Акындан алптар чыккан тайманбаган,
Аалыдай акыйкатты бетке
айткан.
Кулсуңар деген сөзү чөгөлөтүп,
Кыргыздын ар-намысын
көкөлөтүп.
Ырларың төгүлгөнсүйт суу
мончоктой,
Ырдай бергин бул жашоодо
сен мокобой.
Жараткан бир өзүңдү колдой
берсин,
Таңшый бергин булбул болуп эч токтобой.
Ырларың уккандарга ырахат берип,
Ооматың азыр иним келип
турат.
Алп болдуң акындардын
арасында,
Ырларыңды эли-журтуң эргип
угат.
Ырахмат сени кандай эне берген,
Булбулсуңбу бул жашоого
бир келген.
Бешенеңе жазган экен
төкмөлүктү,
Таңшыган таң булбулу өзүң
белең.
Таласың өскөн жериң өнөр
берген,
Ырларың мокобосун сага дем берген.
Ырларыңдан урабас шаар
кургун,
Аалы деп сыймыктансын эли-журтуң.