2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон, чыгаан мамлекеттик, саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын улуттук масштабда, жогорку деңгээлде майрамдоо, тиешелүү иш-чараларды уюштуруу сунушталган. Жакында, 5-мартта биздин Ош мамлекеттик юридикалык институтунда президенттин жарлыгына ылайык «Жусуп Абдрахманов жана Кыргызстандын биринчи Конституциясы» - аттуу студенттер менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияда Жусуп Абдрахманов – Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири, анын ишмердүүлүгү, көөнөргүс руханий мурастары жана алардын азыркылар үчүн маани-маңызы. Кыргызстандын биринчи Конституциясы: жазылуу жараяны, кабыл алынышы, анын саясий, укуктук жана тарыхый мааниси сыяктуу багыттарда кеңири пикир алмашуу болду. Бул макала, ошол конференцияга сунушталып, зор кызыгууну жана талкууну жараткан илимий баяндамалардын бири.
Биз тарыхчылар эгемендүүлүк жылдары негизинен, алгачкы Өкмөт башчыбыз Жусуп Абдархмановдун саясий, социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүнө көбүрөөк көңүл бөлүп, анын кыргыз эли, мамлекети үчүн кылган дагы бир маанилүү ишмердүүлүгү көмүскөдө калып кеткен. Ал Жусуп Абдрахмановдун кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түзгөн расмий, мыйзамдык документтерди иштеп чыгуудагы ишмердүүлүгү. Эң башкысы, ал Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү тууралуу Декларациянын, Кыргыз АССРинин классикалык биринчи Конституциясынын долбоорлорун даярдоо, талкуулоо жана кабыл алуусуна, мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздарды улуттук тилге өткөрүү боюнча (коренизации) комиссиянын негизги жоболорун даярдап, кабыл алууда жигердүү, иштиктүү жана натыйжалуу катышкан, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири.
Мындай ишмердүүлүккө анын ээлеген кызмат орду да түрткү болгону шек-сиз. Жусуп Абдрахманов 23 жашында Туркестан АССРинин БАК Президиумунун мүчөсү, жооптуу катчысы, Кыргыз автономиялуу областынын Революциялык комитетинин мүчөсү, 24 жашында Кыргыз областтык партиялык бюронун жоопту катчысы, областтык Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 25 жашында Кыргыз ССРинин түзүлүшү тууралуу Декларациянын жана биринчи Конституциясынынын долбоорун даярдоо комиссиясынын мүчөсү, 26 жашында Кыргыз АССРинин биринчи Өкмөт башчысы – Эл Комисарлар Кеңешинин төрагасы болгон. Мына ушундай расмий кызматтары Ж.Абдрахмановду Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн уңгусун түзгөн, негизги, укуктук таянычы болгон Баш мыйзамды, бир топ тиешелүү мыйзамдык, актылык документтерди даярдоого түздөн-түз катышууга, аларда элдин, улуттун, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо милдеткер кылган десек болот.
Биз ошол Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясынын баардык долбоорлорунун тексттерин баштан аякка кимдер, качан, кантип даярдаганына байланыштуу, көйгөйлүү маселени ар тараптан иликтөөгө алып, аларды тактап, аныктап чыктык. Экинчи максатыбыз аталган иштерге ошол кездеги кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери Ж.Абдрахмановдун тиешеси бар-жогун иликтеп көрдүк. Тилекке каршы, азыркы учурга чейинки тарыхый, укуктук илимий изилдөөлөрдө, Кыргызстандын классикалык маанидеги биринчи Конституциясынын 1926-1929-жылдары 4 долбоорун даярдап, кыргыз коомчулугунун назарына алып чыккан авторлор тууралуу маалыматтар юристтер арасында да, тарыхчылар арасында да дээрлик жокко эсе. Эң биринчилерден болуп биз, аспирантым Акбарали кызы Токтобүбү экөөбүз изилдей баштадык.[1]
Макаланы толугу менен бул жерден көчүрүп алсаңар болот: документ
Тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору Байболот Абытов