XXI кылымдын эң башында эле Кыргызстан эки чоң саясий, социалдык-экономикалык окуя, чыныгы элдик революцияларды баштан кечирди. Албетте айрыкча чоң өзгөрүүлөргө Апрель революциясы тиешелүү шарттарды түзгөн. 2010-жылдын 7-апрелинде кыргызстандыктар Эркиндикти жана Адилеттикти туу тутаарын жалпы дүйнөгө ачык көрсөттү!
Кыргызстанда экинчи жолу - Апрель революциясынын келип чыгышына ошол кездеги беш жыл аралыгында калың катмар эл бакиевдик үй-бүлөнүн, анын бир туугандары жана жан-жөкөрлөрүнүн элдин башынан "төө матек" алып, салыктардын баардык түрүн жогорулатып, электр энергиясын кымбат-таткандыгы аз келгенсип, өлкөдөгү аздап болсо да иштеп жаткан завод, фабрикаларды, экономика тармактарын менчиктеп, четинен басып алып жаткандыгы элдин кыжырын келтирген. Ансыз деле акаевдик режимден алсызданып турган Кыргызстан Эл аралык иликтөөлөр боюнча, 2009-жылы республикабыз КМШдагы эле эмес, дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирип, калктын 32%ы жакырчылыкта калган, эл арасында жумушсуздук күчөгөн.[1] Андан да кыжырдантканы расмий бийликтегилер оппозициядагыларга катуу кысым көрсөтө башташкан. Ошондуктан ушундай абалды эске алып саясий оппозицияда турган кучтер биригүүгө, бийликке каршы чара көрүүгө өтүшкөн. Натыйжада революциянын алдыңкы күндөрү бир катар оппозиция лидерлери камакка алынып, аларда өз кезегинде бүтүн Кыргызстан боюнча чыккан жалпы элдик толкундоолор, расмий бийликтерге карата көрсөтүлгөн саясий кысымдар, талаптар эркиндикке алып чыккан.
Апрель революциясынын негизги себептери төмөнкүлөр болду:
- экинчи президент К.Бакиев үй-бүлөлүк диктатураны, мамлекетти үй-бүлө, бир туугандары менен башкарууну токтотмок турсун, кайра аны күчөттү;
- бийликтин баардык бутактары биротоло коорупцияланып, авторитардык режимге айланып кеткен эле; [2]
- ЦАРИ деген агенттикти түзүмүш болуп Максим Бакиевдин иш жүзүндө Кыргызстандын баш министр болуп алганы элди кыжырдантты;
- Д.Үсөнов премьер-министр болгону менен, экономиканын эң пайдалуу жактарын Максимдин колуна өткөрүп бергени, ошон үчүн элде «Айдар жокто Максим бар, Айран жокто максым бар» деген кеп айтылып калган. Анткени Акаев качып кеткенде, Айдар колго алып келген мекемелердин баардыгын Максим өз колуна алып калган.
- Бакиевдин башка балдары, көптөгөн инилеринин түздөн-түз эле борбордук жана жергиликтүү бийлик маселелерине активдүү кириши. Иш жүзүндө ар бир чөлкөмдү тигил же бул иниси, тармакты тигил же бул баласы тейлеп калган;
- өлкөдөгү баарждык кирешелүү мамлекеттик, стратегиялык маанидеги ишканалардын бакиевдердин кланына өтүшү;
- көп кирешелүү экономикалык тармакатрдын каржылык абалына ачыктан ачык эле киришип, өз менчиктериндей колдонууга өтүшү;
- ошол кездеги расмий бийликтердин тушунда таза шайлоолор болбошуна элдин көзү жетип, шайлоо жолу менен бийлик өзгөрөт деген үмүт өчкөн;
- жогорудагыдай терс көрүнүштөр акыркы жолу 2010-жылдын 17-мартында бириккен оппозициянын 12 миңдей киши катышкан Форумда өткөн чоң курултайында ачык айтылып, ошол учурдагы бийликке, бир ай мөөнөт берилгенине карабай президент К. Бакиев кырдаалды оңдоого, балдарын, бир туугандарын тыюга кудурети жетпеди же каалабады. Белгиленгендегидей терс көрүнүштөр Кыргызстан элинин кыжырдануусун четки чекке жеткизген. Кыргызстандыктардын 90-95% Бакиевдерди жек көрүп калганы кабарланса да, тилекке каршы президент К. Бакиев мындай жагдайларга көңүл бурбады.
