Добавить свою статью
6 Марта 2021
Чек араларды мыйзам менен өзгөртүүгө болобу?

Конституциянын жаңы долбоорунун 5 чи беренесинде,Жогорку Кеңеш Кыргызстандын чек араларын, өзгөртүү маселелерин карайт деп жазылган.Буга улай 86 чы бөлүмдө да КР дын чек араларын өзгөртүү тууралуу Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат делет.Долбоордун үчүнчү статьясы; "Территория КР в пределах её границ целостно и неприкосновенно."Мында КР дын бүткүл чек ара аймактары кол тийгис, демек өзгөртүүгө муктаж эмес бүтүндүгүн сактайт деп турат. Ошондой эле бийликтин ээси эл деп белгиленген.Баткендин, Лейлектин элинен чек араңарды өзгөртөсүңөрбү деп сурап көрбөйлүбү.Ансыз да ал жакта чыр чатактар басылбай турат.Кандайдыр бир саясий талаш тартыш чыгаары менен чек ара чатагы да кошо башталып турат.2010 жылкы төңкөрүштө Ош жергесинде улуттар аралык кандуу майдан менен коштолду.Мындан пайда тапкандар барбы? Саясий инфантил болуудан,укуктук маданияттын калыптанбагандыгынан мамлекет боорун жерден өөдө көтөрө албай келе жатат отуз жылдан бери.Ооба чек ара көйгөйү оор жагдай.Жакында Карбахтагы согушту баарыбыз көрүп билдик.Чек ара мыйзам менен чечилдиби? Алгачкы Конституциянын беренелеринин биринде, жер сатылат деп берилген, Кимге сатылат,качан сатылат, эмнеге сатылат белгисиз.Мына ошондон баштап,КР дын чек араларында коркунучтар жаралып келе жатат. Менимче бул 5 беренеге Жогорку Сот, канчалык Конституциялуу экендигине баа бериши зарыл.Буга президент же өкмөт макулдугун бербесе...Чек ара маселелери Жогорку Кеңештин компетенциясына да кирбесе керек.Бүгүнкү күндө президент аркалуу, чек ара маселесин Коопсуздук комитети өз мойнуна алып отурат.Жаңы Конституциянын максаты бийлик бутактарынын бирөөнө да артыкчылык бербөө, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сакктоо болуп саналат.Кошуналарга Кыргызстандын. аймагына кирген жерлерди тарттырып ийип,аны мыйзамдаштырууну айтып атабызбы же.Өзөктүү маселелер - бир эле бийлик бутагы жоопкерчиликти моюндай албайт жана да ал конституциялуу болуп саналбайт.Россия чек араларын кеңейтүү жолу менен өзгөртө алат.Бирок эч качан тарыта албайт,Дума андайга жол бербейт.Конституция сөз модасынын салону болуп калбашы керек.Гамлет айткандай; Быть ил не быть.Жогоруда айтылгандардан коргонуу жана коопсуздук чаралары келип чыгат.Президенттин,Россиядан зениттик ракеталык комплексти алышы да абадан коргонууну камсыздайт.Мухаммед пайгамбарыбыз айткандай: Мунун эмне экенин билген адам,өзүн жакырдантууга болбойт дейт.

