Добавить свою статью
13 Февраля 2023
Заманбап жаӊы этикалык эрежелер жана идеологиялык насаат

1. Комментарийсиз – 19 сунуш.

2. Этикалык насаат – 18 сунуш.

3. Идеологиялык насаат – 39 сунуш.

КОММЕНТАРИЙСИЗ

Мамлекет, коомдун турмушун уюштуруп калыпка салып туруш үчүн ойлонуп табылып Жаралган соң мамлекет сапаттын символу болууга тийиш. Жеке ишканалар өздөрүнүн сапаты менен мамлекеттик мекеме-ишканалардан жогору турганы мамлекет үчүн маскара көрүнүш.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Мамлекетте педагогикалык илим артыкчылыктуу болсо Мугалим – коомдун коррупцияланбаган чынчыл мүчөсүн калыптандыруучу, ошого тең экономиканын коррупцияланбаган чынчыл ишмерин калыптандыруучу катары гүлдөгөн экономиканын Суу башы боло алат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сөзүндөгү, иш-аракетиндеги жана жүрүм-турумундагы чынчылдык – туура мамлекеттик башкаруунун, демек коомдун жашоосун комфорттуу түзүүнүн жана бүтүндөй цивилизациянын өнүгүшүнүн зарыл фактору.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Трайбализм, маңызында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн саясий, социалдык-экономикалык жактан талкалаган, элдин руханий соолугун бузган ачыктан ачык эле антиконституциялык фактор жана келечек муунубузга каршы коюлган кечирилгис оор тукум курут (геноцид).

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сөз эркиндиги керек. Бирок аны жоопкерчиликсиз калп жана ушак сөз эркиндигине трансформациялоо коомдун адеп-ахлак (нравалык) трагедиясына, бардык коомдук кырсыктардын катализаторуна алып келет.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Саясатчы – бул жабык салгылашууда жеңип, ачык салгылашууда жеңиле турган жоокер сыяктуу.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Мамлекеттик ишмер тарыхта алтын из калтырып өзүнүн доорунан кийинки муундарга чечилбей калган маселе калтырбайт, кийинки муундар тарабынан мамлекеттик ишмерге доомат коюлбайт. Мамлекеттик ишмер өзүнүн улутунун жолкөрсөтмө жарык жылдызы болуп жанат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Адам өзүнүн ыйманы менен илим жана техниканын жетишкендиктерине карама-каршы келет. Адам илимдин жетишкендиктерин колдонуп, адамдын коопсуздугуна, анын ичинде адамдын моралдык-нравалык кол тийбестигине каршы чыгышы мүмкүн – робот курууда, жасалма интеллект жаратууда, гендик инженерияда, өзөктүк (ядролук) куралданууда жана илимдин башка тармактарында.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сапаттуу мыйзам долбоору катардагы кызматкерлердин гана колунда. Себеби кадыр-барктуу юристтер чет-жакадагы көйгөйлөрдү көрбөй калышы мүмкүн, себеби алар, иш бөлмөлөрүндө отурары ыктымалдуу жана алар чыгарган мыйзамдарда перифериялык ориентация жок болушу мүмкүн, ал эми катардагы жарандын көз көрүүсү кененирээк жана мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканда курсагы ток, кийими бүтүн кабинеттик юрист көрө албаган факторлорду эске алаар эле.

