Кошмо штаттардын кайтып келишиңиз менен куттуктайм! Сиз менен диалог түзүүгө дагы бир жолу мүмкүнчүлүк алдык өкшойт.
Визави: Жарайт.
Американын саясий айдыңында эмне жаңылыктар бар?
Визави: Трамп дагы эле суракта жүрөт.Дүйнө кандай эски болсо, калгандары да мурдагыдай эле эски.
Өзүбүсдөгү окуяларга баяндама берсек. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары менен, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын ортосунда кер- мур айтышуу болуп, депутаттар кызматтан кетүүсүн талап кылды.
Визави: Трагедияга дагы көп бар.. Менимче кызматкердин айрым кемчиликтери, эл өкүлдөрүнүн ага уүстөмдүк кылуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат. Мамлекеттик кызматкер өзүнүн милдеттерин так аткара албаса,..Айрым учурда көрө албастык орун алат. Себептер ар түрдүү. Бирок каршы пикир айтты деп, кызматтан алынышына көрсөтмө берүү негизсиз. Авторитаризм жыттанып турат. Өткөндө ушундай буюуртмаларды берүү менен канчалаган кызматкерлер айдалды. Бирдеме өзгөрдүбү, өзгөргөн жок. Тескерисинче казынага кол салган уурулардын көбү карматпай кетти. Кызматкерди шахмат доскасындагы фигура сыяктуу кароого болбойт..
Кер-мур айтышканда кызматкер күнөөлүбү?
Визави: Мен буга башкача көз салгым келет. Депутат болобу, министир болобу мамлекеттик этиканы карманыш керек. Болбосо кабышып калат, парламент гана көзомөлдөөчү болбостон, аткаруу бийлиги да көзөмөлдөө укугуна ээ, болбосо айрым депутаттар жемкорлукка шектелип качып жүрөт.
Азыркы айткандарыңызды салыштыруу жолу менен тереңдетип бере аласызбы?
Визави: Ньютондун үчүнчү законунда аракет кылган күч, ага каршы аракеттенген күчкө барабар. Бир мисал, жер зор магнит, анын гравитациясы жер үстүндө болгон бардык заттарды өзүнө тартып турат. Анда эмне үчүн биз жерге жабышып катып калбайбыз?- деген суроо жаралат. Анткени биз дагы жерди өзүбүзгө тартуу менен карама каршы күчтү жаратабыз. Ошондуктан жерден оңой эле бутубузду тартып алып кыймылдап басып жүрөбүз. Бирок бул абсолюттук күч эмес. Жердин гравитациясын жеңе албайбыз, болбосо, бир секирүү менен айдын үстүнө конуп калмакбыз. Кара тунгуюктун (черная дыра) гравитациясы жердикинен алда канча зор, жер, ай, башка планеталар эмне үчүн ал жака сорулуп кирип кетпейт. Карама- каршы гравитация жол бербейт. Бийлик бутак тарындагы тең салмактуулук дагы саясий гравитацияга негиздүү. Узурпацияга жол берилбейт. Аны конституциялык мыйзамдар кармап тураат. Тең салмактуулук бузулса мамлекетте зыяндуу иш аракеттер орун ала баштайт Азыр өз ара кармаша турган мезгил эмес. Эл аралык мамилелер курчуган абалда турат... Саясий оюнчулар эмнени ойлонушат билбейм, ары урунуп, бери урунуп өз алапайларын таппайт. Саясат деген чоң искусство. Мен алардын ийгиликтүү бир дагы тактикалык кадамдарын көргөн жокмун. Болгону биз оппозициябыз деп кандай бийлик келсе деле каршы чыга беришет... Оппозияда мамлекетти өнүктүрүүнүн өздөрү чыгарган программасы болушу абзел. Бир жактан көчүрүлгөн даяр клише программа болуп бере албайт.