Натыйжада элдин наразылыгы күчөп, революцияга кайрадан чыгууга мажбур кылды, ошол 2010-жылы Апрель революциясы болду. 2010-жылдын Апрель революциясынын тарыхый хроникасы төмөнкүдөй болгон:
5-апрель Таласта элдин нааразылыгы күчөп митингдер башталды. Эл менен сүйлөшүүгө Бишкектен А. Жапаров, Б. Шерниязов, И. Айдаралиев эл менен сүйлөшүүгө, тынчтык жолу менен маселени чечүү үчүн Талас ИИБ келишкен. Тилекке каршы премьер-министр Д. Үсөнөвдун буйругу менен чогулган эл күч колдонуу менен таркатылган.
6-апрелде эл Талас шаарынын борборун топтолуп, элдик курултай тууралуу сөз болду. Талас облусунун губернаторун эл барымтага алды. Анткени саат 14.00 Бишкектен 2 самолет, 4 вертолет менен ИИМ куралдуу отряддары учуп келгенден кийин губернатор кайрадан Д. Үсөнөв менен сүйлөшүп, эл менен эч кандай сүйлөшүү болбосун, митингдин таркашын талап кылды. Ошол эле күнү ИИБ күчтөрү түтүн чыгаруучу шашкаларды, көздөн жаш чыгаруучу колдонуп, резина октор менен элди ата баштады. Б. Шерниязов элди ИИБ штурмалдоого чакырды, прокурор ага эскертүү жарыялады. Таласта бийлик эл менен кагылшууга даярдана баштады. Бир катар оппозиция лидерлери камакка алына баштады - Таласта Б. Шерниязов, Ошто - Д.Чотонов, А.Артыков, Бишкекте - Ө. Текебаев, Э. Каптагаев, Т. Мадылбеков, К. Дүйшөбаев, А. Эркебаев кармап УКК жертөлөсүнө камашса, А. Атамбаевди кармоого аракет кылышты.
7-апрель А. Атамбаев, Т. Сариев, Г. Скрипкина, Э. Ибраимова камакка алынды. Алайда И. Исаковдун коргоо комитетинин мүчөлөрү камалды. Таласка ошол түнү дагы 4 автобус ИИБ кызматкерлери, аскер күчтөрү келди. Таластын борбордук аянтына 20 миңден ашык киши чоглуду. Эл курултай өткөрүүгө шарт түзүүнү талап кылышты. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда эл чогула баштады. Д. Үсөнөв Таластагы баш-аламандыкта олластык администрация талкаланды деп билдирди. Токмокто Чүй обладминистрациясын басып алышты. Нарында элдик губернатор шайланды. Эрте менен саат тогуздар чамасында «Форумда» эл чогулуп, расмий бийликтерге нааразычылыктарын айта баштаган. [3] Бишкекте «Форумда» кагылышуу болуп, ага күч колдонулду жана кагылышууда эл милиция кызматкерлерини н куралдарын тартып алышты. А. Алымкулов, У. Момуналиев, А. Койчиев баштаган 3 миңден ашуун адам Чүй проспектиси менен Өкмөт үйүн көздөй бет алды. «КСДП», «Ата Мекен», «Ак шумкар» партияларынын активисттери миңдеген адамдар менен Аки үйдү көздөй бет алды. Наарзы болгон эл УКК имаратын курчап алды. УКК имаратынан элди карай ок атылды. Абактагы оппозиция лидерлери бошотулганын Т. Сариев, милициянын эл тарапка өткөнүн М. Конгантиев билдирди. Улуттук биринчи каналдан оппозиция өкүлдөрү чыга башташты. Жогорку Кеңеш тонолду, Генералдык прокуратура өрттөлдү. К. Бакиев Ак үйдөн чыгып кетти. Ак кайрадан штурмалоо жолу менен элдин колуна өттү.
Элдик курултайдын Аткаруу комитети мамлекеттеги жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Элдик курултайдын Борбордук Аткаруу комитетинин төрайымы болуп Р. Отунбаева шайланды. И. Исаков абактан бошотулду. Бишкектин ири соода борборлорун талап-тоноо башталды. Ошол күнү 60 адам каза болгону маалым болду. Бийлик Убактылуу Өкмөттүн колуна өтүп, ал Өкмөт №1 Декретин жарыялады.
