Добавить свою статью
1 Июня 2021
Осциллограф

Вице-премьер баш болгон, министирлик малдын сыртка чыгуусуна тыйуу салган жарлыгы депутаттардын арасында ызы-чуу жаратканы коомчулуктун эсинде. Буга удаа кошуна мамлекеттин чек арасында уйлар контрабандалык жол менен, крандар менен асманга көтөрүлүп, темир зымдын ар жагына түшүп жатканы интернетте пайда болду.

Көп узабай базарда эттин баасы жогорулап, нааразычылыктар жаралды. Өкмөт бааны ылдыйлаткандай болду эле, бугун кайра жогорулап, эл унчуга албай турат. Ички рессурстар азайгандан кийин, сырттан антибиотиктер менен семиртилген арзан малдын эттери ташылып жогорку баада сатылууда. Аргасысдан лаборатория деген сөз эске тушөт. Деги анысын ким көрүптүр, тамак аш коопсуздугун ким карайт. Вирус деген балакет жандыктардан чыгат тура.

Түнкү базарларда өлгөн малдын жараксыз эттери сатылып, андан шаурма, гамбургер жасалаарын айткан журналист, аптекалардын көбөйүп жатканын тункү эт базарларга байланыштуу деп түшүндүрдү. Кандайдыр бир чындыгы бар. Бул тармака "Не сахар" берүүсүн алып барган Эрулан Көкүлов сыяктуу эр азаматтардан койсо дурус болоор беле. Мындай маалымат текшерилбей калбаш керек.

Жеке тараптар бааны көтөрүүдөн аз эмес пайда табышат. Улам жаңы салынып жаткан базарлар, башка соода түйүндөрү, тойкана, койкана жада калса сойкуканалар. Буларга кошумча нарк салыгын салса болобу...

Экинчи дүйнөлүк согуштун маалында Американын 32 чи Президенти Рузвельт Франклин Делано Американын болгон алтындарын жарандардан күч менен чогултуп алган. Ал эле дейсиңерби, компаниялар кирешесинин 80-90% мамлекетке төгүп турган. Кызматкерлер ооздоруна тамак аш тийгенге ыраазы болушкан. Себеби согуштун кесепетинен мамлекетти сактап калуу зор мааниге ээ эле. Жыйынтыгы, Америка дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекетке айланды.

Кыргыздар да өз мамлекетин чыңдап кубаттандырыш керекпи? Алгачкы кадамды Кум Төрдү улутташтыруудан баштоо керек. Тоскоолдуктар жаралса эл өз намысын коргой алат, жатып ичерлерге улам эле жол бошото берсек, мителер элдин ырыскысын жеп түгөтүп, мамлекетке доо кетирет.

Кумтөрдөн киреше таап дивидент алгандар, тапкан пайдаларынын жарымынан көбүн мамлекетке эч инцидентсиз төгүп берүүгө милдеттүү. Швециянын бир премьер министири айткандай, биз капиталистердин азуулары менен тиштерин жулуп булчуң эттерин гана калтырдык деп жазган. Баа өскөн сайын азуулар аркайып чыгаары шексиз. Инфляциялык мамлекетти шарттайт.

Баанын өсүшүн антимонополия кызматы да башкара албай турган учуру. Соода сели каптап, адамдарды ала салдыра агызып кызыл кулактардын кайырмагына илинип жем болушууда. Россия менен Казакстанда чемичке майынын бир бөтөлкөсү, 80 сомдон 115 сомго чейин, бизде 164 сомдон 190 сомго чейин жетүүдө.

Кыргызстанда товар ташыган бирин-экин эле монополистер бар. Алар бааны каалагандай калчап, элдин камын көрүшөт? Алар бааны көтөрүшкөндө ортомчулар дагы кошот, сатууга түшкөндө дүкөнчүлөр өзүнчө бир бааны коёт. Калкка мындан башка да оорчулуктар бар. Баласын бала бакчага алпарса, гимназиядан окута алса, жогорку окуу жайдан окуса, акча төлөмөйүн булардын бирөө да кабыл албайт. Ден соолугу тууралуу бир тоголок справканы да 300 сомго алат.

Адам мамлекеттик оорукканага жатса да акча төлөйт. Операция жөнүндө унчукпай эле коёлу. Кокус хирург угуп калса, жатканда бирдеме кылып койбосун. Калк мусорго, сууга да акча төлөп турат. Мурда бир аз эле тыйын төлөнсө, бул жакта да кадимкидей эле салык төлөнө баштады. Мамлекет таштандыга качан акча алчу эле. Азыр мамлекет акча бөлбөйт имиш.

Мектеп окуучулары тест тапшырганда да акча чыгарышат. Айрымдары мектеп ремонтуна деп да акча чогултушат. Жада калса дааратканалар да бааны көтөрүүдө. Доллар туалетке чейин кирген экен дейсиң. Мына ушуга окшогон толгон токой көрүнүштөрдүн фонунда электр тарифине болгон баанын жогорулашы күтүлүүдө. Оор болуп кетпейби деген суроо жаралат. Акча жеке тараптарга куюлууда, эми ага мамлекет ортоктош болгусу келет. Баага байланышкан инерциялык күүлөнүүнү кантип токтотобуз. Азык-түлүк, күнүмдүк колдонулуучу товарлардын баасын төмөндөтүү абонентердин чөнтөгүндө бир аз жук калтыраар. Базарда кармалып жаткан акчалардын кандайдыр бир бөлүгүн электр жарыгын каржылоого жумшаган болобуз. Товарларды арзандатуу менен калктын электр жарыгына төлөө мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөбүз.

