Американын кайра ордуна келген президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Америкага кирүү үчүн, уруксат берчү Грин карталардын сертификатын сатууну көздөөрүн белгилеп, ал жалаң гана чет өлкөлүк байларга сатылчу алтын карталар экенин айтты. Ал жылына триллион доллар киреше булактарын алып келмек. Президент Трамп экономикалык диверсификацияны көздөп жатканы бышык.
Дүнүйөлүк экономика кандай акыбалга туш болот, Америка дүнүйөлүк экономиканын «туу көтөрчүсү» экендигин эске алсак, өздөрүнүн кемелерин таштап кетчүдөй көрүнүшөт. Бир тараптуу аракеттерден рыноктун механизмдери жакшы иштей албайт.
«Май басып» кетүүдөн коллапс жаралат. Майлар адамдын мээлерин басып кетсе, майдан кутулуунун жолдорун издөөгө туура келет. Өтө семирип кеткен адамдын ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүктөрү алда канча көп. Бекеринен Марксистер капитализмди чирип жок болуучу коом деп айтышпаган чыгаар? Материалдык байлыктардын артынан түшүп кетүү адамдын өзүндөгү баалулуктарды жок кылууга алып келбейби?
Манастан адамды сүрөттөгөн бир сапты келтире кетели: «Кылдай мойну кыйкайган, кылымда чыкпайт мындай жан». Көркөм сүрөттөөлөр адамдагы өзгөчө касиеттерди айгинелейт. Бүгүн Кылдай моюндардын ордуна күржүйгөн зор дене түзүлүштөрдү жарнамалоо жүрүп жаткандай, фильмдер жалаң монстр адамдарды, кара күчтү идеалдаштырып берүүдө. Байыртадан бери келаткан тренд.
Манас бабабыз өзү ушундай болгон эмеспи деген суроо туулат. Эки ийнине карасаң, эки бүркүт конгондой. Же болбосо: Көзү көлдүн буткулдай, көрүнгөндү жуткудай. Мен бала кезде окуган Манастын айрым эсте калган саптарын келтирдим. Буудан аттын образы, «чаткаягы Чаткалдай» - деп берилет. Демек эки тоонун ортосу, аны минген баатырдын образы; Зордугу тоонун теңиндей. Мына чыныгы монстр. Арийне Манас оң каарман, ал Адамдагы адамдыкты даңазалайт.
Экономиканы диверсификациялоо монстрларды жаратып койбойбу, Кыргызстан сыяктуу мамлекет өзүнүн экономикасын диверсификация кыла алабы, дареметтер жетишерликби, бизге кандай диверсификация керек? Көп маселени чубап чыкса болот, эксклюзив катары айрымдарына эпизоддук баяндама берүүгө туура келет.
Америкага кирүүнүн жол жоболору татаалдашып жатканда Кыргызстанга кирүү, эч кандай текшерүүлөрсүз эле кире берсе болот деген кабылдоонун негизинде ишке ашууда. Туристтерди визасыз киргизүү эмне пайда алып келди? Кызмат көрсөтүүчү инфраструктура да жогорку деңгээлде деп айта албайбыз. Туристтердин көбү биздин ашканалардан тамактанышпайт. Жеңилдетилген визалык режимди колдонсо кандай болот? Консулдукта иштегендер виза ачып өздөрүнө каржы топтой алса бюджетке жеңил түшөбү себеби, мамлекет каржылоодо. Америкага виза ачтыруу миңден ашык долларды талап кылат. Же биз визаны колдонсок туристтер көп каттабай калабы?
Бүгүн бизге баалар тууралу кеп кылууга туура келет. Америкада деле баалар андан чыккан салыктар тууралуу маселелер козголуп жаткан чагы. Алгач сөзүбүздү экспортко туура келип жаткан мал жандыктардан баштасак. Коңшуларга вагондор менен ташылып кара малдар өтүп жатканын маалымат булактары таратып жатты. Эч ким каршылык көрсөтө алган жок себеби, лоббистер министирлер кабинетинин каршылыгына карабай чек араны ачышты. Экономикалык пайда, зыян жөнүндө сөз да чыккан жок. Рыноктогу тең салмактуулук бузулуп, эттин баасы жогорулады. Пайда көрүүчүнүн көз карашынан алганда баанын көтөрүлүшү эң жакшы көрүнүш, рыноктук мамилелерди түзүүдө эң начар.
Акыркы жылдары баа жогоруласа пайда көп түшөт деген туура эмес түшүнүктөр орун алып келатат. Баанын жогорулашы атаандаштык жоюлуп, монополиялык бир тараптуу ээлик кылуудан жаралган көрүнүш. Бир убакта конституцияда көрсөтүлгөн керектөө корзинасын толтуруу тууралуу Жогорку Кеңеште чатак чыкканы көпчүлүккө маалым. Деги ким күнөөлү? Баалар өсө берсе жөнөкөй адамдар керектөө корзиналарын кантип толтурушат. Сөз менен иш дал келбей жатат го. Рыноктогу суроо-талап бузулууда.