Кошумчалай кетчү жагдай дал ошол 7-апрель күнү эрте менен милициянын «Альфа» тобу жана атайын бөлүмү, МКК «Арстан» тобу менен элдин ортосундагы кагылышуу «Форум» имаратында башталып, анан Ала-Тоо аянтына жылган. Саат 11.00 алгачкы ок атуулар болуп, биринчи курмандыктарды эл көрдү. [4] Күтүүсүздөн колдордо куралдар пайда болгон. Көрсө алар ошол эртең мененки кагылышууда 14 автомат, 13 пистолет, «Драгунов» снайпердик мылтыкык, 8 кол гранатасын. «Аглень» жана «Муха» гранатометторун, «Заря» аттуу 100 согуштук жана 20 үн чыгаруучу гранаталарды, 15.000 ашык патронду «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышкан экен. [5]
Бекеринен ошол күнү Ө. Текебевдин сөзү менен айтканда «… бийлик толугу менен курамы 14 кишиден турган Убактылуу өкмөткө өттү. Эми биз өкмөт, биз парламент, биз президент болобуз. Оба бул абдан татаал, жаман маселе. Бирок башкача чечими жок…».[6]
Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р. Отунбаева, биринчи орун басары А. Атамбаев, орун басарлары Ө. Текебаев, Т. Сариев, А. Бекназаров, коргоо министри И. Исаков, УМКК төрагасы К. Дуйшебаев, ички иштер министри Б. Шерниязов болуп дайындалышты. [7] Булар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Р.И. Отубаева 2010-жылдын 7-апрелинде атайын жарлыгын чыгарган. Анда: «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн: биринчи орун басары А.Ш. Атамбаев, орун басары А. Бекназаров, орун басары Т.А. Сариев – каржы министри, орун басары Ө.Ч. Текебаев дайындалсын»[8] - деп айтылган. Башка жарлыгы менен Коргоо министри И. Исаков, Ички иштер миниистри Б. Шерниязов, МУКК төрагасы К. Дуйшебаев, Президенттин аппарат башчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп Э. Каптагаев дайындалган. [9] Дал ушулар ат көтөргүс оор жүктү аркалап, кыйын-кезең ашууда кыргыз элин, мамлекетин бөлүп, жаруудан сактап калышты. Дагы бир чоң жаңылык Мамлекеттик коргоо кызматы (СГО – авт.) жоюлганы болуп калды. [10]
Оштогу 6-7-апрель күндөрүнө өзүнчө токтоло кетүү абзел. Ошол 87 адамдын өмүрүн алган революция күндөрү Ош шаарында жана областта да толкундоолор, митингдер жана расмий бийликтерге каршылыктар күчөгөн. Борбордогудай же башка чөлкөмдөрдөгүдөй эле 6-7-апрель күндөрү Ош шаарында да КСДПнын бир топ активисттерин ички иштер башкармалыгынын, УКК кызматкерлери катуу көзөзмөлгө алып, айрымдарын кармап камап, шаардык милицияга алып кетишти. 7-апрель күнүн Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Ошко келди. Ал Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунда революциялык комитет түздү. Ошол эле күнү өлкөдө коопсуздукту камсыздоо, кан төгүлүүсүнө жана талап-тоноолорго жол бербөө учун бир катар иш-чараларды уюштуруу, аткаруу боюнча чечимдер кабыл алынып, талап-тоноолорго жана чагымчылдыкка жол бербөө үчүн элдик кошуундар түзүлдү. Анткени революциянын женишин сактап калуу керек эле. Ошентсе да 15-апрель күнү Ош шарынын борбордук аянтына он миңге жакын адам катышкан Элдик курултай өткөрүлдү. Ошол күнү Курултай бүтөрдө К.Бакиевди колдогон адамдар микроавтобустар менен областтык мамлекеттик администрациянын алдындагы аянтка кирип келишти. Аларды курултайга чогулгандар автобустардан түшүрбөстөн кууп чыгышты. Бирок, бул аянттан кулатылган президенттин жактоочулары куулгандан кийин, улуттук драма театрынын алдына барып митинг өткөрүүгө аракет кылышты Курултайга келгендер ошол жакка сүрүлүп барышты. К. Бакиев драмтеатрдын алдына коюлган трибунага чыгып сүйлөй баштаган экен. Бирок ал жерде тургандар да анын сөзүн укпастан, көңүл бурбастан "Бакиев, кет! Кет!" - деп кыйкырып жатышты. "Кет! Кет!" - деген кыйкырыктар улам күчөп, акыры борбордук аянт тараптан келаткан элдин сүрүнөн алдастаган коргоочулары жана жан-жөкөрлөрү К. Бакиевди колтуктан алып жетелеген боюнча качышты. Коргоочулары жөн качышпастан автоматтардан, карабиндерден асманга, жерге карай ок жаадырышып, чон жолго коюшкан ок өтпөс машиналарына отуруп качышты.
