Добавить свою статью
23 Декабря 2020
Туура тандоо жасайлы!
Кубанам мен жаштардын кайратына,

Чындык деп жалындаган эрдигине.

Өлкөнү сактайлы деп үмүт кылып,

Жетсек деп жакшы жашоо деңгээлине.

Заман келди аны каалап миң сан адам,

Чындык деп чыркырады канча бир жан.

Кыргызымдын жигит-кызы тартынбады,

Ок жааса артка кетпей бир да кадам.

Кыргыз деп күйүп жанды жаштарыбыз,

Коркподу болот мизи майтарылгыс.

Миң сандап акыйкатты издешишип,

Замандын алмашканын байкадыңыз.

Карызды төлөй албай кордук көрдүк,

Кытайың жерди алса анда өлдүк.

Өз жаның окко тосуп жаштарыбыз,

Чындык деп көбөйдүбү катарыбыз.

Жаштарыбыз тентип кетти миң сан болуп,

Бул дагы бизге келген азап кордук.

Азапты башыбызга үйүп кетти,

Дүйнө элинде эң кедейи кыргыз болдук.

Бир катар мыкты чыкты кыргызымдан,

Чоңойткон ата-энеси уул-кыздардан.

Алар көрүп жашоосун жалпы калктын,

Өчүрбөйм деп кыргызымдын жылдызын.

Жайлообуз Үзөңгү-Кууш сатылдыбы,

Сатканга эл башчылар батындыбы.

Келечектен урпактарга мурас калбай,

Кыргызым саткындарга басындыбы.

Ушул жерди саткындар корубады,

Жүрөктөрү эли үчүн оорубады.

Ыйык жерди сатышып акча үчүн,

Бузукулук ойлору орундалды.

Бабалардан белек болуп келген жер,

Кыргызымдын киндик каны тамган жер.

Эли-жерин сактайлы деп душмандан,

Канча адамдар өз жандарын кыйган жер.

“Кумтөрүбүз” талкаланып ыйлап жатты,

Чындыкты айткандарды камап жатты.

Эл байлыгын алып кеткен саткындардын,

Арам дүнүйө байлыктары түбүнө жетти.

Бузулуп мөңгү, жерлер ыйлап жатты,

Бузгандар уялбастан чардап жатты.

Чет өлкөгө чыгарып байлыктарды,

Элинин ырыскысын уурдап жатты.

Жарык чачып чындык келсин элиме,

Тынчтык келсин, кут даарысын жериме.

Энелердин ак тилеги орундалып,

Эл башына ыйманы бар адам келсин.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-08-2021
Замана кантип баратат?
1934

17-05-2021
Жолдошум врач!
4718

13-04-2021
Кароосуз калган айыл
2861

22-03-2021
Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
2863

14-12-2020
Чыңгыз Айтматовго
3674

04-12-2020
Мен адаммын!
7600

02-12-2020
Өмүрдү баалайлычы!
3235

31-08-2020
Эгемен күнүң кут болсун, кыргыз элим!
5081

05-08-2020
Аалы Туткучевге
3341

23-07-2020
Япон жергесиндеги ааламат
2985

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×