Добавить свою статью
25 Мая 2022
Капитализмде жашап жатабызбы?

Биз капитализмде жашап жатабыз деп айтып калабыз. Чынында эле ошондойбу? Капитализм кандай жаралганына учкай кайрылып өтөлү. Илимий революциянын келиши менен адамзат прогресске жетише баштады. Идеянын мааниси: Билимдин жетишсиздигин туйгандан кийин, аны өркүндөтүп, изилдегенге каражат салса, иш жыла баштайт. Географиялык ачылыштар,техникалык ойлоп табуулар, коммуникация, байланыштардын өнүгүшү, өндүрүштөгү соода жүргүзүү байлыкты арттырат. Биз муну бүгүн Америкадан, Индияга чейин дүнүйөлүк океандар аркылуу жүрүп жаткан соодадагы киреше тармактарынан көрүп жатабыз. Бул гана эмес... Прогресстин өрчүшү адамдардын келечекке болгон ишенимин арттырууда. Ишенимден кредит жаралат. Кредит аркылуу экономиканын өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Экономиканын өнүгүшү келечеке болгон ишенимди арттырат. Кредит салымы да өсөт. Бул бир же эки күндө болуп кеткен жок-экономика асфальтты таптагандай жылууда, бирок ал шар болуп обого көтөрүлүп учкан жок. Дыйкан, малчы же тигүүчү, цехтин ээси болобу үй-бүлөсүнөн арткан, ашык киреше тапса, дагы жаңы жумушчу күчтөрүн жалдаганга жумшап,өндүрүштү дагы андан ары өнүктүрүүгө боло тургандыгын көрөт. Киреше дагы өсөт. Жеке ишкердин тапкан пайдасынын өсүшү жалпы өсүп өнүгүүнүн, байлыктын булагы болуп кала берет себеби жумушка катышкан адамдардын саны өсүүдө.

Муну Англиялык экономистер да 1700 жылдар ичинде белгилеп кеткен. Жеке максаттарды көздөө мене пайдасын жалпыга бөлүштүрүүгө болот. Бул чынында эле революциялык идея. Экономикалык жактан кана эмес, моралдык, саясий жактан да революциялуу болуп саналат. Эскертип кетели жем кордук жөнүндө сөз болгон жок.

Адам жеке кызыкчылыктарды көздөө менен жалпыга пайда алып келет. Өзүмчүлдүк эң жогорку альтруизм. Демек экономикага өз ара пайдалуу кызмат көрсөтүүчү кырдаал катары кароо: Мага пайдалуу болсо сага да пайдалуу болот. Мага бөлүнгөн торттун кесими чоңойсо, сеники да чоңоет. Эгер мен жарды болсом, сен да жарды болосуң. Анткени сенин товарыңды, кызматтарыңды мен сатып ала албайм. Мен байысам сен да байыйсың, анткени мага өзүң чыгарган товарыңды сатасың. Бай адамдарга иренжүү менен караганга болбойт. Бай болуу да этикага жатат.

Бекеринен бабаларыбыз; Колунда бар бала сүймөнчүктүү деп айтпаган чыгаар. Капитализмдин өнүгүшүндө адамдар жанындагыларын тонобостон жалпы жей турган пирогтун көлөмүн чоңойтушкан. Азыктын көлөмү чоңойсо бардыгы утушка ээ болот. Бир кана эскертип кетчүү нерсе, байлар тапкан кирешесин жаңы фабрикаларды салууга коротуп, жумушчу орундарды түзүп продуктивдүү болбогон жыргоолорго акчаларын зарптабаса. Азыркы таптагы капиталистик экономика жаңы этиканы калыптындырды: Кирешени жаңы өндүрүш тармактарын салууга жумшоо.

Өндүрүш дагы кошумча киреше алып келет,киреше кайра жаңы өндүрүштү инвестициялоого жумшалып,киреше жогорулай берет. Ишке тартылган адамдардын саны өскөн сайын, торттун көлөмү улам чоңойуп, кесимдери да эки эсеге көбөйдү. Демек өндүрүш кеңейип, олуттуу өзгөрүүгө дуушар болууда. Чынжыр сыяктуу улашкан экономика геометриялык прогрессия менен чексиздике уланып кете берет. Биз муну бүгүн Googleдан көрүп жатабыз. Анын желеси жер шарындагы бардык мамлекеттердин үстүндө тартылып турат. Мамлекеттерден сырткары ар бир адам озүнө тийешелүү кызматтарды таап интернет мейкиндигинде мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат. Гууглдун офиси Силикон өрөөнүндө жайгашкан.

