул, азыркы жалданма жумушчуга минимум эмгек акы төлөбөсө болбойт эле. Антпесе, дагы бир Спартак Римдегидей көңтөрүш жасамак. Кыскасы, кайсы коомдук түзүлүштү албайлы, алардын башкаруучу элиталарына, аларга кызмат кылган, бага турган кызматчылар керек болгон. 

Мурдагы жана азыр да үстөмдүк кылып жаткан дүйнөлүк үлкөн идеологиялар, мисалы, либерализм, фашизм, этноцентризм, коомдогу таптык эзүү эле эмес, бүтүндөй бир улуттарды, мамлекеттерди жана континенттерди кулдандырып келбедиби. Натыйжада, адамзаттын миллиарддаган бөлүгүн кылымдар бою колониализмдин кара туманы басып турду. Нацизм, фашизм идеологияларынын курмандыгына миллиондогон адамдар чалынды, ондогон өлкөлөр, шаарлар, мамлекеттер тып-тыйпыл кыйрады. 

Кечээ эле, биз аздектеп, барктап урунуп келген интернационализм идеологиясы деле улуттук салттарга, маданиятка каршы идеология эмес беле. Бирок, тарыхтын тамашасын карасаң, ушул эле идеологияны колдонуп, Ленин мурда эзилип келген биз өңдүү майда улуттарга улуттук – мамлекеттик суверенитет бербеди беле. 

«Манас» эпосунун уңгу идеясы-улуттук эркиндик үчүн жан аябай күрөшүү. Бул күрөш тышкы баскынчыларрга каршы эле күрөш эмес, баарыдан мурда, руханий эркиндик, улутуна татыктуу, маданияттуу эр-азамат болуу эркиндиги үчүн күрөш. 

«Манас» эпосуна жана жалпы улуттук маданиятыбыздын нарк-дөлөттөрүнө, асыл баалуулуктарына негизделген улуттук философияны жана идеологияны системдик өнүктүрүүгө убакыт жетти. Алардын негизин ошол эле улуу Ленин небак айтып кеткен «защитный национализм» (коргонуу улутчулдугу) түзүшү шарт. Так ушундай улутчулдукту (улутмандыкты) – конструктивдүү улуттук идеология катары тилибизди, маданиятыбызды, дилибизди, экономикабызды коргоо жана өнүктүрүү үчүн иштиктүү, билгичтик менен пайдаланышыбыз зарыл. Сөздүн ушул маанисинде, биздин улутчулдугубуз, улуттук идеябыз «Американын керемет кыялы» же «Улуу Франция» идеяларынан эч кем эмес. Америкалык окумуштуу Э.Гельнер жазгандай: «конструктивдүү улутчулдук тамырын жайган жерде башка бир дагы идеология шоона эшпейт». Улутчулдуктун ушул жемиштүү жолу аркылуу гана жалпы граждандык патриотизмге жетишебиз, ашынган, улутчулдукка жол бербейбиз. Кыргызстан жашап турганда, мамлекеттик түзүлүштүн уңгусу – кыргыз эли. Ошондуктан, анын ыйык вазийпасы – чогуу жашап жаткан орустарды, өзбектерди, казахтарды жана башкаларды бир үй-бүлөдөй бириктирүү. Кара күч менен эмес – тилиң менен, маданиятың менен, адамкерчилигиң менен. Башка бир улуттан өзүн жогору коюу, кемсинтүү-кыргызга жат, эч бир жукпаган сапат. Ошондуктан, жалпы улуттук иденттүүлүлүктүн калыптанышы кыргыздардын улуттук идеясына төп келет. 

Биз азыр, каалайбызбы, каалабайбызбы, 30 жыл бою үстөмдүк кылган либералдык глобализм идеологиясынын таасири астында жашап жатабыз. Бул идеологиянын эң башкы талабы улуттук мамлекеттер акырындап жок болушу тийиш, адамзатты бир гана гегемон АКШ баштаган коллективдүү «Батыш» мамлекеттери башкаруусу тийиш. Экинчи талабы – «ачык коомдорду» түзүү зарылдыгы. «Ачык коомдо» улуттук салттуу эрежелер, тарых жана ата-баба салттары, «Ата Мекен», «патриотизм» дегендер түп-тамырынан жолюлушу керек. 

