Добавить свою статью
21 Февраля 2023
Кыргызстандын кадр саясатына концептуалдык комплекстүү программа

Эскертүү: Бүт макала боюнча «ϴкмɵт», «Премьер-министр», «губернатор» ж.б.у.с. эски сɵздɵр колдонулат жана муну менен мааниси бузулбайт.

УШУЛ МАКАЛАНЫН МАЗМУНУ:

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА УЧУРДАГЫ ТУУРА ЭМЕС КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР – ТУУРА ЭМЕС КАДР САЯСАТЫ КАТАРЫ

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК ОРГАНДАРДЫН БАРДЫК ДЕӉГЭЭЛДЕГИ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

ШААРДЫК ЖАНА РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

ОБЛУСТУК ЖАНА РЕГИОНДОР АРАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

РЕСПУБЛИКАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТЫНЫН, ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН АППАРАТЫНЫН, ӨКМӨТТYН АППАРАТЫНЫН, ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН, ӨКМӨТТYН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН АРХИВИНИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА

САЯСИЙ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАН АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ӨТYY

САЯСИЙ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА САЯСИЙ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРГА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна

Премьер-министр кызмат ордуна

Вице-премьер-министрлер кызмат ордуна

Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана административдик ведомствонун жетекчиси кызмат ордуна

Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана административдик ведомствонун жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна

Губернатор кызмат ордуна

Губернатордун орун басары кызмат ордуна

Райондун акими кызмат ордуна

Райондун акиминин орун басары кызмат ордуна

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна

Шаардын мэринин кызмат ордуна

Бул макалага кадр саясатынын башка кɵптɵгɵн маселелери кошулган жок. Калган бардык маселелер «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебимде жана Мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жɵнүндɵгү Концепциямда.

Бул макала, «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебимден жана Мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жɵнүндɵгү Концепциямдан кыскартылып алынды.

«Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебим биринчи жоромолу (версиясы) боюнча «Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен катталган.

2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.

Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.

«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА УЧУРДАГЫ ТУУРА ЭМЕС КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР – ТУУРА ЭМЕС КАДР САЯСАТЫ КАТАРЫ

Мамлекеттик кызматка кирүү маселесинде мамлекеттик органдардын республикалык, облустук жана райондук деӊгээлдерин жана мамлекеттик органдардын ишмердигинин тармактарын эске алып квалификациялык талаптарды иштеп чыгыш керек. Демек, министрликке, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомствого мамлекеттик кызматка кириш үчүн кандидат облустук жана райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйбасы болушу керек. Облустук деӊгээлдеги мамлекеттик кызматка кириш үчүн кандидат райондук деӊгээлдеги мамлекеттик кызматта белгилүү бир убакыт иштеп келиши керек. Райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органга кириш үчүн иш тажрыйбасынын зарылчылыгы, ошол райондук мамлекеттик органдын ишмердигинин өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат.

Бирок «райондук мамлекеттик органдын ишмердигинин өзгөчөлүгүнө жараша» деп жогоруда айтылгандай, бардык эле райондук мамлекеттик органга мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы коюла бербеши мүмкүн. Мисалы, райондук билим берүү бөлүмүнө мамлекеттик кызматка кириш үчүн кандидат белгилүү бир убакыт орто мектептерде иштеп келиши керек же билим тармагындагы менеджмент кесибине ээ болушу керек. Анткени анын райондук билим берүү тармагындагы кесиптик ишмердиги мектептерди башкаруу менен байланыштуу болот. Башка мисал: райондук салык башкармалыгына мамлекеттик кызматка кириш үчүн кандидат сөзсүз эле башка бир жерден иш тажрыйбасын топтоп келиши зарыл эместир.

Эми квалификациялык талаптар жазылган эски жана учурдагы мыйзамдардын кемчиликтери тууралуу. Ушул кемчиликтер учурдагы кадр саясатынын эӊ чоӊ катасы.

Эски жана учурдагы мыйзамдарда жазылган квалификациялык талаптар боюнча кенже административдик мамлекеттик кызматта иштегенге мамлекеттик кызматтагы стаж талап кылынбайт. А бирок эски жана учурдагы мамлекеттик кызмат орундарынын реестри боюнча кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары республикалык, облустук жана райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органдарда бар да. Мыйзамдын каталыгы, мисалы, жаш жаран жаӊы эле институтту бүтүп келип, райондук да, облустук да мамлекеттик кызматта, же дегеле такыр эч жерде иштебей министрликтеги адис (специалист) деген кенже административдик мамлекеттик кызматына киргенге мыйзам жол берет. Бул туура эмес мыйзам.

Учурдагы мамлекеттик кызмат орундарынын реестри боюнча, мисалы, Президенттин иш башкармалыгындагы, Президенттин алдындагы мамлекеттик органдардагы, министрликтеги, облустук мамлекеттик администрациядагы жана райондук билим берүү бөлүмүндөгү адис жана жетектөөчү адис деген административдик мамлекеттик кызмат орундары кенже топтогу кызмат орундарына кирет. Демек жогорудагы мамлекеттик органдарга такыр тажрыйбасы жок кирип кете бергенге тилекке каршы мыйзам жол берип жатат жана алар кандидаттан иш тажрыйбасын талап кылганга мыйзам жол да бербейт. Айласыздан тажрыйбасы жок кандидатты республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик кызматка алганга туура келет. Мисалы райондук билим берүү бөлүмүнө адис деген административдик мамлекеттик кызмат ордуна кириш үчүн адам адегенде мектептерде иштеп келиши керек эле. Себеби өмүрүндө мектептерде иштеп көрбөй туруп кантип райондук билим берүүнүн адиси мектептерден отчётторду талап кылып башкармак эле?

Ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгындагы башкы адис кызмат орду мурдагы эски реестр боюнча кенже кызмат ордуна кирчү. Бирок адегенде адис кызмат ордуна кирип анан кийинчерээк башкы адиске аракет кыл же айыл чарбалыгында кичине иштеп кел деп талап койгонго туура эмес иштелип чыккан мыйзам жол берген эмес. Ошондой эле окуу жайын жаӊы эле бүтүп келип такыр тажрыйбасы жок адам министрликтеги адис деген административдик мамлекеттик кенже кызмат ордуна мыйзам боюнча киргенге укугу бар жана министрлик, адегенде, ушул министрликтин облустук же райондук бөлүмүндө иштеп кел деп талап койгонго укугу жок. Ал эми министрликтеги адис болобу, бөлүм башчысы болобу, карамагындагы облустук жана райондук мамлекеттик органдарды башкарып иштейт жана билип-билбей отчётторду талап кылат жана текшерет.

Эски жана учурдагы мыйзам улук (сектор жетекчиси, бөлүм башчысы ж.б.), башкы (аппарат жетекчиси ж.б., министрликтеги башкармалыктын башчысы ж.б.) жана жогорку топтогу административдик мамлекеттик кызматтарга иш стажына талап коюп, ал эми жогоруда айтылгандай кенже топко кирген «адис» кызмат ордуна иш стажына талап койдурбайт.