Юристтерге, эксперттерге жана профессорлорго жөнөкөй адамдардын ичинен чыккан депутаттар зарыл болгондо консультация бериши керек, анткени жөнөкөй адамдар турмуштун көйгөйлөрүн көбүрөөк көрүп билишет.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Эгерде өлкөдө бардык нерседе туруктуу тартип орносо жана эл өлкөнүн ички жана тышкы саясатына ыраазы болсо, элдин саясатташусуна эч кандай муктаждык болбойт. Коомдун чектен тыш саясатталышы адамдардын өздөрүнүн дайындуу (конкреттүү) кесиптеринен четтешине алып келип элдин саясатталышы бүткүл коомдун кесиптик ишмердигинин шайкештигин (гармониясын) бузат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Жолдорду тосуу – эгоцентризмдин жогорку чектеги көрүнүшү жана жолдорду тосуунун себептери канчалык асыл болсо дагы, жол тоскон кара санатайларды эч канча актабайт жана өз элине жана өз өлкөсүнө да кечирилгис душмандык катары мүнөздөлөт. Анткени жолдо бараткан адамды бир жерден экинчи жерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн аёосуз айрылтып өзгөчө зарыл болгон адамдын пландарын ойрон кылууга кескин түрдө жол берилбеши керек, айрыкча жол жүргөн адамдын бир жерден экинчи жерге сапар тартуу чечими өмүр жана өлүм маселеси менен байланышкан болсо.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Демократия – бул мыйзамдын, адеп-ахлактын, этиканын ченемдерин (нормаларын), өзүнүн мекендештеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбастан жана жеке адамдын жана адамдар тобунун эгоцентризмине жол бербей адилеттүү мамлекеттик башкарууну орнотууга багытталган жарандардын жоопкерчиликтүү сөз эркиндиги жана иш-аракеттери.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Демократия топтордун эгоцентристтик кызыкчылыктарын жаратат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Көп партиялуулук эмгекчилдерди жутуп жеп аларды саясатчы-бекерпоздорго айландырат. Көп партиялуулук адамдарды бөлүнүп-жарылууга алып келип амбицияларды жана эгонцентризмди жаратат. Көп партиялуулук адамдардын жалпы кызыкчылыгы үчүн биригүүнүн душманы. Көп партиялуулук хаос жана башаламандыкты жаратат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

«Мобилдик телефон, баарынан мурда, оюн функциялары менен толтурулбай, турмуштук зарыл байланыш каражаты катары каралышы керек да, баланын телефондо кызыгып ойношу Сиздин балаӊыздын психикалык өсүшүн кунарсыздандырып, телефондун ыкчам байланыш каражаты катары дайындалган негизги функциясын убакыт жагынан кармап, улууларды жумуштан алагды кылып өндүрүш жараянын зарар кылат да, акыры келип телефондун оюн функциясы биз байкай бербеген улутту тукум курут кылуу ролун аткарат».

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Депутаттыкка кандидаттар элге убадаларын берип жатышканда, алардын убадаларынын мага эч кандай мааниси жок. Себеби аларда депутаттын түздөн-түз функционалдык милдеттери бар болот да алар өздөрүнүн депутаттык ишин таштап коюга укуктары жок жана шайлоо алдында сөз берген балдар бакчаларын, ооруканаларды, жолдорду, заводдорду жана фабрикаларды жана башка аткарууга мүмкүн болбогон социалдык маселелерди чечүүгө убактылары да болбойт.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Телефон аркылуу, айталы, эски досуӊуздун же таанышыӊыздын үй дарегин сураганыӊызда, ал дарегинин ордуна, тигил же бул жерге жетип телефон чалсаӊ, сени өзүм тосуп аламын деп жооп берсе, сак болуӊуз. Сиздин адамыӊыз телефон чалууӊузга атайын жооп бербей коюшу мүмкүн же телефон байланышы Сиздин ишеничиӊизди актабай кокус батареясы отуруп калып, же телефон бузулуп, начар байланыш болуп жана башка ушул сыяктуу күтүүсүз кырдаал жаралып, Сиз алыстан атайын убара болуп келип көчөдө калышыӊыз ыктымал.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Эгерде Сиз окуу жайын бүтүрүп бирок жөнөкөй эле актыларды, протоколдорду, буйруктардын долбоорлорун жана расмий каттарды даярдаганды билбесеӊиз, өзүӊүздү толук кандуу адисмин деп эсептебеӊиз.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сыягы, флораны, фаунаны жана пайдалуу кен байлыктарды сактап калуу үчүн административдик-территориалдык бирдиктин жетекчисинин жана көзөмөл органдарынын кызматына киришип жатып өсүмдүктөр дүйнөсүн (бак-дарактар), жаныбарлар дүйнөсүн (анын ичинде көлдөгү жана көлмөлөрдөгү балыктарды) акты боюнча өткөрүп алып жана кызматтан кетип жатып акты боюнча кемип чыкса, тийиштүү дэӊгээлде коргоону камсыз кыла албаганы үчүн уурдалган байлыктарды кайтарып берүү практикасын киргизүү убактысы бышып жетилди окшойт.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

ЭТИКАЛЫК НАСААТ

1. Бирөөнүн телефонун кызыгып чукуган этикага туура келбейт.