«Эгерде либерализм Америкага качандыр бир келсе, ал фашизм түрүндө келет» деген экен АКШнын экс-президенти Р.Рейган. Анын пайгамбарлыгы биздин көз алдыбызда жүрөктүн үшүн алып, Батышта ишке ашып жатат. Өңгөсүн айтпасак да, классикалык расизм бул өлкөлөргө кайрылып келди, бирок, тескерисинче, эми «каралар» «актарды» басмырлап, кордоп жатат.

Карагылачы, ушундай идеологиянын натыйжасында, азыр Батышта кандай гана трагикомедиялар жүрүп жатат. Христиан динине жана Европа элдеринин тарыхына агрессивдүү чабуул коюлуп, «үй-бүлө» «ата», «эне» деген ыйык баалуулуктар талкаланды. Жыныстардын айырмачылыгынан баш тартып, эркек эркекке үйлөнүүдө, аял эркекке айланууда. Кечээ эле Франциянын президентинин аялын ушул темага байланыштуу кордошту. Кыскасы, Батыштын элин манкуртташтыруу апогейине жетти. Батыштан соккон ушу кара шамаалдын эпкини 30 жылдан бери элибиздин нарк-насилине, руханий табитине, жүрүш-турушуна өтө чоң терс таасирин тийгизип жатат. 

XX кылымдын аягында фашизм, коммунизм жана либерализмдин кармашы либералдык демократиянын, адам укугу жана эркиндиги деген идеянын толук жеңиши менен аяктагандай сезилүүчү. Бирок, тарыхтын кара мүртөздүгүн карасаң, фашизм жана коммунизмдин тагдыры эми либерализмдин башына келип, бедели кетип олтурат. Эми кайда барабыз деп адамзаттын башы маң. Мындай түңгуюк кырдаалды ого бетер курчуткан факторлор азыркы информациялык жана биотехнологиялык технологиялардагы революциялык төңкөрүштөр болуп жатат. Жасалма интеллект жакынкы эле жылдарда миллиондогон адамдарды ишсиз калтырып, эркиндикке жана теңдикке өлчүдөй сокку урганы турат. Санарип диктатурасы саналуу гана адамдардын колуна толук бийликти берип, миллиардаган адамдар таптык эзүүдөн жапа чекпей эле, эч жерге керексиздигинен жапа чегет. 

«Манастын» философиясы – эркиндиктин жана теңдиктин философиясы, эгалитаризмдин философиясы. Мисалы, Манас өзү хан болгон, бирок хан тактыда отурган эмес, башкы командачы катары өзүнүн чоролору менен бир катарда кан майданда салгылашкан. Албетте, абсолютту теңдик деген жок, беш кол тең эмес, бирок, ар бир инсанга жашоо жана иштөө үчүн бирдей шарт түзүп берүү – улуу максат.

Өткөн 30 жыл ичинде бизде болуп өткөн, азыр Казахстанда, Украинада жүрүп жаткан окуялар таасын көрсөттү – эч кандай демократияны, же идеологияны түздөн түз көчүрүп албаш керек экен. Алардын пайдалуу, жакшы жактарын гана алып, элибиздин, коомубуздун улуттук өзгөчөлөгүнө жараша колдонгонду үйүрөнгөнүбүз зарыл. Кытайдагы Мамбеттурду деген бир кыргыз жигиттин төмөнкү саптарын окуйун, баарыбызды ойлондура турган ыр экен: 

«Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк, биз

Ааламга ак калпакчан көрүндүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.

Калыгул олуя атабыз: «Кыргыз сөгүлсө сөгүлөөр, сүзүлсө сүзүлөөр, бирок үзүлбөйт» деп айткан экен. Ылайым үзүлбөйлү, дүркүрөп өнүгөлү!

Жумагул Сааданбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
825

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4882

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2391

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1552

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9373

13-10-2023
Демократия или Свобода?
2038

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
1012

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1245

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2915

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
3053

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×