Мына ошондон кийин ал Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болду. Эгерде 15-апрель күнү оштуктар К. Бакиевди кабыл алганда, ал шаардык мэрияга же облустук мамлекеттик администрацияга отуруп алып кетпей коймок. "Мен аракеттеги президентмин" деп отура бермек, анан бийлик талашып түндүк-түштүк болуп согушуп жатып калышыбыз толук мүмкүн эле. [11]
8-апрель Ак үй толугу менен алынды. Р. Отунбаева жетектеп, курамына А. Атамбаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, И. Өмүркулов ж.б. кирген Убактылуу Өкмөт өз ишин баштады. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде элдик губернаторлор шайланды. В. Путин менен Р. Отунбаеванын сүйлөшүүсү болду. Коогалаңда каза болгондордун саны 68 жетти. Чөлкөмдөрдө абал тынчый баштады.
10-апрель Ата бейит комплексинде Апрел революциясында курман болгондордун сөөгү жерге берилди. Ал күнү ошол «… Апрель революциясынын баатырларына таазим этип, аларга түбөлүк даңк!» - деп президент Р. Отунбаева айтса, премьер-министр А.Ш. Атамбаев «… Элдин жаркын ккелечеги үчүн өлүмдөн жалтанбай чыккан жигиттер баатырларча курман болушту. Алар мамлекетти сактап калуу менен бирге демократияга карай жол ачып кетишти…» деп баса белгилеген. Ал эми Жогорку кеңештин төрагасы А. Келдибеков: « … 7-апрель өлкөнүн соңку жаңы тарыхында демократия жолуна түшкөн жаңы Кыргызстандын түптөлүү күнү, улуу бурулуш учуру катары кала берет. Ушундай баатырларды тарбиялаган ата-энелерге миң мертебе алкыш айтып, башты ийип таазим кылабыз..» - деген жалындуу сөздөрдү айтышкан. [12]
11-апрель К.Бакиев өзүнүн туулган айылы Тейитте жыйын өткөрдү.
14-апрель Мосвада Убактылуу Өкмөттүн жетекчисинин орун басары А. Атамбаев менен Россия премьер-министри В.В. Путиндин сүйлөшүүсү болду. Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү маселеси каралды. Дагы 2 адамдын сөөгү Ата бейитке коюлду.
15-апрель Ошто Убактылуу Өкмөттү колдоо митинги болду. Ошко келген К. Бакиевди кууп жиберишти. Драмтеатрда К. Бакиевке кол салу болуп, ал белгисиз тарапка качууга мажбур болду. Кечинде К. Бакиев Жалал-Абадга келген казахстандын самолету менен качып кетти.
16-апрель Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлү, Казахстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Б. Исабаев, Р. Отунбаевага К. Бакиевдин Президент катары расмий ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу арызын тапшырышты. «Казинформ»т мамлекеттии информациялык агентствосу К. Бакиевдин отставкага кетүү жөнүндөгү арызынын кол жазмасынын көчүрмөсүн жарыялады.
Ошентип К. Бакиевдин режими Апрель революциясынын натыйжасында кулады. Бирок ал мурдагы президенттей жөн эле качып кетпестен бир убакта өзү «Ак үйдү автомат менен коргоймун» - деп айткандай куралсыз элге ок жаадырып коргоду. Өз бийлигин бергиси келбей жан талашты. Анын натыйжасында токсонго жакын азамат курман болду. [13]
Эми ошол Апрель революциясында жабыркагандар, курман болгондор жана медициналык жардам көрсөтүлгөндөр жөнүндө кээ бир маалымататрга көңүл бурсак. Кыргыз Республикасынын ошо күндөрдөгү маалымаатры боюнча 2010-ж. 6-8-апрелдеринде өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо мекемелерине ар кандай жарааттар менен баардыгы болуп 1621 адам кайрылган. Албетте алардын дээрлик көпчүлүгү атуулдар, азыраагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Жабыркагандар төмөнкү жактарга кайрылышкан:
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрилигинин Улуттук госпиталына 228 жабырлануучу кайрылып, алардын 115 жаткырылып, 21 курман болгон.