Мына ушундай кадр саясатынын каталарын оӊдош үчүн төмөндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчөлүгүнө жараша квалификациялык талаптардын комплекстүү долбоору иштелип чыкты.

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК ОРГАНДАРДЫН БАРДЫК ДЕӉГЭЭЛДЕГИ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦПАЛДЫК КЫЗМАТКА ДЕТАЛДАШТЫРЫЛГАН КОМПЛЕКСТYY КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

БИЛИМ ПРОФИЛИ (ПРОФИЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ).

Билимдин атайын профили (специальный профиль образования) – билим профилинин тийиштүү кызмат ордуна сөзсүз туура келишин аныктаган талап. Мисалы юридикалык кызмат ордуна юридикалык билимди, каржы-экономикалык ишмердиктеги кызмат ордуна экономикалык билимди, инженердик-техникалык мүнөздөгү кызмат ордуна инженердик билимди, курулуш багытындагы кызмат ордуна курулуш же архитектуралык кесипти аныктаган жана ушул сыяктуу так коюлган талаптар. Жөнөкөй сөз менен айтканда жогорку билимдүү болсом эле мамлекеттик кызматтын ар кандай кызмат орундарында иштеп кете берсе болот деген ойду оӊдоп, тескерисинче тигил же бул кызмат ордуна сөзсүз тигил же бул кесиптин ээси болушу керек деген сөз. Албетте, мамлекеттик кызматта же дегеле турмушта тигил же бул кызмат ордун ээлеш үчүн сөзсүз эле дайындуу (конкреттүү) кесипке ээ болуш талап кылынбай, кайсы кесиптин ээси болсо да, эӊ негизгиси жогорку билими болсо боло турган кызмат орундары да болот. Төмөндө, так кесипти талап кылбаган билим профилдери келтирилет:

Жалпы же салыштырмалуу билим профили – тигил же бул кызмат ордуна кандидаттын билим-кесибинин дал келишин талап кылбаган түшүнүк. Мисалы, кадр бөлүмүндөгү адис деген кенже мамлекеттик кызмат ордуна кесип-билимдин бардык түрлөрүн туура келтирсе болот, ал эми кадр жумушунун улук кызмат орундарына, мисалы кадр иштери боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордуна – кесиби кандай болсо боло берсин, бирок кадр жумуштары тармагындагы иш тажрыйбасы же жок дегенде теориялык билими талап кылынат. Себеби ал кызматка кабыл алуу, кызматтан бошотуу тартиби, эмгек китепчелерин туура толтуруу, эмгек өргүүсүнө туура чыгаруу, тартип жазасын колдонуу, кадр иштери боюнча буйруктардын долбоорун даярдоо, аттестация өткөрүүнү билүү жана башка ушул сыяктуу толгон-токой эрежелерди билиши талап кылынат. Булардын баарын туура аткарыш үчүн мамлекеттик кызмат эмес мекеме-ишканаларда Эмгек кодексин мыкты билиши керек. Ал эми мамлекеттик кызматта Эмгек кодексинен тышкары мамлекеттик кызмат жана башка көптөгөн мыйзамдарды мыкты билиши талап кылынат.

Ошондой эле ушул сыяктуу кадр иштеринин кызмат ордуна, мамлекеттик органда, айталы, экономикалык же керек болсо айыл чарбалык кызмат ордун ээлеп бирок ошол эле убакта конкурстук комиссиянын катчысы болуп же аталган мамлекеттик же муниципалдык орган кичинекей болгону үчүн ал жерде кадр кызматы же кадр бөлүмү жок болуп, ошол себептен кадр иштери менен кошумча милдети катары иш тажрыйба алган адам да бара алат. Ошондой эле кадр иштериндеги кызмат ордуна юридикалык билими бар адам да бара алат.

Башка мисал катары айтсак, эгерде адам спорт менен кесиптик деӊгээлде машыккан болсо, спорт тармагын жакшы билсе, дене тарбия институтун аяктабаган болсо да кесибине карабай спорт тармагындагы мамлекеттик кызмат ордун ээлесе болушу мүмкүн. Ал эми маданият тармагында да ошондой: эгерде адам табиятынан чыгармачыл инсан болсо же маданият тармагын жакшы билсе, маданият тармагындагы мамлекеттик кызмат орундарына кесибине карабастан талапкер боло алышы мүмкүн. Мисалы кесиби боюнча чет тилинин мугалими болсо да райондун акими болсо болот, бирок, албетте, мамлекеттик кызматта тажрыйба топтоп келген болсо. Жыйынтыктап айтканда, тигил же бул мамлекеттик кызмат ордуна кесибине карабастан жогорку билими болсо жана тийиштүү тажрыйбасы же билими болсо кабыл алса боло турган жагдайды – жалпы же салыштырмалуу билим (образование) профили дейбиз. Дайындуу (конкреттүү) кесип талап кылынган жагдайды билимдин атайын профили (специальный профиль образования) дейбиз.

ЖЕТЕКЧИЛИК, БАШКАРУУЧУЛУК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖӨНҮНДӨ (мамлекеттик же муниципалдык кызматка).

Жетекчилик кызмат орундарына кандай учурларда жетекчилик тажрыйбага ээ болуп келиш керек, кандай учурларда жетекчилик тажрыйбасы талап кылынбашы керек?

Сектор жетекчиси, бөлүм жетекчиси, бөлүм башчысы, башкармалыктын башчысы (начальник управления), мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басарынын жана жетекчинин кызмат орундарына жетекчилик кызмат орундарындагы стажы жана тажрыйбасы талап кылынбашы керек. Себеби, ушул иштелип чыккан квалификациялык талаптарга ылайык, жогоруда аталган жетекчилик кызмат орундарын адам, адегенде бир тепкич ылдый турган кызмат ордунда иштеп анан ырааты менен ошол жогоруда аталган жетекчилик кызмат ордуна келип жатат.

Ошентип, мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында башкы адис болуп иштеген кандидат ошол эле мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сектор жетекчиси боло алат. Эгерде ошол мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, башкы адис болуп иштегенден кийин бөлүм жетекчиси боло алат. Эгерде ошол мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, башкы адис болуп иштегенден кийин башкармалыктын башчысы (начальник управления) боло алат. Эгерде ошол мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында башкармалыктын башчысы (начальник управления) кызмат орду жок болсо, башкы адис болуп иштегенден кийин ошол мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын орун басары боло алат. Эгерде ошол мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында башчынын орун басары кызмат орду жок болсо, башкы адис болуп иштегенден кийин дароо эле ошол мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы боло алат, БИРОК, ОДОНО АЙТКАНДА, СЕКТОР ЖЕТЕКЧИСИ, БӨЛYМ БАШЧЫСЫ, БАШКАРМАЛЫКТЫН БАШЧЫСЫ, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНЫНЫН БАШЧЫСЫ КЫЗМАТ ОРДУН ЭЭЛЕШИ ҮЧҮН «БАР, БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА ЖЕ ЖЕКЕ ИШКАНАЛАРГА БАРЫП ЖЕТЕКЧИЛИК, БАШКАРУУЧУЛУК КЫЗМАТ ОРДУНДА СТАЖ ТОПТОП КЕЛ» ДЕП ЧЕТТЕТИЛБЕЙТ. ОШОНДОЙ ЭЛЕ МУРДАГЫ ЭМГЕК ЖОЛУНАН ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТТАРДА ИШТЕГЕН ТАЖРЫЙБАСЫ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ, АНТКЕНИ АЛ КАНДИДАТ ОШОЛ ЭЛЕ МУНИЦИПАЛДЫК ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА ЫРААТЫ МЕНЕН ӨСҮП КЕЛГЕН.