Эгер продукция өндүрүүчүлөр канчалык көп болсо, баалар ошон чолук туруктуу кармалат. Себеби алар бири биринен ашып түшө албайт. Биздин экономистер айткандай, рынок өзүн өзү түздөйт. Бирок бизде рынок өзүн өзү түздөй алган жок, баалар өсүп кетүүдө. Жогоруда себептерин айттык. Өндүрүшчүлөр аз атаандаштык жокко эсе. Рыноктук айрым аспектилерге көз кырын сала кетели.
Кыргызстан менен Иран футболдук командаларынын беттешүүсүндө билеттин баасы эки миң сомго чыгып, көптөгөн күйөрмандар стадионго кире албай калды. Суроо менен талаптын карым катышы бузулгандыктан 30 миң күйөрмандын ордуна 13 миң киши гана өз көздөрү менен футболду көрө алышты. Ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынууда, бардык каалоочулар үйгө ээ боло алышабы анткени үйлөр арзан эмес, көп адамдар үйдү дароо төлөп алалбай тургандыгы айтпаса да белгилүү. Көп жылдык мөөнөт менен бөлүп төлөө аркылуу гана мүмкүнчүлүк алышат. Үйлөрдү арзандатса кандай болот? Анда көп адамдар үй алат, бирок талап аткарылбаса үйлөр салынбай калат. Маселе кантип чечилет, бир деме ойлоп табарбыз, мүмкүн ага чейин маселени өкмөт өзү чечкенге жөндөмдүү болуп калаар. Картошканы «аукционго» коюп бир мүшөгүн 3000 миң дегенде бийлик өкүлдөрү кийлигишти. Же картошкаларды жарым-жартылай чиритип саткылары келип жатабы? Сөзсүз бирөө көмүрдү ээлеш керек, дагы бирөө картошканы, дагы бирөө этти ээлесин деген маңызсыз түшүнүктөр кирип жатат.
Рыноктук мамилелердин өнүкпөгөндүгү жагымсыз шарттарды,ал түгүл кир саясий оюндарды жаралышына алып келүүдө. Согуш жана тынчтык маселелерин рыноктун шартында чечүү бекеринен чыкпагандыр. Бирок бизде рыноктук түшүнүктөр жакшы калыптанбагандыктан картошканы «аукционго» чыгарганга аракет кылып жатышат. Америка миллиондогон тонна айыл чарба продукцияларын Кытай мамлекетине экспорттойт, ошондуктан цитрустардын даамын биз да татып калып жатабыз.
Продукцияларды аукционго коюп сатуу бирөөнүн да башына кирбесе керек… Экономикалык мамилелерди түзүүдө бааларды улам көтөрө берүү экономикалык фиаского алпарышы толук ыктымал. Продукциялар суроо талапка ылайык көлөмдө чыгарылып, ыкчам жүгүртүүнү ишке ашырганда гана пайда алып келет. Картошка *допингке" саткандай, сатылууда. Бааларды көтөрүүдөн кара рынокко жол ачылып жаткандай туюлат. Түшүм маалында аймактардан картошканы алып сатарлар чогултуп кетишет да, жаз келгенде базарларда картошка жок деген шылтоо менен кезектеги бааны жогорулатуу жүрүп кетет.
Кара рынок пайда болгондуктан салыктан буйтап кетүү оңой. ККМ аппараттарын алып коюшуп, аны иштетишпейт. Флорида штатында болобу, же башка шаарларындагы Америкада ар бир соода кылган адам соода кылып жатканда салыгын төлөп кете берет. АНДАН товар кымбаттаганын көргөн жокпуз. Рыноктук мамилелер атаандаштыкка негизделгендиктен оорчулук тарткан адам деле жокко эсе, марихуана чеккендерди эске албаганда. Ал жакта марихуана мыйзам менен уруксат берилген. Биздеги спирт ичимдигин ичип алып жүргөн адамдар сыяктуу көрүнүш.
Америкага барган бир жердешибиз жылына 30 миң доллар төлөйт экен. Оор эмеспи десем, ар ким кирешесине жараша төлөйт деди. Эч ким арам тамак жебейт. Бир тараптуу ээлик кылуу 62 пайызка ашса монополия катары кабыл алынат. Бизде 100 пайызка чыгып кетсе да салык төлөгөндөн качышат. Салык төлөбөй койуу Американын элине каршы чыгуу катары кабыл алынгандыктан, мыйзамдары катаал. Рыноктук мамилелер ишке ашпайт жаткандан кийин, өкмөт бааларды коюп чектөөгө милдеттүү.