Улуттук хирургиялык борборго 115 адам кайрылып, алардын 55 жаткырылган, 9 адам курман болгон.
Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 233 адам кайрылып, алардын 138 жаткырылып, 4 курман болгон.
Бишкек шаардык №1 клиникалык орруканага 70 адам кайрылып, алардын 30 жаткырылды, 5 курман болду.
Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына 52 адам кайрылып, алардын 27 жаткырылды, 2 курман болду.
Шаардык №6 ооруканага 2 адам кайрылып экөө тең жаткырылган.
Энени жана балдарды коргоо улуттук борборуна 20 жабырлануучу кайрылып, баары жаткырылды. Курман болгондор жок.
Темир жол ооруканасына 26 жабырлануучу кайрылып, 17 адам жаткырылды. Курман болгондор жок.
Бишкек тез жардам станциялары тарабынан 319 адам тейленди, шаардык травматология пунктуна 13, кошумча медициналык пунктка 8 адам кайрылып жардам алган.
Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 41 адам кайрылып, жардам алышкан.
Чүй областынын медициналык мекемелерине 125 адам кайрылып, 62 жаткырылды.
Нарын областында 10 адам жаткырылды.
Таласта 172 адам медициналык жардамга кайрылып, алардын 66 жаткырылды.
Ошто областтар аралык ооруканага 4 кайрылып, 2 жаткырылды.
2010-жылдын 14-апрелине республикалык судмедэкспертиза бюросуна ар кандай жарааттардан каза болгон 84 адамдын сөөгү түшкөн, алардын 2 тааныла элек болгон.
Республикалык кан борборуна 7-14-апрелде жараат алагандарга жардам иретинде 2549 адам кан тапшырган. [14]
2010-жылдаагы Апрель революциясы азыркы кыргыз элинин өз азаттыгы, эркиндиги, адилеттүүлүк үчүн күрөшү болуп калды. 7-апрелде кырчындай өмүрлөр кыйылып, өз элинин келечеги үчүн кыргыздын чыгаан уулдары курман болушту. Албетте алардын ар бири өз элинин баатырлары болушту, ар биринин ысымдары эл жүрөгүндө, мамлекет тарыхында түбөлүккө сакталаары талашсыз. Апрель күндөрү кыргыз эли, анын татыктуу уул-кыздары бир адамдын, үй-бүлөнүн бийлиги менен байлыгына куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтө алышты. Бул революция күндөрү кыргыз тарыхынын жаңы барактарын ачып, жаңы тарых барактарын баштап берди.
Жогорудагыларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Президент А.Ш. Атамбаев 2011-ж. 17-ноябрында кол койгон атайын мыйзамда:
«1. Өз Ата Мекенин алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берилгендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз рсепубликасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин…» - деп айтылган. [15]
Эске ала турган дагы бир жагдай, президенттин жарлыгына чейин бул маселе Жогорку Кеңештин атайын жыйынында депутаттар И. Исаков, Г. Жамгырчиева, М. Сабировдор тарабынан 7-апрель Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин деген сунушту, колдоп Жогорку Кеңеш атайын токтомун чыгарган. [16] Ошондон бери 7-апрель расмий түрдө эскерүү, майрам күнү катары белгиленип келүүдө. Бул жакшы жөрөлгө экенин белгилей кетүү абзел.
Апрель революциясынын натыйжасында коррупцияга жана авторитаризмге белинен баткан К. Бакиевдин бийлиги, режими кулады. Ошол революциялардын сабактары жөнүндө өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева 2011-ж. 30-ноябрында Жогорку кеңештин атайын жыйынында, Президенттик бийликти А.Ш. Атамбаевке өткөрүп жатып жасаган кайрылуусунда да баса белгилеген:
«… Өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Конституциянын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылдыкты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепттерин иштеп чыга алды:
1. Кыргызстан эли менен эсептешпей коюуга болбойт, анткени ал реалдуу күч.
2. Эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга (узурпациялоого) акысы жок. Бийлик аны кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандай болуп түзүлүүгө тийиш.
3. Өлкөнүн лидерлери элге берген убадасын так аткарышы абзел.
