Добавить свою статью
7 Февраля 2024
«Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин абалы тууралуу» аттуу кереге кеңештин жаңырыктары

Жылдын баштапкы учурунда «Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары» аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү. Эгемендүүлүктүн доорунда коомдук илимдерге биринчи жолу көңүл бурулганы сөзсүз түрдө жакшы жышаан. Демек, мамлекеттик деңгээлде идеологиялык стратегияны белгилегенде коомдук илимдерге таянуу жалпы дүйнөдө калыптанган абал менен мамлекеттин тарыхый чакырыктын алдында турганын түшүнүү. Мунун негизинде өткөрүлгөн кеңеш кандайдыр бир жыйынтыка келдиби же болбосо айтылып кеткен стратегиянын багыттарын белгилей алдыбы? Жана эң маанилүү нерсе - айтылган ойлордун негизинде иш чаралар аныкталдыбы? Алдыда коомдук илимдердин маанилүү идеялары көңүлгө алынабы? Мындай суроолор жаралбай койбойт, анткени бир максат коюлгандан кийин анын жыйынтыгына келүү зарыл, ошондо гана кандайдыр бир натыйжалар пайда болушу мүмкүн.

 Айтылгандын негизинде үч негизги маселени алдыга коюп, алардын маани-маңызын ачып берүүнү туура көрдүм.

 Биринчи. Азыркы ааламдашуу доорунда ар бир мамлекет өзүнүн ишмердүүлүгүндө жалпы адамзаттын өнүгүү абалына ылайыктап алдына бир стратегиялуу суроону коюушу зарыл. Ал суроо – биз кимбиз? Биз дегенде - Кыргызстан мамлекети. Айтылган суроонун негизинде өзү менен өзү экинчи суроо жаралат – азыркы дүйнөлүк шартта (болуп көрбөгөндөй тарыхый кризис учурунда) өзүбүздүн ордубузду сактоо үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек. Демек, мамлекетибиздин азыркы абалы менен келечегин белгилөөдө дүйнөлүк шартты билбей туруп аныктоо дегеле мүмкүн эмес. Дүйнө жана биз деген контекстте эң биринчи иретте адамзаттын тарыхый кырдаалын билип туруп, ошого ылайыктап жеке абалыбызды чагылдырсак туура болот. Дүйнө жана биз деген суроого кайсы илимдин негизинде жооп алуу мүмкхн? Албетте, философиянын негизинде. Бул жактан караганда коомдук-гуманитардык илимдердин чордону объективдүү түрдө философия болуп саналат. Башка коомдук илимдер философиялык идеялардын алкагында жардам берүүлөрү мүмкүн – тарыхый, саясий, маданий, социалдык тараптардан.

Эмне себептен тарыхый абалды билүү үчүн сөзсүз философияга кайрылуу абзел? Философия өзүнө илим менен дүйнөгө болгон көз карашты камтыйт. Адамзаттын тарыхий жолуна көз жүгүртсөк, ар бир тарыхый доордун, кылымдын башында негизги философиялык идеялардын алкагында дүйнөнүн өнүгүү багыттары аныкталып чагылдырылат. Заманбап мезгил болсо адамзат тарыхынын кескин түрдө жаңыланган доорунун баштапкы тепкичинде турат. Демек, адам жана дүйнөнүн карым катнаштарынын жаңы кадамдары түзүлүп жатат. Ошондон улам азыр мезгилдин ой жүгүртүү парадигмасынын калыптана турган учуру. Заманбап кырдаал эки карама каршылыктуу багыттын кесилишинде чагылдырылып турат: бир жактан - глобалдуу дүйнө, экинчи жактан – ар бир маданий система, эл, мамлекет. Бекеринен эмес биз кимбиз деген суроо эң бир курч маселе катарында көрүнүп турат. Бул суроого берилген жооптон көп нерсе көз каранды.

 Экинчи. Заманбап тарыхий абалды билгенден соң жана биз кимбиз деген суроонун негизинде жаралган жооптордон улам азыркы жана жакынкы келечектин тизгинин кармап алуу зарыл. Бул жерде өзгөчө түрдө маданият жөнүндө айтып кетүү абзел. Эмне себептен дегенде, ХХ кылымдын экинчи жарымынан баштап маданият адам жана дүйнөнүн карама каршылыктарынын борборуна айланган. Бекеринен эмес өзүнүн тарыхы менен маданиятын билген гана эл намызын сактай алат. Тамыры жок элдин келечеги да жок дегендей, тарыхын жана маданиятын билбеген эл кулга айланат деген сөз бар. Демек, маданий өзүнө өзү жетишкендик – бул өнүгүүнүн негизи. Бирок бул жерде капкан да бар: тарыхыбызды, маданиятыбызды билебиз, изилдейбиз деген ниет кылдат мамиле менен коштолушу керек. Эмне себептен? Тарыхты жана маданиятты билүү зарыл, бирок ошону менен бирге тээ байыркы замандын жүрүм-турум эрежелерин заманбап мезгилге толук канду алып келүүнүн эч кандай кажети жок. Мезгилдин өзүнүн талаптары бар. Демек, философиялык тил менен айтканда, диалектикалык мамиле жасоо зарыл. Ошондо гана алтын ортонун табуу болот.