Мисалы, Мамлекеттик кадр кызматынын (эски аталышы) территориалдык өкүлчүлүктөрүндө адис, жетектөөчү адис, башкы адис, жетекчинин орун басары жана жетекчи кызмат орундары бар. Бирок ошол эле жерде секторлор жана бөлүмдөр жок болгону үчүн сектор жетекчиси, бөлүм башчысы кызмат орундары жок. Ошого ылайык ал мамлекеттик органда башкы адис болуп жетиштүү мөөнөт иштеген кызматкер жетекчилик тажрыйбасы жок болсо да дароо эле жетекчинин орун басары кызмат ордун ээлесе болот. Себеби ошол башкы адис өзүнүн ошол Мамлекеттик кадр кызматынын территориалдык өкүлчүлүгүндө иштеп жатып ошол эле мамлекеттик органдын түздөн-түз иштерин аткарган, тактап айтканда мамлекеттик кызматка тапшыруу, мамлекеттик кызматты өтүү, аттестацияларды, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, декларация иштерин алып баруу, мониторинг өткөрүү жана башка багыттагы иштери менен алектенип тажрыйба топтогон да башка жактан келе турган жетекчилик тажрыйбасы бар бөтөн адамга караганда жетекчинин орун басары жумушун артыгыраак билет эмеспи.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тигил же бул дайындуу (конкреттүү) кызмат ордун ээлеш үчүн, буга чейинки кызмат ордунун стажы жана тажрыйбасы, кандидат бара турган дайындуу мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын түзүмүнө жараша аныкталып талап кылынат.

Мисалы, тигил же бул мамлекеттик же муниципалдык органда (муниципалдык орган – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) сектор жетекчиси жана бөлүм жетекчиси кызмат орду бар болсо, кызмат орундарын ырааты менен ээлеш керек: бөлүм башчысы бөлүм жетекчиси болгондон кийин гана болуш керек жана башка ушул сыяктуу тартипте.

РЕГИОНАЛДЫК УДААЛАШТЫК ЖАНА МУРДАГЫ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНДА ИШТӨӨ БОЮНЧА МӨӨНӨТ ПРИНЦИПТЕРИ.

Облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда иштеш үчүн райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда бир жылдан кем эмес иштеш керек.

Республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органда иштеш үчүн облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда үч жылдам кем эмес иштеш керек.

Президентин аппаратында, Жогорку Кенештин аппаратында, Өкмөттүн аппаратында, Президенттин иш башкармалыгында, Өкмөттүн иш башкармалыгында жана Президенттин архивинде иштеш үчүн республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес стаж талап кылынат.

Мурдагы кызмат орундарындагы иштөө мөөнөттөрү мында бир жыл деп минималдуу белгиленди. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык органдын жетекчиси жана орун басары жана аппарат жетекчиси кызмат орундарына мурдагы кызмат орундарында үч жылдам кем эмес деп белгиленди.

МӨӨНӨТТӨРДҮН МИНИМАЛДУУЛУК ПРИНЦИБИ, ЖАШ КЕЗИМДЕ ТЕЗИРЭЭК МИНИСТР БОЛУП АЛАЙЫН ДЕП ШАШЫЛГАН ЖАШТАРГА АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЖОК ДЕГЕНДЕ АДИС КЫЗМАТ ОРДУНДА БИР ЖЫЛ, РАЙОНДУК ДЕӉГЭЭЛДЕГИ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА АДИС КЫЗМАТ ОРДУНДА ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР ЖЫЛ, ОБЛУСТУК ДЕӉГЭЭЛДЕГИ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР ЖЫЛ АДИС, БИР ЖЫЛ ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИС, БИР ЖЫЛ БАШКЫ АДИС БОЛУП АНАН МИНИСТРЛИККЕ КИРИП АЛ МИНИСТРЛИКТЕ АДИС ЖАНА ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИС КЫЗМАТЫН СЕКИРИП ӨТҮП БАШКЫ АДИС БОЛУП БИР ЖЫЛ ИШТЕП АНАН УЛАМ КӨТӨРҮЛҮП ОТУРУП ЖАШ ЭЛЕ КУРАГЫНДА МИНИСТР БОЛУП АЛСА БОЛОТ. БОЛГОНУ ЭӉ НЕГИЗГИСИ ТӨМӨН ЖАКТАРДА ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР АЗ БОЛСО ДА ИШТЕП КӨРҮП-БИЛИП АЛЫШЫ ЗАРЫЛ. БОЛБОСО ЖАКШЫ МИНИСТР БОЛУШ КЫЙЫН. БУЛ ЖЕРДЕ «ЖОК ДЕГЕНДЕ БИР ЖЫЛДАН» ДЕП АЙТЫП ЖАТАБЫЗ. НЕГИЗИ ЫЛДЫЙ ЖАКТА БИР ЖЫЛДАН ЭМЕС, КАНЧАЛЫК УЗАК ИШТЕП КЕЛСЕ, ЖОГОРУ ЖАККА БАРГАНДА ОШОНЧОЛУК ЖАКШЫ ЖЕТЕКЧИ БОЛУУГА МYМКYНЧYЛYК БОЛОТ.

КЫЗМАТ ОРДУНУН ПРОФИЛИ ПРИНЦИБИ.

Кызмат ордунун профили – тигил же бул мамлекеттик же муниципалдык органынын бир бөлүмүнөн башка бөлүмүнө которулганда же бир мамлекеттик же муниципалдык органдан башка мамлекеттик же муниципалдык органга которулганда же бир региондук деӊгээлден башка региондук деӊгээлге которулганда кесиптик байланышты сактоо.

Эгерде кандидат өзү иштеген мамлекеттик же муниципалдык органда аппараттын жетекчиси, жооптуу катчы, жетекчинин орун басары же жетекчинин кызмат ордуна өсүп чыкса, анда кызмат ордунун профили талап кылынбайт. Башкача айтканда кандидат, ошол өзү иштеген мамлекеттик же муниципалдык органда кайсы бөлүмдө же кандай кызмат ордунда иштегенине карабастан, жогоруда аталган жетекчилик кызмат орундарын ээлей берсе болот, себеби ал кандидат өзүнүн мекемесинин жалпы кесиптик багытын бир топ жылдар иштеп отуруп өздөштүрүп алган. Мисалы, эгерде адам райондук мамлекеттик администрацияда, башкача айтканда акимчиликте билим берүү жана маданият бөлүмүндө адегенде адис, анан жетектөөчү адис, анан башкы адис, анан бөлүм жетекчиси, анан аппараттын жетекчиси болуп иштесе, андан кийин акимдин орун басары анан аким болуп иштей алат. Албетте, акимчиликтин билим берүү жана маданият бөлүмүндө өсүп-жетилген акимдин, экономика тармагында да түшүнүгү бар болушу керек. Бирок бул жерде, мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчилик кызмат ордуна, кызмат ордунун профилин талап кылбай туруп иш билгилигинин өсүшүнүн жалпы аныктамасы көрсөтүлдү.