Бирок бир да адам ал жерге барып отчет бербейт. Интеллектуалдык жарылуунун отчету индивиддердин аң сезиминде өз торун жайып, эң мыкты делген акыл эсти иргеп алууда. Инвестиция-жаңы жабдыктарды, жаңы продукт алууга, илимий изилдөөгө жумшалышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да,өндүрүштүн чоңойушун шарттап кирешени көбөйтөт. Капиталистик кредо; Өндүрүштөн түшкөн кирешени, өндүрүштү кеңейтүүгө жумшоо. Ошондуктан ал капитализм. Капитал байлыктан айырмаланат. Капитал-акча, мүлк жана ресурс өндүрүшкө салына турган. Байлык катылып коюлган нерсе ал пайдасыз коротулат. Фараон казнадагы болгон каражатын пайдасыз пирамидаларды тургузганга жумшаган, ал капиталист болгон эмес. Керек болгондо алам деп, алтындарын көөмп коюп жатса, ал да капиталист эмес. Байлар мал-мүлкүн аш тойлорго коротушса, капиталист болуп эсептелинбейт. Кыргызстанда аш-тойлорго ашыкча мал союп, каада салт өткөрүүгө тыйуу салуу бекер жерден чыккан жок. Тибетте адам өлгөндөн кийин эттерин шылып карга-кузгунга таратып берип жатканын видодон көрүп акыл-эс деңгирейт. Цивилизация ал жакка кечигип жатат. Өндүруш бул цивилизация. Ашыкча каражаттарды балдардын билим алуусуна көбүрөок жумшаса, чет өлкөлөрдөн бизде жетишсиз адистиктерди өздөштурүп келишсе, өлкөнун өнүгүшүнө салым кошпой коюшпайт. Орто кылымдагы Европада Барон өзүн корсөтүш үчүн берешендик менен, тойлорду өткөруп, эр сайыштарды, уюштуруп, зор соборлорду салдырып ар кандай колдоо көрсөтүүлоргө көп кирешелерин короткон. Алар 19-кылымдагы биздеги бай манаптардан деле айырмасы жок. Түшүмдүүлүктү арттыруу үчун буудайдын жаңы сортторун алууга, жаңы рынокту издөөго эч ким аракет кылган эмес. Албетте Борбордук Азияда буга олутту себептер таасир этти. Көчмөндөр жашаган аймактарда согуштук демократия гүлдөп турган. Баскынчылардын айынан гүлдөгөн цивилизация талкаланып жок болду. Азыркы доордо ак сөөктөрдүн ордуна капитализм кредосун алгалаган жаңы элита келди. Алар бай манап сыяктуу көрүнбөйт, герцогдор да маркиздер да эмес. Алар директорлор кеңешинин мүчөлөрү, же биржа маклери, өнөр жай өкүлдөрү. Бул магнаттар орто кылымдагы королдордон, велможалардан айырмаланып, жемишин бербеген иштерге акча коротуп, сонун кооздуктарга берилип кетишпейт. Пайдасыз ырахаттарга кирешенин бир аз гана үлүшүн коротушпаса, натыйжасыз иштерди жүргүзүшпөйт.

Орто кылымдагы ак сөөк алтын менен тигилген жибек кийимдерди кийип, убактысынын көбүн той, карнавал, турнирлерде өткөргөн. Азыркы замандын жетекчиси кунарсыз униформа-ишкердик костюм менен топтон айырмаланбайт, кара каргалардын бирөө гана, аларды той торопо, карнавалдарга эч ким азгыра албайт. Алардын байлыктары королдор менен барондордукуна караганда эбегейсиз. Капиталистик өлкөлөрдө өндүрүштү кеңейтүүгө бизнестин артынан жүргөндөр эмес, жөнөкөй адамдар, мамлекет да кызыктар. Адамдар сактаган активдерин акцияга, мамлекеттик облигацияга же кыймылсыз мүлккө салганды ойлонушат. Мамлекет өз кезегинде түшкөн салыктарды киреше алуу максатында өндүрүштү кеңейтүүгө жумшайт. Завод же порт курулса, заводдор товарларын экспорттоо менен, салык төлөнө турган кирешени арттырууга салым кошуп, мамлекеттин дагы байлыгы артат.

Өз кезегинде мамлекет каражаттарын билим берүүгө жумшайт. Билимдүү жаштар жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрөт. Алар аз эмес салыктарды төлөй башташат. Демек порт салуунун зарылдыгы деле жок болуп чыгат. БИЗ жогоруда кеп кылган; Капитализмде жашап жатабызбы деген суроого жооп табылды окшойт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1116

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1489

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

18-01-2022
Табият жана адам
2579

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×