Аргументтер:

– телефондуш иш шарттамдарынын (режимдеринин) туура коюлушун кокус бузуп анын ээсине ыӊгайсыздык жаратышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин жеке жашоосунун жеке сыры болуп саналган жашырын байланыштарын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– башкалардын смс кабарларын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин адептүү (деликатный) маалыматтарын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин атынан кандайдыр бир сыйлуу жана уяттуу кишисине керек болбогон телефон чакыруусун байкабай кокустан жиберип коюшуӊуз мүмкүн;

– телефондун ээсине, күтүүсүз келип калган телефон чакырууга ыкчам жооп берүүсүнө тоскоолдук жаратып калышыӊыз мүмкүн.

2. Эгерде Сиз телефон чалып сүйлөшүп алайын деп бирөөнүн телефонун сурап алып узакка сүйлөшүп калсаӊыз, этикага туура келбейт.

3. Өз убагында зарыл телефондук чакырууларды кабыл алууга тоскоолдук жаратып Сиздин балаӊыз телефонуӊузда ойношуна жол бербеш үчүн, телефон оюн функциялары бар оюнчук каражаты эмес, а дегенде телефон, турмуштук зарыл байланыш каражаты экендигин балаӊызга түшүндүрүӊүз.

4. Адам өзүнүн компьютеринде купуя белгини (пароль) терип жатканда тартиптүү жана маданияттуу адам катары клавиатураны карабай, купуя сырды эстеп кала албашыӊызды билсеӊиз да, башыӊызды тескери буруп алыӊыз.

5. Сиз компьютерде иштеп жаткан адамдын жанына басып барсаӊыз, монитордун экранына үӊүлүп карап отуруп албаӊыз, бул адепсиз, себеби, биринчиден, оӊойсуздантып, уялтып-кысылтып же алаксытып жиберишиӊиз мүмкүн, экинчиден, адам бул кезде социалдык тарамдарда жеке кат жазышып жаткандыр же чыгармачылык менен алектенип жаткандыр.

6. Сурап алган буюмду кайтаруу маданиятыӊызды калыптандырыӊыз жана эгерде Сиз бирөөдөн ийне-жип же ручка сыяктуу майда-барат нерсе сураган болсоӊуз, кайрадан убагында жана өз колуна кайтарганды унутпаӊыз.

7. Эгерде Сиз бирөөдөн бир же эки эле сомду жөн эле сурап алган болсоӊуз, майда акча катары кайтарбай койсоӊуз да болот. Бирок, эгерде, сурап жатып «эртеӊ эле беремин» деген болсоӊуз, сөзүӊүздө туруп ошол бир же эки сомду кайтарып беришиӊиз керек. Бирок ал киши ынанымдуу түрдө жөн эле коюӊуз десе башка кеп.

8. Соода кылуунун адебин билиңиз, эгерде кардар башка сатуучуга барып алган болсо, ал кардарды чакырып тартып албаңыз.

9. Тегерегиңиздеги калктын алдында коммуналдык-этикалык жоопкерчиликти жетекчиликке алыңыз жана өзүңүздүн үйүңүздө электрди жана суу түтүкчөлөрүн оңдоп жатканыңызда, тегерегиңиздеги калкты электрден жана суудан убактылуу ажыратуу муктаждыгы пайда болсо, калкка келтирилген ыңгайсыз абалды мүмкүн болушунча азыраак кылгандай рационалдуу жасаңыз.

