Адегенде этикалык насаат:
«Аксакалдарды жана абройлуу окумуштууларды коомдук жайларда, турмушта жана дасторкон үстүндө сыйлаңыз жана авторитеттерге сокур ишенип табынуу менен оорубай, эгерде, авторитети жок жапжаш кишинин сөздөрү, жаӊы жана аӊ-сезимдүү идеялары абройлуу окумуштуулардан артыкчылыктуу болсо, ал жаш адамга сөз берип, аксакалдар жана авторитет-окумуштуулар өздөрүнүн кадыр-баркынан пайдаланып жаш адамга сөз бербей жатышса, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында да орун ээлеп сөз бербей жатышса, жаш адамга да сөз бериӊиз. Бул жерде жумуш тармагы же мамлекеттик кызмат тармагы жөнүндө сөз болгон жок. Аксакалдар пенсияга чыкканга чейин иштегенге укугу бар жана «аксакалдар кетип жаштар келсин» деп аксакалдардан орун талашкан адепсиз көрүнүш» (У.Дүйшөналы).
Он алты жаштан отуз беш жашка чейинки адамды жаш адам деп эсептөө кабыл алынганын билебиз. Бирок мамлекеттик башкарууда бул түшүнүк салыштырмалуу гана нерсе болушу керек. Мисалы кырк жашта Президент, премьмер-министр (Министрлер кабинетинин төрагасы), министр, губернатор (Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү) жана башкалардын кызмат ордун элөө жаш деп саналышы керек.
Жаш адамдын телеберүүдө жигердүү (активдүү) чыгып сүйлөп өзүн мыкты көрсөткөнүнө, митингдерде, жаштар кыймылында өзүнүн лидерлик жана оратордук өнөрү менен элди укмуштай таң калтырганына карабай иш тажрыйбасынын жана билиминин бар болушу сөзсүз шарт болушу керек.
Төмөнкүдөй тенденциялык көз караштар ката болуп саналат:
1. Эгерде саясатка жаштар келишсе, бул туура болот деген жаңылыш көз караш.
Азыркы учурда билим берүү сапаты бир кыйла төмөн түшүп кеткен. Себеби дипломдук иштер, рефераттар жана курстук иштер ачыктан ачык сатылып жатат. Башкача айтканда студенттердин бул көйгөйлөрү боюнча коомдо ачыктан ачык ушундай бизнестин түрү жолго коюлган. Анын үстүнө даяр жасалган иштерди интернет булактарынан эле көчүрүп алып жатышат.
Иш тажрыйбасы тууралуу:
Азыркы учурда керек болсо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна да эмгек стажын талап кылынганы абдан туура.
Төмөндө КРдин (КРнын эмес) Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынан беренелер келтирилди (2021-жылдын 20-октябрындагы № 123):
52-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
46-берене. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 7 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Областтык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 5 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр
1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Ошон үчүн кадр саясатынын тутумунда жаш кадрларды колдоо алкагында жаш адамдын абдан энергиялуу, абдан жигердүү болуп телекөрсөтүүдө сабаттуу сүйлөп өзүнүн оратордук жөндөмү менен элди таӊ калтырып, демократиялык баалуулуктар менен негизделген митингдерди жогорку деӊгээлде уюштурса да айталы, министр же аким же алардын орун басарларынын саясий мамлекеттик кызмат орундарына кабыл алганда басып өткөн эмгек жолуна жана тажрыйбасына сөзсүз караш керек. Жаш адамдан мамлекеттик кызматтагы же болбосо кайсы министрликтин министри болууну кааласа, мамлекеттик кызмат болуп саналбаган министрликтин ишмердигине байланыштуу ошол тармакта иштеп келишин талап кылуу эрежелери ошол адамдын жаш эле кезинде министр болушуна тоскоолдук жаратпайт. Мисалы эгерде жаш адам райондук деӊгээлдеги мамлекеттик органда бир жыл, облустук деӊгээлдеги мамлекеттик органда үч жыл жана министрликте беш жыл, же мамлекеттик органдарда болбосо да ошол министрликтин ишмердигине байланыштуу кесиптик тармакта жетиштүү иштеп келсе, болгону отуз жашында эле министр болсо болот. Бул болжолдуу гана эсеп.
