Добавить свою статью
30 Апреля 2024
Эр жүрөк артиллерист

Бала кезим. Мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналган жолугушуу болот деп даярданып калдык. Мугалимибиз берген ырларды жаттап, декломация да даярдап койдук. Күткөн күн келип, биздин айылдан согушка барышкан аталарыбыз келе башташты. Бир кезде эле биздин үйүбүзгө кошуна турган атамдын жакын иниси Бейше байкем келатат төшүнө толтура орден-медалдарын тагып алып. Көрсө, мен ошого чейин Бейше байкемдин согушка катышканын билген эмес экенмин. Баламын да.

Менин эң жакын байкем Шамбет уулу Бейше 1922-жылы 10-майда ал кездеги Нарын кантонунун Жетиген айылында Шамбет атабыз менен Бапый апабыздын үй-бүлөсүндө туулган экен. Жаш кезинен эмгекчил болуп өсөт. “Жетиген” колхозунун жеңилин жерден, оорун колдон алып, карууга толоюн деп турганында батышта согуш оту жанат. Бейше байкем 1941-жылдын күз айларында Советтик Армиянын катарына чакырылып, кан майданга аттанган. Ал учурда бир тууган агасы Төлөк да согушта жүргөн экен. Бейше Шамбет уулу алгач жөө аскерлер тобунда кызмат кылса, кийин артиллерия полкунда замбирек аткыч болуп кызмат өтөп, согуштун акырына чейин катышат. 1946-жылы эли-жерине кайтып келет.

Согуштан кийин 1947-1951-ж.ж. Тянь-Шан районуна караштуу Кумбел алтын кенинде жумушчу, бригадир болуп эмгектенет. Кен жабылып, андан соң 1951-1956-ж.ж. Тянь-Шань жол чарба мекемесинде мастер кызматын аткарып, Нарын-Фрунзе жолун тейлеген ишти башкарат.

1956-жылы өзү туулуп-өскөн айылына көчүп келип, “Жаңы-Талап” колхозунда бригадир болуп иштеп, айыл чарбасынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Байкем 1958-1963-ж.ж. Казан-Куйган керек-жарак кооперациясында дүкөн башчысы болуп калганда мен тестиер бала элем, өзү жашаган үйүнүн бир бөлмөсүн дүкөн кылып ачып иштеткени эсимде. Бала экенбиз, кээде оюндан тажаганда бая байкемдин дүкөнүнө барабыз, байкем “Эй, келгиле бери” деп чакырып, шапкелерибезге бор момпосуйдан, кээде тултук печеньеден (пряникти ушинтип атап алчубуз) салып берет. Чуркаган бойдон жөнөйбүз.

Бейше байкем 1963-1983-ж.ж. 20 жыл бою Тянь-Шань районунун Жерге-Тал байланыш бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Мен 1975-жылдан колхоздо иштеп калып, байкем менен абдан жакшы мамиледе болдум. Көп акылдарын уктум, көп жардамын алдым. Жаш адиспиз, акча айлыктан айлыкка жетпей калат, ошондо байкемден карыз сурап алчу элем.

Бейше Шамбетов байкем согуштагы жана совет жылдарындагы каарман жана күжүрмөн эмгеги үчүн береги сүрөтүндө тагынып турган бир топ ордендер, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Айыл элинде түз жүргөн мамилеси, насаат сөзү менен зор кадыр-баркка ээ болгон инсан эле.

Байбичеси Ражап жеңебиз Кочкордун Төлөк айылынан эле. Алар 4 уул, 4 кызды татыктуу тарбиялашты.

Бейше Шамбет уулу узак оорудан кийин 1984-жылы 22-майда 62 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Бейше Шамбетовдун жаркын элесин биз, туугандары, жердештери ар дайыма эскерип турабыз.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-11-2023
Эсеналы Дайракунов
2681

26-06-2023
Оодарыштын опол тоосу, же эр эңиштин эл аралык класстагы чебери
952

29-12-2022
Ардак наам кут болсун
1717

09-08-2021
Көңүл айтуу
2997

13-04-2020
Улуу Ата мекендик согуш жана таажы тумоосу: салыштыруулар
5719

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×