10. Кошуналар менен ынтымакта жашаӊыз жана беш жагымсыз иш-аракеттен карманыӊыз: кошуналарыӊыздын короосуна таштанды ыргытуудан, үйүӊүздө, айталы, оӊдоо иштери менен техникалык ызы-чуу салгандан же жок дегенде ызы-чуунун деӊгээлин төмөнүрөөк кармаӊыз, жагымсыз жыт жаратуудан, анын ичинде үй жаныбарларын багуу аркылуу, таштанды жагуу аркылуу кошуналарыӊыздын короосун түтөтүүдөн жана кабат үйдө астыӊкы кабаттагы кошунаӊызга суу агызуудан. Эшиктеги даараткананы кошунаӊыздын короосуна жакын курбаӊыз, даараткана жашаган үйдөн жыйырма беш метр аралыктан жакын жайгашпашы керек.

11. Коомдук транспортто отурганда этиканы сактоо үчүн буттарыңызды алдыга сунуп (тизелериңиздин тик бурч абалынан ашык болбошуна аракет кылыңыз) же капталыңызга соройтуп чыгарбаңыз, анткени алдыңызда турган жүргүнчүлөр кысылып Сиздин буттарыңызга чалынышы мүмкүн. Турган жүргүнчүлөргө алардын ишенимдүү таянычы үчүн жетиштүү жер болушу үчүн, өзүңүзгө ишенимдүү таяныч менен отуруу жетиштүү болгондой кылып буттарыңызды өзүңүздүн астыңызга бүгүп алыңыз.

12. Эгерде Сиз иш бөлмөӊүздө жалгыз эмес, башка кесиптештериӊиз менен отурсаӊыз, иш бөлмөӊүздүн ачкычын иш бөлмөсүндө калтырып коюу жаман өнөкөт-дарттан арылыӊыз, себеби кокус кайрадан жабылып калган иш бөлмөӊүзгө кире албай калсаӊыз, кесиптешиӊизди улам издеп чакырып иш бөлмөӊүздү ачтырып убара кыла бербеӊиз.

13. Адам радио же телевизор аркылуу кунт коюп жаӊылыктарды угуп жатканда ага тоскоолдук кылып адеп эле радио же телеберүүнүн мазмунун сындай берүү адеп-ахлакка туура келбейт. Радио же тележурналисттен эмнеӊиз менен акылдуусуз жана эмне үчүн адам радио же тележурналистти укпай жана ага ишенбей Сизди угуп Сизге ишениши керек? Эгерде Сиз чын эле радио же тележурналисттен акылдуу болсоӊуз, адегенде адамга угуп алууга мүмкүнчүлүк бериӊиз да андан кийин моокумуӊуз канганча комментарий бере бериӊиз.

14. Сиздерди тейлеп жаткан келин дасторконго отурганга чейин тамак жей баштабаӊыз, күтө туруӊуз же дасторконго баары менен кошо отурушун сунуш кылыӊыз.

15. Эч качан коноктон, «тамак ичесизби?» деп сурабаӊыз. Бул Чыгыш маданиятына ылайыктуу эмес. Конок уялып «жок, ичпеймин» деп коюшу мүмкүн. Дайыма келиӊиз, ичиӊиз деп сунуш кылыӊыз, а эгерде конок ичкиси келбесе, ал өзү ошондо Сизге айтат.

16. Эгерде Сиз чарчап-чаалыгып коомдук транспортто аялдарга же улууларга орун бошотуудан кыйналсаӊыз, дене тарбия же спорт менен машыгып туруӊуз, ошондо Сиз өзүӊүздү сергек сезип кыйналбай орун бошотуп каласыз.

17. Кыргызча сүйлөп жатып «места бар», «школго барабы», «носки алыӊыз», «огурцы бериӊиз», «стройкада иштеймин» деген сыяктуу орусча сөздөрдү аралаштырбай сүйлөӊүз, ал эми орусча сүйлөөдөн алдын бсымдарды кунт коюп окуп алыӊыз да термомЕтр дебей термОметр, РождествЕнский дебей РождЕственский, космОс дебей кОсмос, перимЕтр дебей перИметр, пандЕмия дебей пандемИя деп сүйлөӊүз. Кыргыз жана орус тилдеринин тазалыгын сактаӊыз.

