Бул макала менен 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» сынагына катышып биринчи орунду алгам. Гран-прини Нурида Касымбекова алган. Мында макаланын мамлекеттүүлүк жɵнүндɵ бɵлүгүн кыскарттым.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга, телеканалдарга, радиолорго, журналисттерге, Билим берүү жана илим министрлигине, Министрлер кабинетине, мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандарга мамлекеттик кыргыз тили жɵнүндɵ дайындуу сунуштар.
Бул макаламда сөздөрдү мамлекеттик кыргыз тилине которуу аракети текке кетип жатканы, телеканалдар, радиолор, журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана жарандар кыргыз тилине кайдигер мамиле кылып жатканы, кыргыз тилинин ченемдери (нормалары) чаржайыт болуп бузулуп жатканы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кыргыз тилинде кат жана отчётторду өз алдынча сабаттуу жаза албаганыбыз, теледе жана радиодо кыргызча туура сүйлөй албаганыбыз жөнүндө сөз козгогум келди. Бул макаламда өзүм да ката жазган сүйлөм жана сөздөр болсо, мойнума алып кечирим сурайм. Мен да кыргыз тилин эбегейсиз жакшы билбейм. Фейсбуктагы орусча сүйлөгөн жана жазган маалыматтарымды көрүп, орусча тарбияланып калып эне тилин сүйбөгөн жана эне тилине күйбөгөн адам экен деп ойлобоӊуздар.
Мисалы мен кыргыз тилинде сүйлөп жатып процент дебей пайыз, процесс дебей жараян, режим дебей шарттам, система дебей тутум, схема дебей түзмөк, график дебей чийкел, инструкция дебей нускама, дежурство дебей нɵɵмɵт, смена дебей кезмет, брусчатка дебей таманташ, бордюр дебей жээк таш, обед дебей түштөм, вилка дебей аш айры, электровилка дебей ача сайым же ачакей, лифт дебей асма араба, отличник дебей мыктыман, интенсивдүү дебей ургаалдуу, активдүү дебей жигердүү, проект дебей долбоор, на всякий случай дебей не бар не жок, кворум дебей шартсан, квота дебей шартүлүш, расписание дебей ырааттама, таблица дебей жадыбал, отпуск дебей эмгек өргүүсү, миссия дебей вазийпа, резонанс дебей өөрчүн, диапазон дебей арым, личное дело дебей өздүк көктөмө, баня дебей мончо, наушники дебей кулакчын, габарит дебей тыш өлчөм жана башка көп сөздөрдү билишимче нукура кыргыз тилинде сүйлөймүн. Аралаштырып сүйлөгөндү жана аралаштырып сүйлөгөндөрдү жактырбайм. Айрым билбей калган сөздөрдү гана орус тилинде айтканга аргасыз болуп калышым мүмкүн же маектешим түшүнбөй калбасын деп кээде коом көнүп калган орусча сөздөрдү колдонуп калууга туура келет.
Ал эми жарандар, кыргыз тилинде сүйлөп жатышып айткысы келген кыргызча оӊой сөздөрдү жээрип орун бар дебей места бар, мектеп дебей школ, эгерде дебей если, себеби дебей потому что, жатакана дебей общежитие, мончо дебей баня, соодагерлер сатып жаткан товарларын бадыраӊ дебей огурцы, шекер дебей сахар, байпак дебей носки жана башка сөздөрдү колдонуп калышса, маектешимди кекетип орун деп сүйлөӊүз, бадыраӊ деп сүйлөӊүз, информация эмес, маалымат деп сүйлөӊүз, медайым деп сүйлөӊүз деп оӊдоп туруу өнөкөтүм пайда болгон.
Ал эми илимий-фантастикалык чыгармаларымды, «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы», (2001-жылы институтта 1-курста окуган кезимде иштеп чыгып Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага, Атамбаевге ж.б. көп жерлерге, гезит-журналдарга жибергем), «Таза Ысык-Көл концпциясы, Кышкы жана балык уулоо туризми» деген эмгектеримди кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазам. Иш кагаздарында буйруктардын долбоорлорун, актыларды, протоколдорду, каттарды, отчётторду жана башка бардык документтерди кыргыз жана орус тилдеринде бирдей даярдаганды, түзгөндү билемин (иш кагаздарында актылар, керек болсо каттар деле «жазылат» деп аталбай «түзүлөт» деп аталат эмеспи. В официально-деловом стиле письмо составляется, а не пишется). Ошондой эле эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча ар кандай кесиптин нускамаларын кыргыз жана орус тилдеринде бирдей эркин түзөмүн, ал эми эски үлгүлөрү жок болсо, өз алдынча иштеп чыгарамын. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана Мамлекеттик кызмат агенттигинин Концепциясы», «Кыргыз Республикасынын Иш кагаздарынын концепциясы» деген концепциялык эмгектеримди жана Ысык-Көл тууралуу китебимди гана бир эле орус тилинде жазгам. Ал эми турмушта кыргыз жана орус тилинде эркин сүйлөйм.