.Анын сыңарындай коргонууну ойлонбой өз жанын таштап коюга да болбойт.Мамлекетти да жакырдантууга болбой тургандыгын айрым инсандар унутпашы зарыл.Түштүк жана түндүк Кореяны алалы,түштүк жагы учур технологияларын ыкчам өздөштүргөн экономикалык өлкө, түндүгү да оңой эмес Америкага тап берип,сырттан душман киргизбей турат.Бизге болсо кошуналар тап берип, зекип турат.Эгерде жакынкы аралыктарда саясий оюндарды токтотуп, экономиканы чыңдай албасак сырткы басымдарга туруштук бере албай ар кандай көз карандылыкка кабылбашыбыз керек.Кийин батыштан эттүү сөөктү ыргытып койсо,ыркырап талашып турсак ит эле болдук анда..Мыйзамга вирус кирсе мамлекеттик түзүлүшкө доо кетет Оппозициябыс деп, же демократияга жамынып,кайра - кайра төңкөрүш жасап бийлик астанасын ээлеп калгысы келгендер дагы эле чыгып жатат.Бул бутка турууга өбөлгө болуп бере албайт.Ал түгүл экономикасы өнүккөн өлкөлөр мындайга бара албайт.Ошондуктан чек араны мыйзам менен өзгөртпөстөн, мыйзам менен анархияны тартипке салууну баш мыйзамга киргизүү туура болор.Көчө диктатурасы, Кыргыз элине жакшылык алып келбейт. Мамлекетти жарга такайт.Баш мыйзамдын долбоорунда Президенттин жоопкерчилиги каралган.Ошону импичмент деп юридикалык термин менен жазылса тагыраак болмок.Президенттин, Парламент актыларына вето коюшу дагы толук чагылдырылган эмес.Президент менен Парламенттин ортосунда карама - каршылык ассигнация жасоодо ,бюджетти кабыл алууда пайда болушу ыктымал.Андан чыгуунун жолдорун эл аралык конституцияларда кандай берилгенин карап көрөлү.

При получении акта об ассигнованиях,принятого Конгрессом,Президент в течение пяти дней может предоставить парламенту послание,в котором будут перечислени отвергаемые им статьи. Если в течение определенного срока Конгресс не примет соответствующие статьи в прежней редакции 2/3 голосов постатейным голосованием, акт вступит в силу в редакции Президента.Если примет, акт внов направляется Президенту, который вправе наложить повторно вето на решение Конгресса.Оно опять- таки может быть преодолено, но уже 1/3 голосов плюс один голос присутствующих парламентариев каждой палаты.После окончания процедуры преодоления вето акт об ассигнациях вступает в силу немедленно в редакции Конгресса, если вето преодолено, либо в редакции Президента - если нет.

Вето жана импичмент бийлик таразасынын эки жагындагы тең салмакты кармап туруучу карама каршы оордуктар.Андыктан Президент менен парламенттин ортосундагы ассигнация боюнча актыны кабыл алуу жогоруда көрсөтүлгөндөй жаңы баш мыйзамга жазылыш керек.Бийлик бутактарынын ортосунда түшүнбөстүк жаралбаш үчүн. Мындан башка дагы Президенттин аппарат башчысы министирлер кабинетинин башында туруп калышы. Бул көбүнө жага бербей жатат. Премьерлер картадагы валеттердей чабылып кетип жатты. Ал гана эмес королдор да чвбылды.Бул көрүнуштөр кантип пайда болуп жатат деген суроо туулбай койбойт.Менимче алгачкы эки президент элдин ишенимине ээ боло албай калышты.Конституциялык мыйзамдар иштеген жок.Конституция өзүнөн өзу иштебейт экен көрсө.Аны иштетиш үчүн жогорку бийлик бутактарындагы адамдардын акыл эси керек болчу. Ал болдубу? Жеке кызыкчылыктар күч алып кетти.Азыр апийим айдагандай жашап калдык.Криминал жүрүп жатат. Баса апийим демекчи Афганистан жылына опийден 80- миллиард долларга жакын табат. Т.Усубалиевдин убагында мамлекет апийим өстүрүп турган эч ким деле нарко барон болуп кеткен жок.Көрсө аталар, апалар ыймандуу тура ал кезде. Мечитте жүргөндөй тартипти сактаптырбыз.Эл кол башчыларын сыйлачу..Бирөөнү каралоо, мазактоо жок болчу. Жаманы да жакшы болчу, жакшысын ай менен күнгө теңеп салчубуз.Чек арага эч ким даап кирген эмес.Кытайлар доомат кылганда, чек араларды көздөй танкалар ташыла баштаганда баары тынчыган.Негизги темадан алыстап кеттим окшойт.