18. Жеке автомобилдик транспорт менен баюуга умтулуп жатып, биз жамааттыкты унутуп, өзүмчүл индивидуалисттерге айланып жатабыз жана рулда жалгыз отуруп машинабыздын тыш өлчөмү (габарити) менен орточо 8-10 метр квадрат аянтты адепсиз ээлеп, жолдордо тыгынды жаратып коомдук транспорттун жүрүшүн жайлатып коомго тоскоолдук жаратып жатабыз. Эгерде колунда бар ар бир жаран өзүнө автомашина сатып алып жолго чыкса эмне болот? Ушул көрүнүш цивилизациялуулуктун, ички маданиятыбыздын, акыры келип адамгерчиликтин белгисине каршы эмеспи?

ИДЕОЛОГИЯЛЫК НАСААТ

1. Менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, өзүнүн кесиптик ишмердигинде, жок дегенде жогору жактан чынчыл болууга тоскоолдук жаратпаган даражада чынчыл болуп иштегенге чакырыш керек. Мындай учурда чынчыл болуп иштегенди каалаган кол алдындагы кызматкерлер жетекчиликтен коркпой чынчыл болуп иштегенге мүмкүнчүлүк жаралмак. Бул өз кезегинде коомдо жана мамлекетте массалык чынчылдыктын пайда болуп өнүгүшүнɵ өбөлгө болмок.

2. Башкаруу жөнүндө ата мекендик жаӊы илимди – менеджментти иштеп чыгуу жолу менен чынчылдыксыз мамлекеттик башкарууну, дегеле башкарууну мүмкүн эмес кылуу зарыл.

3. Чынчыл болуңуз же чынчылдарды моралдык жактан колдоңуз, анткени алар коомдо аз гана болушат. Чынчылдарды сындабаӊыз, анткени чынчылдык кемчилик эмес, руханий нарк-насил.

4. Мамлекеттик кызматтагы чынчылдык өнүкккөн экономиканын башкы шарты болуп калмак.

5. Эгерде Сиз текшерүүчү катары мекемени текшергени келсеӊиз, жарандарды кабыл алуу учурунда текшербеӊиз жана жарандарды өз убагында кабыл алууга мекемеге тоскоол болбоӊуз. Андан көрө адамгерчилик үчүн текшерүү убактысын макулдашып алыӊыз. Текшерүүнү баштап, кызматкерлердин иш убактысын өзүӊүзгө ылайыктабаӊыз, жумуш убактысы бүткөндө бийликти колуӊузга алып аларды кармабай үйлɵрүнө коё бериӊиз, дем алыш күнү кыстап жумушка чыгууну талап кылбаӊыз. Ооруп калган кызматкерлерин зордоп жумушка чакырбаӊыз, өзүӊүздүн эсебиӊизден түштөнүӊүз, убагында кетип туруӊуз жана пара албаӊыз.

6. Ар бири өзүнөн башташы керек деп гана чектелип калбаңыз. Мындай сөз менен Сиз акылдуу көрүнгөнүӊүз менен, дайыма эле бардык адамдар өзүнөн баштаганга жарабай жатканын эске алыңыз. Ар бири өзүнөн баштап калса, коом жана бүтүндөй өлкө тез эле өсүп-өнүгүп кетээр эле. Ошон үчүн адамдардын өзүнөн башташына кимдир-бирөө түрткү бериши керек. Ал түрткү бере турган субъект (тарап) – моралдык жактан жооптуу катары муунду, жаштарды жана бүтүндөй элди тарбиялаган мамлекет болуп саналат.

7. Улутту белгилеп айтканда нравалык-этикалык ченем (норма) катары "туугандар" деген сөздү кошуп айтып жүрүңүз (орус туугандар, өзбек туугандар жана башкалар).

8. Эч качан бир-эки бузукулардын айынан бүткүл улут тууралуу жыйынтык чыгарбаңыз жана жаман улут болбошун, тескерисинче өз элинин гана эмес, кийинки муундун да душманы болуп бардык улуттарга ынтымактуураак жана бактылуураак болуусуна тоскоолдук кылган жаман адамдар гана болорун билип жүрүңүз.

9. Эң кеминде кыргыз, орус жана чет тилдердин бирин эркин билиңиз.

10. Экологиялык ыйманга ээ болуңуз.