Университетте окутуучу (декан) болуп иштеген кезимде менеджмент, мамлекеттик башкаруу жана башка предметтерди бир эле сабакта кыргыз жана орус тилдеринде толугу менен айтып бергенге жетишчүмүн. Себеби студенттердин айрымдары кыргызча билишпейт, айрымдары орусча жакшы билишпейт. Студенттерим агай, вопрос берсем болобу дегенде мен вопрос кабыл албаймын, суроо кабыл аламын, же аралаштырбай толугу менен орусча сүйлөӊүз дечүмүн. 5 жыл окуу мезгилин туура пайдаланып эл алдында тартынбай сабаттуу сүйлөгөндү үйрөнүп кетишсин деп ар бир студентти атайын доскага (доска деген сөз кантип которулду, тактабы?) чыгарып сүйлөтчүмүн.
Кыргыз тилине которулган көп сөздөрдү 2014-жылы жарыкка чыккан «Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү» китебинен үйрөнгөм жана башка булактардан окуп турамын. Аталган сөздүк Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын алдындагы Ч.Т. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан сунушталып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети тарабынан жактырылган.
Ал эми айрым филологдордун ошол эле сөздүктөгү айрым сөздөрдүн кыргыз тилине туура эмес которулушу тууралуу талаш, сын пикирлери башка маселе болуп турсун. Ал талаш жагдай боюнча да өзүнчө сунушум берилет. Убагында залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов, эл аралык терминдерди которбой эле койбойлубу дегенине караганда, сөздөрдү которууга ашкере кызыгып артык кылабыз деп тыртык кылып жаткан жокпузбу, бул нерсе да ойлоно турган өзүнчө маселе.
Өзүмдүн илимий-фантастикалык чыгармаларымда өз демилгем менен звездолётту жылдызучак, космолётту космоучак деп жазып келе жатам. Чыгармаларымдагы «инопланетятин», «подсознание» деген сөздөрдү ийгиликтүү которо албай жатам.
Азыркы мезгилде мени кейиштирген жагдайдар булар:
Эмне үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде телеканалдар жана радиолор Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын (Терминкомдун) котормо эмгегин сыйлабай, тоотпой, мамлекеттик тилдин мамлекеттик саясатын колдобой, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттары эки башка мамлекет болгонсуп, бири биринен обочолонуп иштешет да кыргыз тилине которулган сөздөрдү колдонушпай тутум дебей система, көрмө дебей видео, пайыз дебей процент, шарттам дебей режим, нөөмөт дебей смена, жараян дебей процесс, тандам дебей тендер, көйгөй дебей проблема жана башка которулган көп сөздөрдү орус тилинде айтышат? Маӊызында жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди жаратат эмеспи? Жалпыга маалымдоо каражаттары, айрыкча теле- жана радиожурналисттер, дикторлор мамлекеттин бирдиктүү адабий тилинин үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш эмеспи? Жалпыга маалымдоо каражаттары тез өсүп келе жаткан муунду карытпай, жарым кылымга тете убакытты жоготпой небак эле бүткүл элди кыргыз тилине которулган жаӊы сөздөргө көндүрүшү керек болчу. Акыры мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия инопланетяндарга (чыгармаларымда «инопланетянин» деген сөздү «жат планеталык» деп жазганым өзүмө жакпай турат, туура которуш керек?) эмес, өзүбүздүн эле Кыргыз мамлекетибизге, элибизге кызмат кылып жатпайбы.