Мурдагы жылы Токмоктун микрорайонуна, өзү төккөн машинелер менен жер жемиштерди төгүп салышты. Эл алып кетти ошону, анткени базарда бааны улам көтөрүп атышкан. Ээлери чиритип ийгенден сактанышкан окшойт. Баалар кыска мөөнөткө арзандаган менен, басым кайра эле көтөрүлдү. Баш аламан соода жүргүзүүнү мыйзамдаштырып, тескөө зарыл.
Базардагы бааны жогорулатып ийүү адамдык факторго да байланышкан. Өндүрүшчүлөр көбөйүп, рыноктук мамилелер түзүлгөндө адамдар өз эмгеги менен жашай баштайт. Көп адамдар чайкоочулук менен күн көрүшөт. Тоодон түшкөн экологиялык таза малдар экспортко чыгып кеткендиктен ички рынокто, экологиялык таза этти табуу кыйын азыр. Буга байланыштуу ар кандай оорулар жайылып жатат.
Тышка малдарды чыгарууда 10 пайыздык пошлина киргизүүнү сунуштасак кандай болот? Кыргызстанга товарлар 70 пайыз сырттан ташылып кирет, бул биздеги өндүрүш тармагын жок кылууга алпарбайбы?
Арал деңизин толтуруш үчүн такай суу куюлуп турушу талап кылынат, экономикалык инвестицяга окшош. Киреше булактарын табуу продукцияларды экспортко жолдоого байланышкан. Өздүк продукцияларды сатуу аркылуу экспорттук дареметти жогорулатуу мамлекеттин экономикалык күчүн арттыраары шексиз. Өндүрүшчүлөрдү күчтөндүрүү, алардын санын көбөйтүү бизнеске колдоо көрсөтүү негизги приоритет.
Жакында бирөө мага чакан ишкана ачыш үчүн салык кызматына барып, катталуудан баш тартканын айтты. Себеби аны «ишкердигиң тууралуу отчет берип турасың» деп чочутуп салышкан. Менимче катталууну нотариуска өткөрүп берүү туура болчудай. Болбосо алар ишкердигин легализация кыла албай, мыйзамсыз жолдор менен иштеп жүрө беришет. Жалаң импорт менен күн көрүү активдердин сыртка агып кетүүсүн пайда кылуу менен баалардын жогорулашын жаратып, адамдардын жакшы жашоосуна тоскоолдуктарды жаратат. Өндүрүшчүлөрдү көбөйтүү, атаандаштык жаратуу «Калифорниялык» системага өтүүгө алып келет. Демек продукциялар арзан, керектөөчүлөр өздөрүнүн суроолоруна канааттандырарлык жооп ала алышат.
Албетте доллардын сомго болгон карым катышын эске алсак биз үчүн кымбатка түшөт, америкалыктардын өздөрү үчүн арзан. Америка негизинен продукцияларын сыртка сатуу менен киреше табат. Атаандаштык орун алгандыктан бааны көтөрүп кекирейип кетүү жок.
Биздин базарларда бааны көтөрүүдөн продуктулар көпкө сакталып, эскирип бүксүгөнүн көрөсүң. Азыр чеснокторду бөлүп ачканда арасынан грибоктор чыгат. Оору таратуучу микробдор бар. Жугуштуу оорулардын жаңы оорукканасын салуу маселеси көтөрүлүүдө. Оорунун натыйжалары менен күрөшпөстөн, оорунун чыгуу себептерин зыянсыздандыруу керек болуп жүрбөсүн. Антпесек оорукканалар мектеп салынгандай эле салына баштайт.
Чек арадан өткөн азык-түлүктөр лабараториялык иликтөөдөн өтпөстөн сатууга түшүүдө. Орусия, Казакстандан кирген эттерге эпак эле тыйуу салган. Ош базарынын кире беришинде, малдын ичеги, карындары, куйкаланган койдун баштары жол боюндагы чаңда сатыкка коюлган. Сырттан кирген азык-түлүктөрдү лабараториялык анализден өткөрүү колго алынабы? Пандемиядан алган сабактарды унутуп калбайлы.
Дагы бир көйгөй колдонуудан чыккан унааларды легалдаштырууга болгон аракеттер. Эскирген унаалар кара түтүн бүркүп, абаны булгап тим болбостон жер кыртыштарына да зыян келтирип, жол кырсыктарын да көбөйтүүдө. Коммерциялык кызыкчылыктардын артынан түшүп, экологиялык нормаларды бузуу мыйзамсыз аракеттер катары бааланууга тийиш. Туристтер да табияттын ажайып дүйнөсүнө кызыгып келишет. Тоо токойдун баарын кыркып, томуктай кылып тазалай берсек, туристтерди тартуу да кыйындап, «тоо бизнеси» токтойт. Айрым кооз жерлерди акча тапчу базарга айлантып баратышат, экология, жаратылышты коргоо кызматтары качан иштей баштайт. Алардын иштеген иш программалары барбы? Кайсы нормативдик актылардын негизинде аракеттер жүрөт. Рынок санитардык-гигиеналык жактан таза болгондо инфекциялык оорулары да азаят.
