“ПРОГРАММАЛЫК-УКУКТУК КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕОЛОГИЯСЫНЫН” МАДАНИЯТТЫН РУХАНИЙ АӉ-СЕЗИМИ ТӨРТYНЧY КОНЦЕПЦИЯСЫНАН YЗYНДYЛӨР
«Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен катталган.
2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.
Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.
«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.
Коомдук сабаттуулукту жана коомдук маданиятты өнүктүрүү жана адабий жана атайын адабияттарды окууга түрткү берүү максатында СӨЗ МАДАНИЯТЫН ТОТАЛДЫК КӨЗМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫН АЧУУ идеясы сунушталат.
Азыркы учурда бул көйгөй актуалдуу, себеби телекөрсөтүүлөрдө жана радиолордо керек болсо журналисттер жана дикторлор да, жана маек беришкен жогорку даражадагы аткаминерлер, жада калса окумуштуулар жана кесипкөй филологдор сөз сабатын билишпейт, коомдо сөз маданиятынын трагедиялуу кризиси байкалууда. Ошон үчүн мындай Кызмат ачуунун чыгымдарынан моралдык пайдасы көбүрөөк болот.
Мындай Кызматты укук коргоо органдарынын катарында ачууга болбойт, себеби мындай кызматтын курамы кесипкөй филологдордон түзүлүшү керек.
Бул максатта Президенттин алдында Мамлекеттик кызмат катары административдик ведомство түзүлөт.
Мындай Кызматтын түзүмү борбордук аппараттан жана бүткүл республика боюнча райондук өкүлчүлүктөрдөн түзүлөт.
Сөз маданиятын тоталдык көзөмөлдөө объекттери булар:
1. Телекөрсөтүүлөрдөгү жана радиолордогу журналисттердин, дикторлордун, маек беришкен саясатчылардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, окумуштуулардын, филологдордун жана башка адистердин сөз сүйлөөсү. Гезит жана журналдардагы маектин сабаты үчүн редактирлөө жана корректирлөө милдети катары жоопкерчиликти редакция мойнуна алат.
2. Концерттер, майрамдар, илимий конференциялар, курултайлар, коомдук жыйындар сыяктуу расмий иш-чараларда чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү.
Митингдерде, курултайларда жана коомдук жыйындарда расмий өкүлдөрдүн сүйлөгөн сөздөрү катуу көзөмөлдөнөт жана ката сүйлөшсө чара колдонулат, ал эми жөнөкөй жарандардын ката айтылган сөздөрү үчүн, сөз эркиндигин сактоо катары чара колдонулбайт.
3. Коомдук жайлардагы үн күчөткүч аркылуу берилген жарыялар.
МЫЙЗАМДАРГА СУНУШ-БЕРЕНЕЛЕР
Сунуш-берене «Басылмалардын сапаты жөнүндө»
Бузуку билим булактарын жоюу үчүн жана сапаттуу гезит, журнал жана китеп продукцияларын жаратып инсандын руханий маданиятын, дүйнө таанымын, сөз маданиятын өнүктүрүүдө, коомдук жашоодо коомдук пайдалуу грамматиканы өздөштүрүүдө интеллектуалдык планда аларды коопсуз пайдалануу максатында бардык гезит, журнал жана китеп басылмаларында грамматикалык каталары бар гезит, журнал жана китеп продукцияларын чыгарууга кескин тыюу салынат жана редактирлөө жана корректирлөө кызматтары өзгөчө мамлекеттик көзөмөлгө алынат.
Президенттин же Өкмөттүн (Министрлер кабинетинин) Чечим долбооруна
Коомдук сабаттуулукту жана коомдук маданиятты өнүктүрүү жана көркөм жана атайын адабиятты окууга түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Сөз маданиятын бардык жерде көзөмөлдөө Кызматы түзүлөт.
Кызматтын түзүмү борбордук аппараттан жана бүткүл республика боюнча райондук өкүлчүлүктөрдөн турат.
Кызмат тарабынан сөз маданиятын тоталдык көзөмөлгө алуу объекттери:
1. Телекөрсөтүүлөрдөгү жана радиолордогу журналисттердин, дикторлордун, маек беришкен саясатчылардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, окумуштуулардын, филологдордун жана башка адистердин сөз сүйлөөсү.
Гезит жана журналдардагы маектин сабаты үчүн редактирлөө жана корректирлөө милдети катары жоопкерчиликти редакция мойнуна алат.
2. Концерттер, майрамдар, илимий конференциялар, курултайлар, коомдук жыйындар сыяктуу расмий иш-чараларда чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү.
Митингдерде, курултайларда жана коомдук жыйындарда расмий өкүлдөрдүн сүйлөгөн сөздөрү катуу көзөмөлдөнөт жана ката сүйлөшсө чара колдонулат, ал эми жөнөкөй жарандардын ката айтылган сөздөрү үчүн, сөз эркиндигин сактоо катары чара колдонулбайт.
3. Коомдук жайлардагы үн күчөткүч аркылуу берилген жарыялар.
Урматтуу окурман, мен өзүм дагы туура жазып туура сүйлөгөндү үйрөнгөнгө аракет кылып жатам. Андыктан ушул макаламда кандайдыр бир каталар бар болсо, кчирим сурайм.
Улан Дүйшөналы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.