11. Өз мекендештериңиздин туура эмес иш-аракеттерине кош көңүл карабаңыз жана Педагогикалык аң-сезим Өлкөсүнүн жигердүү (активдүү) куруучусу болуңуз.

12. Пунктуалдуу так болуңуз жана элге кино жана театрдын ɵз убагында башталышына сөз берип бирок кечирээк баштагандарга каршы туруп кинонун же театрдын бир мүнөт кечиктирип баштоосуна эч качан жол бербеңиз.

13. Эгерде кимдир бирөөнүн жоголгон буюмун таап алсаңыз, эч качан сыйлык акыны сурап талап кылбаңыз.

14. Аксакалдарды жана абройлуу окумуштууларды коомдук жайларда, турмушта жана дасторкон үстүндө сыйлаңыз жана кадыр-барктуу адамдарга сокур ишенип табынуу менен оорубай, эгерде, кадыр-баркка жете элек жапжаш кишинин сөздөрү абройлуу окумуштууларга караганда жаӊы идеялары менен айрмаланса, аксакалдар жана абройлуу окумуштуулар өздөрүнүн кадыр-баркынан пайдаланып жаш адамга сөз бербей жатышса, гезит-журналдардан орун бербей сандан санга ээлеп алышып тартып алышса, жаштарга жол бошотуп бериӊиз. Бул жерде биз эмгек тармагына жана мамлекеттик кызмат тармагына тийген жокпуз жана аксакалдар пенсия курагына жеткенге чейин иштегенге укуктары бар жана аксакалдар пенсия курагына жетмейин алардан жумуш же кызмат орундарын талашпаӊыз. Аксакалдар кетип жаштар келсин деп адепсиздик кылбаӊыз. Аксакалдын кызматы ак болсо пенсияга чейин шашпай иштей берсин да.

15. Сиз аксакал катары расмий кырдаалда отуруп калсаныз, аксакалдык абалыӊыздан кыянаттык менен пайдаланып өтө узак сүйлөбөӊүз, регламентти бузуп башка сүйлөөчүлөрдүн убактысын албаӊыз. Турмуш-тиричиликте, дасторкон үстүндө, дегеле адамдар менен отурганда жашыӊыздын улуулугунан же жетекчилик кызмат ордуӊуздан кыянаттык менен пайдаланып өтө көп сүйлөп, адамдарды чарчатып, мойну-башын ɵзүӊүзгɵ бурдуруп, башын ийкетип талытып тажатпаӊыз, башкаларга дагы баарлашып сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бериӊиз же тоскоолдук кылбай туруп кетип калыӊыз.

16. Демократия тууралуу туура түшүнүңүз жана демократия астында моралдык жоопкерчиликке ээ болуңуз, мекендештериңизге урмат-сый мамиле кылып коомдук этиканы сактаңыз жана демократиялык укуктарыңызды ишке ашыруудагы аракеттердин оң жана терс ыкмасы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргызстандыктардын оң же терс бедели (имиджи) деп түшүнүңүз.

17. Эгерде Сиз өз ишиңиздин кесипкөйү же интеллигенциянын жарык өкүлү болсоңуз, өз өлкөңүздү таштап кетпеңиз, патриот болуп өз өлкөңүздүн өсүп-өнүгүшүнө жардам бериңиз.

18. Педагогикалык аң-сезим концепциясынын алкагындагы Милиция кыраакылыгын кеңейтүү принцибине түшүнүү менен мамиле кылып өз милицияңыздын элди жигердүү (активдүү) тарбиялоого катышуусуна жардам бериңиз.

19. Эч качан коомдук мүлктү жана коомдук жыргалчылыктын объекттерин бузбаңыз.

20. Коомдук жайларда уят сөздөрдү жазуу жаман адатына кабылбаңыз жана мындай кылууга башкаларга жол бербеңиз.

21. Журналист болуп иштеп жатып коомдун руханий өсүшүн артка тартып кечеӊдетип элдин арам ойлуу алдамчысы болбоңуз жана ушак-айымдар менен ойноп жатып коомдун керексиз адамы болуп калбаңыз.