КЫЗМАТ ОРДУНУН ПРОФИЛИН АЛМАШТЫРУУ.

Райондук же шаардык деӊгээлдеги мамлекеттик органга кайтып келип ал жерде жаӊы профилде бир жылдан кем эмес иштеп кызмат ордунун профилин алмаштырса болот.

Эгерде адам мамлекеттик кызматта тийиштүү тажрыйбага ээ болбой Жогорку Кеӊештин депутаты болуп туруп анан түз эле мэр, аким, губернатор же премьер-министр кызмат ордуна секирип өтүп кетпей, тескерисинче мамлекеттик башкаруунун этаптарын ырааты менен өтүп анан гана мэр, аким, губернатор же премьер-министр болуп бир жылдан кем эмес иштесе, кызмат ордунун профилине ээ болсо болот.

Бул жерде белгилеп кете турган нерсе, жогоруда аталган мэрдин, акимдин, губернатордун, премьер-министрдин кызмат орундары мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык тармактарын өзүнө камтыйт:

– экономика тармагындагы мамлекеттик башкарууну (экономика, транспорт, байланыш, курулуш, архитектура жана башкалар);

– административдик-саясий тармагындагы башкаруу (Тышкы иштер министрлиги, ИИМ, Коргоо министрлиги, УКМК, ӨКМ);

– маданият жана идеология тармагындагы башкаруу (маданият, билим берүү жана башкалар).

Башкача айтканда, аким, кол алдындагы райондо ушул тармактардын дээрлик бардык жактарын башкарат. Аким тышкы иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин тармагын жана кээ бир тармактарды гана башкарбайт. Ички иштер министрлигинин райондук милициясын да башкарат (координациялайт). Райондо ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмү бар болуп анын башчысы офицердик наамы бар адам болсо да, аким мыйзам боюнча ошол райондун жарандык коргоонун башчысы болуп саналат жана ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушун мыкты түшүнүшү керек.

Мамлекеттик башкаруунун деӊгээлдеринин, анын ичинде райондук, облустук жана республикалык деӊгээлдин бардык этаптарын сөзсүз өтүү принциби, жогорку деӊгээлдеги сабаттуу башкаруучулардын калыптанышын камтыйт жана ошол этаптарды өтүп келген жогорку рангдагы ар бир башкаруучу ылдыйкы даражадагы башкаруу объектин айкын элестете алганда гана башкаруу чечимдерин сабаттуу иштеп чыгара алат (башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу деген ушундай илим бар). Ылдый жактарда иштебей белгилүү депутат болуп анан дароо премьер-министр болуп кеткен адамдын мамлекеттик башкаруу жумушу туура эмес болгонун практика көргөзүп жатат. Мисалы айыл ɵкмɵттɵрүнүн системасын билбеген премьер-министрлер айыл ɵкмɵкмɵттɵрүн туура эмес башкарып жатышат. Таӊ калбаӊыздар, премьер-министрдин республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик башкаруусун жер-жерлердеги айыл ɵкмɵттɵрү жана мэриялар жүзɵгɵ ашырышат.

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Тɵмɵндɵ жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына адистен баштап мэрдин жана айыл ɵкмɵтүнүн башчысына чейин муниципалдык кызматка квалификациялык талаптар таблица түрүндɵ иштелип чыккан. Бирок таблицаны бул жерде жарыялап жайгаштырганда ордунан жылып кетип ачылбай бузулуп калат экен. Ошон үчүн текст түрүндɵ чагылдырууга туура келди. Таблица болбой калганы үчүн тилекке каршы маалымат толук болбой калат жана бардык кызмат орундары чагылдырылбай калат. Бирок мындан мааниси анчейин бузулбайт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына адис кызмат ордуна:

Иш тажрыйбасына талаптар коюлбайт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына жетектɵɵчү адис кызмат ордуна:

Ошол эле муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта үч жылдан кем эмес (мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта стажы жок болсо).

Же мамлекеттик кызматта кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис же андан жогору кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына башкы адис кызмат ордуна:

Ошол эле муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта беш жылдан кем эмес.

Же мамлекеттик кызматта кызмат ордунун профили боюнча башкы адис же андан жогору кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына сектор жетекчиси, бөлүмдөгү сектор жетекчиси кызмат ордуна:

Ошол эле муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта жети жылдан кем эмес (мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта стажы жок болсо).

Же мамлекеттик кызматта кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси же андан жогору кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен сектор жетекчиси стажы жок болсо, ушул муниципалдык органдын сектор жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына бөлүм жетекчиси, мэрдин кеӊешчиси кызмат ордуна:

Ошол эле муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта он жылдан кем эмес (мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта стажы жок болсо).

Же мамлекеттик кызматта кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси же андан жогору кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен бөлүм жетекчиси стажы жок болсо, ушул муниципалдык органдын бөлүм жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына аппараттын жетекчиси, жооптуу катчы кызмат ордуна:

Ошол эле муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка муниципалдык органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же мамлекеттик кызматта аппараттын жетекчиси же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Эгерде кандидат иштеген мамлекеттик органда аппарат жетекчиси кызмат орду жок болсо, мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат ордунда же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Эгерде кандидат иштеген мамлекеттик органда жетекчинин орун басары кызмат орду жок болсо, мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидаттын, мамлекеттик кызматта аппараттын жетекчиси (мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, мамлекеттик органдын жетекчиси) стажы жок болсо, ушул муниципалдык органдын ушул кызмат орундарына киргенге жол берилбейт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына вице-мэр (шаар маанисиндеги мэрия), айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна:

Жогоруда аталган кызмат орундарында (аппарат жетекчиси, жооптуу катчы ж.б.) бир жылдан кем эмес.

Же аналогиялуу мамлекеттик кызмат орундарында бир жылдан кем эмес. А эгерде жарандын аналогиялуу мамлекеттик кызмат орундарында стажы жок болсо, бул муниципалдык органдын ушул кызмат орундарына киргенге жол берилбейт.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына вице-мэр (республикалык маанидеги шаардын мэриясы), мэриянын алдындагы райондук администрация башчысы кызмат ордуна:

Жогоруда аталган кызмат орундарында үч жылдан кем эмес же жогорудагы кызмат орундарына байланыштуу мамлекеттик кызмат орундарында үч жылдан кем эмес.

ШААРДЫК ЖАНА РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

1. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын адис кызмат ордуна – жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарында, башкача айтканда айыл ɵкмɵтүндɵ же мэрияда, же жергиликтүү кеӊештин аппаратында эӊ тɵмɵнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес. Же айылдык кеӊештин же шаардык кеӊештин депутаты болуп бир жылдан кем эмес.