Түшүнөбүз, кыргыз тилине которулган сөздөр Жогорку Кеңеш же Министрлер кабинети тарабынан биротоло бекитилип кабыл алынбаганы үчүн ушундай болуп жаткандыр. Бирок талаш жаратпай коомдук аң-сезимге сиңген, көп жылдан бери кадыресе колдонулуп келе жаткан кыргызча сөздөрдү деле жалпыга маалымдоо каражаттары колдонушпай орусча варианттарын колдонуп жатышпайбы.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына тийиштүү дагы бир жагдай. Баарыбыз орусча «приказ» жана «распоряжение» деген сөздөрдү жакшы билебиз. Приказ буйрук деп которулса, ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сөздүгүнө ылайык распоряжение буюрма жана тескеме, тескөө деп эки вариантта которулган. Кыргызстандын айрым райондорунда распоряжениени буюрма, ал эми айрым райондорунда ошол эле распоряжение деген сөздү тескеме деп колдонушууда. Ошентип бирдиктүү стандарттын ордуна кош стандарт жаралып отурат. Же мындай нерсе кыргыз тилинин бай экендигин көрсөтүп кааласак буюрма, кааласак тескеме деп жаза берсек болобу?
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамына ылайык Министрлер кабинети эч качан буйрук чыгарбайт. Министрлер кабинети буйрук эмес, тескеме чыгарат.
Бирок качанкыга дейре журналисттер мурда Премьер-министр азыр Министрлер кабинетинин төрагасы тескемеге кол койду дебей, мурда Премьер-министр азыр Министрлер кабинетинин төрагасы буйрукка кол койду деп ката айта беришет? Же орусча «распоряжение» деген сөздүн кыргыз тилине которулушу менен эч ким эсептешпейби?
Эми которулган сөздөрдүн 2-3 вариант сөздөрүнүн, башкача айтканда кош стандартынын пайда болгондугу тууралуу. Жогоруда аталган сөздүктөн алабыз:
1. Заявка деген сөз «табыштама», «билдирме», «өтүнмө» деп которулган. Иш кагаздарында кайсы варианты ылайыктуу? Же ар бир варианты дайындуу (конкреттүү) жагдайга карата тандалып алынабы?
2. Протест деген сөз «протест» жана «каршылык» деп которулган. Бул сөз «каршылык» деп которулдубу же кааласак протест деп, кааласак каршылык деп, же ар бир дайындуу (конкреттүү) стилистикалык жагдайга карап протест же каршылык деп колдонобузбу?
3. Контакт деген сөз «контакт» жана «байланыш» деп которулган. Бул сөз «байланыш» деп которулдубу же кааласак контакт деп, кааласак байланыш деп, же ар бир дайындуу (конкреттүү) стилистикалык жагдайга карап контакт же байланыш деп колдонобузбу?
4. Эвакуация деген сөз «эвакуация» жана «көчүрүп алып кетүү» деп которулган. Ошентип жыйынтыгында бул сөз «көчүрүп алып кетүү» деп которулдубу же кааласак эвакуация деп, кааласак көчүрүп алып кетүү деп, же ар бир дайындуу (конкреттүү) стилистикалык жагдайга карап эвакуация же көчүрүп алып кетүү деп колдонобузбу?
5. Работник деген сөз соодагер жана мушкерге окшоштурулуп «жумушкер» деп которулуптур. Работникти эзелтен бери жумушчу деп билчүбүз. Эми жумушкер деп көнүшүбүз керекпи же жумушкер жана жумушчу деген эки вариант тилдин байыган факторубу?
6. Номинация деген сөз «аталма» деп которулуп үтүр аркылуу кайрадан «номинация» деп кайталанып калган. Муну кантип түшүнсөк болот?
Ким билет? Балким азыркы мезгилде 2014-жылы чыккан ал сөздүктүн ордуна жаңы сөздүк чыгып жогоруда аталган көрүнүштөр иретке келтирилгендир?
Башка сөздүктөрдө. Көбүнчө айрым орусча сөздөрдү сөздүктөрдөн издеп тапсаӊ, ал сөздүн анык котормосу берилбей, анын мааниси бир кулач сүйлөм менен түшүндүрүлгөн жагдайлар көп кездешет. Ал сөздүн маанисин билебиз да, бизге анык котормосу керек болуп жатпайбы. Кыргыз тили бай тил деп айтылат го? Эмнеге көп сөздөрдү которо албайбыз?
