Кыргызстанга атомдук станцияны куруу пикири талкуу жаратты, бул бизге канчалык пайдалуу же канчалык зыяндуу.
Энергия булагы катары пайдасы бар, кээ бир коркунучтарды эске албаганда. Украинанын Запорожье шаарында Европадагы эң ири атомдук станциянын тегерегинде ок атылып, бомба жарыла баштаганда чоң коркунуч жаралды БУУнун кийлигишүүсү менен кырдаал жөнгө салынды. Чернобыль кайталанып кетмек.
БИЗ МЫНДАН жыйынтык чыгара алабызбы? Күтүлбөгөн коркунучтар жаралса, эмне болот? Анын үстүнө ийне-жибине чейин түшүнүп, иштете ала турган адис, инжинерлер Кыргызстанда жок. Окутуп, үйрөткөндө да, экстремалдык кырдаал түзүлсө, атомдук станцияны башкарып кетүү баардыгынын эле башына кире бербес. Станцияны салып түзгөн инжинерлер гана татаал сырларын түшүнө алат.
Мындан Бишкекти басып турган зыяндуу түтүндөн арылуунун альтернативдик жолдорун башка жактан издөө маселеси чыгат. Атомдук электростанция түтүн чыгарбай иштей турганын айттык, коркунучтуу жактары да эске алынды.
Дуйнөнүн башка булун бурчтарында атомдук станциялардан баш тартышып, жашыл энергияга приоритет берилүүдө. Биз кайсыны тандайбыз?
Сунуш бар Бишкек ТЭЦин зыяансыс иштетиш үчүн инвесторлор газ менен иштей турган электростанцияны куруп берүүсү зарыл. Европада газ менен иштеген электростанциялар шаарларды жылытат, атомдук электростанцияны куруп берүүгө макулдук берип жатышса, эмне үчүн газ менен иштей турган электростанцияны куруп берүүгө макулдук бербеш керек.
Стратегиялык өнөктөш Кыргызстанга коркунуч түзбөй турган энергетикалык булакты түзү бере алат деп ишенебиз.
Болбосо жаңы салына турган Камбар-Ата ГЭСине инвестиция салынса Бишкектин жылуулук маселеси да чечилет деп ойлойбуз.