Айрым дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды арзандатып сатыкка коюп койушат. Тиешелүү кызматтар чара көрүүлөрү тийиш. Рыноктук мамилелер атаандаштыкка негизделген адилеттүүлүктү жактырат. Рыноктун чыныгы мааниси молчулук дегенди тастыктайт. Молчулук болсо, теңчилик да болот, арзанчылык да болот, адамдардын аялуу катмары жаралбайт.
Бүгүнкү замандын экономисттери Марксистик теориялардан ашып түштү деп айтсак жаңылышпайбыз. Социалистер, адилеттүү бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңчиликти орнотууга болот деп ойлошкон, бирок капиталисттер Марксизмден айырмаланып, өндүрүш рычагдарын пайдалануу менен социалдык жактан турмуш тиричиликти камсыз кылууда көзгө көрүнөөрлүк өрнөк боло алышты. Буга илимий-техникалык жаңы ачылыштар да себеп болду. Маркс жашаган доордо космоско ракеталар учуп, жаңы технологиялар бар болгондо анын эмгектери жаңы ачылыштарга байланыштуу толукталып, бүгүнкү күндөгү капиталистик тутумдун маани маңызын толук ачып берет беле.
Эмне үчүн көпчүлүк адамдар Америкага жетүүнү көздөп, айрымдары деңизге чөгүп кетеерине карабай кетип жатышат? Себеби ал жакта рыноктук мамилелер жакшы жолдорго коюлган. Мыйзамдуулук сакталат. Эскерте кетчү нерсе рынок жана рыноктук мамилелер — эки башка аспект. Рынок турганы боюнча рынок, ал базарлар. Рыноктук мамилелер өндүрүшчүлөр көп болуп, товар жүгүртүүнүн көлөмү арта баштаганда жаралат. Базарларда түрдүү бут кийимдер көп, анын баары сырттан ташылып келеери белгилүү. Айрымдары кийгенде ыңгайсыздык жаратып, балдардын буттарын май таман кылган учурлар кездешет. Тамандары фенол сыяктуу уулуу заттар кошулган клей менен чапталган. Булардын ордуна бут кийимдерди чыгарган беш-алты фирма өзүбүсдө болсо, анда креативдерди жарата баштайбыз. Экономикалык иш чаралар жүрө баштамак.
Айыл чарбасында ири реформаларды өткөрүү зарыл. Өзбекстан КМШ мамлекттеринен сырткаркы өлкөлөргө чейин айыл чарба продукцияларын ири көлөмдө чыгарып жаңы киреше булактарынан пайда табууда. Кыргызстанда жерлер үлүштөргө бөлүнүп кеткен, чачырап кеткен жерлерди кайра бириктирип, ири айыл чарба өндүрүшчүлөрүн күч менен болсо да уюштуруу зарыл.
Улуу акын жазгандай, «топтошуп алып токчулук тилеген» заман өттү. Иш аракеттерди тынымсыз көрө баштасак коллапстан чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Кытайдан бери салынчу темир жол бүтсө, биз кайра эмне товар жөнөтө алабыз? Вагондор кагырап, кур кете берсе, экономикалык пайда түгүл чыгым тартып калышыбыз мүмкүн. Ансыз да Кытайдан кирген дөнгөлөк унаалар кагырап бош кетүүдө, биздин капчыктар бош экендигинин белгиси.
Былтыр Өзбекстандан мамлекетке 500 миллион долларлык товар кирген. Демек 500 миллион доллар Өзбекстанга кетти. Аны кайра толтуруш үчүн өзүбүздүн жарандардан алабыз.
Кыргызстан, Өзбекстанга канча сомдук товар чыгарганы тууралуу кабар жок. Анткени экспорттун деңгээли төмөн. Башка өлкөлөрдө айыл чарбасы үчүн көп ишттер аткарылат, анткени киреше табуунун алгылыктуу тармактарынын бири. Кытайда айыл чарбасына насыялар, пайызы жок берилет. Экономикалык модернизация зарыл, илимий чөйрө бир нерсе сунуштай алабы?
Эмне үчүн жымжырттык, летаргиялык уйкуга кирип кетпейли… Башка тармактарда иш кызуу жүрүп жатат, ошого жараша айыл чарбасына жапа тырмак киришүү менен жаңы экономикалык деңгээлди жаратуу зарылдыгы пайда болууда.