Аргумент: райондон туруп жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарын башкарыш үчүн ошол жакта иштеп ошол жактын системасын түшүнүш керек. Кийин ɵсүп отуруп премьер-министр болуп ɵсүп чыкса, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарын башкарыш үчүн ошол жакта иштеп ошол жактын системасын түшүнүш керек.

2. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын жетектөчү адис кызмат ордуна – ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта үч жылдан кем эмес (мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта стажы жок болсо).

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

3. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын башкы адис кызмат ордуна – ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же тийиштүү кесиптик тармакта беш жылдан кем эмес (мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта стажы жок болсо).

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта тажрыйбасы жок жарандарга, бирок тийиштүү кесиптик тармакта канча жыл стажы болгонуна карабастан, сектор жетекчиси жана андан жогорку кызмат ордуна кирүүгө жол берилбейт.

4. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын сектор жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген муниципалдык органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен сектор жетекчиси тажрыйбасы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын сектор жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

5. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын бөлүм жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Эгерде ошол мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген муниципалдык органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен бөлүм жетекчиси стажы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын бөлүм жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

6. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордуна – ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Эгерде ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Эгерде ошол эле мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Аргумент: анткени кандидат ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда ырааты менен өстү. Ошон үчүн ал жерде сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, башкы адис кызматынан кийин дароо бөлүм башчысы кызмат ордуна барса болот.

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы же бөлүм башчысы кызмат ордунан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген муниципалдык органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болуп ошол себептен бөлүм башчысы стажы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

7. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз, ошондой эле башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Аргумент: анткени кандидат ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда ырааты менен өстү. Ошон үчүн ал жерде сектор жетекчиси жана бɵлүм башчысы кызмат орундары жок болсо да, башкы адис кызматынан кийин дароо жетекчинин орун басары кызмат ордуна барса болот.

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча муниципалдык органдын жетекчисинин орун басары же жетекчинин орун басары кызмат ордунан жогору турган кызмат ордунда үч жылдан кем эмес.

Эгерде кандидат өзү иштеген муниципалдык органда жетекчинин орун басары кызмат орду жок болуп ошол себептен жетекчинин орун басары стажы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын жетексинин орун басары кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

8. Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз, ошондой эле башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетекчинин орун басары кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда жетекчинин орун басары кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Аргумент: анткени кандидат ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда ырааты менен өстү. Ошон үчүн ал жерде сектор жетекчиси, бɵлүм башчысы жана жетекчинин орун басары кызмат орундары жок болсо да, башкы адис кызматынан кийин дароо жетекчинин кызмат ордуна барса болот.

Же муниципалдык кызматта кызмат ордунун профили боюнча муниципалдык органдын жетекчиси кызмат ордунда үч жылдан кем эмес.

Эгерде кандидаттын муниципалдык кызматта муниципалдык органдын жетекчиси кызмат ордунда стажы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын жетекси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

9. Аппараттын жетекчиси кызмат орду бар шаардык же райондук мамлекеттик органда:

Шаардык жана райондук мамлекеттик органдын аппарат жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Аргумент: анткени кандидат ошол эле өзү иштеп жаткан мамлекеттик органда ырааты менен өстү. Ошон үчүн ал жерде сектор жетекчиси, бɵлүм башчысы жана жетекчинин орун басары кызмат орундары жок болсо да, башкы адис кызматынан кийин дароо аппарат жетекчиси кызмат ордуна барса болот.

Же муниципалдык кызматта муниципалдык органдын аппарат жетекчиси (жооптуу катчы) же андан жогору турган кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча үч жылдан кем эмес.

Эгерде кандидат өзү иштеген муниципалдык органда аппарат жетекчиси (жооптуу катчы) кызмат орду жок болуп ошол себептен аппарат жетекчиси (жооптуу катчы) кызмат ордунда стажы жок болсо, шаардык жана райондук мамлекеттик органдын аппарат жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

ОБЛУСТУК ЖАНА РЕГИОНДОР АРАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Муниципалдык кызматтын адистик жана жетекчилик кызмат орундарында (айыл өкмөтүнүн башчысы же шаардын мэри болуп иштесе деле) иштеп бирок райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бир жыл стажы жана тажрыйбасы жок бардык жарандар олустук деӊгээлдеги мамлекеттик органга мамлекеттик кызматка киргенге жол берилбейт. Башкача айтканда облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда иштеш үчүн райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес иштеп келиш керек. Канчалык кɵп иштеп келсе, ошончолук жакшы.

1. Облустук мамлекеттик органдын адис кызмат орду – райондук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

2. Облустук мамлекеттик органдын жетектөөчү адис кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органда же башка облустук мамлекеттик органда адис кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда жетектөөчү адис же андан жогору турган кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес.

3. Облустук мамлекеттик органдын башкы адис кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органда же башка облустук мамлекеттик органда жетектөөчү адис кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда башкы же андан жогору турган кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес.

4. Облустук мамлекеттик органдын сектор жетекчиси кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органда же башка облустук мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда сектор жетекчиси же андан жогору турган кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген райондук мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен сектор жетекчиси кызмат ордунда стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын сектор жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

5. Облустук мамлекеттик органдын бөлүм жетекчиси кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда же башка облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Эгерде ошол эле облустук мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген райондук мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен бөлүм жетекчиси кызмат ордунда иштеген стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын бөлүм жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

6. Облустук мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда же башка облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Эгерде ошол эле облустук мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Эгерде ошол эле облустук мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген райондук мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болуп ошол себептен бөлүм башчысы кызмат ордунда иштеген стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордуна киргенге жол берилбейт.

7. Облустук мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектор жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетекчинин орун басары (же жетекчи болсо да болот) кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген райондук мамлекеттик органда жетекчинин орун басары кызмат орду жок болуп ошол себептен жетекчинин орун басары кызмат ордунда иштеген стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна киргенге жол берилбейт. Бирок райондук мамлекеттик органда «жетекчи» деген стажы бар болсо боло берет.

8. Облустук мамлекеттик органдын жетекчи кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетекчинин орун басары кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда жетекчинин орун басары кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүмдүн жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектордун жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектордун жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидаттын райондук мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордунда стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордуна жол берилбейт.

9. Аппараттын жетекчиси кызмат орду бар облустук мамлекеттик органда – ошол эле мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Же башка мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүм башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда бөлүм жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда бөлүмдүн жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда сектордун жетекчиси кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес. Эгерде ошол мамлекеттик органда сектордун жетекчиси кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органда башкы адис кызмат ордунда кызмат ордунун профилисиз үч жылдан кем эмес.

