Добавить свою статью
7 Марта 2023
Кылым карытаар мезгил

Эзелтен бери келе жаткан тарыхта келечек тууралуу ойлонбогон бир да муун болгон эмес, анткени мындай көрүнүш адам менен ааламдын ортосундагы бийик байланыш. Ошону менен бирге ар бир доордун өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү да болот. Дүйнө айланпасында адамдын болобу, жалпы бир эл же улуттун болобу өзүнүн тагдыры да болот экен. Акылман болуп эсептелинген философтордун айтымында, адам менен тарыхий мезгилдин тагдыры бир. Ошонуктан муундардан муундарга өтүп турган тарыхтын жебеси да бар.

Бул тараптан караганда заманбап мезгилдин эӊ бир өзгөчөлөнгөн мааниси алдыга чыгып турат. Улуу Айтматовдун сөзү менен айтканда, азыркы мезгил кылым карытаар мезгили. Эмне себептен дегенде, азыркы учурда болуп көрбөгөндөй тереӊ өзгөрүүлөр алдыга гана чыкпастан, ошондой эле тарыхтын жолун кескин түрдө буруп жатканы тууралуу кайрадан ошол эле философ-акылмандар айтууда. Эмне деген өзгөрүүлөр аттуу суроо дароо туулат.

Эӊ биринчиден, адам жашоосунун нугу өзгөрүүдө. Акылдан азап деген сүйлөм бекеринен эмес жаралган экен. Байыркы мезгилден бери жыйырманчы кылымына чейин созулуп келген адамзаттын узун тарыхы – рационалдуулуктун жолу болду, демек акылдын негизинде өнүгүп өстүк. Натыйжада – болуп көрбөгөндөй бийик технологиялар адам турмушун бир жагынан жеӊилдетип, экинчи жагынан адамдын технологияларга болгон кумарлануусун жаратты. Демек, прогресс түшүнүгү бул дүйнөдө, бул реалдуулукта жаралган бардык кубулуштардай эле карама каршылыктуу табиятына ээ болгону объективдүү көрүнүш. 

Реалдуулукка таянсак ошол технологиялардан баш тартуу мүмкүн эмес, ал цивилизациялык жолдун агымы, бирок акылдан азапты чекпөө үчүн илгертеден бери келе жаткан рационалдуулук менен сезимдүүлүктүн (андан да интуитивдүүлүктүн) бирдиктүүлүгүн сактоо зарыл болуп турат. Тарыхка кайрылсак, интуитивдүүлүктүн эӊ табигый көрүнүшү көчмөндөрдө болгон экен. Демек, өзүбүздүн түпкү тамырыбызда болгон касиеттерди жаӊы доорго карата пайдалануу зарылчыгы менен мүмкүнчүлүгү да келип чыгат. Бул да бир ойлоно турган нерсе.

Дагы кандай тарыхий өзгөрүүлөр турмушубузду коштоп турат дегенде – коомдук аӊ сезимдин бурулушу тууралуу сөз козгоо мүмкүн жана зарыл. Бул бир өзүнчө кеп дегендей, адамдын аӊ сезимине доо кеткендигине далилдөөлөр аз эмес. Алардын ичинде эӊ орчунду маселе – руханий тайкылык. Бир караганда, күнүмдүк жашоо-турмушта баары адаттагыдай көрүнгөнү менен, үӊүлүп караганда - руханий баалуулуктардын суйулушу адам дүйнөсүн тарытып, кандайдыр бир күтүлбөгөн чекке алып келгени – өкүнүчтүү, бирок объективдүү көрүнүш. Демек, адам менен ааламдын өз ара мамилеси кескин түрдө карама каршылыктуу абалга келгени трагедия түшүнүгү аркылуу сүрөттөлүшү мүмкүн. 

Мындай өзгөрүүлөр келечек тууралуу ойлорду муӊга салып, тынчсыздыкты алып келүүдө. Бекеринен эмес азыркы мезгил – чоӊ өзгөрүлөрдүн убакыты деп аталган, анткени аябагандай узун тарыхка ээ болгон адамзат тепкичи соӊуна чыгып, анын ордуна кескин түрдө айырмаланган доор өзүнүн ордун ээлеп келүүдө. Аталган өткөөл доорлордо бир гана адам баласы эмес, кээ бир элдер, улуттар, мамлекеттер тарыхий сыноодон өтпөй да калышы ыктымал. Бирок адам мындай көрүнүштөрдү колго албаса адамдык сапатын жоготуп коюшу менен барабар. 

