Добавить свою статью
2 Декабря 2020
Өмүрдү баалайлычы!

Өмүрдү баалайлычы!

Көрдүм мен барды дагы, жокту дагы,

Бешенемдин кеңдигин да, тардыгын.

Балдар үчүн кайышсам да турмушта,

Кубанамын бул жазылган тагдырга.

Аттиң ай, миң толгонуп улутунам,

Өтүп кеткен өмүрдүн ар жылына.

Өмүр дайра өз нугунан чайпалбаган,

Өмүр кыска өтүп кетер байкалбастан.

Өмүрдөн өтпөймүн деп кантип айтам,

Ушул сөздү кеменгерлер кайталаган.

Тилегеним эл-жеримде тынчтык болсун,

Бул жашоого кимдер келип кетпеген.

Бул дүйнөдө атак-даңкка тойбогон бар,

Байлыгынын чып-чыргасын коротпогон,

Ал да өтөөр бу дүйнөгө түркүк болбой,

Жыйнаган мансабы да калып кетээр.

Бир берилген өмүрдү баалайлычы,

Жашообузду шаңга бөлөп жашайлычы.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-08-2021
Замана кантип баратат?
4674

17-05-2021
Жолдошум врач!
3056

13-04-2021
Кароосуз калган айыл
5027

22-03-2021
Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
5098

23-12-2020
Туура тандоо жасайлы!
6123

14-12-2020
Чыңгыз Айтматовго
4125

04-12-2020
Мен адаммын!
10053

31-08-2020
Эгемен күнүң кут болсун, кыргыз элим!
6671

05-08-2020
Аалы Туткучевге
2749

23-07-2020
Япон жергесиндеги ааламат
3036

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×