Көрнөк-жарнактар боюнча. Ремонт обувини – бут кийим оӊдоочу жай (место для ремонта обуви) деп бир кулач сүйлөм жазбай «Бут кийим оӊдоо» деп койсок болобу? Же «Бут кийим оӊдоо» деген грамматикалык жактан туура эмеспи? Анда жөн эле «Ɵтүкчү» деген сөзчү?
Авиакассы деген сөз кыргызча авиакассалар деп жазылбай авиакассаларЫ деп жазылган. АвиакассаларЫ деп жазыш үчүн жанында дагы бир сөз болуш керек да? Мисалы, Балтабайдын же Тешебайдын авиакассаларЫ. Сөздүн аягына «ы» тамгасын кошуп койсо эле кыргызчаланып калат экен деп ойлошот да эми. Мындай мисалдар көчөлөрдө толтура.
Өзүм Фрунзе аэроклубунун учкуч бүтүрүүчүсү жана аскердик учкуч кесибине окуган адам катары дагы бир жагдайды белгилеп койгум келет. К.Юдахиндин сөздүгүндө «штопор» деген сөз «самолёттун тик ылдый учуп түшүшү» деп ката которулуп калган. Негизи учактын тик учуп түшүшү «штопор» эмес, «отвесное пикирование» деп аталат. Бирок штопор деген учактын спираль формасында тегеренип башкарылбай калган авариялык, кырсык абалда учуп түшүшү. Бул учурда учактын тумшугу түз эле горизонтту карап жерге параллель болуп калса тегиз штопор (плоский штопор), ал эми горизонттун линиясына салыштырмалуу учактын тумшугу жерди 30 градустай бурч менен карап калса «крутой штопор» деп аталат. Тегиз штопор абдан кооптуу, авариялык абалдан чыгаруу кыйын. Аэродинамиканын мыйзамы боюнча учак ылдамдыгын жоготкон же учкуч одоно ката кетирген учурда учак штопорго түшүп кетет. Эгерде учкуч учагын штопордон чыгарууга үлгүрбөй калса, учак жерге сайылып түшүп кыйроого учурайт. Мына ушул жагдайды эске алып штопор деген сөздүн котормосун оӊдоп коюу керек.
Бир жолу телекөрсөтүүдө бир журналист орус тилинде сүйлөп жатып Канттагы авиабазадагы «штурмовики Су-25» дебей «истребители Су-25» деп айткан. Бул, танкты БТР деп койгонго барабар. Штурмовиктин (жакшы котормосу боло элек) жана истребителдин (жакшы котормосу боло элек) айырмасын мектеп окуучулары деле билишет. Башка тележурналист орус тилинде сүйлөп жатып «капитан самолёта» деген. Капитан самолёта деп англис тилдүү өлкөлөрдө айтылат. Бизде орусча «командир экипажа» же «командир воздушного судна» деп айтылат. Максималдуу учуу салмагы 43 тоннадан ашкан учакта орусча «командир корабля» деп айтылат. Негизи журналисттердин дүйнө-таанымы (кругозору) кенен болушу керек.
Жогорудагы көйгөлөрдү чечүү, ошондой эле кыргыз тилинин котормо абалын оӊдоо, элдин башын айландырган кош стандарттарды жоюу максатында төмөнкүлөрдү сунуш кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана коомдук пикирди жаратуучу болуп саналган өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын күч-аракетин бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин ӨКТӨМ Жарлыгы чыгарылса.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Терминкомдун аракет-эмгегин сыйлап өз мамлекетине күч бирдикте кызмат кылуу иретинде, коомдук пикирди жаратуучу каражат катары кыргыз тилине которулган сөздөрдү милдеттүү түрдө кынтыксыз бирдиктүү туура колдонуп жана бүткүл элге, которулган сөздөрдү кез-кези менен маалымат катары жеткирип турса.
3. Мамлекеттик кызматкерлер жана катардагы жарандар телекөрсөтүүгө, радиого жана гезит-журналдарга кыргыз тилинде маек (интервью) берип жатып орусча сөздөрдү аралаштырып сүйлөшсө, журналисттер кош көӊүл болбой милдеттүү түрдө этияттык менен сылык-сыпаа оӊдоп турушса, мисалы маек берип жаткан киши «например» десе «мисалы», «информация» десе «маалымат», «стройка» десе «курулуш», «и» десе «жана» деп.
