Мен адаммын бул жашоону жактырган,
Мен адаммын ичке сырды батырган.
Кээде ташып толкун сымал түрүлүп,
Балдарыма мээрим болуп төгүлүп.
Оюм менен бийик болуп аскалардай,
Жакшы кепти уксам деймин башкалардан.
Кыялымда учкум келет канат күүлөй,
Анткени тилек менен баратам жай.
Кээде мен шамал болуп шашкым келет,
Оюм менен дүйнө жүзүн баскым келет.
Кээде мен жалындаймын күйүп жанып,
Келем жашап оюм менен күндө маарып.
Жаш кезди, бала чакты эстегенде,
Көңүлүм эргий түшөт бир заматта.
Кай бирде оюнкараак балага окшоп,
Колума эмне тийсе ала коём.
Кээде мен капаланам ичиркенип,
Кээде мен кетким келет дүйнө кезип.
Кээде мен жалбырттаган отко түшөм,
Кээде мен жакшы ойлорду күтүп турам.
Күлгүн кез жаштыгымды эстесем да,
Өкүнбөйм суулугум кеткенине.
Тобо кылып балдарымдын барына,
Кубанам бир Алланын бергенине!
Эльмира Джумалиева