Добавить свою статью
13 Апреля 2020
Улуу Ата мекендик согуш жана таажы тумоосу: салыштыруулар

Ата мекендик согуш жана тажы тумоосу:

салыштыруулар

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуш менен азыркы КОВИД-19 таажы тумоосунун алааматтарын салыштырып көрдүм.

Согушта: Эл күн сайын радиодон Юрий Левитандын үнүн укканга ашыгып туруучу экен, ал бир күндө душман канча жерибизге кирип келди, Советтик Армия канча шаар, канча айыл бошотту, душмандын канча курал-жарагы жок кылынды, канча аскери кырылды, согуш кайсы жерде жүрүп жатат деген маалыматтарды берген экен.

Азыр: Эл саламаттык сактоо министри менен анын орун басарынын ТВдан чыгаарын эле күтүп калды, алар бир күндө канча адамдан таажы тумоосу аныкталды, алар кайсы аймактан, канча оорулуу реанимацияга киргизилди, канча адам тумоодон кайтыш болду, канча медицина кызматкери тумоо жуктуруп алды, канча адам тумоодон арылып айыгып чыкты, кайдан, канча гуманитардык жардам келди, алар кай жакка жөнөтүлдү деген суроолордун тегерегинде айтып беришет.

Согушта: “Бардыгы-фронт үчүн, бардыгы-жеңиш үчүн” деген ураан менен бардык күч ушуларга бурулган экен. Фронтто аскерлер ачка-тогуна, ысык-суугуна, жылаңач-бүт кийимине карабай чабуулга өтүп турушкан. Тыл болсо күн-түн дебей иштеп, ар бир тоголок данды, ар бир байпакты, колунда эмнеси болсо өзүнө бир аз алып калып, калганын фронтко жөнөтүшкөн экен.

Азыр: “Баарыбыз бирдикте тумоону жеңели” деген ураанды бийлик менен эл чогуу көтөрүп жатат. Медицина кызматкерлери тумоо менен ооругандар менен бетме-бет аралашып, дарылап жатышат, анализдерин текшерип жатышат, үй карантининдегилерди кыдырып жатышат, милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери посттордо турушат тикесинен. Азык-түлүк чыгарган ишканалар иштеп жатат, калгандары токтогон. Миллиардерлер 1 миллион сом берип коюшуп тыптынч жатышат, алардан байлыгы аздары жүз миң сомдук жардам беришти, жылаңач баатырлар да чыгууда колунда барларын беришкен. Көрдүңүзбү, чириген байлар байлыгын элине чачкан жок, шаарда болобу, айылда болобу, үйлөрүнөн чыкпай жаткан учурлары. 1000 кою барлар тартыштар шорпо ичип турсун деп 10 кой союп берсе болот беле? Болмок! Миллиардерлер азыр эт түгүл, нанга зар болуп турган бей-бечараларга 20-30 миң сомдон даректүү таратып берсе болот беле? Болмок! Өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз окурман, бардыгыбыз тумоону жеңүүгө иштеп жатабызбы?!...

Согушта: Тактикалык жана практикалык туура эмес чечим кабыл алгандар жана Ставканын буйругун аткарбагандар дароо атууга чейин катуу жазаланган.

Азыр: Өлкө жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткарышпай, чукул кырдаалдын шарттарын сакташпай, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин толук аткарышпай, болгону 10 миң анализди муздаткычка сактап коюп, тумоого кабылгандарды толук текшербей туруп үйлөрүнө чыгарып жиберишкен жана анын кесепетинен тумоо кеңири тарап кеткендигине жол беришкен республикалык штаб жетекчиси, вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри өз каалоолору менен кызматтарынан кетишти. Мына, сага жаза!

Согушта: Согуш абалында ары-бери жүрүү тыкыс көзөмөлгө алынган экен, комендаттык саатта катуу тартип киргизилген, ал тартипти бузгандар атууга тартылган.

Азыр: Чукул абалда чыкпагыла десе да көчөдө жайнаган эл, жалган пропуск көрсөткөндөр көп, комендаттык саатта эч себепсиз басып жүргөндөр толтура. Кайра бийлик өкүлдөрүнө кол көтөргөндөр бар. Болгону милиция бөлүмүнө алып барып, отургузуп коймой. Жаза болсо акыркы күндөрү киргизилди: 3000 сом.

Согушта: Согуш бүткөн күн – 9-май Жеңиш күнү деп белгиленген, мына быйыл 75 жылдыгын белгилеген турабыз.

Азыр: Өлкөдө таажы тумоосу таптакыр жок болгон күндү Аманчылык күнү деп белгилейли. Ал күнү тумоо менен бетме-бет күрөшкөндөрдүн эмгегин эстейли, аларга урмат, бири-бирибизге сый көрсөтөлү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-11-2023
Эсеналы Дайракунов
2468

26-06-2023
Оодарыштын опол тоосу, же эр эңиштин эл аралык класстагы чебери
866

29-12-2022
Ардак наам кут болсун
1620

09-08-2021
Көңүл айтуу
2771

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×