4. Саясатчылар коркутуудан жана куч кол-донуудан алые болусу керек, анткени ар кандай күчкө каршы турган күч дагы табылат.[17]
Ошол апрелде келген жаңы бийликтин башчысы Р. Отунбаеванын айтымында, Апрель революциясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчө феномен катары бааланган. …Анткени Апрель революциясы маани-маңызы боюнча саясий, мүнөзү боюнча элдик революция болгон. Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес саясий принципсиздикке, кайдыгерликке каршы күрөшкө чыкканын баса белгилеген. [18]
Демек минтип айтууга бир катар негиздер бар. Биздин пикирде андай себептер, апрел революциясына түрткү болгон факторлор катары төмөнкүлөрдө айтууга болот:
- Апрел революциясына шарт түзгөн саясий, социалдык-экономикалык себептер;
- Саясий кырдаалдын өсүп-өнүгүшүнүн динамикасы, саясий трансформациянын өзгөчөлүгү;
- Апрель революциясынын негизги максаттары жана милдеттери;
- Революциянын кыймылдаткыч күчтөрү жвана лидерлеринин орду жана родлу;
- Революцияга түрткү болуучу жалпы мыйзам ченемдери, негизги факторлордун өнүгүү динамикасы;
- Бийликтин жана башкарууу системасынын алмашуусунун, Конституциялык реформанын зарылдыгы ж.б.
Мына ушул факторлор Апрель революциясына, анын маани-маңызына, баа берүүгө ар тараптуу өбөлгө түзө алат.
Ошол Апрель революциясы толук ишке ашкандан кийин өлкөдөгү расмий бийлик Убактылуу Өкмөткө өткөн. Ал Өкмөттүн эң алгачкы Декрети 2010-ж. 7-апрелинде чыгып анда элге каршы болгон Бакиевдин режиминин кулаганы, бийлик толугу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өткөнү жарыя болгон. Убактылуу Өкмөт 2010-ж. 27-октябрында өтө турган бүткүл элдик референдумга, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин өз вазыйпасын аткараары бышыкталган. [19] Ошол эле күнү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дайындалган. [20] Тарыхый мааниге ээ биринчи декретке ылайык өлкөдөгү Президенттин да, өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да ыйгарым укуктары Убактылуу өкмөттүн карамагына өткөн. [21]
Баса Апрель революциясынан кийинки дагы бир омоктуу окуя, V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курамындагы беш саясий партиядан «Биримдик жана өнүгүү» парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын түзүлүшү жана анын ишке ашырылышы болгону да талашсыз факт. Коалициянын түзүмүнө «КСДП», «Республика» жана «Ата Журт» партиялары кирген жана анын андан аркы иштерине парламенттик фракция лидерлери катары кепилдикти ошол кездеги лидерлер өз колдоруна алышкан. Мисалы, ошол эле фракция жаңы Өкмөттүн түзүмүн бекиткен келишимге кол коюшкан. Тагыраак айтканда аталган документке «Республика» үчүн Ө.Т. Бабанов, «КСДП» үчүн А.Ш. Жээнбеков, «Ата Журт» үчүн А.Келдибеков кол койгон. [22] Бул өкмөт түзүмү, ага талапкерлер кийинчерээк Жогорку Кеңештин атайын токтому менен бекитилген. [23]
Баса ошол Убактылуу Өкмөт, өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаева баш болгон жаңы расмий бийликтер тарабынан Апрель жана июнь айында болгон окуяларды иликтөө, аларга саясий баа берүү жөнүндө алгачкы кадамдар башталган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн алгачкы эле жыйындарынын биринде, депутат Т. Балтабаев төрагалык кылган жыйында “2010-жылдын апрель – июнунда болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө, изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» атайын токтом кабыл алган. [24] Токтомго ылайык Жогорку Кеңештеги «Ата Журт», «Ар намыс», «КСДП», «Республика», «Ата Мекен» партияларынан 5тен депутат кирген комиссия түзүлүп, өз ишин баштаган. [25] Комиссияга «Ата Журт» идеалистик демократиялык саясий партиясынын депутаттык фракциясынан: Ж.А. Жолдошова, Д.Ж. Жумабеков, И.К. Жунусов, С.Н. Жапаров, К.Э. Осмонов; «Ар намыс» саясий партиясынын депутаттык фракциясынан: А. Артыков, И.К. Гусаров, А.Б. Калмаматов, Б.А. Мамырова, Т.Б. Мамытов; «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» депутаттык фракциясынан: К.С. Асанов,С.С. Атажанов, А.Ш. Жээнбеков, И.И. Исаков, Д.О. Тербишалиев; «Республика» саясий партиясынын депутаттык фракциясынан: Н.К. Алимбеков, К.К. Исаев, А.Т. Сулайманов, Б.Э. Торобаев, Т.У. Шайназаров; «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынан: Ш.Ч. Айтматова, Т. Мадылбеков, Р.А. Сабиров, А.А. Сасыкбаева, Р. Төлөгөнов сыяктуу депуттар кирген. [26] 2011-жылдын 13-январында жогоруда аталган комиссия өз иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын 19-январда Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынына алып чыксын деген токтомго ылайык, айтылган мөөнөттө алгачкы талкуу болгон. [27]