Же райондук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча аппараттын жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. А эгерде кандидат өзү иштеген райондук мамлекеттик органда аппараттын жетекчиси кызмат орду жок болуп ошол себептен аппараттын жетекчиси кызмат ордунда иштеген стажы жок болсо, облустук мамлекеттик органдын аппарат жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилбейт. Бирок райондук мамлекеттик органда аппараттын жетекчисинин кызмат ордунан жогору болгон кызмат орду боюнча стажы бар болсо, облустук мамлекеттик органдагы аппарат жетекчиси кызмат ордуна киргенге жол берилет.

РЕСПУБЛИКАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Республикалык мамлекеттик органдарга мамлекеттик кызматка кириш үчүн – облустук (региондор аралык) мамлекеттик органдарда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес стажы жана тажрыйбасы талап кылынат.

Облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органдарда баарын кошкондо үч жыл стажы жана тажрыйбасы жок жарандарга республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик кызматка киргенге жол берилбейт.

1. Республикалык мамлекеттик органдын адис кызмат ордуна – облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда же андан жогорку кызмат орундарында үч жылдан кем эмес.

2. Республикалык мамлекеттик органдын жетектөөчү адис кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда ар кандай деӊгээлдеги кызмат орундарында баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда же андан жогорку кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Комментарий: эгерде республикалык мамлекеттик органда такыр иштебеген адам республикалык мамлекеттик органдын адис кызмат ордунан аттап жетектөөчү адис кызмат ордуна дароо «секиргиси» келсе, жөнөкөйлөтүп айтканда ал облустук мамлекеттик органда жетектөөчү адис кызмат ордунда кызмат ордунун профили боюнча бир жылдан кем эмес иштеп келиши керек. Бирок бул жерде РЕГИОНАЛДЫК ЫРААТТУУЛУК ЖАНА МУРДАГЫ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНДАГЫ МӨӨНӨТТҮ САКТОО ПРИНЦИПТЕРИНЕН улам облустук мамлекеттик органда жалпысынан үч жылдан кем эмес иштеп келиши керек.

3. Республикалык мамлекеттик органдын башкы адис кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

4. Республикалык мамлекеттик органдын сектор жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкы адис кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

5. Республикалык мамлекеттик органдын бөлүм жетекчиси кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча сектор жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

6. Республикалык мамлекеттик органдын бөлүм башчысы кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм жетекчиси кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

7. Республикалык мамлекеттик органдын башкармалыктын башчысы кызмат ордуна – ошол эле мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда бир жылдан кем эмес. Же башка республикалык мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча бөлүм башчысы кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

Же облустук мамлекеттик органда баарын кошкондо үч жылдан кем эмес, анын ичинде облустук мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча башкармалыктын башчысы же андан жогору турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес.

8. Республикалык мамлекеттик органдын статс-катчы кызмат орду – ошол эле мамлекеттик органдын ар кандай башкармалыгынын башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же республикалык деӊгээлдеги башка мамлекеттик органда ушул статс-катчы кызмат орду менен кесиптик байланышы (кызмат ордунун профили) бар башкармалыктын башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес.

Эгерде ошол эле мамлекеттик органда башкармалыктын башчысы кызмат орду жок болсо, ошол эле мамлекеттик органдын ар кандай бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же башка республикалык деӊгээлдеги башка мамлекеттик органда ушул статс-катчы кызмат орду менен кесиптик байланышы (кызмат ордунун профили) бар бөлүмдүн башчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес.

ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТЫНЫН, ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН АППАРАТЫНЫН, ӨКМӨТТYН АППАРАТЫНЫН, ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН, ӨКМӨТТYН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН АРХИВИНИН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА

Президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, Президенттин иш башкармалыгынын, Өкмөттүн иш башкармалыгынын жана Президенттин Архивинин административдик мамлекеттик кызмат орундарына республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органда кызмат ордунун профили боюнча үч жылдан кем эмес иштеп келгендерге жол берилет.

Республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органда үч жыл стажы жана тажрыйбасы жок жарандарга, Президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, Президенттин иш башкармалыгынын, Өкмөттүн иш башкармалыгынын жана Президенттин Архивинин кызмат орундарына жол берилбейт.

Баштапкы кызмат орун – бул Президенттин аппаратынын, Жогорку Кеӊештин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, Президенттин иш башкармалыгынын, Өкмөттүн иш башкармалыгынын жана Президенттин Архивинин төмөнкү кызмат орду.

Тɵмɵндɵ таблица болуш керек болчу. Бирок таблица ачылбай калат экен. Таблицада Президенттин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик кызмат орундарынын реестри мисал катары пайдаланылып Президенттин аппаратындагы, Жогорку Кеӊештин аппаратындагы, Өкмөттүн аппаратындагы, Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгындагы, Жогорку Кеӊештин иш башкармалыгындагы жана Президенттин Архивиндеги кызмат орундары кенен чагылдырылган болчу (учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри Президенттин 30.08.2022-жылдын № 297 Жарлыгы менен бекитилген).

Эми, аталган таблицасыз ойду сɵз менен берип кɵрɵлү:

Президенттин аппаратынын, Жогорку Кеӊештин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, Президенттин иш башкармалыгынын, Өкмөттүн иш башкармалыгынын жана Президенттин Архивинин төмөнкү кызмат ордуна – республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органдарда кызмат ордунун профили боюнча үч жылдан кем эмес стажы бар адамдарга жол берилет.

Төмөнкү кызмат орундарынан жогору турган кызмат орундарына, андан төмөн турган кызмат ордунда бир жылдан кем эмес ишетегенден кийин жол берилет.

САЯСИЙ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАН АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА ӨТYY

Кыргыз Республикасынын Президентинин, учурдагы депутат же мурдагы депутаттардын, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, министрлердин жана алардын орун басарларынын, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын, административдик ведомстволордун жетекилеринин жана алардын орун басарларынын, губернаторлордун, акимдердин жана алардын орун басарларынын административдик мамлекеттик кызматка кирүү учурлары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынып жогоруда аталган саясий мамлекеттик кызматкерлер административдик мамлекеттик кызматтын жогорку, башкы, улук кызмат орундарына барышы үчүн мамлекеттик кызмат стажы талап кылынышы зарыл.

©Аргумент:Жогорку Кеӊештин депутатынын кызмат ордунун абройлуулук фактору, Жогорку Кеӊештин депутатынын кызмат ордунун элиталык фактору, Жогорку Кеӊештин депутатынын белгилүүлүк фактору, эгерде депутат мурда мамлекеттик кызматта иштебесе жана тийиштүү кесиптик тармакта тажрыйбасы жок болсо, административдик мамлекеттик кызмат орундарына өтүүгө өзгөчө укуктар жана жеӊилдиктер берилбеши керек.

Аталган аргумент жогоруда тизмектелген Президенттен баштап акимдин орун басарына чейинки саясий мамлекеттик кызмат орундарына да тийиштүү болушу керек (учурда акимдин орун басары кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат болбой, административдик мамлекеттик кызмат деп аталып калган, бирок кеп анда эмес).

Идеалдуу алганда, адам райондук мамлекеттик администрацияда акимдин орун басары кызмат ордунан бир тепкич ылдый турган аппараттын жетекчиси кызмат ордуна өсүп жетип анан гана акимдин орун басары же аким болсо деген идея сунушталат.

