Добавить свою статью
22 Декабря 2020
Конституция

Бийликтин кандай корунушун же кандайдыр бир сан олчомун тандап алышыбыс керек? Аткаруу бийлигинин башында президент озу болуш керек деген пикир айтылууда. Эки башка аппараттын ордуна бир гана аппарат болот. Бул окум суруп келаткан чар жайыт башкарууга альтернатива болмок.

Кошмо штатта да окмоттун башында президент озу турат. Бирок ал чексиз бийликке ээ эмес. Анын чексиз бийлиги жердин экватор жана меридиан сызыктары менен олчонот. Биз аны бугун глобализация деп жатабыз. Бул Бириккен Падышалыктын ичинде президент эмне учун чексиз бийлик жургузо албайт? Ал жакта бардыгы конституциялык мыйзамдар менен чектелет жана башкарылат.

Кеп конгрессте... Трамтын сунушуна дайыма макул боло беришпейт. Президент туура эмес сунуш киргизсе конгресс четке кага алат. Конгресс туура эмес сунуш берсе аны президент четке кагат. Бийликтин эки бутагы таразанын эки ташындай тенделип турат. Ал тугул Президент Трамптын шайлоо боюнча дооматтарын, сот адилетсиз деп четке какты. Эч кандай коркок билиштер жок, бардыгы мыйзам чегинде. Демек коз карандысыз сот системасы чексиз бийлик жургузууну ооздуктай алат.

Демек бизге бийликтин кандай формасы керек? Эгер президенттик бийликти тандай турган болсок анда кучтуу парламент болушу зарыл. Ал президент туура эмес сунуш киргизсе (мисалы, чек ара тилкесинен бир аз жерди коншу мамлекетке откоруп бере коелу дегендей) буга парламент макул болбой сунушту четке кага алгандай болуш керек. Парламент бийликтин эн башкы бутактарынын бири катары стратегиялык маселелерди чечуудо негизги ролду ойноого тийиш.

Эгер парламент мучолору окмоттун ички иштерине кийлигишип, анын акчаларын санап, озу да умут этип отуруп алса, негизги маселелерди чече албай четте калат. Анда бугункудой болуп эл анын таркап кетишин талап кылат. Адилетсиз сындар да айтылат. Ошондуктан парламенттин жана окмоттун иши синхрондуу журуп бири бирине гедергиси тийбесе мамлекетик машина узгултуксуз иштей алат.

Титаник кемесинин капитаны чордоп бийлеп жыргагандардын таасиринен оз жумушун унутта калтырып кеме эбегейсиз муз менен кагышып кыйраганы таарыхта калды. Мамлекеттик машинанын рулунда отургандар дагы дайыма сергек болбосо башкарууну унутуп уктап кетсе... Мамлекетибизге чон коркунучтар жаралууда чегара тилкелерин кошуна мамлекеттер ээлеп алууга аракетенип жатышат. Буга окмот да, парламент да, президент да, реакция бербегендей. Бийликтин бул уч бутагы тен аргимиси оз алдынча иштегендиктен бирдиктуу иш алпаруусу байкалбайт. Чындыгында бироо, башы, козу, бироо колу, бироо буту куноону бийликтин бир гана бутагынан кана издеп жатышат. (Ал премьер министр)

Ал эми парламентик башкаруу деген не?

Бизде парламентик башкаруунун элементери болуп эле келди. Парламент окмоттун ишин озу алпарып, озу суроо коюп озу дайндап озу алып салууда. Кыргызстанда оз алдынча иштеген окмот жоктой сезилет, экономикалык сектордо иш алдыга жылган жок. Бардыгын саясат менен кооздоп койдук. Эгерде биз парламенттик деген бийликти тузо турган болсок, премьер-министр жана фракция мучолору жоопкерчиликти моюндайт. Президенттик жетектоодо деле ушундай жоопкерчиликтер бар. Баш мыйзамда булар толугу менен чагылдырылат.

Кыргызстандын доходу Манчестр юнайтед футболдук клубунун денгеелинде. Ага деле болбой саясат оюндары журуп жатат. АЙДАГАНЫ беш эчки ышкырыгы таш жарат деген ушубу. Негизи саясатты экономикадан оолактатканыбыз зыяндан сактайт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
966

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1118

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1491

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1994

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2275

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×