Добавить свою статью
1 Апреля 2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...

Советтер Союзунун учурундагы товарга болгон, баалардын номенклатурасын көрүп, бүгүнкү күндөгү бааларды салыштырып кароого туура келет. Помидор 1 кг 10 тыйын, дарбыз 6 т. Жол транспорт шаар ичинде 5 тыйын, бензиндин баасы 2 сом 50 тыйын. Студент 50 тыйынды түшкү тамактануусуна короткон. Шаар ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу мерчемделип жатканда империя таркатылган.

Мындай берешендик кантип пайда болду? Коммунистер партиясы элди социалдык жактан камсыз кылып турган. Бир бөлкө нан 16 тыйын. Эч ким ачка калбайт деген сөз. Тамак аштын арзандыгы идеологиялык лозунг. Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн.

Идолдорго сыйынуу, Лениндин мавзолейне таазим этүү, ушул сыяктуу афишалар коммунизм кодексин чагылдырган. Эмнеси жаман.. Картошка, пиязды же бензиндин баасын көтөрө калып, пайда көрүү бирөөнүн да оюна келген эмес. Мамлекеттик монополия экономиканы пландоо жолу менен ишке ашырып, арзан продукциялар элдин суроо талаптарын камсыздаган. Бардык жерде завод, фабрикалар иштеп, жумушсуздук жөнүндө сөз жок. Ким иштесе, тиштейт деген девиз орун алып, өзгөчө кызмат адамдарынын байып кетүүсүнө жол берилбептир. Бул коррупция жок деген сөз. Мамлекеттик капитализм, коммунистердин бир партиялуу системасы... Анда эмне үчүн Советтер Союзу кулады.

Бир партиялуу Кытай эч кандай өзгөрүүлөргө учурабастан, пландарын ийгиликтүү ишке ашырууда .Муну азыр чечмелөө кыйын. Кубулуштар биздин нейрондорду жандап өтүп кетүүдө. Советтик социализм болгон байлыктарын ортого топтоп, кошкон салымына, керектөөлөрүнө жараша союздук республикаларга бөлүштүрүлгөн. Биз бүгүн жеке капитал топтоого, экономиканын батыштык үлгүсүн өздөштүрүп жаткандайбыз. Анда соода жүргүзгөн бардык субъектер салык төлөөгө милдеттүү. Бул капитализмдин кредосу.

Аныкы кана эмес, кечөөнкү эле социализмдин тушунда колунда бар жарандар жыл сайын бирден кой-эчки, бодо малын ортого берип турган. ККМ аппаратына каршы чыккандар, Англиядагы 19-кылымдагы Лудиттердин машиналарга каршы көтөрүлүшүн эске салбай койбойт. Алар машинелерди,заводдогу станокторду талкалаган. Бүгүнкү күнгө чейин прогресске каршы чыккандарды лудиттер деп шылдыңдашат. Лудиттердин мындай кадамга барышына жумушчу орундардын кыскарып кетиши себеп болгон.

Бүгүн Кыргызстанда заводдор ачылып, жумушчу роботтор пайда болсо эч ким каршы чыкпаса керек… Лудииттерге карабастан, азыр Англияда жумушсуздук орун алган деп эч ким айта албайт. Биз бүгүн көмүскө экономиканы ачыктаганыбыз туура, андан эч ким жумушсуз калбайт, ачка да калбайт. Бул иш чара салык төлөө үчүн гана болбостон, терең экономикалык анализдерди жүргүзүүгө жардам берет.

Коррупция кандай кесепеттерге алып келерин Турциядагы жер титирөө корсөттү. Коррупциясы жок өлкө кандай бат өнүгөөрүн Кытай далилдеп берип атат. Биз аймактагы борбордун базарын аралап жүрүп, соодагер айымдан, ал эмне үчүн желим баштыкка он сом кошуп жатканын сурасак,- силер деле айлыгыңарга кошуп атпайсыңарбы биздики деле ошондой, деди. Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы айырмалоо, базар бюрократия сын жаратып жатабы…

Чынында эле айлык, пенсия жогорулаары менен, базар баалары да көп күттүрбөстөн жогорулады. Жан дүйнө кризиси, инфляцияга алып келип жаткан жокпу? Дагы бир чакан дүкөндө кызыктуу диалог орун алды. Мен айымдан эмне үчүн ККМ аппараты жок иштеп атканын сураганымда, салык төлөөгө туура келет анда, деп, ирээнжий түштү. Ар кандай текшерүүчүлөрдөн көңүлдөрү калган деген бир ой менде кылт этти. Себеби базардагылар; Мейли патенттин баасын эки эсе көторгүлө, бирок ККМди киргизбегиле - деп сурангандары кандай? Бизнесин тарттырып ийгенден коркуп жатышкан жокпу? Андай мыйзамсыз басып алуулар болуп келген.

Бирок кеп башкада – сырлардын ачылышы, алардын адамдык наркын төмөн түшүрүп салбайбы? Мен дүкөнчүгө Каб. Миңдин жүйөөсүн келтирип, 8-миллиондук товар жүгүртүүгө салык салынбай тургандыгын, андыктан эч чочубай эле ККМ аппаратын киргизе берсе боло тургандыгын түшүндүрдүм. Ал мага, бизде бир эле кумшекердин айлануусу 8-миллиондон ашат, деп, балп эттирип салды. Бул чакан дүкөнгө анча деле каражат түшпөсө керек деп ойлогом. Артындагы кампасы чоң тура көрсө. Сабиз, пияздын эмне үчүн кымбаттап кетип жатканы эми түшүнүктүү. Ылдам акча жасай калуу максаты. Соодада көбү ушул оору менен ооруп жатат. Пияс жок деп, кымбаттата коюшту да, кымбаттагандан кийин пияз кайра көбөйүп калды.