4. Кыргызча «жана» деген байламта сөзүнүн кыргыз тилинин катарынан сүрүлүп чыгып кетүү коркунучу пайда болууда. Себеби көпчүлүк адамдар, саясатчылар «жана» деген байламта сөздү танышып, унутушуп анын ордуна «и» деп сүйлөө өнөкөтү менен ооруп калышты. «Жана» дегендин ордуна «и» деп сүйлөө өнөкөтүн жоюуга жалпыга маалымдоо каражаттары жардам беришсе.
5. «Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү» китебинде көрүнүп тургандай айрым орусча сөздөр которулбай эле 1-вариантында орус тилинде кайра эле кайталанып анан экинчи варианты катары кыргыз тилиндеги котормосу бар эки анжы баш айландырма баш аламандык жоюлса.
6. Кыргыз тилине которула элек көп сөздөрдү, жарандар жана тийиштүү адистер оюна келгендей өз алдынча чаржайыт которуп алып кыргыз тилинин ченеминин жана бирдиктүүлүгүнүн бузулушуна жол бербөө максатында, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (Терминком) котормо ишин тездетип, которула элек сөздөрдүн бирдиктүү котормосун иштеп чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жолдор аркылуу таратып коомдук аӊ-сезимге жеткирсе.
7. Которулган сөздөр филологдор арасында, эл арасында талаш жаратпай эл тарабынан биротоло жетекчиликке кабыл алынып кетүү шарты катары, которулган сөздөр адегенде бир жылдай, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөттө ар тараптуу кылдат талкууланып акыркы тарыхый чечим кабыл алынып биротоло бекитилип турса.
8. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия эл менен жана тилчилер менен бирдикте которгонго зарыл болбогон эл аралык сөздөрдүн же дегеле которууга зарыл болбогон бардык сөздөрдүн тизмесин тезинен иштеп чыгып жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жолдор аркылуу элге жеткирсе.
9. Бир сөздү которуудан, мисалы «штурмовикти» «жакын жерден объектилерге атака коюучу согуштук самолёт», «эвакуацияны» «көчүрүп алып кетүү», «горничнаяны» «үйдө тамак кылуудан, кир жууштан башка жумуштун баарын иштөөчү кызматчы аял» деп бир кулач котормо сөздөр жаралган сөздөрдү бир сөз менен кайрадан которуп чыксак, же бир сөз менен которо албасак жөн эле калтырсак (негизи бир сөз менен ийгиликтүү которулуп калса жакшы деӊизчи).
10. Кыргыз тили ар кайсы илим тармактарын, мисалы медицина, техника, туризм жана башка тармактарды тейлөө даражасына жетишүүсү үчүн мамлекеттик тил комиссиясы котормо ишин тездетсе же болбосо «которулууга тийиш эмес» деп которулууга тийиш эмес сөздөрдү калтырып, которулууга тийиш болгон сөздөрдү тезинен которуп чыкса.
11. Телекөрсөтүүлөрдө жана радиолордо орфографияны бузуп «соСиалдык» эмес «соЦиалдык», «коммерСиялык» эмес «коммерЦиялык» (кыргыз алфавитинде «ц» тамгасы бар да), басымды туура коюп «термомЕтр» эмес «термОметр», «перимЕтр» эмес, «перИметр», КоНИСтитуция эмес Конституция (2000-жылдары теледен бир журналист көп жолу ушинтип айткан), ФелиКИС эмес Феликс деп жана башка көп сөздөр туура айтылса.
12. Журналисттер илимий жана техникалык адабияттарды көбүрөөк окуп терминдерди туура колдонгонду үйрөнүшсө.
13. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда Министрлер кабинетинин сан жеткис, дайрадай аккан эбегейсиз көп маанисиз каттарына жоопторду, отчётторду грамматикалык катасыз жана жанындагы кесиптештерин улам алаксытып кантип жазыш керек деп сурай бербей өз алдынча жаза билүүсүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы массалык сабатсыздыкты, мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын жетекчилеринин интервьюларды берип жатып кыйналып онтоп сабатсыз жана түшүнүксүз сүйлөгөн учурларды жоюу, Россияда жүргөн мекендештерибиз орус тилинде таза сүйлөө жагынан, Россияда жөнөкөй эле арыздарды жазууну билүү жагынан биздин Кыргыз мамлекетибизди уят кылбашы максатын көздөп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги балдар бакчаларында, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында кыргыз жана орус тилдерин тереӊирээк жана кененирээк окутуу ишин колго алса.