Апрель революциясынын каармандарын, алардын үй-бүлөлөрүн өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт жана кийинки бийликтер ар тараптан камкордук көрүп, атайын «Апрель элдик революциясынын Батыры» төш белгиси менен сыйлап, каржылык жардамдарды көрсөтүп келишүүдө. Баса дал ушул максатта Президент Р. Отунбаеванын 2010-ж. 28 августундагы указына ылайык «Апрель элдик революциянын баатыры» төш белгиси жөнүндөгү жобо» бекитилген. [28]
Эң алгачкы мындай сыйлоолор ошол эле 2010-ж. 8-октябрында ошол кездеги президент Р. Отунбаеванын УП №237 указына ылайык: «2010-жылдын 6-7-апрелдеринде коорупцияланышкан элге каршы режимди төңкөрүүдөгү өзгөчө катышуусун, патриоттук духта тарбиялоо максатында атайын «Апрель элдик революциянын баатыры» төш белгиси менен 293 адам сыйланышкан. [29] Башка апрель каармандарына жана баатырларына материалдык жардам көрсөтүү боюнча атайын указ чыккан. [30] Дагы 83 адам өлгөндөн кийин аталган төш белги менен сыйланган. [31]
Ошол Апрель революциясынан кийин кандай алгылыктуу иштер болду, эмне өзгөрүү болгону жөнүндө да азыноолак кеп козгой кетүү абзел. Биздин пикирде ошол алагачкы кадамдар жөнүндө, өлкөдөгү өзгөрүүлөр боюнча ошол кездеги президент Р. Отунбаеванын 2011-жылдын 9-сентябрындагы «Биз келечекке ишеним менен карайбыз» - деген Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйындагы сөзү менен айтсак жетиштүү болот: …Апрель окуяларынан кийин өлкө үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу өкмөт мамлекеттик бийликти калыбына келтирүү жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруунун этаптарын конкреттүү көрсөтүү менен өткөөл мезгилди аныктаган. Ал мезгил жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формаларын өзгөртүү, парламентке ачык жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү, жаңы Конституцияга ылайык бийликтин аткаруу бутагын калыптандыруу, сот системасын реформалоо, аны коррупцияга малынган адамдардан тазалоо этаптарын камтыган мезгил болчу. Акыркы этап - бул быйылкы октябрга дайындалган президенттик шайлоо, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салтын калыптандыруу. Ушуну менен мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасын легитимдештирүү аяктайт.
Баса андан көп өтпөй эле, 2011-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Президент А.Ш. Атамбаев тарабынан «7-апрель Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө» атайын мыйзамга кол коюлган. [32]
Белгилей кетчү дагы бир жагдай, бир аз мурда 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде атайын «2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга турак жай куруу жана бөлүштүрүү, материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жөнүндө» аттуу маселе атайын каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган. [33] Көрсөтүлгөн токтомго ылайык 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө (88 адам) 1.000.000 сомдон бир жолку берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлгөн. 771 жабыр тарткандардын ичинен 742 адам бир жолу бериллүүчү жардам алган:
- денесинен оор жаракат алган 116 адам – 100.000 сомдон;
- денесинен анча оор эмес жаракат алган 138 адам – 50.000 сомдон;
- денесинен жеңил жаракат алган 488 адам – 50.000 сомдон.
Ошол 2010-жылдын 21-октябрь күнүнө калган 29 адамга алардын республикада жоктугунан каржылык жардам көрсөтүлгөн эмес…
…Июнь окуяларында 447 курман болгондордун ичинен 377 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1.000.000 сомдон бир жолку берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлгөн. Талап кылынуучу документтер толук эместигинин айынан 70 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам төлөнүп берилген эмес...