Бул оош-кыйыштарды тактоо үчүн сөзсүз ККМ аппараттары талап кылынат. Мындан сырткары, өлкөгө кирип-чыгып жаткан товарлардын статистикалык жалпы суммасын так аныктап, алардын сатылып жаткан баалары боонча Салыктын болжолдуу көлөмүн аныктоого болот. Ойлонуп чыккан терең анализден кийин гана, салыктын өлчөмүн чыгаруу максатка ылайыктуу. Бизнес муунуп калбаш үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү, коркутуп-үркүтүүлөрдү болтурбоо, ошондой эле салыкты төлөбөй койууга болбой тургандыгы. Өкмөт 00,0,1% салык өлчөмү болоорун айтууда. Абдан эле жеңил. Бизнеси жок адам деле төлөп коёт муну. Дагы бирөөлөр, белгилүү контрабанда өкүлү кармалгандан кийин баалар өсүп кетти деп каңкуулады. Ууру кылуу айрымдарга пайда алып келген менен, мамлекет үчүн зыяны "баа жеткис".К оррупция токтогондон кийин айлык, маяналарды соц. Төлөмдөрдү көтөрүүгө мүмкүн болду. Жемкорлор жылчык таппай, бааларды көтөргөнгө киришүүдө.

Базардагы пикир алышуулардан кийин, ушундай жыйынтык чыгарууга туура келет. Айрым көкүтткөндөр өкмөт элдин жон терисинен кайыш тилип жатат дешүүдө. Муну кызыткандар демагогдор, кошул-ташыл болгондор кызыл кулактар. Таштандылардан оокат издеген адамдарды көрүп өкүнбөй койбойсуң. Кайышты ким тилип жатат көмүскө экономика, монополистер. Алар өздөрү каалаган бааларды коюп, орто катмарды диетага отургузуп, жеке өздөрүн семиртип жатат. Алман элинин улуу акыны Гейне, бир адамдын бейнесин тартат. Ал адам бай болгондуктан ашыкча тамакты сиңире албай ооруп.жатса, иниси ачкачылыктан өлгөн атат. Артык дөөлөт баш жарат, деп бекеринен айтылбаптыр.

Байыркы Рим империясы байлар көбөйүп кетип кулаган. Король өзүнчө, олигархтар өзүнчө. Кудум эле бир аз мурун биздегидей. Бири бирине баш ийбей антагонист болуп кетишкен. Гундар басып киргенде Римдин чет жакасындагы калк, плебейлер Нурларга кошулуп, өздөрүнүн олигархтарын талап тоношкон. Көчмөндөр адилеттик орнотушту. Ошондуктан Арстанбек акын: Эл менен сен бийиксиң, элден чыкксаң кийиксиң -деп, бекеринен ырдабагандыр. Ак сөөктөрдүн тирешинен "Варфоломей түнүндөгү" кандуу окуя Француз революциясына алып кирди. Тарыхтан реалдуу турмушка өтөлү Амортизация кылыш үчүн, соодага ведомстволук компанияларды киргизсе кандай болот. Мисалы билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо органы соода компанияларын түзүп, өздөрүнүн адамдарын арзан товарлар менен, камсыз кылып турса, өкмөт сунуштаган 0,1% салыкты оңой эле төлөп берет Атаандаштык түзүлсө соода калыбына келиши керек. Бишкекте социалдык дүкөн ачылганда адамдар эрееркеп ыйлашыпттыр. Аялуу адамдар көңүл бурууга муктажь. Салык бул капитализмдеги, социализм. Мамлекетке түшкөн каражаттар, элдин өсүп-өнүгүүсүнө жумшалат. Салык төлөбөйм деп өзгөчөлонүү кудайдын каарына алып келбейби? Себеби бүт цивилизациялуу дүйнө салык төлөп жашап, өнүгүүдө. Сөзүмдүн акырында Дубайдын негиздөөчүсү Шейх Рашиддин өз өлкөсүнүн келечеги тууралуу айткан бир сөздөрүн, жогорудагы ойлорду толуктоо иретинде келтире кетейин.

Менин чоң атам төө минген, менин атам төө минген, мен Мерседес айдагам, менин уулум Ренджовер айдайт. Анын уулу Ренджовер, чөбөрөм төө минет. Эмне үчүн андай? Оор мезгилдер күчтүү адамдарды төрөйт. Күчтүү адамдар жакшы мезгилдерди жаратат. Жакшы мезгилдер алсыз адамдарды пайда кылат, алсыз адамдар оор мезгилдерди түзөт. Көбү түшүнө бербейт. Эр жүрөк, жоокерлерди тарбиялаш керек, мителерди өстүрбөй.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
857

11-12-2023
Соодадагы туннель
596

03-10-2023
Завод курулабы?
844

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1041

25-06-2023
Гравитация
1135

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1467

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1546

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1963

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2230

18-01-2022
Табият жана адам
2522

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×