Жаш адам мүмкүн болушунча тезирээк министр болушуна мүмкүнчүлүк түзүп бериш үчүн мен иштеп чыккан мамлекеттик кызмат жөнүндөгү концепцияда мөөнөттөрдүн минималдуу принциптери каралган. Аны үчүн айыл өкмөтүндө жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да жок дегенде бир жыл, райондук мамлекеттик органда жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда болсо да жок дегенде бир жыл, облустук мамлекеттик органда жок дегенде эӊ төмөнкү адис кызмат ордунда жок дегенде бир жыл, жетектөөчү адис кызмат ордунда бир жыл, башкы адис кызмат ордунда бир жыл иштеп анан министрликке секирип, ал жерде адис жана жетектөөчү адис кызмат орундарынан секирип аттап өтүп дароо башкы адис болуп, анан министр кызмат ордуна өсүп жетсе болот, албетте, аракетине жараша.
Бул жерде эӊ негизги маани мындай: жакшы министр же Премьер-министр (Министрлер кабинетинин төрагасы) болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жок дегенде бир аз иштеп келиш керек. Канчалык көбүрөөк иштеп келсе, республикалык деӊгээлде жакшы башкаруучу болгонго ыктымалдуулук жогору болот.
2. Жаштар таза келишип пара алышпайт деген жаңылыш ой-пикир.
Жаштардын көбү, албетте, атка минер (чиновник) боло элек, ошон үчүн өздөрүн пара алуу айдыңында текшерип көрө элек, мына ошон үчүн аларды азырынча таза деп айтууга болот. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп көп адамдар менен, анын ичинде көп жаштар менен пара албай ак кызмат кылуу тууралуу көп сүйлөшкөм. Мен пара албай ак эмгектенем, пара алуу туура эмес деп айтып турчумун. Тилекке каршы көпчүлүк жаш адамдар, пара албай ак кызмат кылуу бул акылсыздык, себеби азыркы рыноктук турмушта пара алсаӊ гана жашай аласыӊ деп жооп кайтарышчу. Анан ошол эле жаштар, эгерде чиновник болуп калышса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып пара алып жашайт элек деп ачык эле ой бөлүшчү. Бар болгону алар азырынча гана таза эмеспи. Ошон үчүн жаштар пара алуу айдыңында текшерилмейин, парага азгырылар-азгырылбашы билинмейин, жаштар таза болушат деп жаңылбаш керек. Жогоруда келтирилген жаштардын пикирлерин билип көрүү учурларын мыйзам ченемдүү түрдө кичинекей болсо да социалдык сурамжылоо катары көрсө болот. Мындай учурда төмөнкүдөй статистикалык жыйынтык чыгарсак болот: чынчыл болууга даяр болгон жаш адамды коомдо табуу кыйын.
3. Жаштар жаңы идеялардын дыйканы дешет. Бул жаңылыш ой-пикир.
Төрт жарым жылдай Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында иштеп жатып Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарындагы кызмат орундарына конкурстарга, аттестацияларга, ошол эле мамлекеттик органдарга текшерүүгө барып иштедим. Ошол конкурстарда жана аттестацияларда жаңы идеялары бар жаштарды көрүү кыйын болду. Жүздөгөн конкурстарга барып жүрбөдүмбү. Дээрлик бир да жолу конкурска катышкан жаштар жана ал мамлекеттик органдардагы аттестацияга катышкан жаш кызматкерлер жаңы идеялары менен көрүнүп мени таң калтырышкан жок. Андыктан жаңы идеяларга дыйкан болуу адамдын жаш курагынан көп көз каранды боло бербейт.
4. Мамлекеттик башкаруу органдарында жаштарга шартүлүш (квота) берүү. – Бул жаңылыш ой.
Эгерде кокусунан жумуш орундарын татыктуу жаштар менен толтуруу мүмкүн болбой калса, мунун арты жакшы бүтпөйт, башкача айтканда мамлекеттик кызмат орундарын дилетанттар менен же жетишерлик тажрыйба-билими жок жаштар менен жасалма түрдө толтурууга туура келет.
5. Жаштар иштери боюнча министрликти ачуу талабы – бул салыштырмалуу ката.
Мамлекеттик башкаруу теориясына ылайык мамлекеттик башкаруу тармактары үч негизги чөйрөгө бөлүнөт:
– экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу (экономика, каржы, айыл чарба, транспорт, курулуш, байланыш жана башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор);
– административдик-саясий чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу (ИИМ, тышкы иштер министрлиги, коргоо министрлиги, улуттук коопсуздук комитети, ӨКМ);
– социалдык, маданият жана идеология чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу (эмгек министрлиги, маданият министрлиги, билим берүү жана башка министрликтер).