… баардыгы болуп 34 адам дайынсыз жоголуп, алардын 32 үй-бүлөсүнө 1.000.000 сомдон бир жолку берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлгөн, дайынсыз жоголгондордун 2 үй-бүлөсүнө 1.000.000 сомдон төлөнүп берилген эмес.
… баардыгы болуп 2425 адам жабыр тартып, анын ичинен 1042 адам 50.000 жана 100.000 сомдон алып, калган 1383 адам бүгүнкү күнгө материалдык жардам ала алган эмес… ». [34]
2010-жылдын 27-июнунда референдумда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынды. Ошентип Борбордук Азияда тунгуч парламенттик республика негизделди. Бийликке келгени үч ай гана болгон Убактылуу Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын Президентке жана Техникалык өкмөткө тапшырьш, анын мүчөлөрү А. Атамбаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, Болот Шер, Д. Чотонов ж.б. башкалар менен тең укукта парламенттик шайлоого катышты. Бардык саясий партиялар, оппозиция болобу, же кулатылган бийликтин жактоочулары болобу, баары тең шайлоого катышу эркиндигин алышты. Ошону менен өлкөдө жаңы саясий маданият калыптанышына шарт түзүлдү. Биз дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогорку баага татыган эркин жана ачык шайлоонун үлгүсүн көрсөтө алдык.
Колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмеси:
Кыргыз туусу. 2014-ж. 4-апрель. -3-б.
Атамбаев А. Стратегияда жазылган максаттарды сөзсүз аткарыш керек.// Эркин Тоо. 2014-ж. 1-апрель.-3-б.; Атамбаев А.Ш. Парламенттик өлкөдө Өкмөт тез-тез алмаша берет // Кыргыз туусу. 2014-ж. 1-апрель.-3-б.
Кыргыз туусу. 213-ж. 12-февраль. -5-б.
Слово Кыргызстана. 8 апреля 2014 г. –С. 1,3.
Вечерний Бишкек, 22 февраля 2013 г. –С.8.
Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.
Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 7-10; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.
Нормативные акты Кыргызской Республики... –С. 8.
Нормативные акты Кыргызской Республики..–С.9; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.
Нормативные акты Кыргызской Республики –С.10-11.
Кыргыз туусу. 2013-ж. 5-апрель. -4-б.
Кыргыз туусу. 2010-ж. 10-апрель. -1-2-бб.; Түбөлүк таазим силерге, Апрель баатырлары!//Эркин Тоо. 2011-ж. 18-ноябрь. -1-2-бб.
Кыргыз туусу. 2011-ж 2-декабрь. -11-б.
Апрель каармандары. –Бишкек, 20… -21-22-бб.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288 –V. –8-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №823 –V. –1-б.
Отунбаева Р. Эл менен эсептешпей коюга болбойт // Кыргыз Туусу 20011-ж. 2-декабрь. -5-6-бб.
КирТАГ. 7 апреля 2010.
Временное нардное Правителство Кыргызсокй Республики // Декрет Временное Правителство Кыргызсокй Республики «О переходе власти к Временному правительству и порядке исполнения Конституции Кыргызской Республики» -Бишкек, 2010 г. 7 апреля // Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 3-4.
Нормативные акты... –С.7-10.
Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 3-4; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №27 –V. –100-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №27 –V. –160-161-бб.; Папка №28 –V. –170-172.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №63–V. –105-б.; Папка №95–V. –115-б.
Указом президента КР Р. Отунбаевой утверждено «Положение о порядке награждения нагрудным знаком «Апрель элдик революциясынын батыры» - «Герой апрельской народной революции» // Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, сентябрь, №38. –С. 4-5; Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288–V. –1,8-бб.
Президент Р.Отунбаеванын «Апрель элдик революциянын баатыры» төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө УП №237 указы //Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №45. –С.5-11
Постановление правительство КР от 4 октября 2010 г. «Об оказании единолвременной матреиальной помощи» от 8 апреля 2010 г. №1.// Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №45. –С.13-14.
Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №44. –С. 5-6; Нормативные акты… 2010, ноябрь, №45. -С.13-14; Эркин Тоо. Атайын чыгарылышы. 2011-ж. 12-ноябрь. -1-3-бб.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288–V. –8-б.; Папка №823–V. –1-б.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №1241–V. –176-183-бб.
Жогорку Кеңештин архиви. Папка №1241–V. –177-б.
Абытов Байболот Капарович
тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМУ