Кароосуз калган айыл
Бишкегимде Манасымдын айылы бар,
Көргөн чыгаар аны далай адамдар.
Бабам Манас, Кырк Чоронун айкели,
Ал айылга киргенде эле коюлган.
Шумкарынын сынып калды канаты,
Тулпарынын ташыркады туягы.
Миң жылдыкта курулган ушул айыл,
Калып калды кароосуз талкаланып.
Манас айылы күңгүрөнүп тунжурайт,
Билинбеген нечен деген сыр турат.
Бакай ата, акылмандар баш болуп,
Билинбестен көздөрүнөн жаш тамат.
Талкаланды ал курулган аянтча,
Карап турсаң аянычтуу жагдайы.
Байкашпады баалуулукту урпагы,
Куурап калды дарактары ал дагы.
Эмнеликтен колго алып оңдободук,
Сыйынган жерибизди коргободук.
Оңду-солду чачылган каражаттан,
Ыйык жерге каражат табылбады.
Оңдоо үчүн өкмөттүн күчү жетпей,
Кыргыздын бир чыгааны аны көрбөй.
Аттиң ай, көргөнүмдө капаланам,
Чыкса деп карай турган тирүү бир жан.