22. Коомдун аң-сезимине баа берүү үчүн адамдар шайлоолордо өздөрүн кантип алып жүргөнүнө көңүл буруңуз жана алар өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууда канчалык даражада моралдык жоопкерчиликти сезишерине карап көрүңүз.

23. Улуу Манас атабыз кантип кыргыз элин бириктиргени эсиңизде болсун, Манас атабыздын патриоттук аң-сезимин баалаңыз, сыйлаңыз жана тамшаныңыз.

24. Кыргыз элинин бирдиктүү психологиясын калыптандырууга өз салымыңызды кошуңуз.

25. Эгерде өз облусуңуздун сүймөнчүк-кыргызы болуп башка облустагы кыргызды сыйлабасаңыз, демек Сиз бүткүл кыргыз элинин душманысыз. Анткени кыргыз элин ынтымакка тартып бириктирүүгө өз салымыңызды кошкондун ордуна Сиз трайбализм тууралуу элдик эс тутумду азыктандырып өзүңүздүн кийинки муунуңузга мурас кылып кыргыз элинин трайбалисттик трагедиясын өткөрүп берип жатасыз.

26. Эгерде Сиз билимдүү жана маданияттуу кыргыз болсоңуз, Кыргызстандын башка облусунан келген кыргызды жолуктурсаңыз, Сиз же ал тигил же бул облустан болгондугу боюнча региондор тууралуу сөзгө көңүл бурууга жол бербей, тескерисинче, өз өлкөңүздүн жана бүткүл Кыргызстан элинин патриоту катары жалпы эле Кыргызстандагы иштердин абалы тууралуу сүйлөшүүнү туура көрүңүз.

27. Эгерде Сиз өз өлкөңүз үчүн күйсөңүз, тигил же бул облустун эли тигиндей-мындай жана башка сыяктуу талаш-тартышууга акылыңыздын кубатын жумшабаңыз, андан көрө кыргыз элин кантип бириктирип ынтымактуу кылууга акылыңызды иштетиңиз, анткени бул өлкөдө кийин Сиздин балдарыңыз жашайт эмеспи.

28. Эгерде улутуңуз кыргыз болсо, кыргызды жолуктуруп калсаңыз, анын жердиги кайдан экендигин сураганга ашыкпай бул суроону акыркы планга калтырууга көнүңүз да эң оболу анын нукура адамдык касиеттерин таанып билиңиз.

29. Эгерде Сиз кыргыз болсоңуз, кыргыз кишини жердиги боюнча эмес, анын нукура адамдык касиеттери боюнча мүнөздөгөнгө үйрөнүңүз.

30. Бир эле кыргыз эли бар. А эгерде Сиз кыргыз элин регионалдык белгиси боюнча бөлсөңүз, анда Сиз кыргыз элинин бирдиктүү прогрессин артка тартып кечиктиргендердин бирисиз.

31. Эгерде улутуна жана жердигине такыр тиешеси жок башка себептер менен ɵз ара жаңжал пайда болсо, адамдын улутун жана трайбализм маанисинде анын регионалдык тийиштүүлүгүн эсине салып жемелебеңиз. Болбосо Сиз ак ниеттүү жаңжалдан жеңилесиз жана өзүңүздүн аң-сезимиңиздин төмөн деңгээлин көрсөтүп аласыз. Ал эми Сиз ак ниеттүү жаңжалды тандап аласызбы же өзүңүздүн беделиңизди курмандыкка чалып жана жаңжалга байланышы жок улут жана регионалдык келип чыгуу факторун колдонуп каршылаш тарабыңызды деморализация кылганды көздөйсүзбү, Сиздин нравалык аң-сезимиңизден көз каранды.

32. Адамдар менен жана жакшы мамиледе болгон адамдар менен дагы өзүңүздүн сырыңыз менен бөлүшкөндөн карманыңыз. Болбосо ортоңордо жаңжал пайда болгондо алар Сиздин сырларыңызды терс сапатка которуп өзүңүзгө каршы колдонушат.

