Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Күн менен түн теңелген, жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз эли-жериме молчулукту, токчулукту, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин!
Нооруз!
Жадырап Нооруз майрам
кирип келди,
Кудайым кут, береке, пейил
берди.
Табиятка тирүүлүк жашоо
берип,
Жер жарылып байчечекей
чыга келди.
Нооруз майрам өзгөчө бир
шаң берет,
Биз күтөбүз жаз майрамы
келет деп.
Булбул куштар таңшып турат
сайрашып,
Бул жашоонун кереметин
билгизип.
Сүмөлөктү казандарга
кайнатып,
Апалар да сүттөн майды
жасашып.
Бир казандан сүмөлөктү
татабыз,
Тилек айтып, ынтымакта
жашайбыз.
Күн менен түн теңелген
ушул күндү,
Кыргыз эли билишкен улуу
Күн деп.
Кар да ээрип, жер жылып,
чөп да чыгып,
Жашоо уланат теребелге жан
кирип.
Кел, келе бер, Нооруз майрам жергеме,
Элге, жерге ырыскыңды
тартуулап.
Элим күткөн ушул Улус
күнүндө,
Кут даарысын улуу кыргыз
элиме!