Жаңы баш мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин башында президент өзү турат, бир эле убакта өзү премьер министирдин милдетин аткарат.Демек жоопкерчилик бар.Мурда Премьер эч кандай жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей, премьер, парламенттин карамагына өтүп, мыйзам сакталган эмес Кошмш штаттарда министирлер кабинетинин башында департамент директору турат.Мамлекеттик катчы, кызматы кирип аткандан кийин, сөзсүз вице президент институту орун алыш керек. Маанисин карасак,үч премьер министир пайда болуп жатат.Премьер министир жок болот турбайбы деп тынчсызданууга себеп жок.Президенттин аппарат башчысы, анын иштерин уюштурууну камсыздайт.Президенттин Кеңешчилери, жардамчылары да ушул аппараттын ичинен орун алган.Американын президенттик аппаратында 8000 жакын адам иштейт.Эгер биз аткаруу бийлигинин ишин толук кандуу кылгыбыз келсе, айыл чарба министирлигинен 1000 кишини кыскартып, президенттик аппаратты күчтөндүрсө болот.Анткени айыл чарба департаментинде 5000 адам иштейт деп айтып жатышат.Дагы1000 адамды кыскартып, чек ара кызматын толуктаса, же экология полициясын түзсө болот.Эч ким токочсуз калбайт.Андыктан дүрбөгөнгө негиз жок.Айрым саясатчылар бул конституция бизди талкалайт деп тескери пикир жаратканга аракет кылышууда. Эч качан.конституция талкалабайт.Мыйзамга өл деп жазып койсо андан эч ким өлбөйт.Же Ак үйдү өрттөп, талкалагыла деп конституцияда жазылып турабы.Мамлектти Конституциялык көзөмөлдөн чыгып кетүү талкалайт.Бийликке келүүнү каалаган инсан, сөз менен эмес иш менен өзүн көрсөтө алса,анын шайлоого барып да кереги жок бийлик аны өзү издеп келет.Садыр Жапаров кыргыз элинин байлыктары таланып тонолуп жаткандыгын күйүп айтып чыккан бирден бир адам болду.Эл ошон үчүн аны колдоп атат.Калган саясатчылар алдыдагы шайлоолорго даярдана бергиле.Ак сөзүңөрдү сүйлөп, ушундай кыйын кырдаалда Мекениңерге колдоо көрсөтүп турсаңар,бийлик силерден качпайт.Дагы бир маанилуу маселе Баш мыйзамды кабыл алуу.Америкада, Конституция адегенде легислатура дайындаган өкүлдөр аркылуу Штаттарда ратификацияланат, андан кийин ар бир штаттын легислатурасы өз өкүлдөрүн жөнөтүп Конвент түзулөт Документ,Конвентте да ратификацияланат.Бул учурда оңдоп түзөөлөр да макулдашылат.Мунун баары жогорку бийлик бутактарынан өткөндөн кийин жөгортон төмөн карай жүрөт.Биз жергиликтүу шайлоонун учурунда референдум аркылуу жаңы баш мыйзамды кабыл алганы жатканыбыз дагы туура чечим. Бул жергиликтүу өкүлчүлүктө легистратурадан ратификация болду дегенди айкындайт.Андан ары легистратуралар, өкүлдөрү чогулуп, кошумча алымчаларын сунуштаган Конвентти түзүп, ратификациядан өтөт. Исландиядагы төңкөрүштө, Конституцияны талкуулаганга соц тармактарда 900 дөй адам катышкан,андан 600 адам калып, алар баш мыйзамды кабыл алууга 25 адамдан турган көмиссияны түзүшкөн.Исландияга байланыштуу экономика маселесин дагы кийинчереек талкуулайбыс.Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен жалпы журтчулук тааныша элек.Долбоорду Эркин Тоо газетасына жалпы журтчулукка маалымдоо иреетинде жарыяланса, Эл бүдөмүк ойлордон алыс болот эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1116

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1490

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1993

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×