33. Эгерде бир адам менен Сиздин мамилеңиз келишпесе, анда ал дегеле терс сапаттарга ээ адам деп жалпы мүнөздөмө бергенге шашылбаңыз. Балким Сиз байкаган анын терс сапаттары Сиздин гана өз ара мамилеңизге ылайык келип чыккандыр да ал эми коомдо жана башка адамдар менен болгон мамилесинде ал абдан оң сапаттагы инсандыр деп ойлонуп көрүңүз.

34. Эгерде идишти башкалар колдонушчу болушса, аны агын сууда таптаза жууш керек.

35. Соода-сатык ишинде таразаӊыздын алдыӊкы жагын өзүӊүзгө эмес, кардарды алдайын деген жаман ниетиӊиз болбосо да, кардар тарапка буруп коюӊуз да соода кылуу маданиятын билип сактаӊыз же такыр эле таразаны колдонбоӊуз.

36. Кыргызстан элинин маданиятына, мандайыӊызда, сол жана оӊ тарабыӊызда жайгашкан кошунаӊыздын үйлөрүн ыктымалдуу уурулуктан кыраакылык менен коргоо каада-салтын кийирүүгө чакырам.

37. Кыргызстан элинин тарыхый меймандостук салтына, конок үчүн таза шейшепти камдагандан сырткары, өзүнүн кɵрɵӊгɵ кийимдерин алып келбеген коноктор үчүн жуулуп жугушсуздандырылган (дезинфекцияланган) ар кайсы өлчөмдөгү таза кийимдерди да камдап коюу салтын сунуш кыламын.

38. Эгерде Сиз Ысык-Көлдөгү пансионаттын жетекчиси же дегеле Ысык-Көлдө жетекчи болсоӊуз, кумжээктеги пластмасса бөтөлкөлөрү жана пакеттер сыяктуу ири таштандыларды гана жыйноого көӊүл буруу менен чектелип калбастан, кумду айнектин сыныктары, тамеки таштандылары, чөп-сөп жана ушул сыяктуу ыпыр-сыпырлардан тазалоого да көӊүл буруӊуз. Ири таштандылар күнүмдүк жыйноо алкагында жыйналып калышы мүмкүн, ал эми кумга адатта көӊүл бурулбай калат. Таза кумжээк жана таза суу биздин берметибиз болгон Ысык-Көлдүн беделин сактап калат.

39. Мамлекеттик башкаруу органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бардык менчик түрүндөгү мекеме-ишканаларда өткөрүлчү иш жыйынына (планёрка) жалаӊ гана башчыларды жана жетекчилерди чакыруу салтынан баш тартып мезгил мезгили менен бүткүл жамаатты да жумуш убактысына зыян келтирбегендей болуп чакырып туруӊуз. Иш жыйынына формалдуу катышуу алкагында башчылар жана жетекчилер кол алдындагы кызматкерлеринин маӊыздуу көгөйлөрүн же дегеле чарба көйгөйлөрүн жаап-жашырып коюшу мүмкүн же көйгөйлөрдүн бар экендигин такыр билбеши да мүмкүн. Мындай иш жыйындын башка артыкчылыктары катары башкаруу иштеринде иш жыйынынын максатка ылайыктуулугу оӊ болуп, сапаты жогорулап, катачылыктар жана мүчүлүштүктөр азайышы мүмкүн.

«Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебинен.

Автордук укук «Кыргызпатент» тарабынан корголгон.

Автордук укук биринчи жоромолу (версиясы) боюнча «Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен корголгон.

2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.

Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.

«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.

Улан Дуйшеналы, мамлекеттик башкаруунун адиси. Орус адабиятынын Эл аралык Академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Звёздный факел» («Жылдыз шаманасы») аттуу илимий-фантастикалык романы үчүн «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалистинин Дипломунун жана «Созвездие пирамиды» («Пирамида топ жылдызы») аттуу илимий-фантастикалык аӊгемеси үчүн Интернационалдык жазуучулар Союзу (Москва) жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союузунун биргелешкен Дипломунун ээси, кыргыз жана орус тилдеринде жазган прозачы-фантаст, концептолог.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
690

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
677

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
610

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1023

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
632

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
629

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1153

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
526

10-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 1-бөлүк
659

11-12-2023
Как Чингиз Айтматов над моей фамилией пошутил
707

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×