Ошондой эле бекеринен эмес 20-кылымдын соӊунан баштап «биз кимбиз?» деген суроо империя болуп саналган жана эӊ күчтүү деп эсептелген мамлекеттердин алдында коюлуп, бир нече философ-акылмандар бул суроого жооп иретинде чоӊ изилдөөлөрдү жасап мамлекеттери үчүн стратегияларын жарата баштаган. Эгерде империялар ошол суроо менен алектенип жатса, кичинекей мамлекеттер эмне кылышы мүмкүн, деген да суроо жаралат.

Кандай эле жалаӊ суроолор деген ой кетсе, кылымдар, доорлор тогошкон учурларда чындыгында эле жоопторго караганда суроолор көбүрөөк жаралат. Байыркы грек философу Сократ, «мен эч нерсе билбегенимди билем, башкалар анысын да билбейт», дегендей ошол суроолордун коюлушу – демек адамдын айласын таппай калганда акылдын айрандай төгүлүшү менен чагылдырылат.

Суроолордун жок дегенде кайсы бирине жооп катары төмөнкүнү белгилеп аныктоо мүмкүн: ошондой доорлор тогошкон улуу тарыхий мезгилдерде бир акылды айран кылбагандай негиз бар – мамлекеттердин кичи же чоӊуна карабастан алардын келечеке кирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү бирдей болот. Бул да бир тарыхтын буйругу катары белгилениши зарыл. Ошондон улам Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары кичинекей бир уя болгонуна карабастан шарттуу түрдө мезгилге карата иштелип чыккан стратегияны колдонсо, келечек үчүн үмүт үзүлбөйт.

Дагы бир ирет Айтматовдун сөзүн колдонсом, трагедиянын өзү адамдын тазалануусуна такап келгени, анын оӊ маанисинин болушунда, деп да жыйынтык чыгаруу мүмкүн. Азыркы мезгилдин өзү трагедиялуу. Демек, трагедиянын терс жагына гана көӊүл бурбастан, тазаланууга карай жол алсак – келечектин башталышынын башаты болуп эсептелинет. Тарыхий өзгөрүүлөр мезгилине туш болгондон соӊ тазалануу милдетин аткарууга мажбурбуз, же болбосо «жоголгон муун» катары тарыхтын эсинде сакталып калышыбыз ыктымал.

Заманбап тарыхий мезгилдин чакырыктарына, койгон суроолоруна ойлонуп туура жооп таппай калуу келечеке балта чабуу дегенди билдирет. Демек, азыркы убакыттын сыноосунун алдында туруу деген ойлом натыйжа катары руханий тазалануу жана анын негизинде кайрадан баш көтөрүү – кылымдар тогошоор доордун, андан да аябагандай узун тарыхий мезгилдин соӊуна чыгып, жаны бир тепкичтин башатында турган мезгилдин талабы, деп айтуу акылмандуулукка сыйган нерсе. Ошону билген инсан, эл, мамлекет – келечектин ачкычын колунда кармаганына барабар.

Жылдыз Урманбетова, философия илимдеринин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

07-02-2024
«Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин абалы тууралуу» аттуу кереге кеңештин жаңырыктары
945

20-12-2023
Технологический прогресс или самобытность культуры?!
783

15-11-2023
Что таит в себе современный мир как Мир множества смыслов?
1682

17-10-2023
Педагоги всех вузов Кыргызстана, объединяйтесь!
810

27-09-2023
Это прекрасное слово «свобода»
3371

26-06-2023
Возможно ли в Кыргызстане проведение качественных и прозрачных выборов?!
1732

31-03-2023
Памяти ушедших философов Кыргызстана
2001

11-01-2023
Трайбализм кыргызов – это путь сохранения автохтонности народа или уничтожения нации?!
3396

17-12-2022
История кыргызского телевидения в лицах: Майя Султашева
2713

29-11-2022
Курултай или «Современность прошедшего в настоящем»
3074

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×