АКИпресске чыккан материалдардын биринде электромобилдер тууралуу эмоциялуу пикир мени да үн кошууга түртмөлөдү. Автор биздин чиновниктер кайрадан уктап калды, дейт. Себеби кошуна мамлекет электромобил заводун курууну максат кылып жатышыптыр.
Бизде бул маселе президент Жеенбековдун тушунда эле көтөрүлсө да, ишке ашпайт келет. Сөз менен иш дал келбей, саммиттер, бизнес-форумдар курулай өтүп жатабы деген суроону коёт. Эң өкүнүчтүүсү, биздеги информацияларды, кошуналар пайдалана калып жаткандыгында.
Бир жылдары биздикилер, бир аз картошка чыгарышты эле, кийинки жылдары болду, биз өзүбүз айдадык деп кийирбей коюшту. Кореянын «Тико» жеңил унаасын чыгарган заводдун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, сунуш берип жатканда, алардын атайын кызматтары корейлерди өздөрүнө чыгарып кетишкен. Автор электромобилдер азыркы биздеги тариф менен 10 сомго 100км аралыкка жүрө ала тургандыгын белгилейт. Мындай унаалар бара-бара күн панелдеринен заряддалып, кете бериши мүмкүн. Кымбат күйүүчү майлар үчүн ири суммаларды сыртка чыгарып ийбей, өзүбүздүн энергосекторго жумшасак ал өзүнүн чыгымдарын актайт.
Электромобил чыгарчу заводду Ат-Башы шаарчасына курсак, бул чөлкөм боюнча мурда ишке ашпай калган бизнес пландарды, электромобиль заводунун тегерегине куруп, өндүрүш шаарчасын өнүктүрүүгө болот. Кытайдан ташып кирүүгө да жакын.
Автор макаласында 10 жылдан кийин электромобилдерди коңшулардын сатып ала баштайбыз дейт. Бул экономикалык жактан биз үчүн утулуш. Сатып алуулардын, киреше булактарына терс таасирин тийгизерин кийинки макалада… Дрондорду өзүбүздөн чыгаруунун ордуна ташып киребиз деп, батыштын да, каарына кабылдык. Эс учубузду жыялы. Мамлекеттик кызматтар эмнени карайт. Дрондорду Торугарт же Эркештам аркылуу киргизүү коопсуз. Дрондорду чет элдик компанияга ташытпастан, мамлекет өз көзөмөлүнө алганы дурус.
Булар жаңы технологиялар, дүйнөдө почтаны, башка товарларды ташууда, экологияга көз салууда колдонулууда, аскердик колдонууларды айтпаганда. Олуттуу практикалык иш аракеттерди ыкчамдаталы. Кандайдыр бир чочулоолор болсо, ал негизсиз…