Ошентип, үчүнчү чөйрөдөгү башкаруу дайыма өзүнө жаштардын иштерин башкарууну камтыйт. Ушул өңүттөн алып караганда жаштар саясаты деп аталган жаштар боюнча иштер Кыргызстанда бирде билим берүү министрлиги тарабынан, бирде дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, бирде эмгек министрлиги тарабынан жана башка мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан башкарылып келген.
Ошон үчүн билбегендер үчүн: мамлекет жаштар иштери боюнча өзүнчө иш алып барып жатты бекен деген суроо жылдырып чыгаралы. Ооба, көрүнүп тургандай иш алып барган жана алып барууда. Кандай алып барганы башка маселе. Мамлекеттин бир гана терс жагы, жаштар ишин башкаруу функциясы уламдан улам бир министрликтен башка министрликке ары-бери ыргытылып турган.
Демек, жаштар, жаштар иштери боюнча министрлик ачууну талап кылууга теориялык же илимий жактан негизделген ык жасабай жөн гана эмоционалдык ык жасашкан. Башкача айтканда суроо-талапты туура коюш керек болчу. Министрликти ачуу муктаждыгы эмнеден улам келип чыкканын негиздеп берүү керек. Балким жаштар иштерин алып барган мамлекеттик органдар натыйжасыз иштеп жатабы? Же алар натыйжалуу иштеп калышы үчүн бар болгону жаштардын иштерин башкаруу функциясын адеп бир министрликтен улам башка министрликке ыргыта берүүнүн ордуна биротоло бир министрликке, мамлекеттик комитетке же административдик ведомствого бекитип койсо эле житиштүүдүр? Же тигил же бул министрликтин алдындагы жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлеринин штатын кеңейтип койсо эле жетиштүүдүр? Же бар болгону жаштар саясаты боюнча прогрессивдүү Концепция иштеп чыгуу эле жетиштүүдүр? Же жаштар иштерин алып барган департаменттин бардык кызматкерлерин айдап салып алардын ордуна акылдуураак кызматкерлерди отургузуп коюу жетиштүүдүр? Же болбосо жаштардын иштери боюнча атайын жаңы министрлик ачмайын, жаштардын көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн эмеспи?
Ошон үчүн жаштар иштери боюнча министрликти ачуу муктаждыгын, жогоруда коюлган суроолорго жооп издеп таап анан негиздеп айтыш керек.
Кандай гана болбосун, жаштар кубаттуу эмгек ресурсу, мамлекетти өнүктүрүүнүн потенциалы экендиги талашсыз. Жаштар менен эсептешпей коюуга кескин түрдө мүмкүн эмес! Жаштардын иштери кай бир министрликтин алдындагы мамлекеттик орган аркылуу башкарылабы, же жаштардын иштери өзүнчө бир бүтүн атайын министрлик аркылуу башкарылабы, ага карабастан жаштар саясаты боюнча иштер дайыма мамлекеттин артыкчылыктуу (приоритеттүү) маселеси болуп келген жана болуп кала бермекчи.
Ошентсе да.
Кадр саясаты тутумунда (системасында), атап айтканда мамлекеттик кызматка кабыл алуудагы жаш кадрларды колдоо ишинде кандидаттын жаш экендигине, мамлекеттин жаш кадрларды колдоо саясатына да карабастан, ошол жаш адамдын артындагы иш тажрыйбасына олуттуу көңүл буруу керек. Маселеге мындай ык жасоо жаш адамдын министрлик кызмат ордун ээлөөгө тоскоолдук кылбайт жана жаш кадрларга колдоо көрсөтүү программасын четке какпайт. Мисалы, эгерде жаш адам министр болуудан алдын райондук деңгээлдеги мамлекеттик органда жок дегенде бир жыл, облустук деңгээлдеги мамлекеттик органда жок дегенде үч жыл, министрликте жок дегенде беш жыл иштеп келсе, ошол жапжаш адам болгону отуз эле жашында жапжаш министр боло алат. Бул эмгек стажына коюлчу талаптын болжолдуу гана сунушу.
Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу катчысы, башчынын орун басары, башчынын милдетин убактылуу аткаруучу