Идеалдуу алганда, адам, министрликте жогорку административдик мамлекеттик кызмат болуп саналган статс-катчылыкка (учурда статс-катчы кызматы жоюлган) жетип анан гана андан жогору турган министр же министрдин орун басары кызмат ордуна баруусу сунушталат.

Бул мамлекеттин кадр саясатын алда канча шайкеш өнүктүрүүгө алып келмек.

САЯСИЙ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА САЯСИЙ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРГА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна

Мурда мамлекеттик органдарда иштеген стаж жана тажрыйбасы талап кылынбайт, анткени мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында стажы жана тажрыйбасы жок болсо, бирок айкын улуттук лидерлик жана харизмалык сапаттары бар болсо, мындай сейрек кездешчү кандидатты колдон чыгарбай нукура башкаруучулук сапаттарын карап көрүш керек.

Бирок президенттикке катышкан кандидаттардын шарты, башкача айтканда деӊгээлдеринин көрсөткүчтөрү теӊ болуп калса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында стажы жана тажрыйбасы бар кандидатка артыкчылык берилет.

Премьер-министр кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында он жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчиси гана кызмат орду же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчиси гана кызмат орду кирет. Орун басарлык кызмат орундары жарабайт.

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы стажын кошкондо он жылдан кем эмес, анын ичинде губернатор кызмат ордунда же министр (мамлекеттик комитеттин төрагасы, административдик ведомстволордун жетекчиси) кызмат ордунда бир жылдан кем эмес, республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, жана сөзсүз айыл өкмөтүндө эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

3) Премьер-министрдин кызмат ордуна Өкмөттүн аппаратынын жетекчисине да, эгерде жогорудагы 2-пункттагы шарттарга жооп берсе, жол берилет.

Айыл өкмөтүндө иштегенге аргумент:

Өкмөттүн мамлекеттик башкаруу жаатында иштегенинин сабаты жана сапаты айыл өкмөтүнүн кызматкеринин көзү менен караганда рентген сүрөтүндөгүдөй ачык-айкын көрүнүп турат. Өкмөттүн аппаратында иштегендер, айрыкча Премьер-министр айыл өкмөтүндөгү тутумду, андагы иш мүнөзүн канчалык элестетип түшүнүп-билерин айыл өкмөтүнүн кызматкери көрүп-билип аларга баа бере алат. Демек, Премьер-министрдин тажрыйбасы жок Өкмөт, өзү билип-билбей, аӊдап байкай бербей «облустук мамлекеттик администрация-райондук мамлекеттик администрация-айыл өкмөттөрү» багытында практикалык зарылчылыгы жок сан жеткис көрсөтмө-каттарды жаадырып түшүрө берет. Ошондой эле сан жеткис отчёттор менен айыл өкмөттөрүнүн иш жүктөмүн көбөйтүп, анысы аз келгенсип, улам отчёттордун жаӊы түрлөрүн ойлоп чыгарышып алардын мезгил-мезгили менен тез тез тапшырылып турушун талап кылышат. Ошону менен бирге облустук мамлекеттик администрациянын, райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин ишин кагаз иштери менен чектен ашыра көбөйтүп, иш бөлмөсүнөн чыккыс чиновник-бюрократтарга айландырып, практика жүзүндө чарбалык иштер менен кесиптик денгээлде жетишерлик сапатта алектенүүсүнөн алагды кылып турушат.

Ошондой эле Өкмөттүн деӊгээлиндеги чечим менен айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларынын функционалдык милдеттери чектен ашырылып кеӊейтилип аталган кызмат орун «абактык-каторгалык» (тюремно-каторжная) кызмат ордуна айланган. Мисалы, айыл өкмөтүндө статист (экономист-статист) кызмат орду бар болсо да, статистикалык «Айыл» программасын жооптуу катчынын мойнуна жүктөшкөн. Бул ойлонулбай кабыл алынган саясаттын натыйжасында бүткүл республика боюнча бир да жооптуу катчы орточо эсеп менен алганда он миӊ жашоочусу бар айыл аймагынын ар бир жашоочусунун аты-жөнүн өзгөртүү, паспорту катталган, каттодон чыгарылган, нике кыйдырган, никесин жойгон, төрөлдү, өлдү, улуту, мектепте окуйбу, жождо окуйбу, паспортунун санариптик көрсөткүчтөрү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн маалыматтары, унаасы барбы, бар болсо канча санда, кимдин атына катталган, айыл чарба техникасы барбы, анын маркасы, уйлары, койлору, чочколору, жылкылары, мышыктары, өрдөктөрү, каздары, тооктору, жер тилкесинин аянты жана ушул сыяктуу көптөгөн маалыматтарды, ал ар бир маалымат өзгөрүп турган сайын күндө элеткрондук статистикалык «Айыл» программасына киргизип турганга үлгүрбөй келет. Ал эми маалыматтар күндө өзгөрүп турат, демек күндө керээли кечке ошол программада отурушу керек. А эгерде керээли кечке ошол программада отурса, башка бардык жумуштары токтоп калат.

Эске сала кетчү нерсе, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы «Айыл» программасында иштегенден тышкары каалганын артында кезекте турган он-он беш-жыйырма адамга жашагандыгы тууралуу маалымкат (справка), өкүлдөнүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында ЖААКтын (ЗАГС) иштерин аткарыш үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы, өлгөндүгү, аталыгын аныктоо күбөлүктөрүн, нотариустун иши боюнча ишеним каттарды, мураскерлик документтерин жазып берүү сыяктуу иштер да мойнуна жүктөлгөн. Дагы тактап коёлу, ушул документтерди алабыз деп келген айыл жашоочуларынын каалганын артында узун кезеги турушу түшүнүктүү. Ошондой эле жооптуу катчынын мойнуна Өкмөттүн сан жеткис каттары, отчёттору, кадр иштери, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарлык милдеттери да жүктөлгөн. А Премьер-министрлер болсо ушуну менен чейрек кылымдан бери бул көйгөйлөрдү билишпейт, себеби мурда мамлекеттик башкаруунун төмөнкү деӊгээли болгон муниципалдык кызматтарда иштебегендиги айтпаса да түшүнүктүү болуп турат жана айыл өкмөттөрүнүн ишмердигин рационалдаштырууга дегеле акылдары жетпейт.

Губернатор кызмат ордунда иштөө талабына аргумент: Премьер-министр республикалык масштабда мамлекеттик башкаруудан алдын адегенде облустук масштабда мамлекеттик башкарууга үйрөнүп алышы керек.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: КРнын Конституциясына ыктымалдуу, бирок Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» жөнүндөгү мыйзамга сөзсүз түрдө.

Вице-премьер-министрлер кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында он жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчисинин орун басары гана (андан төмөн эмес) кызмат орду, же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчисинин орун басары гана (андан төмөн эмес) кызмат орду кирет.