 Үчүнчү. Тарыхый абалды да билип, маданиятыбызды да баалуулуктары менен бирге билип туруп эч кандай жыйынтыкка келбей калуу да мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, теоретикалык жактан идеяларды билип да, түшүнүп да реалдуулукта туура эмес кадамдарды жасоо коркунучу турат. Намызыбыз колубузда болгон күндө да туура эмес саясат артка кетирип коюушу мүмкүн. Айтылгандын негизинде Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү практика жүзүндө төмөнкү өзгөчө нерселерден көз каранды – билим берүү саясатынан, маданий саясатынан жана илимий саясатынан. Бул үч тармак бириккенде экономикалык да секирик логикалык натыйжанын негизинде келип чыгат.

 Айтылган нерселер – стратегиялык мүнөздөгү кадамдар. Азыркы жашоонун жана келечектин өнүгүүсү экзистенциалдык жолду билүүдөн көз каранды. Сөзсүз түрдө технологиялар керек, бирок биринчиден социалдык жашоонун стратегиясын аныктоо зарыл. Ал стратегия болсо коомдук илимдердин колунда турган нерсе.

 Футурологдордун айтымында жакынкы келечекте адамдын эң негизги максаты катарында абалга карата өзүнүн жолун табуу болуп калат, ал үчүн негизги ролду ой жүгүртүү ойнойт. Демек, коомдук-гуманитардык, алардын ичинде философиянын актуалдуулугу талашсыз нерсе. Жеке адам болобу, эл болобу, мамлекет болобу өз жолун берилген тарыхий шарттарга карата таап кетүү сакталгандык менен барабар. Ошондуктан коомдук-гуманитардык илимдерге мезгил-мезгил сайын эле көңүл бурбастан, аларды иштетүү зарыл жана мезгилге жараша алдын ала көрүү милдетин курчутуу керек. Улуу Ч.Айтматовдун тилине салып – муну бирөө билсечи деген ойдун алкагында мамлекетибизде ошол билүү жана түшүнүү мезгили келе жатат окшойт деген ниетте калуудамын.

Адам жашоосунун маани-маңызына, коомдун өзгөчөлүгүнө, тарыхтын чакырыктарына көңүл бурган коомдук илимдер эсептелсе, биздин мамлекеттин философтору үнүн катпайт деген ой жаралууда. Бул маселени болсо эки тараптан кароо зарыл: мамлекет философторуна, илимпоздоруна эгемендүү доордо кандайдыр бир талап койдубу? Биринчи жылдарда өз айласын таба албай, философтор эмес жалпы илимге көңүл бурулган да жок, ошондон улам көбү илимий гранттардын артынан башка өлкөлөргө кетип калды. Андан кийин экономиканы бутка тургузуш керек деген ниетте көпчүлүк учурда фундаменталдуу илимдерге басым жасалган. Ошол учурда коомдук илимдер мамлекетибиздин көңүлүнүн сыртында калган. Демек, коомдук илимдерде маани берген мезгили келди го деген үмүт бар. 

  Акыркы он жылда мамлекетебиздин, коомубуздун азыркы абалы жана жакынкы келечеги тууралуу философиялык өңүттө бир канча пикирлерди интернет баракчаларда жайгаштырып, бул идеялар көңүлгө алынар бекен деген ниет жаралган. Тилекке каршы күнүмдүк жашоонун айлампасынан чыкпай, мамлекеттин келечеги бир гана экономика жана технологиялар аркылуу чечүү көз карашы аң сезимде орнотулган. Демек, үн каткан учурда деле мамлекеттик көз караш өз деңгээлинде кала берген. Бирок эртели-кечпи коомдук илимдердин маселеси баары бир коюлмак, анткени Кыргызстандын келечегин түзгөн муундардын дүйнөгө болгон көз карашы билим берүүнүн борбордук суроосу катары калыптанып калды. Эртеңки күндү ойлогон мамлекет биринчи иретте билим берүү менен илимге, маданиятка көңүл бурат, натыйжада - каалайбы каалабайбы инсандын тарбиялоосунда борбордук орунга ээ болгон философияга жана жалпы коомдук-гуманитардык илимдерге көз каранды.

Философия илимдеринин доктору, профессор

Жылдыз Урманбетова

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Технологический прогресс или самобытность культуры?!
783

15-11-2023
Что таит в себе современный мир как Мир множества смыслов?
1682

17-10-2023
Педагоги всех вузов Кыргызстана, объединяйтесь!
810

27-09-2023
Это прекрасное слово «свобода»
3371

26-06-2023
Возможно ли в Кыргызстане проведение качественных и прозрачных выборов?!
1732

31-03-2023
Памяти ушедших философов Кыргызстана
2001

07-03-2023
Кылым карытаар мезгил
2198

11-01-2023
Трайбализм кыргызов – это путь сохранения автохтонности народа или уничтожения нации?!
3394

17-12-2022
История кыргызского телевидения в лицах: Майя Султашева
2713

29-11-2022
Курултай или «Современность прошедшего в настоящем»
3073

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×