Добавить свою статью
20 Декабря 2023
Эң бийик туу

Туу жөнүндө талкуу көп болуп калды. Биз дагы мындан буйтап өтө албайбыз. Манас эпосунда туунун майдан талаасында сүрөттөлүшү төмөнкүдөй.

Агала желек кызыл туу,

Айгайлаган чуру чуу,

Көгала желек кызыл туу

Көк жарылган чуру чуу.

Желек, туу мамлекеттүүлүктүн белгиси, ар намыстын, баатырлыктын, Кайрат демдин ширелген көрүнүшү. Туу жөнүндө мына ушул жерден талашка чекит коюп койсок деле болмок. Эмнени талкуулайбыз, риторика биринин артынан бири чыга берет. Бирок, алдын ала көрүлбөгөн кырдаалдын пайда болушу, мени да риторикага түрттү.

Ошол эле Манаста дагы мындай деп айтылат: Төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айланта кыдырып. Боз үйдүн түндүгү, анын кошуу белгисинде берилген чамгарактын төрт бурчу ааламдын төрт тарабынын белгиси. Айтып жатышкандай 12 ай да камтылган. Комуздун үч кылы да чамгарактан көрүнөт. Тулганын да үч буту бар. Мүмкүн байыркы бир үч буттуу жаныбардын символу болуп жүрбөсүн

Америкалык фильмдерде мындай фантастикалык. жаныбарларды көрсөткөн учурлар кездешет. Фантастика геометрияны жаратса, геометрия биздин фантазиябызга мүмкүнчүлүк берет окшойт. Кыргыз эл жомокторунда жалгыз аяк, жез тумшук деген тири шумдук жандыктар жөнүндө айтылат. Чекеде жалгыз көзү бар Мадыкаан кыргыздардын душманы, Манас эпосунда. Кырк уук дүйнөнүн төрт тарабын бириктирип кармап турган уруулар. Символика ушундай. Тууну өзгөртүүдөгү бир нерсени эске алуу туурабы деп ойлойм. Айрым желектерде кошуу белгиси икс белгисине окшоп калууда, ар ким каалагандай тартып алганга тыйуу салынышы керек. Х белгиси дүйнөнүн төрт тарабын чагылдырбай калат.

Символика кыргыздардын эн тамгасы. Абрамзондун кыргыздар жөнүндө эмгектеринде 26 эн тамга берилген. Анын бирөө чамгарактан көрүнүүдө. Кыргыздар Европага киргенде, желектерде дал ушу эн тамга тартылган. Кийин бул тамга христиандардын символикасына да айланып кетти. Кытайлардын иероглифтеринде да, боз үйдүн түндүгүндөгү + белги жүрөт. Кийин кошконбуз же мурда бар беле? Туунун түсү боюнча да ар түрдүү пикир айтылууда. Туу дегенибиз желбиреген чоң туу, желек деген туунун кичинеси. Бийиктикти туу чоку деп айтабыз. Ошондуктан туу баарынан бийик турат. Туубуз кызыл экени талашсыз. Тууну күнкарамага да окшоштуруп жиберишти, мүмкүн ошондой сезимдер жаралып кеткендир.

Бирок кеп башкада. Биз адамдар деле күн карамадайбыз, күн чыкканда турабыз, күн батканда уйкуга киребиз. Жер Эне да күндү чарк айланып, адам пендесине күндөн жарыкты сурап алып берип тургандай. Галактиканын 9 планетасы да күндү айланып, турат. Биз жашаган аалам күнгө көз каранды. Күн болбосо жерде жашоо да болмок эмес. Күн караманын өзү, күндү сүйгөн өсүмдүк. Жашоонун символу. Сүрөтчү Ван Гогдун күнкараманы тарткан сүрөтүн көрүп, катуу эмоцияга учурагам. Туудагы күндүн символикалуу берилиши көркөм сүрөткө жатпайт. ал бар болгону эмблема. Канаданын желегинде клен жалбырагы тартылган. Андан Канада жалбырак болуп, кетпейт. Ал бар болгону Канаданын эмблемасы.

Жалбырактын 11 учу мамлекеттин көп кырдуу экономикасын айгинелейт. Чамгарака дагы төртүнчү сызыкты кошуу логикага дал келбейт. Депутат жеткиликтүү далилдеп берди. Ал жерде 4 мезгил 12 ай камтылган. Күндүн нуру атмосферага киргенде чачырап тийет. Сүрөтчү физикалык кубулушту өзүндөй кылып берүүсү мүмкүн эмес. Күндүн нурлары саргыч болбостон, ак болушу туура го деп ойлойм. Космосту изилдеген окумуштуулар да күндүн нурлары ак же тунук деп айтышат. Желектеги күндүн нурлары салыштырмалуу символикага ылайыкталган. Бир нерсе деп айтыш кыйын.

Казакстандын желегинде күн оводо алыскы планда берилген. Бизде жалын сыяктуу ири планда тартылган. Япондордун желегинде күндүн нурлары тартылган эмес. Диск кана турат. Күн тутулган сыяктуу. Андай деле эмес ,бар болгону күндүн символикасы. Эч ким аны сындай албайт. Кыргызстандын желеги деле ошондой татыктуу. Бир аз өзгөртүү керекпи, өзгөртүлө турган болсо биздин мекенге болгон сүйүүбүз менен өзгөртүлсүн. Эгер өзгөртүү мурдагыдай тренд болуп калса, эмне берет? Канча талкууласак да, күндү өзгөртө албайбыз. Өзүбүс өзгөргөндө кана жылыштар пайда болот. Жылыштар жөнүндө кийин…

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-12-2023
Соодадагы туннель
995

03-10-2023
Завод курулабы?
1142

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1467

25-06-2023
Гравитация
1362

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1652

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
1048

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1701

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2161

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2530

18-01-2022
Табият жана адам
3312

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×