Эгер мамлекет монополистерге жол ачып, алып сатарлардын семиришин карап отура берсе антимаданият түзүлөт. Аны кийин танк менен тебелетип түзөтүүгө да кыйын болуп калат. Баткендеги чек арада болгон кагылуушу антимаданияттык кагылышуудан келип чыккан. Аны контрабандистер түзгөн.

Сингапурда жеке менчик ишканалар менен мамлекеттик мекемелер бири бири менен атаандашып, иштерин жакшыртышкан. Кыргызстанда да элди күнүмдүк товарлар менен камсыздаган мамлекеттик компанияларды түзсө болот. Алар өтө жогорулап кетпеген бааны камсыз кылса, сүткорлор аргасыздан баасын ылдыйлатат, антпесе товары өтпөй калат. Андан ары монополистер рынокто каалагандай чыңалууну жарата алышпайт. Баш аламандыкты жакшы көргөн анархистер коомду делдирете албай калышат. Анткени нааразылык туудуручу рычагдардан ажырашат.

Волгоград областында пахта айдашып, жип ийрүүчү заводду да салышкан. Эч ким ойлогон эмес Россиянын кар баскан талааларында пахта айдаса болот деп. Аракет кылуу гана керек, кур саясат менен алпурушпай.

30 жыл аралыгында пахта майын чыгаруучу заводду куруп койсо болот эле. Өзүңдү өзүң бил өтүгүңдү төргө ил дегендей антимаданиятты токтотуу зарыл. Өзгөчө тарыхтын татаал жолдорунда азап тозокту көп тарткан кыргыз эли өзунө каршы коррупциялык маданиятты түзүүгө жол бербеши керек. Жогоруда белгиленген иш чаралар рынокту турукташтырууга шарт түзөөр беле. Муну президент бизден да жакшы билет. Баары өз убагы менен болчудай. Америкада аз камсыз болгон адамдарга атайын дүкөндөр ачылган. Биз дагы ошонун сыңарындай пенсия пособия менен жашагандардын өзүнчө арзаныраак түшкөн соода түйүндөрүн ачсак. Кошмо Штаттар пандемия учурунда өз жарандарына маска, антисептиктерди почта менен үйлөрүнө чейин бекер таратып турушту. Бизде дары дармектер өтө жогору баада сатылып жатты. Азыр деле 30 грамм антисептиктин баасы 70-80 сомдон түшпөй турат.

Келечекте бюджетке көз каранды болгон мугалимдер, врачтар сыяктуу кесипкөй адамдардын соода түйүндөрүн өзүнчө ачса болчудай, базарларда баа көтөрүлүп кетсе, мамлекеттик компаниялар товарлар менен өз баасында камсыз кылып, баалардын төмөндөшүнө шарт түзөт. Дагы бир көйгөй башкаруу системаларындагы ашыкча бюрократиядан кутулуу. Азыркы биз кооптонуп турган электр тармактар системасында, белгилеп кеткендей көрүнүштөр орун алган. Бул мамлекеттик ишкана, Советтердин убагында көптөгөн завод, фабрикаларды эч дефицити жок, электр энергиясы менен камсыз кылып турган.

Азыр эмнегедир энергия жетишсиз боло баштады. Анда деле кургакчыл жылдар болуп турган, бирок суу тартыштыгы болгон эмес. Азыр башкача көрүнүштөр орун алган. Бул мамлекеттик ишканага жеке менчик фирмалар, акционердик өзүнчө коом, электр тармагы иш алпара албайт деген шылтоо менен кирип алышкан. Жеке менчик деген сөз, ал жеке өз кызыкчылыгына иштейт дегендик. Дүйнө жүзүнүн бир да өлкөсүндө, жеке ээлик кылгандарга мамлекет субсидия бербейт. Тескерисинче алар мамлекетке салык төлөп турууга милдеттүү. Электр тармактар системасын толугу менен мамлекет көзөмөлдөп, өзү иштетиши зарыл. Же анын карызын фирмалар, акционердик коомдор төлөп береби? Ошондой эле, түндүк электро, түштүк электро деген башкаруучу мурда орун албаган бюрократиялык конторалар орун алган.Мурдагысындай эле ийгиликтүү иштеп келген борбордон башкаруу системасына өткөрүп, ортодогу артык баш звенолорду, бюрократиялык контораларды жойсо, электр тармагындагы көп проблемалор өзүнөн өзү чечилет. Суунун кирип чыгышын да так эсептеп көзөмөлгө алүуга болот. Азыркы убакта суунун кирип чыгышын жазып турган осциллограф акыркы ГЭСте иштебей тургандыгын гидролог инжинерлер билдирүүшүдө. Ал эми суунун көлөмү жөнүндөгү бизге жеткен маалыматтар так эмес болуп чыгууда. Бирок бу́гу́н ультра добуштук өлчөгүчтөр менен уюлдук байланышты колдонуп, аралыкта орнотулган компьютердик система аркылуу, суунун дэңгеелин билип туруугаболот. Суунун көлөмү эмне үчүн азайып атканын так ушул мониторинг аркылуу такталуусу ачыктайт. Электро магниттик осциллографтын иштебей турганына шылтоо кыла бербей, альтернативалык тандоо жолу бар. Келечекте суунун кирип чыгып турганын так билип турууга болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1115

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1489

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
910

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1992

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×