Добавить свою статью
5 Декабря 2023
Эки адамдын урушуусунун, мындайча айтканда улуттук маданияты

МАКСАТ:

Урушканда да маданияттуулукту сактоого үйрөнүү.

КЫРГЫЗДЫН НАКЫЛ СӨЗДӨРҮНӨН:

1. Урушса да жаман сөз айтпай, кадыр-сыйды түшүнөт.

2. Ылаажың болсо бирөө менен урушпа, кусаматка барба.

2. Сөз адамдын ким экенин билдирет.

3. Сөз атасы ыр, сөз катасы – чыр.

4. Тил адамды адам кылат,

Аша чапса жаман кылат.

5. Сөз билген таап сүйлөйт,

Сөз билбеген, каап сүйлөйт.

6. Бутунан мүдүрүлгөн турат, Тилинен мүдүрүлгөн турбайт.

7. Сөз билбеген муштуму менен коркутат.

8. Жылуу сөз – жыланды ийинден чыгарат.

9. Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.

10. Кылыч жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт.

11. Тилден бал да, уу да тамат.

12. Адамды сөзүнөн, малды жибинен кармайт.

13. Адамды өзүнө караба, сөзүнө кара.

14. Катуу сөз – камчы, Жылуу сөз – укурук.

ӨЗҮМДҮН ИДЕОЛОГИЯЛЫК КИТЕБИМДЕН ЭТИКАЛЫК НАСААТ:

31-насаат. Өз ара жаңжал пайда болгондо жана жаңжалдын оордугуна карабастан, эгерде буга жаңжалдын маңызынын тиешеси болбосо, адамдын улутун жана трайбализм маанисинде анын регионалдык тийиштүүлүгүн эсине салып жемелебеңиз (маданияттуу болсоңуз тияктыксың, бияктыксың, еврей же татарсың деп айтпаңыз деген мааниде). Болбосо Сиз ак ниеттүү жаңжалдан жеңилесиз жана өзүңүздүн аң-сезимиңиздин төмөн деңгээлин көрсөтүп аласыз. Ал эми Сиз ак ниеттүү жаңжалды тандап аласызбы же өзүңүздүн аброюңузду курмандыкка чалып жана жаңжалга байланышы жок улут жана регионалдык келип чыгуу факторун колдонуп каршылаш тарабыңызды деморализация кылганды көздөйсүзбү, Сиздин нравалык аң-сезимиңизден көз каранды.

33-насаат. Эгерде бир адам менен Сиздин мамилеңиз келишпесе, анда ал дегеле терс сапаттарга ээ «жаман адам» экен деп жалпы мүнөздөмө бергенге шашылбаңыз. Балким Сиз байкаган анын терс сапаттары Сиздин гана өз ара мамилеңизге ылайык келип чыккандыр да, ал эми коомдо жана башка адамдар менен болгон мамилесинде ал абдан жакшы оң сапаттагы инсандыр деп ойлонуп көрүңүз.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ:

1. Үй-бүлөлүк таалим-тарбия.

2. Билим берүү тармагындагы таалим-тарбия.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Эмгек жана кызмат тармагындагы Этика кодекстери, мисалы, Мамлекеттик кызматкердин этикалык кодекси сыяктуу.

Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, билингвист фантаст, «Фантастика» аталмасы (номинация) боюнча Москва жана Луганск адабий сыйлыктарынын үч дипломдорунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-08-2025
Продолжение темы: письма сокращать или писарей нанимать? Или штат госслужащих расширять?
8356

01-08-2025
Чрезвычайно большая нагрузка из-за писем и отчётов не даёт госслужащим развивать страну
2018

28-07-2025
Чрезмерно объёмный закон О госзакупках (О тендере) достаточно заменить четырьмя упрощёнными статьями
1955

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
5330

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
4193

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
3780

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
8168

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
4191

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
5234

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
4125

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×