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы стажын кошкондо он жылдан кем эмес, анын ичинде губернатордун орун басары же министрдин (мамлекеттик комитеттин төрагасынын, административдик ведомстволордун жетекчисинин) орун басары кызмат ордунда бир жылдан кем эмес, республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес, жана сөзсүз айыл өкмөтүндө эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

3) Вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Өкмөттүн аппаратынын жетекчисине да, эгерде жогорудагы 2-пункттагы шарттарга жооп берсе жол берилет.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: КРнын Конституциясына ыктымалдуу, бирок Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» жөнүндөгү мыйзамга сөзсүз түрдө.

Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана административдик ведомствонун жетекчиси кызмат ордуна.

1) Жетекчилик кызмат орундарында жети жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчиси гана кызмат орду же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчиси гана кызмат орду кирет. Орун басарлык кызмат орундары жарабайт.

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик кызматта же мамлекеттик кызмат менен муниципалдык кызматты кошкондо тийиштүү кесиптик тармакта жети жылдан кем эмес.

3) Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасы жана административдик ведомствонун жетекчиси кызмат ордуна, даярдыгы жок сырттан алгандан көрө, бир жылдан кем эмес алардын орун басарларына, анын ичинде статс-катчыга жол берилет (балким ал орун басар облустук жана райондук деӊгээлдеги кызматта иштегенден кийин өмүр бою ушул министрликте өскөндүр. Бул жакшы эмеспи).

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана административдик ведомствонун жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында жети жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчисини орун басары гана (андан төмөн эмес) кызмат орду же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчисинин орун басары гана (андан төмөн эмес) кызмат орду кирет.

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик кызматта же мамлекеттик кызмат менен муниципалдык кызматты кошкондо тийиштүү кесиптик тармакта жети жылдан кем эмес.

3) Министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана административдк ведомствонун жетекчисинин орун басары кызмат ордуна, даярдыгы жок сырттан алгандан көрө, бир жылдан кем эмес ошол министрликте (ошол мамлекеттик комитетте, ошол административдик ведомстводо) башкармалыктын башчысы (начальник управления) кызмат ордунда бир жылдан кем иштегендерге жетекчилик кызмат орундарында стажы талап кылынбай жол берилет (балким ал башкармалыктын башчысы облустук жана райондук деӊгээлдеги кызматта иштегенден кийин өмүр бою ушул министрликте өскөндүр. Бул жакшы эмеспи).

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Губернатор кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында жети жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчилик кызмат орундары (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси) же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчилик кызмат орундары кирет (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси).

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты кошкондо жети жылдан кем эмес, анын ичинде бир жылдан кем эмес райондун акими кызмат ордунда жана айыл өкмөтүндө эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

3) Губернатор кызмат ордуна, сырттан даярдыгы жок адамды алгандын ордуна бир жылдан кем эмес губернатордун орун басары болуп ишетегендерге эӊ жакшы иш билгилер катары жол берсе болот.

Айыл өкмөтүндө иштегенге аргумент:

Жогоруда чагылдырылган көйгөйлөргө байланыштуу.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Губернатордун орун басары кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында жети жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын же муниципалдык органдын жетекчилик кызмат орундары (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси) же мамлекеттик эмес мекеме, уюм жана ишкананын жетекчилик кызмат орундары кирет (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси).

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты кошкондо жети жылдан кем эмес, анын ичинде бир жылдан кем эмес райондун акиминин орун басары кызмат ордунда жана айыл өкмөтүндө эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

Айыл өкмөтүндө иштегенге аргумент:

Жогоруда чагылдырылган көйгөйлөргө байланыштуу.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Райондун акими кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын жетекчилик кызмат орундары же муниципалдык органдын жетекчилик кызмат орундары (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси) же мамлекеттик эмес мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардардын жетекчилик кызмат орундары кирет (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси).

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты кошкондо беш жылдан кем эмес, анын ичинде айыл өкмөтүндө жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

3) Акимдин кызмат ордуна, сырттан даярдыгы жок адамды алгандын ордуна бир жылдан кем эмес акимдин орун басары болуп ишетегендерге эӊ жакшы иш билгилер катары жол берсе болот.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Райондун акиминин орун басары кызмат ордуна

1) Жетекчилик кызмат орундарында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат орундарына мамлекеттик органдын жетекчилик кызмат орундары же муниципалдык органдын жетекчилик кызмат орундары (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси) же мамлекеттик эмес мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардардын жетекчилик кызмат орундары кирет (жетекчи же орун басары, же башкармалыктын башчысы, же бөлүм башчысы, же бөлүм жетекчиси, же сектор жетекчиси).

Жогоруда жетекчилик стажына талап тууралуу жазылды. Ошону менен бирге жана да сөзсүз:

2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты кошкондо беш жылдан кем эмес, анын ичинде айыл өкмөтүндө жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да бир жылдан кем эмес.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна

Жетекчилик кызмат орундарында үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат ордунун иш тажрыйбасына айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же экөөн кошкондо үч жылдан кем эмес. Же мэрдин же вице-мэрдин кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же мэрдин жана вице-мэрдин кызмат стаждарын кошкондо үч жылдан кем эмес. Же шаардык маанидеги (шаардын ичиндеги) райондун акими же анын орун басары кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же экɵɵн кошкондо үч жылдан кем эмес. Же мэриянын аппаратынын жетекчиси кызмат ордунда үч жылдан кем эмес.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Шаардык маанидеги (шаардын ичиндеги) шаардын мэринин кызмат ордуна

Жетекчилик кызмат орундарында үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Жетекчилик кызмат ордунун иш тажрыйбасына айыл өкмөтүнүн башчысы, же айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы же үчɵɵн кошкондо үч жылдан кем эмес. Же вице-мэр кызмат ордунда, же шаардык маанидеги райондун акими кызмат ордунда үч жылдан кем эмес. Же экөөн кошкондо үч жылдан кем эмес.

Иш жүзүнө ашыруунун укуктук усулу: «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга киргизүү жолу менен.

Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэри жана мэри кызмат орундарына концепциянын башка бɵлүмүндɵ.

Улан Дуйшеналы, мамлекеттик башкаруунун адиси. Орус адабиятынын Эл аралык Академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Звёздный факел» («Жылдыз шаманасы») аттуу илимий-фантастикалык романы үчүн «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалистинин Дипломунун жана «Созвездие пирамиды» («Пирамида топ жылдызы») аттуу илимий-фантастикалык аӊгемеси үчүн Интернационалдык жазуучулар Союзу (Москва) жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союузунун биргелешкен Дипломунун ээси, кыргыз жана орус тилдеринде жазган прозачы-фантаст, концептолог.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
757

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
575

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
562

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1103

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
462

10-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 1-бөлүк
539

11-12-2023
Как Чингиз Айтматов над моей фамилией пошутил
663

06-12-2023
Чынчыл болуу. Мамлекеттик кызматтагы кошоматчылыкты жоюу
733

05-12-2023
Эки адамдын урушуусунун, мындайча айтканда улуттук маданияты
651

04-12-2023
Тоюңузда акча алганыңыз – ичип-жегениӊ үчүн «төлө» деп «доолаганыӊыз»
964

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×