Добавить свою статью
11 Января 2022
Атың чыкпаса жер өрттө (Казакстандагы жагдай)

Казакстанда болуп жаткан окуялар, Кыргызстанда өткөн кымкууттуктарга үндөш, ал түгүл анын начар көчүрмөсү. Оргиналы (түп нүска) Кыргызстанда сакталып түрат.

Төңкөрүштөр социалдык тёңсиздиктён келип чыкты. Муну саясатчылар өз пайдасына айландырып, көбүрөөк упай топтогонго өтүштү. Анткен менен эч нерсе өзгөргөн жок. Юридикалык, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө чиновниктердин кудуреттери жетпей жаткандыгы, өз курсактарынан аттап өтө албай калгандыгында.

20 жылдыктар аралыгында Кыргызстандагы окуялар, бүгүн араң жаңырык болуп Казакстанда чагылды. Бүттү, инерцияны токтотуш керек! Бирок кеч. Тормоз кеч тебилди. Катастрофа болбой койбойт. Эгемендик өзүнөн өзү пайда боло калган жок. Ал адам өмүрүнө байланышкан курмандыктарды талап кылууда. Империянын курч тырмактарынан перифериялык аң сёзим дагы эле кутула албай келет. Дагы эле жагынып, табынуу орун алган. Дагы эле көңдөй дабыштар жаңырып, кулак тундурат.

Казакстандагы кандуу окуялардын астындагы ал жерде болгон айрым бир саясий көрүнүштөргө токтоло кетели. Ал бүгүнкү окуялар менен байланышып турат. Мурдагы премьер-министр Масимов, Россиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Д.А.Медведевден Кененсарынын башын таап берүүсүн суранган. Дмитрий Анатольевичтин жылмайгандан башка аргасы калбаса керек. 19-кылымда алынган башты эми кайдан табабыз.

Алма-Атада кылмышкерлер тарабынан кесилген баштарды таап, өз зыйнаты менен жерге берсек болду. Мына азап. Кененсары Чүйгө кол салганда, казандагы кайнак сүуга наристелерди салган. Ормон хан анын башын кесип, найзанын учуна сайып, жүрөгү түшүп калган катын баланы тынчтандырыш үчүн айылдарды кыдырткан. Анын кесилген башы Петербургка орустарга жөнөтүлгөн. Ал чет жакадагы орустун кыштактарына кол салып турган. Кыргыздарды орустарга каршы согушууга чакырып майнап чыкпагандан кийин кыргыздардын өзүнө кол салган. Ошондой эле мыкаачылык бүгүн Алма Атанын көчөлөрүндө эне сүтү оозүнан кете элек балдарды ок жедирди.

Интернет бүлактарыңын биринде Нурсултан Абишевич, Путинге, Москваны казактар негиздеген деген далили бар документти сунуп турат. Бул эмне деген акылга сыйбаган чындык. Талаада жүргөн казактар качан барып Москваны сала калган. Угро-Финдер салган десек жарашат. Биз салганбыз деп татарлар айтса болчудай Мурда тарыхчылар айтпаса да сибирде жашаган болуп чыга келишүүдө.

Академик Бартольд Улуу Кыргыз державасы деп атаган тарыхый чындыкты да казактыкы деп айтканга батынган атышабы. Кыргыз окумуштуусу Алымкулова казак деген этноним 15 кылымда пайда болгонун далилдеп берди. Чек ара тилкелерин да жат элементтерди пайдалануу аркылуу ээлеп алганыжетиштүү. Зор болуп көрүнүүгө маниакалдуу түрдө умтулуу эмне жыйынтык берди. Эстелиги кулады. Шал кетсин дешти, Кудайга да жакпады. Туура эмес саясаттагы жүрүштөр, бүгүн ачуу таттуу жёмишин берип жатат. Бул адамдардын психикасында эмоционалдык бомбанын жарылышына алып келди. Айрым көрүнүштөр атың чыкпаса жер өрттө дегенди эске салат.

Алма Атадагы окуялардан саясатчылардын адам мээсин дүүлүктүрүп, эмоционалдык цунами козгоп,аны керектүү максатта пайдаланып жаткандыгын байкоого болот. Структүралыа күчтөр нефть-газдын баасын көтөрүүгө жётишкен. Муну терористер жасап жатат деп айтууга мүмкүн эмес. Албетте бааларга болгон нааразычылыкты аңдып турган арстандар пайдаланып кеткендир. Адамдарды эмоциялары аркылуу башкарууга боло тургандыгы тууралу көрүнүш. Мүмкүн эмоционалдык бороондорду Эл басынын жаш токолдору жаратып жаткандыр. Көпчүлүк кайсы бир моралдык принциптерди тутуп жашайт. Аны бүзгандарды падыша болсо да кечиришпейт.

Кыргыз президентинин тезек жаккыла деп айтканын эл кандай терс кабыл алганы эсибизде. Бул окуяларга баалардын көтөрүлүшү балким жөн элё шылтоо болгондур. Айрым себептерин жогоруда белгиледик Окурман муну дагы тереңиреек өзү талдай алат. Кыргызстанда да бааны жаратууда проблемалар бар Социалдык эмоцияларды реакциачыл тараптар пайдаланып кетүүсүнө жол берилбеш керек. Мен мүрда мамлёкеттик компанияларды түзүү жөнүндө жазгам. Чынында эле ошондой кылууга мүмкүн экен. Мамлекет көмүрдү элге арзандатып сатып берди. Кызмат көрсөтүүну келечекте акционердик коомдор колго алса болот. Мурда ар бир областа жүк ташуучу автобазалар болгон, аны кайрып мамлекеттик компания кылып түзүп, кызмат көрсөтүүгө койсо болот. Ар бир учур үчүн президент жүгүрүп жүрө бербейт. Мамлекеттик ишканалар менен менчиктин түрлөрү бири бирине тең салмактуулукту түзүп, баалардын көкөлөп кетүүсү ооздукталат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1061

11-12-2023
Соодадагы туннель
690

03-10-2023
Завод курулабы?
927

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1151

25-06-2023
Гравитация
1177

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1509

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
932

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1591

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2014

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2309

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×