14. Мектептин ар бир окучуусу 11 жыл бою, орто жана жогорку окуу жайларынын ар бир студенти 3,5 же 5 жыл бою элдин алдында кыргыз жана орус тилдеринде сабаттуу сүйлөгөндү үйрөнүп чыгышы үчүн (оратор болуу зарыл эмес, болгону сабаттуу сүйлөгөнгө милдеттүү) Билим берүү жана илим министрлиги тийиштүү тартипти мектептерге, орто жана жогорку жайларына киргизсе.
15. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин басымдуу көпчүлүгү актыларды, протоколдорду жана каттарды түзгөндү (кат жазылбайт, түзүлөт) билишпегенин эске алып Билим берүү жана илим министрлиги иш кагаздарын жетиштүү окутуу тартибин кабыл алып ар бир бүтүрүүчү сөзсүз актыларды, протоколдорду, каттарды түзгөндү, буйруктардын долбоорлорун даярдаганды билүүгө милдеттендирилсе.
Аны үчүн адегенде 2016-жылдын 16-ноябрында № 01-3/34 кириш каты менен Президенттин Архивине, 2016-жылдын 16-ноябрында № ОП-871 кириш каты менен КРдин (КРнын эмес) Өкмөтүнө, 2016-жылдын 15-ноябрында КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине № 01-17/639 кириш каты менен мен жиберген «Кыргыз Республикасынын Иш кагаздарынын концепциясы» деген эмгегимди эске алып иш кагаздарындагы башаламан эрежелерди иретке келтиришсе.
Анткени КРдин Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлунда № 517 жана КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартында № 120 токтомдору менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамалары абдан чала иштелип чыккан, ойлор бүдөмүк, толук эмес, түшүнүксүз. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда куйтулук (интрига) күч алып акт же буйруктун долбоорун бирөө туура эмес даярдаса катасын чукуп таап, талашып-тартышып, иштегендин ордуна кимиси акылдуу экенин далилдеп ынтымак бузулуп турат. Себеби Өкмөт бекиткен иш кагаздарынын Типтүү нускамасында эрежелер толук түшүндүрүлгөн эмес, арыз жазуу, акт түзүү, телефонограмма даярдоо эрежелери, А-4 форматындагы чыгыш расмий бланкында даярдала турган расмий маалымкат (справка), кичине баракта бериле турган жекече маалымкаттардын (справка) айырмасы тууралуу жана башка ушул сыяктуу көп эрежелер жазылган эмес, көйгөйлөрдү чечпей, тескерисинче жаӊы көйгөйлөрдү, талаш-тартыштарды жаратуучу провокациялуу (чагымчыл) Типтүү нускама. 1995-жылы 25-августта Өкмөттүн № 370 Токтому менен бекитилген эрежелерде деле ошондой абал болгон.
Өкмөткө ошол өзүм иштеп чыккан Иш кагаздарынын концепциясын жиберсем, эртеси күнү мага телефон чалышып кайра сурашкан, «Что Вы хотите?» деп. «Я хочу, чтобы Вы приняли к руководству мои предложения и переработали, исправили и усовершенствовали действующие правила» деп түшүндүргөм. Андыктан Өкмөттөгүлөр «Что Вы хотите» деген тантык сөзүн коюп 2016-жылдын 16-ноябрында № ОП-871 кириш каты менен катталган менин катымды кайрадан көтөрүшүп иштешсин.
16. Акыры Мамлекеттик тил комиссиясы телеканалдарга, радиолорго, гезиттерге, журналдарга, балдар бакчаларынын тарбиячыларына, мектептердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларына көрсөтмөлөрдү, эскертүүлөрдү, усулдук жана консультативдик жардамдарды берип, саясий жана саясий эмес мамлекеттик кызматкерлерди, бардык жарандарды кыргыз тилинде сүйлөп жатып орусча сөздөрдү аралаштырып сүйлөө массалык ооруу-өнөкөтүнөн биротоло арылтуу ишин жигердүү алып барса.
Урматтуу окурман, Акипресстин «Мнения читалелей» деген бөлүгүндө ушул жылдын 7-сентябрында жарыяланган «Президенттин алдында Сөз маданиятын тоталдык көзөмөлдөө кызматын ачыш керек» деген макалага көңүлүӊүздү бургум келет.
Улан Дүйшөналы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.